Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Өнөркана

Талант Анарбаев, куудул:
"Азыр мага конкурент жок"
- Интернет сайттардан сиздин атка минерлерди, президентти туураганыңызга күбө болдук. Алар тараптан түшүнбөстүк болуп калат деп коркпойсузбу?
- Бизде демократия да. Россияда деле Путин, Медведевдерден өйдө туурап жатышпайбы. Мындан он жыл башта Акаевди туурадым 2005-жылга чейин. Качып кеткенден кийин кызыгы кетип калып туурабай койдум. Чындыгында таанымал, эл көзүндөгү адамды туурайсың да. Ошондо президентибиз сатирага көз карашы түз экендигин айткан. Азыр беш-алты саясатчыны туурап, жаңы тамсил жараттым. Буйруса ага да күбө болосуңар.
- Бир учурда сахнадан кеттим деп, анан кайра келдим деп концерт коюп жүрдүңүз. Ушинтип пиар кылайын дегенсиз го?
- Жок, пиар эмес болчу. Негизи өзүмдү таразага коюп көрөйүн дедим. Бул учурда бизнес менен алектендим, ашкана ж.б нерселерди ачып дегендей. Куудулдар кичине байып алсын дедим. Кийин бир газета аркылуу СМС жөнөткүлө, 20миң СМС түшсө кетпейм деп жарыяладым. Чындыгында СМСтер тынбай түшүп отуруп көп эле келди. Ошентип бир жылдан кийин кайра кайтып келип февраль айында концерт койдум. Бир аз убакыт мурун Ош жергесинде дагы бир концерт бердим. Кудайга шүгүр, аншлаг менен өттү. Чындыгында коштоштум деп эле кетип кала албайт экенсиң. Кээде идея келгенде жазып коесуң топтолуп калат. Элге ушунун барын айтсам дейсиң. Ал эми азыр Рахман аке менен биргеликте "Ар айдын 25инде, 25 куудул кечинде" деген долбоор менен иштеп жатабыз. Себеби, беш-алтоо эле чыгып алып күлдүрө берсе болбойт экен.
- Анда жакшы эле конкуренция болуп жаткан турбайбы куудулдар арасында?
- Эми чындыгында Тынар, Рысбектер досум. Абдылда, Борончу акелерим болот. Конкуренциясыз болбойт дечи, бирок мага азырынча конкурент жок. Себеби, менин стилимде ойногондор жок. Мен ушул турушумда Атай Өмүрзаковко окшоп бийлеп, шпагатка отуруп же башка нерселерди кылып жиберем. Айтор, аракет кылып эле атам. Негизи менде атаандаштык деген нерсе ойго келбейт. Бардыгын эл таразалаш керек деп ойлойм.
- Угушубузча сиз Ошто соода кылып жүргөнүңүздө "Бешилик" тобуна кошуп чоң сахнага Рахман Разыков алып келген дешет?
- Бешилик тобу түзүлөөрдөн бир жыл мурун Рахман аке жолугуп, ушундай топ түзүп атам деп айткан болчу. А негизи чоң сахнага 1992-жылы Манас Бердибеков менен чыккам. Бала кезимен бери эле сахнада жүрөм. "Эки саяк бир таяк" деп Борончу акелер менен топ түзүп да калдык. Ошентип 1997-жылга чейин жүрдүм. Анда мен 10-класстагы баламын, жаш болчумун. Кийин кой деп соодага өтүп кеттим. Ал эми Рахман аке болсо өзү билип, байкап жүргөн балдарды чогултту. Азыр андай кылып чогултуп ачыш кыйын. "Беш абышка, беш кемпир" деп чыгып атышат, бирок менимче таң калтыра турган деле эч нерсеси жок. Калпак, элечек кийип алып эле ойной беришет, негизи куудул болуп калыптаныш керек. Азыр мына "Жоролор" тобу жакшы чыгып келе жатат. Өзүмдүн балдарым бар "Талант шоу" деген, бирок алар көмүскөдө жүрөт. Алар жаш түз жолго салуу керек.
- Сиз да бир учурда көмүскөдө жүрүп, анан элге таанымал боло калганда жылдыз оорусу менен ооругансызбы?
- Жо-ок, менде андай болгон эмес. Мурун кандай болсом азыр деле ошондоймун. Досторуман деле сурап көрсөңөр болот. Себеби, бала кезимен бери эле өнөрүмдү көрсөтүп келе жатам. Беш жашыман бери "Манас" айтып жүрөм. Кичинемден артисттер менен жүрүп чоңойдум. Мындайча айтканда сахна мага чоочун жер эмес.
- Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүнө Манас Бердибековдун өнөрү жагаарын байкайбыз. А сиз ошол куудулдар коллективинде жүрүп кимдин талантын баалайсыз?
- Манас Бердибеков карапайым турмуш тууралуу мыкты сатираларды айтаар эле. Ошондуктан аны эл баалачу. А негизи таланттуулар көп. Мисалы, Жаныбек Алыкулов же Жамбыл Камчиев саясий сонун сатираларды аткарып жүрүшөт. Алар бир сөздүн аркасында миң ойду жашырып коюшат. Ал эми сатирик катары Рахман акени баалайм. Бирок, бири жакшы, бири жаман деп айтуудан алысмын. Бардыгы өз-өзүнчө таланттуу деп эсептейм.
- Келечекке кандай пландарыңыз бар?
- Пландар абдан көп. Ишке ашыра турган сонун ойлорум бар. Бирок, аларды айтып коюу, төрөлө элек балага ат койгондой болуп калат. Кийин байке баягы пландарыңыз кайсы эле десең, мына ушул болчу деп айтып берем.
- Үй-бүлөлүк абал сахна турмушуна тоскоолдук жараткан жокпу?
- Аял кишинин түшүнүктүү болгону жакшы эмеспи. Кудайга шүгүр, жубайым колдоп турат. Жакшы сөзүн айтат, сынын айтат. Сахнага кийе турган кийимдеримден өйдө көз салып, жардамын аябайт.
- Маегиңизге чон рахмат! Талантыңыз ташкындай берсин.
Мирлан Өмүралиев




  Сандан-санга

Ричард Хевитт, илимпоз
БӨЛҮНГӨН ДИНДЕРДИ БИРИКТИРҮҮ
(Башы өткөн санда)
Эгер кыргыз баатыры Манас аталбаганда мындай байланыш эч кандай ойго түртмөк эмес. Жогоруда көрсөтүлгөндөй индиялыктар менен тоораттагы Манас жана Манасенин берген түпкү түшүнүктөрү жетиштүү деңгээлде даана аныкталган, бирок кыргыздар өз баатырынын аты эмне маани берерин ар кандай айтып талашып келет. Кээ бир кыргыздар Манас "Асман" дегенди билдирет десе, калган көпчүлүктүн чечмелөөсүндө "кең пейил" делет. "Кең пейил Манас" дегенди билдирген элдик аты "Айкөл Манас". Ушундай бир ай алдында жаркып турган көрктүү - кенен көл, пейилдин кеңдигин туюндурган, тактап айтсак "Айкөл" бул - "Айлуу көл". Буга мисал катары Манастын кең пейилдигин эпостон алсак болот. Манас өзүнө каршы аттанган алты ханды кечирген жана аларга жакшылык кылган.
Чаар китептеги (библиядагы), индиялыктардагы жана кыргыздардагы "Манас" же "Манасенин" түпкү мааниси кең пейилдикти, айкөлдүктү ошондой эле кечиримдүүлүктү билдирген бирдей түшүнүктүн тамырын кармап турганы таңгалыштуу.
"Манасенин" "МАНАС" болушу
Ыйык жазууларда бул - "Манаше", башкы еврейче "Менае" жана "самаритяндык еврейче "Манач" болуп окулат. Кыргызда адам аттары дээрлик үндүүлөр же жумшак тыбыштар менен бүтпөйт. Ошондуктан "Менаше" самаритяндыктардын "Манач" дегенине окшош болушу мүмкүн. Же "Менаша" дегендин үчүнчү мууну каткалаң үнсүз менен бүтүшү мүмкүн, мисалы; "Менашат".
Кыргыз тилинин үндөштүк мыйзамы (сингармонизм) боюнча басым экинчи муунга коюлат. Ошондуктан "Менаш" негиздүү түрдө "Манаш" болуп калышы түшүнүктүү.
Этимологиялык көзкараш менен алганда "Ш" жана "С" тыбыштары бирине-бири бат-бат алмашылып колдонула берет. Бул эреже чаар китептеги (библиядагы) урууларда да сакталган.
Анда гилаттыктар ага: "Шибболет" деп айт" - дешчү. "Шибболет" деп айта албай, "Сибболет" деп айткан адамды гилаттыктар Иордан өткөөлүндө өлтүрүп салышчу...
"Ш" тыбышын айта албаган айрым урууларда "Манаш", "Манас" болуп айтылмак. "Менашенин" "Манас" болуп өзгөрүлүүсү этимологиянын жөнөкөй эрежелерине ылайык.
Керек болсо 3000 жыл өтсө да, бул сөзгө алынып жаткан негизги фигуранын ысымы, лингвистиканын табигый мыйзамдарына дал келбеген өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес. Балким бул Жакыптын уулу Манас да чаар китептеги жоголгон элдердин байыркы бабасы болгон, өз тукумунун башчысы Жакыб уулу Манасенен чыкканынын кошумча күбөсү болуп жүрбөсүн…
Мындан сырткары, чаар китепте "Манасе Жакыбдын уулу" делип баса белгиленип айтылбайт. Мындай аталыш качан гана Жакып небереси Манасени өз уулдарынын катарына кошкондон кийин пайда болгон. Төмөнкү бөлүкчөдө Жакып өз уулу Жусупка мындай деди:
"...сенин Мисир жеринде туулган эки уулуң - Эпрайым менен Менаше эми менин уулдарым болот, Рубейин менен Шымон сыяктуу эле булар меники болот. Сенден төрөлө турган, булардан кийинки балдар сеники болот."
Көптөгөн кыргыздардай болуп Жакыб небересин өз баласындай асырап алды. Ошондуктан Манасе эми "Жусуптун уулу Манасе" болбойт. Эми ал "Жакыптын уулу Манас" деген ысымга, "Жакыбдын уулу Манасе болуп даана этимологиялык жактан биригип калды. Бул чаар китептеги каарманды Орто Азиянын эпосунда табылуусунан улам, керек болсо ыйык китепке баш-оту менен каршы чыккандар да, көчмөн кыргыздар менен тоораттагы байыркы көчмөндөрдүн ортосунда кандайдыр бир байланыштар болгонун моюнга алышат. Кыргыздар "Тегин жерден өрт чыкпайт" дешет. Сөзсүз мындай окшоштуктардын себептери болуш керек.
Христиандар менен жөөт-иудалар улуу жибек жолу менен ар кайсыл мезгилдерде пайда болуп турушкан.

(Уландысы кийинки санда)

Тактоо
2009-жылдын 29-июлунда гезитибизге "Халык Банк Кыргызстан" тууралуу кайрылуу чыккан. Андагы "…банк болсо жапайы жолдор менен "муунтуп", мажбурлоо жана үйдөн чыгарып салуу ыкмаларын колдонуп жатат. Биздин укугубузду тебелеп, убагында бизге айтпай, жашыруун түрдө бир жактуу аракети менен 15 жыл өтө электе нотариус, госрегистрдеги тааныштары аркылуу банк өзүнүн менчигине жазып алган, өзүнүн сатып алуучулары аркылуу үйлөрдү сатып жатышат. Биздин оюбузча алдоо жолдору менен укук бузуулар уланууда…" деген сөздөр банк ишмердигине дал келбейт. Сот тарабынан төгүнгө чыгарылды.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??