Көз караш

Сыргак АБДЫЛДАЕВ:
"Азыркы бийликте-гилерге "элита" терминин колдонуудан алысмын"

Мындан туура 2 жыл мурун, 2009-жылдын 3-мартында "Репортер Бишкек" гезитинин саясий серепчиси Сыргак Абдылдаевге редакция кеңсесинин жанында белгисиз бирөөлөр кол салышып, мыкаачылык менен сабалган журналист денесинин 21 жерине бычак жеп, колу-бутунун 2 жери сынган эле. Ушундан кийин ал Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Саясий башпаанек берген Швеция мамлекетинде жашап жаткандыгына карабастан, С. Абдылдаев мекенинде болуп жаткан ар кандай окуяларга кайдыгер карабай өз кабатырлануусун жашырбай келет. 2010- жылдын август айында ал күтүүсүздөн билдирүү жасап, 16 ЖЫЛ бою мүчө болуп келген "АТА МЕКЕН" социалисттик партиясынын катарынан чыккандыгын жарыялаган эле…
- Саламатсызбы, Сыргак Курманбекович, ден соолугуңуз кандай?
- Рахмат. Ден соолук жалпысынан дурус. Албетте, мени майып кылышты, эң негизгиси тирүү калдым, демек мындан ары да өз көз караш-ынанымдарым үчүн күрөшүп жашай алам. Швед медицинасы мени бутума тургузат деп ишенем. Болгон оору-сыркоодон арылып, толук кандуу күрөшчүл жашоо кечире алам деп үмүт кылам.
- Көпчүлүктү 16 жыл бою партия курамында болуп келип, кокусунан болгондо да ал партия өлкөнүн саясий аренасында ийгиликтин абсолюттук бийик чокусуна жеткен кезинде таштап кетүүңүздүн себеби кызыктырат. Кандай болгон күндө да 16 жыл аз мөөнөт эмес го?…
- Көпчүлүк партиялаштарым сыяктуу "Ата Мекен" социалисттик партиясына кирген күндөн баштап демократиялык социализмдин идеяларынын тарапкеримин жана ошол ишенимде кала бермекчимин. Ошону менен бирге, Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасында атуулдук укук үстөмдүк кылган, экономикасы социалдык багытты көздөгөн өлкөнү куруу реалдуу экенине ишенем. КР Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкармалыгынын офицери болуп туруп, оппозициялык партиянын катарына өтүү менен тобокелчиликке бардым, ишим оңунан чыкты. Бактыма мени аналитик, чалгын офицери катары өз колу менен жууруп, жашоо полигонунда ой жүгүртүүмө туура багыт берген чыныгы кыргыз генерал-лейтенанты Жумабек Асанкулов тикелей жетекчим катары туш болду. 90-жылдардын дуулдаган алгачкы жылдарында көпчүлүк сыяктуу мен дагы саясаттагы аферисттердин ар кандай мааниси жок былжырак сөздөрүнө ишенгем. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушун кааласам керек да. Бирок, өлкөдө болуп жаткан окуялардын өнүгүүсүнөн улам, биздин өлкөдө "Ата Мекен" тилек кылган идеяларга элибиз али даяр эмес экенине ынандым.
Андан ары менин ынанымдарым акырындан күмөнсүнгөн ишенбөөчүлүк фазасына өтүп отуруп, партия лидери Өмүрбек Текебаевдин жеке максатын көздөгөн көрсөтмөлөрүнө болгон карама-каршылыкка жетти. Ошентип, 2005-жылдын мартында Бакиевдин Акүйдүн 7- кабатында эмне кыларын билбей далдыраган маңыроо абалын көргөндөн кийин качандыр "Ата Мекендин" катарынан чыгып, өз алдымча жүрүшкө аттанар күнүм алыс эмес экенине биротоло көзүм жетти. 2010-жылдагы парламенттик шайлоолор жана андан кийинки окуялар кабыл алган чечимдерим туура болгондугун дагы бир жолу айгинеледи. Ошон үчүн 2010-жылдын август айында эч ойлонбой туруп "Ата Мекен" партиясынын катарынан чыгып кеттим.
- Партия тутумунан чыгууңузду партиянын жаңы курамы менен макул эместик катары да карасак болобу? Мен муну, билдирүүңүздө: "Менин принциптерим жана ишенимдерим "Ата Мекен" социалисттик партиясынын жетекчилигинин азыркы жасап жаткан иштери менен дал келбей калды. Бирок, партиянын акыркы курултайы көрсөткөндөй, көпчүлүк мүчөлөр партия лидерлери көздөгөн негизги багытты колдошту. Ырас ушундай экен, акыл-эси жайында, абийирдүү инсан катары жүргүзгөн саясаты купулума толбогон партиянын катарынан тынч гана чыгып кетүүгө милдеттүүмүн" дегениңизден улам сурагым келди…
- Эми, "Ата Мекендин" жаңы курамына карата болгон пикиримди айткандан эмне өзгөрөт? Мен бир чындыкты эбак эле түшүнгөм: Кыргызстандагы саясий партиялардын азыркы абалы - биздин коомчулуктун абалынын күзгүдөн чагылган элеси. "Ата Мекен" бул катардан оолак эмес. Азыркы Швециядагы жашоом менин ойлорумдун туура экендигин дагы бир жолу ырастап отурат. Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстан канга чыланган ырайымсыз сабактар менен тажрыйбалар жолунда камалып турат.
Ал эми Өмүрбек Чиркешовичтин тегерегинде жүргөн биринчи катардагы кишилерге келсек, айтпаса да түшүнүктүү. Бул жерде менин комментарийим ашыкчалык кылат. Бул анын жеке партиясы, демек ал чабуулга ким менен аттанарын өзү билет. Эң негизгиси, ушул кишилер аны 2014-2016-жылдары жаңы Кыргызстан үчүн саясий интеллект согушунун катуу кармашуусунда таламайга таштап, качып кетишпесе болгону.
- Же Кыргызстанда идея эмес, баары бир "культличносттор" үстөмдүк кылары көңүлүнүзгө туура келбедиби? Принцибиңде шайлоо жыйынтыгы сиздин пикирдин тууралыгын көрсөттү деңизчи… Текебаев мырза өзү деле ЖК отурумдарынын биринде, эгер анын кандайдыр бир күнөөсү болсо, эл шайлоодо өз добушу менен жазасын бергендигин айткан жайы бар…
- Саясий идеялар эгемендүүлүктүн биринчи күндөрүнөн тартып эле өздөрүн саясий партия деп атаган кыргыз бригадирлеринин жеке PR-фирмасынын маңдайына илинген жасалма жарнагы болуп келген жана ошол деңгээлинде кала берүүдө. Саясий партиялар чатырына жашынган топтун кызыкчылыгынын астында абсолюттук боштук жана көчө популизми, демагогия турат. Өз мекенинин келечеги үчүн болгон күрөштүн жөнөкөй чындыгы кыргыз улутунун алдыңкы адамдарынын, анын ичинде кээ бир саясатчылардын оюна өлкө үчүн түп тамырынан өзгөрүүлөрдүн зарылдыгы эми гана жетип отурат. Кээде кааласа-каалабаса тобо кылуу жышаанасы чыгып калып жатканы да ушундан. Тилекке каршы, биздин саясатчылардын баары жеке катачылыктарын түшүнүү жана жеке кылмыштарын моюндоо процессинде кечигип тобо келтирүү оорусу менен оорушат. Деген менен, алардын кээ бирлеринин мээсиндеги программада өлкө үчүн жоопкерчилик жана уят деген функцияга дегеле орун каралган эмес. Мейли сөзү жок, жөн гана ичинен тобо кылуу эч качан кеч эмес, бирок күнөөлүүлөргө негизги өкүмдү Тарых гана чыгарат. Тарых сотунан бул жашоодо да, тигил жашоодо да кутулууга болбойт.
Апрелчилер үчүн күтүүсүз болгон 2010-жылдагы шайлоонун жыйынтыктары мен үчүн парламенттик республика деген мезгилсиз, ошону менен бирге, өлүк идея ишке киргизилип башталганда эле түшүнүктүү болгон. Мыкты аналитик үчүн шайлоо алдында колдо болгон маалыматтардын негизинде, парламенттик бронижилеттер үчүн болгон кармаштын жыйынтыгын алдын ала эсептеп коюу кыйын эмес. "Ата Мекенди" жеңилүү ызасы күтүп турганын баамдоо үчүн ал кезде менде жетишерлик маалымат бар эле. Анын үстүнө менин кээ бир жолдошторумдан келген жашыруун кабарлардан жана июнь трагедиясынан кийинки Кодиржон БОТИРОВДУН коомчулукка берген көрсөтмөлөрүнөн кийин Убактылуу Өкмөттүн июндагы издери ачык көзөмөлдөнө баштаган эле. Ошондуктан, азыркы кош бийлик жана саясий бригадирлердин таасир берүүчү аймактарга бөлүп алуу менен өлкөнү кыйроого алып келиши мыйзам ченемдүү болчу. Ушул эле дейсизби, мен үчүн мунун логикалык жыйынтыгы да ачык көрүнүп турат: өлкөдө абал курчугандан курчуй берет жана бригадирлер арасындагы карама-каршылык күчөп отуруп, жеке жана белгилүү бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн ачык конфликтке чейин жетет.
- Сиз Түштүктө болгон окуялар бийликте турган, кечээ эле сиз ишенген кишилерге жаңыча көз караш менен кароого түрттү деп жатасыз. Демек, сизди коомчулукта жаралган "Кыргызстандын саясий элитасы мурдунун учунан алысты көрө албайт, бийликке жетери менен Ажыдаарга айланышат да калышат" деген пикир менен макул экен деп түшүнсөк болобу?
- Июнь окуялары мен үчүн кыргыз саясатындагы кишилердин чыныгы моралдык, нравалык баалуулуктарынын ушунчалык төмөндүгүн көрсөткөндүгү менен чоң ачылыш болду дээр элем. Муну деле мыйзам ченемдүү көрүнүш деп койсок болот. Кыргызстанда саясий элита дегеле жок экенин эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эле түшүнгөм. Бул менин элимдин тарыхый тагдыры менен шартталган. Азыр бизде Орто Азия тарыхында кыргыз феноменин жана улуттук элитаны түзүүнүн классикалык азиялык мектебин негиздөөнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү жаралып отурат. Бирок, бул процесс ондогон жылдар жана көптөгөн муундардын мамлекеттик ой жүгүртүүдөгү акыл эмгегин талап кылат. Эң негизгиси, биз биринчи болуп мамлекетти жана коомчулукту реформалоонун радикалдуу жолуна түштүк.
Ошондуктан, азыркы бийлик ээлерине карата "элита" терминин колдонуудан алыс болоор элем. Аристократтык интеллект белгилеринин жоктугунан улам өзгөчө "саясий" деген аныктаманы кошкондон да качар элем. Азыркы корпоративдик диктатуранын бригадирлери базар бизнесин жүргүзүүчүлөр менен бирге болгону тарыхтын таштанды сазына сиңип жок болуучу кир көбүк гана экенин айткым келет. Кыргызстандын элин кулчулук сезимде кармоого алардын жадагалса мээси да, акчасы да жок.
(Уландысы 6-бетте)