Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Балбанбилек

Уркуя Эшмамбет кызы, мушкер:
"Негизги атаандаш казак кыздар"
- Уркуя, майрамды кандай тостуң, жигитиңден эмне белек алдың?
- Майрамда жигитим атыр белек кылды.
- Мушкер кызыбыз спортко кантип аралашып калган?
- Кичине кезимде телевизордон каратист кыздарды көрүп кызыкчумун. Атама залга барып машыгам десем "ал жактан сени өлтүрүп коет, барбайсың" деп болбой койгон. Кийин шаарга көчүп келгенде машыктыруучу зал үйүмдүн жанында экен. 2-3 ай үйгө келе жатып байкап жүрдүм. Анан кыздардын келе баштаганын көрүп атама айтсам макул деди. Башта машыгууга келген кыздар көп болчу. Кийин жалгыз мен калып калдым. Мурун машыктыруучум карачу эмес, көп кыздардын бириндей кетип калат десе керек.
- Бокс бул эркектерге тиешелүү спорттун түрү дегенге кошуласыңбы?
- Чындыгында эркектерге тиешелүү. Аял киши эне болот, андыктан бокс менен машыгуусу анчейин эмес.
- Сени угуп отуруп эркектердин арасында өскөнбү деген ой келди.
- Жок, мен үйдүн эң улуусумун. Менден кийин сиңдим анан иним бар. Мен кыздар менен тил табыша албайм. Көбүнчө эркек балдар менен достошом.
- Ачууң келгенде колуңду шилтеп жибербейсиңби?
- Мурун ошентет элем. Кийин бокска кирип машыктыруучум менен иштешип калганда "Эч качан көчөдө урушпа. Мен сени ал үчүн даярдаган жокмун. Анчалык мушташкың келсе рингге чык" дечү. Мени мастер дейт, көчөдө мушташып кете турган болсом урушкан адам арыз жазса мага кыйын болот. Андайды каалабайм.
- Оң жаагыңа чапса сол жаагыңды тосуп бересиңби?
- Макул, сеники чын деп басып кетем. Болбосо бир жолу жооп кайтарам.
- Негизги атаандашым деп кимди эсептейсиң?
- Негизги атаандаш катары казак кыздарын эсептейм.
- Турмушка чыккандан кийин жолдошуң кол көтөрсө эмне кыласың?
- Дароо ажырашам.
- Кайрылып бир урганга алың жетпейби?
- Кайра бир ура алам. Бирок, мушташып жашаган болбойт го. Турмуш курган соң бактылуу жашаш керек да. Эгерде бир жолу урса анда кечирем. Экинчи жолу кайталанса анда билбейм. Кыз канчалык күчтүүмүн дебесин баары бир эркекке салыштырмалуу алсыз болот.
- Адам канчалык күчтүү болбосун сүйүктүүсүнүн алдында алсыз болот дешет. Сенчи?
- Бул сөзгө толугу менен кошулам.
- Үй жумуштарына кандайсың?
- Ийне менен тиккенден башкасынын бардыгын жасай алам.
- Бокс жок болсо кайсы спорттун түрүн тандайт элең?
- Сууда сүзүүнү тандасам керек.
- Рингге чыкканда сүрөөнчүлөрдүн колдоосу жардам береби?
- Албетте, маселен 3 раунд жакшы иштеп бирдей упай топтосоң, 4 раундда алдан тайып калганда сен урган сайын сүрөөнчүлөр колдоп кыйкырып турса дем-күч болот.
- Рингдеги биринчи жеңишиң эсиңдеби?
- Анда мен 10-классымда казак кыз менен беттешкем. Алгач утулуп жаткам, экинчи раундда бир аз теңдешип калдым. 3-раундда судья медаль менен грамотаны көргөзүп алгың келсе иште деп кыйкырган. Ошондон кийин атаандашымдын мурдун канатып уткам.
- Аял болгон соң боорукер келебиз. Сен мурдун канатып уруп аткан учуруңда андай сезим болбойбу?
- Мен эркек балдарга судья болуп калган кезде так тийген соккулардан жарылып кеткен мурун-ооздорун көргөндө боорум ооруп кетет. Ал эми кыздардын эмнесин аямак элем. Эмнеге рингге чыгат? Эртең эле ал кыз менин атаандашым болот.
- Эркек балдар менен машыгам деп калдың, алар кыз деп аяп койбойбу?
- Элестетсеңиз, эркек киши кыздан сокку жеп атса жини келет да. Эч кандай аёсуз эле эркек менен мушташкандай мушташат.
- Бокста негизги сокку башка кетет. Кыз болгон соң бетке өзгөчө көңүл буруш кажет. Сен кандай кыласың?
- Менин бетим оңой менен көгөрбөйт. Көгөрсө да бат тарайт. Мурдумдун да кыры жок сынып кете турган. Урганда мурдум менен бетим тең болуп калат. Бул жагынан алганда мага повезло.
- Башка жактан сунуш түшсө кетет белең?
- Жок.
- Рингге чыкканда чачыңдын узундугу тоскоол болбойбу?
- Рингге чыгарда чачымды байлап же өрүп алам. Меникинен узун чачтар бар, эч кандай тоскоол болбойт.
- Жигиттерге күчүңдү пайдаланып көрдүң беле?
- Болгон андай учурлар. Университетте окуп жүргөндө бир бала келип эле жүдөтүп аткан. Өзү дзюдаист. Бир маалда акырын эле колумду шилтеп койгом, көрсө ээгине тийип көзү караңгылап кетиптир. Группалаштарым "уктаттың дешип" күлүшкөн.
- Ала качып кетсе эмне кыласың?
- Ушул нерседен корком. Ала качууга жалгыз келбейт да, бир-экөөнү чапканга үлгүрөм. Барына алым жетпейт да. Кандай учур болбосун отурбайм.
- Жигитиң сенин спортуңа кандай карайт?
- Алгач макул болуп жүрчү. 7-8-айдан кийин каршы боло баштады. Экөөбүз кыз-жигит болгон соң мен спортту таштабайм. Кийин турмуш курганда таштайм дегем.
- Демек, турмушка чыкканда таштайм дечи…
- Бул убактылуу эле айтылган сөз да.
- Кийин балдарыңдын бокска барышын каалайсыңбы?
- Жок, бир үйдө бир эле боксер жетет го. Башка спорттун түрүнө барышса дейм.
- Бокска киришиңе ата-энең кандай карайт?
- Апам каршы болуп эле келе жатат. Бирок, үйдүн кожоюну атам да. Атам менин спортумду колдойт.
- Алгачкы беттешүүгө чыкканда сүрдөгөнсүңбү?
- Биринчи чыкканда сникерс жеп тамакка тоюп алып чыккам. Негизи рингге чыгарда бир саат мурун жеңил тамак ичип коюш керек да. Машыгууга 2 саат мурун тамак ичип анан келиш керек.
Мээрим Айталиева





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??