Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Экстрасенс

Вольф Мессинг - атактуу гипнотизер
Дүйнөдөгү эң таланттуу гипнотизерлордун бири, Гитлердин жеңилерин алдын-ала айтып, анын каарына калган айтылуу Вольф Мессинг Польшада 1899 -жылы 10- сентябрда туулган. Ал бала кезинде лунатизм оорусунан жапа чеккен. Ай чыккан күндөрү уктап жаткан боюнча төшөгүнөн туруп алып туш келди басып кетчү. Атасы кандай айла кылаарды билбей, кроватынын жанына муздак суу куюлган дагараны коюп коет. Бала муздак сууга буту тийери менен чочуп ойгонуп кетчү. 6 жашка чыккан Вольфту атасы диний мектепке берет. Ал жерде эртеден кечке диний китептеги жазууларды жатташчу. Кичинекей бала өзүнүн тез жаттоосу, эс тутуму менен элди таң калтырат. Атасы аны диний чоңураак мектепке окуткусу келет. Бирок, беттегенин бербеген, алдына койгон максатына сөзсүз жеткен Вольф үйүнөн качып, Берлинге бараткан поездге байкатпай түшүп алат. Билет текшергичтер келатканын көргөн бала коркконунан "балким байкабай калышаар" деген ой менен отургучтун алдына жашынат. Текшерүүчүлөр балага кайрылып билет сурашат. Ал жанында жаткан кагазды билет экен деп ойлошсун деп колуна кармата коет. Текшерүүчү кагазды карап көрүп, печатын коюп жатып, "билетиң колуңда турса аякта эмне олтурасың, орундукка олтур" деп айтып чыгып кетишет. Вольф ошондон баштап эмнени кааласа адамдар ишенип, ошондой кабыл ала турган өзүндө касиет бар экенин байкап калат. Берлинге келип жүк ташыгыч, идиш жуугуч болуп эртеден кечке иштеп тапканы тамагына да жетпей бир күнү эси ооп көчөгө жыгылып калат. Адамдар аны госпитальга апкелишсе, ал өлүп калган болот. Моргдо жаткан Вольфту практикант врач карап көрүп, жүрөгү билинер билинбес согуп жатканын байкап калат. Үч күндөн кийин эсине келген Мессингди врач психиатр Абель текшерип көрүп, өз денесин каалагандай башкара ала турган касиет бар экенин байкайт. Вольф каалаган убактан каалаган убакытка чейин жүрөгүн токтотуп коюуга жөндөмдүү болуп чыгат. Цельмейстер аттуу адам баланын жөндөмүн элге көрсөтө баштайт. Мисалы, Вольф үч күнгө жүрөгүн токтотуп, кайра тирилсе 5 марка төлөчү. Бул ал кезде чоң акча болчу. Мессинг эми өзүнүн жөндөмдүүлүгүн акырындап ар тараптуу өөрчүтө баштайт. 1930- жылдары бүт дүйнөгө атагы чыгып калган окумуштуу физик Альберт Эйнштейн Вольфтун талантына кызыгып, Зигмунд Фрейд экөө конокко чакырышат. Эйнштейн текшерип көрүү максатта ичинен Вольфко тапшырма берет. Ал ошол замат Эйнштейндин оюн аткарат. Буга таң калган Фрейд ой менен скрипканы алып, Эйнштейнге берүүсүн өтүнөт, Мессинг муну да дароо түшүнүп скрипканы Эйнштейнге сунат. Вольф Мессингдин адамдын оюн айттырбай окуй ала турган талантын эки окумуштуу жогору баалашат. Кийин Вилненский университетине психология курсуна окууга өтүп, окуп да гостролго чыгып иштеп да жүрөт. 1937- жылы эл алдына чыгып, эгерде Гитлер чыгышка бара турган болсо аны өлүм күтөөрүн, согуштан жеңилерин айтат. Муну уккан Гитлер Мессингди түрмөгө каматат. Бул жерден аны өлүмгө буйрушат. Бирок, Мессинг оңой эле чыгып кетет. Ал камерада олтуруп, түрмөнүн бардык кызматчылары анын камерасына келишин ою менен буйрук кылат. Көп убакыт өтпөй түрмө башчысы, кайтаргычтар жана башка түрмө кызматчылары келе башташат. Мессинг барын камерага камап өзү чыгып кетет. Качып чыккан Вольф суу менен сүзүп олтуруп, Советтер Союзунун территориясына туш келет. Бул жактан ал абдан кыйналат. Себеби ал орусча бир да сөз билчү эмес. Союзда анын аты эч кимге белгисиз эле. Анын үстүнө Союздун адамдары гипнотизер, телепаттарга ишенбөөчүлүк менен карап, жаман көрүшчү. Бирок, Мессинг концерт менен жүргөн бир группага кошулуп, Минск, Белорусияны бүт кыдырат. Бир жолу Гомель шаарында болуп жаткан көрсөтүүдө сахнага НКВДнын эки кишиси Мессингди кармап, түз эле Сталиндин алдына алып келишет. Сталин аны ар кандай сынактан өткөрүп көрүүнү ойлойт. Ага берилген тапшырма боюнча кароолчулардан билинбей өтүп, казынадан бир слиток алтын жана Мамлекеттик банктан 100 миң акчаны документи жок алып чыгыш керек болот. Мессинг Сталиндин бардык сынагынан өтүп, барын таң калтырат. Сталин Вольфко эркиндик берет. Бирок, Мессинг ар дайым өзүнүн тилинен таап, ар кандай куугунтуктарга кабыла берчү. Сталин менен Гитлер келишим түзүшөт. Ал келишим боюнча Гитлер СССРге 10 жыл кол салбай тынчтыкта болушу керек эле. Бул келишимди түзгөн Сталин эң акылман делинип эл оозуна алынып жаткан. Мессинг болсо бир көрсөтүүсүндө келишим жөнүндө кандай ойдо экенин сурашканда "мен советтик танктарды Берлинден көрүп жатам" деп айтат. Сталин Мессингдин эл алдына чыгуусуна катуу тыюу салып, иштетпей коет. 1941- жылы тынчтык келишимге карабай туруп Гитлер СССРге кол салганда Мессингдин айтканы туура келгенине ынанышат.
Лариса Асанбекова





  Парапсихологдун бурчу

Жети дене
Алтынчы жана
жетинчи дене
Алтынчы дене - интуиция денеси деп аталат. Же үчүнчү көз жайгашкан дене деп да коюшат. Алтынчы денеси күчтүү өнүккөн адамдардын баш жагында алтын түстүү шар формасында нимб көрүнүп турат. Ошондуктан олуя, пайгамбарлардын сүрөттөрүндө баш жагында нимб тартылган. Адамдын акыл-эси Кудайдын акыл-эси менен байланышта болуп, Жараткандын бир бөлүкчөсү болуп эсептелет. Эгерде адам алтынчы денесин бийик деңгээлге жеткирген болсо, ал адам Жогорку күчтөр менен байланышып, ар кандай маалыматты акылдын, логиканын жардамы менен эмес, Жогорку күчтөрдүн жардамы менен Кудайдан түз алат. Адам духовный бийиктикке жетип, өзүнүн энергиясынын сапатын жогорку сапатка жеткире алса, ал адамдар аалам менен түз байланышта болуп, касиетке ээ болот. Мындай адамдар телепатиялык жол менен адамдардын оюн окуп, башка көзгө көрүнбөгөн дүйнө менен байланышып турат.
Жетинчи дене Атма денеси деп аталат, башкача айтканда адамдын ички МЕНи (Высщая Я) же ички өзөгү. Жетинчи денеде адамдын духу жайгашып, ал адамды жан (душа) жана Кудай менен бириктирип турат. Бешинчи (карма) денеси, алтынчы интуиция денеси жана жетинчи духовный дене өлбөйт. Мисалы, адам өлгөндөн кийин физикалык дене, экинчи, үчүнчү, төртүнчү денелер белгилүү убакытка чейин гана жашаса жогоруда айтылган денелер өлбөйт, убагы келгенде кайрадан башка физикалык денеде жаралып андан ары жашоосун улантат. Материалдык дүйнөнүн бардык тепкичтерин басып өтүп, белгиленген программаны аткарып бүтмөйүнчө жан кайра- кайра жарала берет. Жан утур бир сыноодон өтүп олтуруп эң акырында Кудайдын энергиясы менен биригип, аралашып кеткиче көп баскычтарды басып өтөт. Ошондуктан материалдык дүйнөнүн сыноолорунан өтүп, бийик деңгээлге тезирээк жеткенге ,Кудайга жакындаганга Жараткан бизге күч кубат берегөр деп тиленели.
Лариса
Асанбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??