Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Бөдөш Мамырова, ЖК депутаты:
"Коалиция өзүнөн өзү ыдырайт"
- Коалиция тарайт деген имиштердин чындыгы барбы?
- Коалициянын таратып-таратпаганы коалицияга кирбей калган эки партиядан көз каранды эмес. Анткени, коалицияны таратып жиберүү дагы, мындан ары иштетип кетүү дагы коалицияга кирген партиялардын өздөрүндө. Таратабыз деп аткандары дагы ич ара келишпестиктеринен болуп атат. Ички процедурасына терең киришпегенден кийин эмне себептен ушундай келишпестиктер чыгып аткандыгы бизге түшүнүксүз. Коалиция түзүлүп, өкмөттү курап премьер-министрди шайлаганда биз, оппозицияда калган фракциялар экономиканы көтөрүп кетсеңер деген чоң милдеттерди койдук эле. Бирок, жеткиликтүү программасы менен келе алган жок. Бюджетти көтөрүп, каражатты ички булактардан табам деген 3 партиядан бирөө да чыга алган жок. Башынан эле ар түрдүү ойдогу, ар кандай программадагы партиялар кошулуп калган.
- Ич ара келишпестиктер эмне себептен болуп атат?
- Эгер келишпестик экономика, бюджет жаатында болгон болсо анда мыйзам ченемдүү көрүнүш. Булардыкы мамлекетти башкарууда эмес, өз ара кызмат бөлүштүрүүдөн келишпестик чыгып атпайбы. Жеке амбицияны тизгиндөө кыйын болуп атат.
- Коалицияны ыдыратканга эки оппозициядагы партия кызыкдар экен деп атышпайбы?
- Бул көз караш туура эмес. Өз пикирибизди айтып, туура эмес жагын көзөмөлдөйбүз. Биз кызыкдар болгон күндө дагы алардын коалициясын ыдырата албайбыз. Алар өзүнөн-өзү ыдырап кеткенге шарт түзүлүп калды. Бирдиктүү мамлекетти көтөрө турган программасы жок.




Ыргал Кадыралиева, ЖК депутаты:
"Жерди суу бузат, элди куу бузат"
- Азыр коалиция тарабайт. Коалиция тарайт деп кеп тараткандар Кыргызстандын кызыкчылыгын, келечегин ойлобогон бир ууч адамдар. "Жерди суу бузат, элди куу бузат" дейт. Дагы бир тарабы, кечээ чоң устукан жетпей калган саясатчылардын коалицияны таратуу амалы. Өкмөттү "иштебей атат" деп кол кезеп сындап атышат, азыр мүмкүнчүлүк бар, жаңы түзүлгөн өкмөткө убакыт бериш керек. Сын айтуудан мурда, өкмөттүн ишин өйдө тартып, көмөк кылсак. Министрлердин ишине канааттанбай атса ошол сындап аткандар өздөрү иштеп, бир тармагын тартып кетсин. Бүткөн ишке сынчы көп болуп, сырттан сын айта берген оңой. Ич ара, өздүк мамилелерин эл алып берген депутаттык креслолорунан пайдаланбаш керек. Кимдир бирөөлөрдүн жеке таарынычы болсо, аны башка жерде өз жолу менен чечип алышсын.
- Азыр фракциялар ичи ыдырап, кызмат жетпей калгандыктан 3-4кө бөлүнүп атыптыр?
- Элдин кызыкчылыгы турганда кызмат үчүн ыдырабай, ич ара бир пикирге келсе болот. Эр жигит эл алдында кадырын көтөрчү эки касиетке ээ болуусу шарт. Биринчиси-марттык, экинчиси-сабырдуулук.
Марттык десе бирөөгө 500 сом акча берүү же чапан жабуу эмес, адамдын тагдырына марттык кылуу. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн сактап калуу үчүн өз кызыкчылыктарыбыздан напсибизди тыйып, марттык менен иш алып баруубуз зарыл. Келечек үчүн, кийинки муун алдында барыбызга бирдей жоопкерчилик мойнубузда. Мамлекетибиз жаңы нукка түшүп эл аралык мамилелер жаңыдан гана калыбына келип атат. Ушундай маалда коалиция таркаса элдин шору, таркабаса тарката албай жаткандардын шору. Ошон үчүн марттык, сабырдуулук менен келечекке жапа тырмак аттанышыбыз керек. Кээ бир партияларда бөлүнүп-жарылуу болуп жаткандыр. "Кечээки баскан жолуң эртеңкинин күзгүсү" дейт. Ал кечээ кантип келгендигинин бүгүнкү жообу. Алар бир максатта бирикпей, эптеп парламенттен орун алып калууну көздөшкөн. Кандай жол менен келсе ошонун таасири бүгүн тийип атат.
- Коалициянын тарап кетүүсүнө балким сырткы саясий күчтөрдүн да үлүшү бардыр?
- Сырткы күчтөрдүн таасири деген жалган. Сырткы күчү да , ичкиси да өзүбүздө. Буга түздөн-түз оппозициялык фракциялардын далалат кылып атканы белгилүү. Бирок, партиянын курамындагы депутаттардын баары эмес, айрым депутаттардын жеке аракети. Текебаев кайрадан коалиция түзө коебуз дептир, бирок аны тез арада түзө коюп, бүгүнкү деңгээлге алып чыгуу кыйын. Карапайым эл айыл-чарба иштери менен алектенип атат, интриганы чектеп, мындай аракеттерди жыйыштыра турган оң. Былтыры дагы элдин көңүлүн саясатка буруп атып, анын таасири менен быйыл кымбатчылыкка дуушар болдук. Ошондуктан биринчи кезекте элге тынчтык, стабилдүүлүк керек. Элге шарт түзүү үчүн өкмөткө мүмкүнчүлүк берүү керек. Жыйында кээ бир коллегаларым министрлерге өздөрү түшүнбөгөн суроолорду деле бере беришет. "Министрлер силер менен иштей турган парламентке дагы бир орун басарларды алсак окшойт" дегенге жетип калышты.
- Агаңыз Санжар Кадыралиевдин сырдуу өлүмүнүн акыр аягы эмне болду, чыныгы кылмышкерлер кармалып, жазасын алдыбы?
- Кылмышкерлер кармалдыбы же кылмышка тийешеси жок адам кармалдыбы азырынча айтыш кыйын. Бул нерсени аягына чыгарам деп да, чыкты деп дагы айта албайм. 2 жылга чукулдап баратат жеткиликтүү маалымат билип берген киши болгон жок. Мыйзам чегинде чара көрүлсүн деп тийиштүү органдарга өткөрүп бергенбиз, жеке аракет көргөн жокпуз.
- Кылмышка шектүү адам кармалды эле го?
- Азыр тергөө амалдары, сурактар жүрүп аягына чыга элек. Иши сотко аша элек.

Дайырбек Орунбеков




  Тимурлапша

Темирбек Асанбековдун жомогунан дагы бир шиңгил
Проект
Мен чабандык кесипти калтырып шаарга келгенден тартып жалаң проект менен иштеп келе жатам. Эң жакшы жери меники арабдардын проектилери. Алар менен Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып кайда гана барган жокмун. Алыскы Чоң Алайдан Кытайды тоскон Ат-Башыга, кыргыз сыймыгы Манастын кичи мекени Таласка, кыскасы жети дубанга жер-жерлерге мечит салдык. Андан сырткары жетим-жесирлердин кайгы-кубанычын тең бөлүшүп жүрөм. Муну жазган себебим мен проект маселесин колдон келишинче, акылымдын жетишинче билем дегеним. Аттуу-баштуу, жакшы санаалаш адамдар мага шайлоо баштала электе эле айтты эле бул проект деп. Жөн эле жерден жаман көрүнөсүң дегенинен ойлондум. Көпкө ойлондум. Акырында ноутбуктун сумкасына Ыйык Куранды салдым да Темирбекке кирдим. Досум, сен үчүн жашоодо эмне ыйык экенин билбейм, мен үчүн Курандан өткөн ыйык нерсе жок. Куранга колумду коюп айтам, шайлоо бүткөнгө чейин сени сатпайм. Сен да мага чындыкты айт. Казактардын проектиси болуп жатасыңар деген сөздөрдөн тажап бүттүм. Мага чындыкты айтчы бул кимдин акчасы? - десем Куранга колун койду да өзүмдүкү деди. Менин ишенбеске аргам калбады. Мага айтып жүргөн адамдарды чагымчыдай көрдүм. Болду досум, башка сөз жок, иштейбиз дедим да баш-отум менен ишке кириштим. Көз ачып-жумганча шайлоо да башталды. Мен Темирбектин өзүнүн акчасы деп досторумду да ишендирдим. Проект экенин билгенде башкача сөз, башка иш кылат элек. Себеби, арабдардан акча алганда биринчи фундаментке, анан дубалына, анан чатырына берет. Ар бири бүткөндө сүрөткө тартып жөнөтүп турам. Алар ишиме жараша акчасын берип турат. Мен мунун барын тизмектеп жазган себебим, сага спонсор болгон Тайсонго рахмат айтайын дедим. Сенин ишиңден майнап чыкпаса да көңүлү калбай 2 миллион доллар бергенине (бизге жеткен маалымат боюнча). Ал эми Тайсондун атын кийин (атын өзгөрткөн себебим кийин маалымат такталганда фамилиясын айтам, өзүн тааныйм) толуктап жазып берем. Ал уюткулуу казак элинин бычакка сап жигиттеринин бири. Анын акчасын алып арендага Джиптерди минип, жаныңа жансакчы алып кутуруп жатасың. Тайсон болсо жупуну кийинип, эч кандай жан сакчысы жок эле жүрөт. Анткени, анын алдап алган акчасы жок. Же сен экөөбүздүкүндөй талашкан партиясы жок. Бирок, экөөбүздүн мээбиз менен анын мээсин таразага салса аныкы тонна, сен экөөбүздүкү чымчыктын мээсиндей эле болуп калат. Ошондуктан Тайсонго ыраазычылык билдирип, ишеничин актай албай койгон сенин ордуңа мен кечирим сурайм. Тайсон ДОС кечир. Сен кандидатты, мен досту туура эмес тандаптырбыз. Кыргызда: "Беш манжа тең эмес" деп коёт. Эмдигисинде жаңылбайлы.
Бабанов
Мага жеткен маалымат боюнча мени Бабанов жаздырып жаткан имиш. Мен Өмүрбек Токтогуловичти сен Путинди тааныгандай эле тааныйм. Себеби, мен ал башкарууга аралашып жүргөн мамлекетте жашайм. Сен Путин менен тааныштыгың тууралуу сурашканда ушундай мааниде интервью берип кутулуп кеттиң го. Досум, дагы бир жолу кайрылам, партиядан сыйың менен чык да, элден кечирим сурап кетип кал. Сенин командаң жок. Эл президенттикке сени ээрчибейт. Бабанов менен мен эмес сен чогуу окугансың. "Бабанов шайлоо алдында Москвага келип жолукту, мага 3 миллион доллар берем. Россиядагы мигранттардын добушун алып бер деди. Мен мушташа кете жаздадым. Баткен арачалап калды. Мен Өмүрбектин акчасына сатылбайм" деп эрдемсиндиң эле. Тайсондон алганча Өмүрбектен алып иштеп берсең жок дегенде мандат алып депутат болмок экенсиң. "Акыл жаштан, асыл таштан" деген улуу кыргыз эли. Эми мен акыл айткандай болбоюн. Сен эми "дерьмо" деген биздин аттуу- баштуу атка минерлерден баштап карапайым айылдык ар бир Кыргыз мамлекетинин атуулунан куруңду мойнуңа салып кечирим сура да Москвага барып, кичинекей кызың Мерседес менен, ажарлуу жеңебиз кавказ элинин кызы Гулянын маңдайында болуп, аталык мээримиңди төгүп, оокатыңды кыл, дос. Антпесе "Чолпонум деп ат коюп, чоң казалды баштасам" өтө чатак иш болот. "Алысты жакын кылган кыз, тамакты таттуу кылган туз" демекчи улуу кызың да бой жетип, эки элдин ынтымагына ырашкер болоюн деп турат. Куда күтүп, небере көрүп бактылуу өмүр сүрүшүңө тилектешмин. Саясат убактылуу, ал эми үй-бүлө түбөлүктүү.
Калпыңа кабылган досуң Жамалбек Ырсалиев







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??