Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Ниязалиева Чыныбайды чымынчалык көрбөйт
Акыркы күндөрү партиялар өз ара бөлүнүп, ичинен ирий баштады. "Ата-Журтка" кочкорлордун башы кайнабай Нариман нары, Камчы капталга тартып атыр. КСДП сыртынан сыр бербегени менен Дамира Ниязалиева фракция башчысы Чыныбай мырзаны чымынчалык көрбөй, партияга кечээ эле келди, бизге "атаман" кылып салды, фракцияны мен жетектешим керек эле" деп чамынып, астыртан Чыныбай мырзаны алып түшкөнү атыптыр.


Путин Атамбаевди алдады
Атамбаев Путиндин башынан сылап, жонун кашып атып чокуга атын берип күйүүчү майды арзандатты эле, Отунбаева оолугуп АКШга кетип, Барактын сыйлуу сыйлыгын алгандан кийин, Путин жүзүн үйрүп, күйүүчү майын кымбаттата баштады. Оштогу тургундар ура, күйүүчү май арзандады деп кол чаап атышкан экен, эми күн санап баанын көтөрүлүп кетип атканын көрүп бозоро баштаптыр. Азыр Ошто бензин баасы 36-38 сом. Эми Атамбаев мырза Медведевдин атын дагы бир тоого берип, кайрадан арзан бааны кайрып алаттыр деп үмүттөнүп атышат. Ушинтип Путин тоо чокусуна чыгып алгандан кийин Атамбаевдин кулагына китлапты илип, "кидайт" этти.


Курманбек ака президент болом дейби?
Атажуртчу депутат Курманбек Осмоновду партиялаштары Жогорку Сотко барыңыз деп суранса, Курманбек мырза ынабай атыптыр. Кээ бир маалыматтарга караганда Курманбек Осмонов келерки президенттик шайлоого дымак байлап, "Ата Журттан" аттанганы атыптыр.


Жылдыздан жылгаяк
Быйыл Курманжан Датка жылы деп жарыяланган. Ушул ишчарага карата "Курманжан Датка" фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева жер сурап, алкымын арылдатып акча сурап жүргөн. Бирок, Алай ханышасынын мекени Алайда Жылдыз Жолдошеванын караанын 4 жыл мурда көрүшүптүр. Ошол боюнча Жылдыз айым Алайдан жылт эткен караанын көрсөтпөптүр. Ысык-Көлгө даткага арналган пансионат салам деген Жолдошеванын жоругуна алайлык туугандар кабатыр болуп, андай пансионат эч кандай мааниге ээ эмес экенин жана ал жеке бизнеске айланарын белгилеп атышат. Датканын 180 жылдыгына карата курулган музейи бүгүнкү күндө урап, үстүнөн жамгыр өтүп, ичиндеги сакталган экспонаттар эскирип, коерго жер калбай калыптыр. Курманжан Датка жылы деп корстон болгондон мурда, датканын музейине көңүл буруп койгон жан бар бекен деп үмүт кылып отурушат. Райондун музейге чаптаганга каражаты караандабайт экен. Ысык-Көлгө пансионат салгандан мурда, Жылдыз айым Алайга келип бир кабар алып кетсе болмок. Датканын коомун алып жүргөндөн кийин, датканын урпактарынан кеңеш сурап койсо ашыкча болбос эле.


Ошко баргандар оромпой тебишип
Акылбек Үсөнбеков аттуу кишиден бизге кат түштү. Капырай, окусаң оозуң Ошту карайт. Анткени окуя Ошто болуптур. Ошондон бир шиңгил. Спикер февраль айында түштүккө иш сапар менен барат. 22-февралда Ош мэри Мырзакматов үлкөн ресторанга арак-шараптан коюп "жакындарын" коноктойт. Анда Камчы Ташиев, Садыр Жапаров, Мыктыбек Абдылдаев охраналары менен майрамдашкан. Ананле иттей сөздөр айтылып, саясат самандай сапырылып, мэр аркалыктарга асыла сүйлөп, Жапаров муштумун түйүп, Ташиев 500 долларынан ажырап, Абдылдаев бозоруп… Айтор, Келдибеков келип кепке келтирбегенде чырдын башы далайга чубалмак экен. Каттагы кабарды ушу жерден токтотуп туралы. Кызыгы алдыда. Мунун чын-төгүнүн бышыктап, эмкиде беребиз.


"Асман пресс"




  Кекиртек, кыйла жерге секиртет

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын жетекчиси:
"Бабанов мага кара пиар жасады"
- Аликбек мырза, революцияда сиз Мегакомду коргойм деп кеңсесин кайтарууга алдыңыз эле. Кийин бай ишкананы башкарып калууну көздөгөн деген да кептер айтылды. Эмне кызыкчылык көздөдүңүз эле?
- Бул бардыгына эле маалым болсо керек. Ошол учурда морадерлор келе жатат, коргоп бергиле деп кайрылышкан. Албетте коргоп бергенбиз.
- Бүгүнкү күндө чуулгандуу болуп жаткан акчалардын дайынын билесизби? Сизди да ошол акчаларга байланышы бар деп жатышат го? Маселен, Кызалаков коробка ичине 100 миң доллар салып сиздин Шопоков көчөсүндөгү үйүңүзгө алып барганын айтып атпайбы?
- Биринчиден бул нерселердин баары калп. Эсиңерде болсо мен 9-март күнү биринчи вице- премьер-министр Өмүрбек Бабановдун дарегине сын пикир айткам. Бир жыл жөн эле жүрүшүп, дароо менин билдирүүлөрүмдөн кийин эле мага доомат кое башташпадыбы. Бабанов менин сыныма ушинтип кара пиар менен жооп берип жатат. Өзүңөр көргөндөй 5-канал аркылуу кайра-кайра ошол окуя тууралуу берип жатышат. Аталган каналды бир кезде Бабанов көзөмөлдөп жүргөнүн жакшы билесиңер.
- Бабановдун "Мегаком" менен кандай байланышы бар деп ойлойсуз?
- Менимче, ошол убакта Мегаком башчысы Силичке иш козголуп, ал качкан соң Бабанов Мурзалиевди башчылыкка койгон. Ал өз кезегинде Кызалаков менен акчаны алып жок кылып коюшкан. Аларга бизди көрсөткүлө, болбосо иш козгойбуз дешкен. Ал эми Генералдык прокуратуранын башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Аманкуловдун Мурзалиевге козголгон кылмыш иши тууралуу сүйлөгөн сөзү ушул экөө гана күнөөлүү экендигин жана бизге жалаа жабылгандыгын тастыктап турбайбы.
- Жардамчыңызды укук коргоо кызматкерлери кармап кетишиптир. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Бул көрүнүштү мыйзамсыз деп эсептейм. Албетте, кимдир бирөө тараптан маалымат түшсө текшериш керек. Бирок, камаштын кажети жок го дейм. Жөн эле чакыртып сурашса ал качмак деле эмес. Адвокат жиберсем 14-март күнү жөн эле камалып жатыптыр, 15-март күнү гана саат төрттө сурак башталыптыр. Бул эмнени көрсөтөт, бул атайын жогорку жактын саясий заказы. Менимче бул нерселердин баары Бабановдун буйрутмасы. Буга чейин жардамчым мени менен 4 жыл иштеген, анын мыйзамсыз иш кылганын көргөн эмесмин, байкаган да эмесмин.
Мирлан Өмүралиев







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??