Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Чү-үш-ш-ш

Айтылбай турган сөздөр

А йымдарга караганда күчтүү дегенибиз менен мырзаларда алсыз жактар көп кездешет. Кыз менен жигиттин ортосунда байланышты үзбөй кармап турууну каалагандар алсыз жактарга тийбей эле койгонуңуз дурус. Төмөндө эркектер менен болгон мамиледе кайсы жактарды айтпаш керектиги тууралуу азыноолак маалымат.



Энесин сындабаңыз. Эч убакта эне-баланын ортосуна түшүп, энесин сынга албаңыз. Мырзаңыз кызуу кандуулукка алдырып, энеси тууралуу жаман айтса да "унчукпаган үйдөй балээден кутулат дегендей" унчукпастан жылмайып кутулуңуз. Болбосо "сага кошулбайм" деп гана койгонуңуз дурус.



Жоролорунун жоруктарын айтпаңыз. Эгерде жигитиңиздин жакын санаалаш достору кандайдыр бир мамиле курууну сунуштай турган болсо, досунун өзүн гана уяткарып койгонуңуз эп. Эч убакта жигитиңизге "сенин досуң айтып атат" деп айтпаңыз.



Көзгө чөп салган учурларыңыз тууралуу сөз козгобоңуз. Анткени, өнөктөшүңүз сизден шек санай баштайт. Чоң чырдын башы болгон кызгануу пайда болуп, "мага да мурунку жигиттериндей мамиле жасап жатабы" деп артыңыздан түшө баштайт.



Кемчилигин айтпаңыз. Эркектер эч убакта чындыкты угууну каалашпайт, андыктан таттуу калпты катырып, сексуалдуусуң, сенден өткөн мыкты жок деп айтып турушуңуз керек. Анын кемчиликтерин бетине айтып оңдойм деп убараланбаңыз, андан көрө өзүңүз билгизбей оңдогонго аракет жасаңыз.



Ишеним артыңыз. Сүйүктүүңүз асмандагы айга учам десе ишенбесеңиз да ишенгендей түр көрсөтүңүз. Кандай иш алып барбасын сизден колдоо күтөөрүн эсиңизден чыгарбаңыз.



Жакын адамдарыңыз түгөйүнүн көзүнө чөп салып жаткандарын билдирбеңиз. Кыргызда "досуңду көрсөт, ким экениңди айтайын" дегендей эле мырзаңыз сизди да досторуңуз жасаган кадамдарга барат деп шек санайт.



Таштап кетем деп коркутпаңыз. Өнөктөшүңүздүн ортоңордо катуу чыр чыккан күндө да аны таштап кетем деп айта көрбөңүз. Себеби, анын оюнда сиз убактылуу гана пайдаланып, кыялыңыздагы мырзаны тапканча эрмектеп жүргөндөй туюлат.



Башка жигитти кааларыңызды кеп кылбаңыз. Мырзаңыздын жанында туруп, башка жигит менен кумарга баткыңыз келээрин билдире көрбөңүз. Сыртыңызга чыгарып айтпаганыңыз менен көздөрүңүз калп айта албасын да унутпаңыз.



Мурунку жигиттериңиз менен сүйлөшкөндүгүңүздү ачык айтпаңыз. Жигитиңизге чейин сүйлөшкөн мырзаларды бир гана ирээт айтканыңыз жетиштүү. Эгерде жигитиңиз өзүнө чейин канча жигит менен сүйлөшкөнүңүздү сурай турган болсо, үчтөн көп да, аз да сан айтпаңыз. Муну айтуу менен сиз аны өзүн сүйүктүү сездире аласыз.





  Атакайың

Брайан ата болот
51 жашар музыкант Брайан Адамс ата болуу астында турат. Рок-музыкантка тунгуч перзентти өзүнүн ассистенти Алисия Гримальд төрөп берет. Алисия 2006-жылы Брайанга "Bryan Adams Foundation" кайрымдуулук фондусун түзүүгө көмөк көргөзсө, эми минтип үй-бүлө курууга көмөк көргөзүп отурган чагы. Болочок наристесинин жытын ата-энеси май айларында искеп калышат.

Мел Гибсон 3 жылга кесилди
Белгилүү актер Мел Гибсон орус дос кызын уруп койгондугу үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул чырдын аягына чекитти Лос-Анджелестин Жогорку соту койду. Мындан тышкары актерго акчалай айып салынган, бирок акчанын суммасы ачык айтылбайт. Мел россиялык Оксана Григорьеваны сабаганын моюнга алып, ачык айтканы үчүн абактан аман калган. Оксана менен Мел Гибсондун ортосундагы чыр былтыр эле чыккан. Анда орус кызы пресса аркылуу Гибсон уруп койду деп арызданган эле. Оксананын алдыңкы тишин ыргыта койгон Гибсон Оксананын үстүнөн арыз жазган, бирок сот анын арызын кароодон баш тарткан.

Мадоннанын ашынган фонаты
Белгилүү ырчы Мадоннанын фонаттары чексиз экени талашсыз. Көп фонаттын ичинен Гжегож Матлок аттуу мырза ырчынын Лондондогу үйүнө айнектен кирип кеткен. Инцидент катталган учурда Мадонна АКШда жүргөн экен. Ал эми үйгө кирип кеткен фонатты ырчынын жан сакчылары кармап, полиция кызматкерлерине беришкен. Мадоннанын үйүнө кирүүгө Матлокко эмне түрткү болгону азырынча белгисиз. Мындай окуя биринчи жолку эмес, буга чейин да ырчынын фонаттары чектен чыгып кеткен учурлар болгон.





  Дүйнөсөз

Япония. Өлкөнү тилсиз жоо каптап жер титиреп, артынан 10 метрлик цунами болуп, натыйжада 3767 адам каза таап 7845 киши дайынсыз жоголуп, 2000 чукул адам ар кандай жарат алышты. 9 баллга жеткен силкинүүдөн АЭСтерде өрт чыгып жарылуу болуп "Фукусима1" станциясындагы радиациянын деңгээли жогорулап кеткен. АЭСке 30км аралыкта жайгашкан калкты көчүрүүгө туура келди. Ошондой эле радиация чыгып жаткан станциянын үстүнөн учууга да тыюу салынды.
Бахрейн. Король Хамад аль-Халиф өлкөгө БАЭ, Сауд аравиясынан аскер күчтөрүн киргизди. Анын мындай кадамга барышына Манамадагы манифестанттардын бийлик структурасын алмаштыруусун талап кылып бир айдан бери тарабай жаткандыктарынан улам болду. Өкмөт башындагылардын айткандарына оппозиция өкүлдөрү "кечиктиңер" деп баш бербей коюшкан. Ошондой эле оппозиционерлер сырткы аскер күчтөрүнүн өлкөгө кийлигишпөөсүн айтышкан. Бийликтегилер сырткы аскер күчтөрү Бахрейндин стратегиялык обьектилерин коргоо үчүн киргизилгендиктерин айтышууда. Эскерте кетсек Бахрейндеги митинг 14-февралдан тартып уланууда. Протестке чыккандардын басымдуу бөлүгү шииттер жана алар бийликке келгендердин көбү сунниттер болгонуна нааразы.




  Шумдугуңкур

Жылаңаччандар майрамы
Аталган майрамды Жапонияда 767-жылдан тарта белгилешип келет. "Saidaiji" чиркөөсүндө 23 жаштан 43 жашка чейинки 3000ге чукул эркек чогулат. Алар энеден туума жылаңач болушат, бир гана белинде байлама болот. Майрамдын максаты өзүнө ийгилик чакыруу. Алардын ишениминде жылаңач кишиге кол тийгизсе бардык жамандыкты алыстатат. Чогулган эркектер чиркөөдөгү сыйынуудан кийин, шаардын көчөлөрүндө жүрүш жасашат. Ийгилик издеген жапондор аларга кол тийгизип калууга аракет жасашат. Майрам февраль айында болгондуктан жүрүштүн катышуучулары сакеден катыра ичишет.

Кең жаак
Дүйнөдөгү эң кең жаак 20 жаштагы Франциско Доминго Жоакимге таандык. Ал эриндерин 17 сантиметрге чейин чое алат. Франциско кадимки коланын челегин оозуна сала алат. Жакында эле ал италиялык телешоуда коланын банкасын 14 ирет алып, кайра салып көрүүчүлөрдүн оозун ачырган. Учурда кең жаактуу мырза 0,5 литрлик пивонун банкасын оозуна батырууга аракет жасап жатат.

Оригиналдуу үлпөт той
Бардыгынан өзгөчөлөнгөн үлпөт тойду белгиялык түгөйлөр Джерон менен Сандра Кипперс өткөрүшкөн. Үлпөт тойдун оригиналдуулугу жерде эмес асманда өткөрүлүп, тойдун акырында түгөйлөр жерге секиришип, жерден 50метр бийиктикте буттарынан байланган бойдон илинип турушкандыгында. Сандра менен Джерондун тоюнан кийин абада той өткөзүүнү каалагандардын саны арбыган. Оригиналдуу делген үлпөт тойду "Marriage In The Sky" компаниясы уюштурган. Тойго сарпталуучу чыгым 45-50 миң долларды чапчыйт.







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??