Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эгемен өлкөдөгү ээн баштар

Дордойдогу атышуу
Дордой базарындагы Нарын терминалында болгон чуулгандуу окуя коомчулуктун көңүлүн бурууда. Маалыматтарга караганда "Меркурий" коргоо кызматынын жана милиция кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болуп өткөн. Жарадарлар бар. Окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн 4-травматологиялык ооруканасында жаратынан дарыланып жаткан коргоо кызматкерлерин кепке тарттык.
Чыңгыз Усубалиев, "Меркурий" коргоо кызматынын координатору:
- Чыңгыз мырза, окуя кандайча болуп өттү?
- 6-март күнү адаттагыдай эле жумушка келдим. Кароолдогу балдарды алмаштырдым. Ошол күнү административдик көрсөтмө болгон, бажыдагылар алмашыптыр жаңылары келет деген. А мурунку бажычыларды таанычубуз. Саат 9:30дарга барып калганда машинанын гудогу угулду Мырзабек Нарынбаев деген чогуу иштеген жигит биз кайтарчу жердин дарбазасын ачты. Ага өздөрүн бажы кызматкерлерибиз деп тааныштырышкан соң киргизген эле. Эмнегедир алар өздөрүн башкача алып жүрүшкөндөрү мени күмөн саната баштады. Машиналары менен терминалдын ичин айланып жүрүшкөнүнөн колумду жаңсап чакырып, эмне үчүн бул территорияда жүрөсүңөр десем, бизге ушул жерде турган машиналардын номери керек дешти. Дароо эле бажы кызматкерлери эмес экендиктерин түшүндүм да, территориядан тышка чыгууларын сурандым. Мырзабек Нарынбаев бөлөк бажы кызматкерин киргизип жатканын көрүп туруп, алар мени укпастан машинасы менен дарбазаны тороп, жолду бөгөп салышты. Эмне кылганыңар десем бирөө түшүп, сен эмне бизди билбейсиңби деп ар кайсыны айта баштады. Бет маңдай туруп калгандыктан анын арак жыттанып жатканын байкадым. Мас экенсиң десем мен кантип жүрүштү өзүм билем деп жаш балдар айтчу сөздөр менен уруша баштады. Бир убакта арткы отургучтан дагы экөө чыгып, мени терминалдан сыртка сүйрөгөнгө аракет кылышты. Кое бергиле дегениме да көнүшпөдү. Үчүнчү кызматчы Мирхат Сапарбаев деген жигит келип кое бергиле, эмне болду деп бизди ажырата баштаганда мылтыктын атылганын уктум. Карасам Мирхат сол бутуна ок тийип жерде жатыптыр. Эмне кылганыңар десем жанагы арак сасып жатканы затворду тартып мени көздөй эки жолу атып жиберди. Оң жакка секирүүгө жетишип калдым, болбосо ок бутума эмес ашказан жакка тиймек. Адегенде ооруганын сезген жокмун, дароо электрошокерге жетип, шокер менен тигилерди жалтанттым ошондо бутум иштебей калды. Бирөө бетке тээп жиберди анын бутун кармап кошо жыгылдым. Машинага түшүп качарда арткы номерин жулуп калууга жетиштим. Цейфке кандай жеттим билбейм, номерди анын ичине салып бекитип Дордойдогу милицияларга чалып окуяны түшүндүрдүм. Кийин Дордойдун милицияларынан билдим бизге келген үчөө милиция кызматкери экенин. Алар бизге өздөрү тууралуу бир да документ көрсөтүшкөн эмес.
- Демек өзүңүздү күнөөлүүмүн деп эсептебейт экенсиз да?
- Биздики жеке территорияны ижарага алган мамлекеттик режимдүү обьект. Жеке территорияны биздин коргоо кызматы ижарага алат. Мындай алып караганда мен өз үйүмдү коргогондой эле болуп жатпаймынбы. Мыйзам боюнча санкция же постанавлениесиз кирип келүүгө укуктары жок эле. Февраль айында арест коюлган машинелер бар болчу терминалда, кимде ким бул машинелерди сураса Башкы Текшерүү жетекчилиги бизге чалгыла дешкен болчу. Жадагалса документтерин көргөзбөй коюшту. А мен формам, аты- жөнүм жазылган бейджигим менен турдум. Анан кантип мен күнөөлүү болом. Мурда беш жыл милиция кызматкери болуп иштегем, милиционер өзүн кандай алып жүрүш керектигин билем. Алар чындыгында жаш балдардай эле көрүнүштү, милиция деп ойлобойсуң аларды.
- Сиздер тарап биринчи күч колдонуптур деген кептер угулууда?
- Мен алар биринчи атып жибергенден кийин шокер колдондум. Сөзсүз бирөө-бирөөнү чаап жиберсе тигиниси жооп кылат да. А бул жерде мен ок менен жараланып жатам. Прокуратура бул окуя боюнча кылмыш козгоптур. Кечээ сурак бердик. Буюрса обьективдүү карашат деген үмүттөмүн.
Мирхат Сапарбаев, "Меркурий" коргоо кызматынын кызматкери:
- Мирхат, сизге ок кандайча тийип калды?
- Мен үчүн күтүүсүздүк болуп кетти. Атып жибере тургандай деле эч нерсе кылган эмеспиз. Чыңгыз экөөбүзгө тең ок каптал жактан тийген. Эгер биз аларга каршылык көрсөтсөк ок маңдай жактан тиймек. Мен тура албай ордумда жатып калганда эч көңүл да бурушкан жок, өздөрүн кинодо жүргөндөй элестетишти окшойт. Тапанчаларын алып алышып ары-бери басып короздонуп жатышты. Кечигип келген Бектур деген коллегам бизди эс алчу жерге жеткизди. Ошол жакка жеткенде тиги үчөөнөн бөлөк дагы төрт-беш мен тааныбаган кишилер келип ур-тепкиге алышты. Жарадар болгондуктан каршылык көрсөтө алган жокмун. Табуретка менен эки жолу башка чаап жиберишти. Азыр денемдин баары көкала.
- Эч ким тез жардам чакыртпадыбы?
- Жок, мени сабап жаткандар тез жардам чакыртпагыла, муну өзүбүз алып кетебиз деп машинага сүйрөштү. Ок сөөккө тийиптир, кан кетип жатты. Аңгыча тез жардам келип калды, көрсө жакын жерде иштеген эже чакыртыптыр. Бизге алдын ала документтерин көрсөтүшкөндөрдү жөн эле киргизип, таппай атса көрсөтүп берчүбүз. А булар ким экендигин айтпай эле ушинтип жиберишти. Канча күндөн бери жатабыз кечээ эле сурак башталды. Минтип жарадар болуп келген учурда участкалык милиционерлер кантип, кандайча түшүп калганыбызды, окуянын чоо-жайын сураш керек эле, андай да болгон жок. Жогорку Кеңештен көңүл бөлүнүп сот акыйкаттуу чечилсе дейм. Прокуратура адилеттүүлүк менен териштирет деп турам.
p.s. Биз экинчи тараптын да оюн укканга аракет кылдык. Тилекке каршы, алардын аты-жөнүн, ким экенин да тактай албадык. ИИМдин пресс кызматына кайрылсак Нарын терминалына барган милиция кызматкерлерине кол салуу болгондуктан ок чыгарышкан деген маалымат алдык. Ага катар эле учурда Свердлов райондук прокуратурасы бул окуя бонча иш козгогондугу жана ИИМдин ички коопсуздук кызматы тарабынан да иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлашты.
Мирлан Өмүралиев





  Кайрымдуу бол кагылайын

Сен бизге керексиң!

Ушундай аталышта кайрымдуулук акциясы уланууда. Акциянын максаты борбор калаабыздагы жайгашкан майып балдардын социалдык калыбына келтирүү борборунун турмушун жөнгө салуу маселелерине коомдун жана мамлекеттин назарын буруу, аларга кайрымдуулук иретинде жардам көрсөтүү.
Бул борбор мындан 10 жыл мурун бала бакчага жана мектепке барууга мүмкүнчүлүгү жок балдар үчүн "Мээрим" кайрымдуулук фондунун астында майып балдардын ата-энелеринин демилгеси менен түзүлгөн. Борбордо балдардын социалдык жактан калыбына келтирүүгө жана бала бакча шартында баштапкы сабат алууга шарттар бар. Алар үчүн өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жекече программалар иштелип чыккан. Бул жерде алар окуганды, жазганды, ырдаганды, сүрөт тартканды үйрөнүшөт. Сабактарды тажрыйбалуу адистер: педагог, логопед, психолог жана медицина кызматкерлери балдардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өткөрүшөт. Борбордо тагдырдын жазмышынан ар кандай илдеттерге чалдыгып басуу, сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн жана психикалык жактан жабыр тарткан 3 жаштан 20 жашка чейинки балдар тарбияланууда. Бул борбор майып балдардын ата-энелери үчүн да психологиялык жактан жакшы пайдасын тийгизүүдө дешет алар. Ал тургай өз кызынын майып же небересинин ден соолугу үчүн ушул жердин босогосун аттап, иштеп калган эжекелерибиз да бар экен. Акциянын жүрүшүндө алар бул борборго рахматын айтышып, кубанычтан көздөрүнөн жаш кылгырып турду. Анткени, сүйлөй албаган балдарды сүйлөтүп жатышса кимдер гана ыраазы болбойт. Бирок, өкүнүчтүүсү ошол борбор азыр материалдык, финансылык жардамга муктаж. Борбордун директорунун орун басары Назира Көпөсова төмөндөгү маселелер жөнүндө айтып өттү.
- Биздин борбор көптөгөн жакшы иштерди жасап жатат. Мен 2006-жылдан бери ушул жерде эмгектенип келем. Азыр бизде Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 28 бала дарыланып окуп, билим алып жатышат. Негизинен балдарды өзгөчө көңүл буруу менен карайбыз. Он жылдын ичинде борбордон 388-400гө жакын бала жардамчы борборлорго жана атайын мектептерге жөнөтүлдү. Мен муну менен борбордун ишинин жыйынтыгынын мыктылыгын айткым келет. Ошентсе да сүйлөй албаган, өз алдынча баса албаган балдар менен иштешүүгө көп кызматкерлер чыдабайт. Анын үстүнө айлык акынын төмөндүгүнөн көп кадр алмашуулар болуп турат. Бул жерде балдарды сүйүп, ага камкордук менен мамиле кылгандар гана эмгектенип келишет. Алар мыкты мугалимдер Чынара Жумабекова, Үмүт Ноорузбаева, логопед Галина Василевна, тарбиячылар Айнура Калыгулова, Ализат Ташматовалар. Акцияны уюштурган "Мээрим" кайрымдуулук борборуна ыраазычылык билдирем. Жана акцияда өз көмөктөрүн аябаган бардык инсандарга (коомдук жана атайын уюмдарга) рахмат айтуу менен бирге оор тагдырга туш болгон балдардын ата-энелерин кызматташууга чакырам. Биздин эшик ар дайым ачык. Биз келечек муундар үчүн болгон күч аракетибизди, жардамыбызды аябайбыз.
P.S. Кайрымдуулук иретиндеги жардам 2011-жылдын 10-мартынан тартып 30-майга чейин уланат. Эгер ушул балдардын тагдырына кайдыгер карабаган инсандар болсо төмөндөгү реквизит аркылуу соопчулук иштерин жасап, жардам берсеңиздер.
ИИН:01105199510062
МФО ОАО" Юни Кредит Банк"
БИК 109001
Эсептик счет: 1090120103740148
Сурап билүү телефондору: Борбор 0312 25-16-53, 0556 03-07-09
Фонд:0312 62-13-56, 0312 66-17-27, 0555 72-89-55
Дареги: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 184А, Майып балдарды социалдык калыбына келтирүү борбору.
Назгүл ЭСЕНГУЛОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??