Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Шыпырдын бетин ачканда…

Токтайым Үмөталиева:
"Элге азыр тазалык жана ачыктык керек"
- Токтайым эже, "Мекен Ынтымагы" партиясынан аз убакыт ичинде аты чыккан Темирбек Асанбеков тууралуу эми терс сөздөр айтыла баштады. Чынында адамдын кимдигин дароо байкаш кыйын, чыныгы жүзү кийин байкалат эмеспи. Сиздин пикириңиз кандай?
- Аскар Акаевди колдогон адамдар менен бирге бул жигит менен мен сыйлаган адамдардын суранычтарын аткарып жаз мезгилинде таанышканым чын.
- Өткөн шайлоодо Темирбек Асанбековду Акаевдер колдоду деген сөздөр бар. Көптөр ошого ишенип Темирбекке иштеп, анын партиясына добушун беришкен экен. Ошол чынбы?
- Азыр Темирбек Асанбеков " Я знать не знаю Акаевых" деп күпүлдөп жүргөнүн айтып жүрүшөт. Эгер Темирбек анык эркек болсо Акаевдерди ал тааныйбы, тааныбайбы, алар аны канчалык деңгээлде колдошконбу, колдошкон эмеспи өзү элге чыгып, колун жүрөгүнө коюп ачык эле айтпайбы. Мындай кылык- жоругу анын абийирине коюлсун. Чындыгында Акаев финансылык колдоо көрсөттүбү же жокпу билбейм, бирок Асанбеков алардын атын жамынып Москвадан да, бияктан да саясий упай топтоп алганы бир топ саясатчыларга белгилүү. Ноябрда Москвага барганымда Темирбек Асанбеков Акаевдин төрүндө тайраңдап отурганын көргөнүм чын. Мен ошол жерден Темирбекке болгон сын пикиримди, оюмду элдин көзүнчө бетине айткам.
- Шайлоо кезиндеги теледебатта Асанбеков сизди "акаевчилер", "дешевый пиар жасабаңыз" деди эле. Эмне сиздердин партияны Акаев колдоду беле?
- Асанбеков бизди дебатта "акаевчилер" деп доо койгон. Анын мындай кылганы саясатта балапан экенин билдирип турат. Бул анын кийинки кадамынын көрсөткүчтөрү болду. Себеби, бисмилла дегенде эле тузун татып, батасын алган адамды жамандагандан кийин ал адамдан эмне күтсө болот? Таткан тузунун даамы ыйык экендигин унуткан саясатчыларыбыздын кейпин көрдүк го. Мен колумду жүрөгүмө коюп айта алам, Аскар Акаевич мага, менин партияма жардам эмес, ушу кезге чейин ачык айтып колдогон сөзүн да эч ким уга элек. Бирок, өзгөчө айтып кетким келет бүгүнкү күпүлдөгөн саясатчыларыбыздын баары ошо кишинин этегинен чыккан адамдар. Алардын баалаганы жана эркин саясатчы катары таптаган мырзаларынын бири Өмүрбек Чиркешович болчу. Акаев бийликтен кетип атканда, "өлкө тез арада укуктук талаага кирсин, Текебаев алдабайт ошондуктан ага ишенип бийликти тапшырып берем. Аны колдоп спикерликке өткөнүнө көмөктөш болгула" деп саламын балдарынан, жакшы санаалаштарынан айттырып, андагы АЛГАчылар кийинки АКЖОЛчулар, бүгүнкү парламенттин өкүлдөрүнүн бир тобун баш коштурган. Ошондо алданганы турасыз деп мен буулукканыма ишенбей койду. 20күндөн кийин сатылды. Бул жолу да мурункудай эле алыста жатып, Асанбековго ишенип жана бир жолу чалынып калганын ошол дебат далилдеп кетти.
- Эми Асанбеков президенттикке талапкерлигин коюуга камынып атат, бул мырзага ишенсек болобу?
- Жаңы саясатка кадам таштап жаткан Асанбеков алгач баштаганда эле туз-нан татып, чоң саясатка кадам шилтегенине себепкер болгондорду босогону аттары менен унутса, анда андан эмнени күтүүгө болот? Чоң саясатка келерде эле элди алдап баштаса, кийин бийликке келсе кандай болот? Бүт элди алдап сатып жибербейби? Ар бир саясатта тазалык керек. Саясатта бешиктен бели чыга элек бала Акаевдин батасын алып, тузун татып, анан ал киши тууралуу тескери сын айтып жүрсө, кайсы абийирге жатат? Мындай адам ыплас саясат жүргүзөт. Москвада короосуна корголоп, биякка келип ал кишинин башына асылып сүйлөгөнү таңдантат. Мындай эки жүздүүлүк элге жетпейт дейби. Элге азыр тазалык жана ачыктык керек.
- Асанбеков сизге киши жиберип, мага иштеп бер деп атканы чынбы?
- Жалгыз мага эле эмес, башка саясатчыларга да балдарын жөнөтүп атат. Мени иренжиткени Асанбековдо менин телефондорумдун баары бар, бирок жаш балдарды жибергени болду. Ортомчу керек болсо аттуу-баштуу Жанузаков, Жумалиев дегендер туру. Алар аркылуу саламын жолдосо деле болмок. Же келип Токтайым эже, кечирип коюңуз акмакчылык менден кетти, дебатта түшүнбөстүктөр болуп калыптыр. Бир жерден даам сызып калдык. Бирге иштешелик десе деле болмок. Тилекке каршы, партиянын өкүлдөрүн ар жерге чакырып алып, ар кандай кишилерди жөнөткөнүнө таң калам. Эми өзүн кыйын сезсе мени менен дебатка чыксын, мага ар кимди ортомчу салбай. Бул анын дагы бир жолу инсандык деңгээлин көргөзүп, жана элдин нукура бир өзгөчөлүктөрүнөн алыстаганынын белгиси деймин.
Мээрим Айталиева




  Капырай, калпычылар өлкөсүбү?

Кулматовдун
куулугу жана кулкуну
Кыргызстанды кимдер гана алдабаган же Кыргызстан кимдерге гана алданбаган? Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта жаңыдан өз алдынчалыкка кадам таштаган жаш мамлекеттин ордунан козголбогон жаратылыш байлыктарына көз арткан дүйнөлүк аферисттердин аягы күнү бүгүнгө чейин тыйылбай келе жатканы жашыруун эмес. А түгүл мамлекеттик органдарды кантип "өзүмдүк" кылып, жеке "лавочкасындай" пайдаланганды да үйрөтүштү. Акаев мезгилинде Бирштейн алтыныбызды сатып алдап кетти деп "жер муштап" кала берген, кыргыз өкмөтү. Алыска барбай, кечээги Бакиев режимин эле алалы. Бүтүндөй өкмөттү болгон активдери менен кошо оптом менчиктештирген Гуревич сыяктуу, банк ситемасын жалгыз башкаргысы келген Надель дегени, кантип Кыргызстанды дүйнөлүк каржы донорлоруна күрөөгө коюуну үйрөткөн Елисеев аттуу аферисттер чыкты. Териштире келгенде баары башка өлкөлөрдүн, аз дегенде 2-3 мамлекеттин атуулдугуна ээ болгон, а түгүл ошол өлкөлөрдө да жөн жүрбөй олчойгон ишканаларды сызга отургуза качкан шылуундар болуп чыккандыгы белгилүү. Барынан кызыгы ушул аферисттердин баскан жолдору тууралуу маалыматтар кыргыз коомчулугунда чоң резонанс жараткандыгына карабай, кылы кыйшайбаган бойдон жылуу ордунда кызматын аркалап келишкендиги болду.
Үстүбүздөгү жылдын 25-февралында парламентте ушуга уйкаш бир чыр чыкты. Парламент депутаты Тынчтык Шайназаров Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов "Мамлекеттик кызматкер тууралуу" мыйзамды бузгандыгын жар салды. Бул персонанын аты кыргызстандыктар үчүн апрель окуяларынан кийинки Атамбаев менен Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүлөрү делинип, белгисиз бирөөлөр тарабынан интернет желесине жарыяланган күндөн тарта көбүрөөк тааныш. Барыбызга белгилүү ал кезде бул кызматка үч күндүн ичинде үч киши алмашылып коюлганы али да коомчулуктун эсинде. Үчөөнүн ичинен ушул К. Кулматов мырза "счастливчик" таажысын кийип, таза, коррупцияга малынбаган киши катары Мамлекеттик бажы кызматынын анабашчылыгын аркалап калган. Эскерте кетчү маселе, "Бажы органы кызматына өтүү тууралуу" мыйзамга ылайык, бажы органдарында кызмат орундарын ээлеген киши Кыргыз Республикасынын гана атуулу болууга тийиш. Бажы кызматы мамлекеттик кызматтын түрүнө кирет жана "Мамлекеттик кызматкерлер тууралуу" мыйзам менен жөнгө салынат. Ушул мыйзамдын 11- беренесинде айтылгандай, кош жарандуулукка ээ болгон атуулдар, мамлекеттик бийлик органдарында башкаруучу кызматтарды ээлегенге укугу жок. Ошондой эле, мамлекеттик жана саясий кызматтар реестринде көрсөтүлгөндөй, Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы кызматы мамлекеттик саясий кызмат болуп эсептелет жана КР премьер-министри аркылуу дайындалып, кызматтан бошотулат. КР Конституциясынын 52-беренесинин 5-пунктуна ылайык, башка өлкөнүн атуулдугуна ээ болгондор мамлекеттик жана саясий кызматтарды, соттун милдетин аткарууга укугу жок экендигин айта кетсек ашыкча болбос.
Ырас, башка өлкөнүн атуулу болгондон кийин Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы кызматында калууга К. Кулматовдун укугу жок экендигин депутаттар Өмүрбек Текебаев, Токон Мамытов, Бакыт Төрөбаев парламенттик бийик трибунадан айтканын билебиз. Ошону менен бирге, Ө. Текебаев: "К. Кулматов өзүнүн туура эмес жоругун түшүнүп, өз эрки менен кызматтан кетиши керек. Эгер ал мындай кадамга барбаса, өткөөл мезгилдин президенти Отунбаева менен өкмөт башчы Атамбаев саясий бааларын бериши керек" деген. К. Кулматовго байланышкан маселеден улам 2006-жылы кыргыз бийлигинде орун алган ушуга окшош бир окуя эске түшөт. Анда Мамлекеттик Коопсуздук кызматынын катчысы Мирослав Ниязов эле. Анын Вячеслав Хан аттуу орун басары үч өлкөнүн (Орусия, Казакстан, Кыргызстан) атуулу экендигин парламент трибунасынан Темир Сариев жар салган. Уу-дуу түшкөн депутаттар бул маселе боюнча кызматтык орунга төп келбестиги жөнүндө суроо коюшуп, анын натыйжасында В. Хан, анын шефи Мирослав Ниязов, ошол кездеги УКМК башчысы Т. Айтбаев отставкасы үчүн добуш беришкен. Хан мырзанын уяты ойгонгонбу же дагы башка себеби барбы, айтор кийинчерээк өз эрки менен кызматтан кеткен.
Кубанычбек мырзанын креслосу кыйшаймак тургай, желп эткен жел да тийбегени кызык. Угушубузга караганда, бул маселеге байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлүп, "текшерилип" жатыптыр. Ал эми жыл бою өзүнө ыйгарган 260 миң сом өлчөмүндөгү сыйлык, 2010-жыл ичи сыйлык, эмгек акысы менен биригип 623 миң сом өлчөмүндөгү каражат Кулматовдун кара кекиртегине кеткен. Айтмакчы, мындан аз-маз азыраак сыйлык менен Кубанычбек мырза өзүнүн орун басарлары Данияр Калматов, Замирбек Малабеков жана Асылбек Кожобековдорду да кур койгон эмес. Атамбаев мугалим, врачтарга акча табалбай шаштысы кетип атса, буларың кымырып-кымтып жеп атканын кантип түшүнсөк болот. Кыскасы, сыйлыктар менен айлыктар, жогоруда айтылган өкмөттүк комиссиянын ишмердүүлүгү туурасындагы далилдүү материалдар менен бекемделген маалыматты эмки санда козгойбуз.
Абай Сариев








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??