Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Тагдырдын тамашасы
"Асман пресс" гезитинин почтасына окурмандан кат келиптир. Биздин гезит айрым саясатчынын гана көз карашын көздөгөн гезит эместигин айтып, бардыгына тең карап, чындыкты жазган гезит деп билерин жана төмөндөгү ырды сүрөтү менен жарыялап коюшубузду өтүнүптүр. Миңдеген адамдар бул адамды жан алгычтай көрүп жектеп турганда аны сүйүп, сыйлагандар да бар турбайбы дедик. Кезинде Жаныш Бакиев чындап эле Элнура Кулуеванын сөзүнө алдандыбы же "Асман пресс" гезитине кызыгып арбалдыбы айтор, бир кезде гезитибиздин атын тартып алып, бул адамдан биз да жабыр тартканбыз. Кандай болсо да кудай барына тараза болсун."Таш менен урганды аш менен ур" деген кеп бар эмеспи. Жыгылганды теппейли. Бугүн ал бизге мейманга келди.Окурманыбыздын өтүнүчүн орундатып гезитибизден орун берик.

Урматтуу Жаныбек Салиевич!
16 - март туулган күнүңүз менен куттуктайм.

Жанданып байчечекей бүрдөп жаңы,
Жарык чачып жер жүзүнө жаз ааламы.
Жаңырып жаш наристе ыңаалагы,
Түрүлгүн күн Жаныбектей генералы.

Толгонуп Тоту эненин эт жүрүгү,
Дүйнөгө бир наристе жарык көрдү.
Атак-даңк, жандап саткын жөөкөрлөрү,
Курулай доомат болду көтөргөнү.

Дооматтан, оомат күтөт тилеп элиң,
Ак ийилет, бирок сынбайт келет дегим.
Куттуктайм кыргызымдын Генералын,
Кабыл ал, сунулган ыр белектерим.

Кадырлап калк самаган күн да келет,
Чыккынчылар күнү бүтүп, тебеленет.
Жараткан! Ат көтөргүс оомат берет,
Жүзүң ак, нур тамылжып чындык жеңет.

Кут болсун генералдын туулганы,
Жагылсын жакшылыктын жарык шамы.
Жараткан жалгап сизге насип кылсын,
Улуу журттун алтын доору ааламдагы.
Курманжан Тилегенова




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??