Жөнөкөй айым

Гүлнара Жамгырчиева, ЖК депутаты:
"Бийликтегилер кордошту, токмок жедим"
- Депутаттык "креслого" кандайча келдиңиз?
- 2007-жылдан бери СДПК партиясынын мүчөсүмүн. 2007-жылдан тарта парламенттик, президенттик шайлоолорго катышып келе жатам. 2009-жылы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү болгом жана №3-шайлоо участкасын жетектегем. Балыкчыда 23-июль 2009-жылы президентик шайлоо таза өткөн жок деп чыккан 19 адамдын ичинде элем. Бийликтегилер бир адамга жагынып, тапшырма менен камашып, запкы көрсөтүштү. Ошондон кийин революционер активист деген наамга ээ болдум.
- Элге билинбей эле жүрөсүз го. Башкалар болгондо көкүрөк кагып чыкмак?
- Табиятымдан элге чыгып, таанылып көрүнгөндү жактырбайм. Иш менен далилдеп көргөзгөндү баалайм. Азыр Ысык-Көл облусу боюнча фракциядан жалгыз депутатмын. Облусттан келген кайрылуу каттар 2 том болду. Билим, маданият, укук коргоо бардык жааттагы суроолор мага келип түшөт. Туура эмес соттолгон, кордук көргөндөр өтө көп.
- Келген каттарды том кылып тиркеп эле тим болосузбу, же кандай жардам кылып жатасыздар?
- Барып көрсөңүздөр болот. Келген каттарды жоопсуз калтырбай, прокуратурадан кайра ишти сурап атам. Далилдеп жоопторун алганга аракет кылып, инстанцияларга, облусттарга жазып атам.
- Депутаттар тизмеге кирүү үчүн белгилүү каражат берери маалым болду эле. Сиз канча бергенсиз?
- Өзүмдүн кылган эмгегимди Алмаз Шаршенович баалап, депутат болдум. Бир тыйын берген жокмун, бергенге акчам да жок болчу, аны таба турган бизнесим да жок, чынын айтканда камогум да жок.
- Кесибиңиз боюнча кимсиз?
- Кесибим боюнча инженер-гидротехникмин. Убагында политехникалык техникумду анан институтту бүткөм, аны менен катар майда-чүйдө төрт кесиптин кожойкесимин дегендей. Эне-атам айткандай өмүр бою окуп келе жатам.
- Өмүрүңүздүн көбү окууда өтсө, үй-бүлөгө убактыңыз жеттиби?
- Кудайга шүгүр жолдошум, үч балам бар. 83жашка чыккан кайненем колумда. Улуу кызым Аяна, күйөө балам Нурлан аскер кызматында эмгектенишет. Уулум Айдар 2,5 жылдан бери Бишкекте органда иштейт. Кичүү кызым Диляна да Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө иштеп атат.
- Депутат болуу кандай экен?
- Депутат болуу оор эле экен. Мен үчүн өтө эле кыйын болуп атат. Жогоруда айткан каттардын ар бирин жүрөгүңдөн өткөргөн жаман экен. Депутат болордун астында ар кандай жаракаттар менен бейтапканага көп жатып калдым.
- Жаракаттарды эмнеден алдыңыз эле?
- Идеямдан кайтпай чыркырыган чындыкты талап кылып туруп алгандыгым үчүн. Ошондогу бийликтегилер кордошту, ур-токмок жедим. Убагында сатылбай койдум. Акча сунуштаганда да албай, алданбай да койдум.
- Кордогондорду эмнеге ачык айтпай жатасыз?
- Ачык айтсам ал маалымат прессанын бардыгына кетет. Анан ар бири чалат. Сабагандардын баары дале иштеп атышат, чоңоюшуп наам алышты. Кудайга койдум деп эле отурам.
- Кандай пландарыңыз бар?
- Элдин атынан келген соң элдин көйгөйүн чечкенге жардам кылсам дейм. Өзүмө окшогон карапайым калктын көкөйлүү маселелери көп жана чече албасын жакшы билесиңер, аз да болсо колумдан келген жардамымды ошолорго берсем деп ойлоймун. Дем алган күндөрү маршруткада баратып карыган адамдарды көрүп, алардын сөздөрүн угуп тамак-ашка, дары-дармекке жетпей кыйналгандарын укканда жүрөгүм ооруйт.
- Депутаттар маршруткада жүрмөк турсун, жөн жүргөндө жансакчы жалдап жатышат го. Сиз коркпойсузбу?
- Мен эмне кылганыма корком. Бирөөгө карасанатайлык кылып бир нерсесин тартып албасам. Жалгыз жаныңды депутат болдуң деп атып кетсе мейли. Карапайым эле кишимин, керек болсо башкы инженер да болгон эмесмин. Катардагы эле инженер болчумун. Адамдын баары бирдей, бирөөнү пол жууйсун деп басынтып, экинчисин башкармасың деп көкөлөткөн болбойт. Кудай барыбызды бирдей жараткан, ар кимге ар башка тагдырды жазган.
- Коалициянын ыркы кетип келише албай жатат. Тарайт экен дейт го…
- Ар бир партиянын көз карашы бар да. Тарайт деген бул ушак. Ушунун бардыгы эмгек, аракет менен келгендер, ошонун барын таратып ийбейт да. Бардыгын жокко чыгара албайсың да.

Мээрим Айталиева





  Тектүүкыз

Роза Акназарова, ЖК депутаты:
"Кыргыз ач калса да той кылам дейт"
- Бюджетти бекитүүдө шашылыш бүтүм чыгарылгансыды. Кандай кыйынчылыктар болду?
- Бюджетти түзүп атканда мамлекеттик стратегия болуп, стратегияга карата министрликтер өзүнүн программасын иштеп, ошол программага бюджет бөлүнүш керек. Азыр убакыт тар болуп атат, кийин ушул багытта иш алып барылат. Негизги бюджет салыктан түзүлүп аткандыктан бюджетти эл, каалоочулар окуса түшүнө тургандай жарандык бюджет болушу керек. Салык төлөгөндөр берген суммалары кайда кетип аткандыгынан кабардар болот.
- Министрлер иштесин деп атасыздар, бирок күн сайын комитетте жыйын болсо, сессия болгон сайын министрлерди чакырып аласыздар. Анан алар кайсы убакытты таап иштешет?
- Министрлерди чакырып аткандагы себеп, бюджет кабыл алынып атканда, ар бир министрдин оюн, сунушун, көйгөйүн угалы деп атабыз. Кийин парламент күнү деп айына бир жолу министрлерди сурап турса болот. Парламенттин негизги максаты мыйзам жазып, анын аткарылып аткандыгын көзөмөлдөп турат.
- Ысык-Көлгө депутаттар аттанып кетишти эле, эмне максатта бардыңыздар?
- Жогорку Кеңештин имиджин карадык. Бренд катары депутаттардын кийиминде, иш кагаздарында, колдонулган буюмдарында, визиткаларында болобу парламенттин символикасы болушу керек. Бүткүл дүйнөгө Жогорку Кеңешти таанытуу максатында иш чараларды баштоо демилгеси каралды. Андан башка дагы депутаттардын этикасы ж.б. көптөгөн багыттагы семинарлар өтүлдү.
- Гендердик саясаттын Кыргызстандагы орду кандай, кандай баа бересиз?
- Дайырбек, айткың келип атат окшойт, аялдар үй оокаты, балдары менен эле отурса деп. Өкмөттө, парламентте аялдардын саны арбын болгон мамлекеттерде социалдык маселелер чечилип, экономикалык көрсөткүчтөр өсүп, коррупция дагы аз экен. Мисалы, биздеги МАИ кызматкерлериндеги айымдарды көрүп атасыңар, эреже бузуп акча бере коюп кутулуп кеткен айдоочулар айымдарга келгенде ал мүмкүнчүлүктү колдоно алышпайт. Акча сунуштамак түгүл алардын сүрүнөн жалтаңдап калышат экен. Анан гендердик саясат деп эле эркектер менен атаандашып алган дагы туура эмес. Ар кимдин, ар кайсы багытта милдети бар. Кыргыз элинде гендердик саясат мурда эле болуп, аялдын орду бийик, сый-урмат менен каралган. Буга далил Курманжан Датка энебизди, Жаңыл Мырзаны айта алабыз. Азыр эле гендердик саясат чыга калгандай чуу салып, батыштын бул саясатын өтөле жар сала бериштин кажети жок. Ансыз дагы кыргыз эли аялды экинчи катарга койбой, керек болсо жаңы келген келиндин кеңешин угуп келишкен.
- Сиздердин үйдө ким башкарат?
- Үйдө аял затына тиешелүү милдеттерди мен аткарам. Бала кезде тентектик кылсак энем "атаңа айтам" деп айтып койгону биз үчүн абдан чоң мыйзам болуп, ошол жетиштүү болоор эле. Демек бул үй-бүлөдөгү эркектин орду жогору экенин айгинелеп турат.
- Шайлоо алдында аялдардын саны 30 пайыз болуш керек дешкен, азыр Жогорку Кеңеште 30 пайыз депутат аялдар жок го?
- Негизи бир жыныстагы адамдардын саны 70 пайыздан көп болбош керек эле, бизде 70тен ашык. Шайлоого талапкерлердин пайызы боюнча 30 пайыздык каралган, бирок өткөндөн кийинки тагдыры жазылган эмес.
- Тектүү жердин кызын ал деп калышат, теги таза дегенди кандай түшүнөсүз?
- Кыздын ата тегин, тууган уругун, апасын карап, алардын кылык-жоругу, ошол топтун өзүнө тиешелүү сапаттарын эске алып тандашат. Эң негизгиси кан агымына басым кылыш керек. Бизде "энесин көрүп кызын ал" деген жакшы сөз бар эмеспи, кеменгер кыргыз ошонун барын билип айткан. Бул түшүнүктүн артында чоң маанилүү, терең философия жатат.
- Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы?
- Негизи ала качуу менен кыз уурдоонун айырмасын билиш керек. Мурда кызды ала качуу деген салт болуп, кыз-жигит макулдашып алып, көмүскө сүйлөшүп кызды алып кетүү болгон. Анан макулдугу жок, мажбурлап алып кетүү бул кылмыш.
- Элибиз жакыр деп какшай беребиз. Той-топурга келгенде эле чачылып, төгүлүп калмайыбыз бар. Үйлөнүү үлпөт тою үчүн канчалаган чоң каражаттарды жумшап, эртеси шалдырап отуруп калабыз. Мунун баары куру намыс, ушуну чектей турган бир жол таап, мыйзамдаштырсак кандай болот?
- Кыргызстанда 70 пайыз каражатты тууган-туушкандардын тойлоруна, оюн-зоок, салт-санааларга коромжу кылат экен. Той барган сайын анын убаракерчилиги, кошумча шаан-шөкөтү өрчүп баратат. Адат болуп калгандай кайталанма көрүнүштөр. Баягыле чапан-чупан, көйнөк-жоолугун берип, капчыгына кампайтып келген каражатын сунуп, тойго келгени дагы, той кылганы дагы чыгымга дуушар болушат. Жанагы көтөрө келген кийимдер кийилеби, кийилбейби мааниге ээ эмес. Ал дагы бир колго түшүп, кайра дагы бир тойго барып, ошол чүпүрөктөр айланып жүрө берет. Кээ күнү ошол өзүңө келип калат. Тамак-аштын ысырап болгонун айт. Үстөккө-босток болгон тамактын барын кое беребиз, ал ичилбей ашып, канчалаган тамак-аш төгүлүп кетет. Ошонун баары каражат, багытсыз кеткен ашыкча чыгымдар. Эгер андай кылбай койсо, тегерегиндегилер сөз кылат. Куру намыс. Ошол кеткен каражаттарды үйлөнүп аткан эки жаштын капчыгына салып, чакан бизнес ачып берип койсо, үй-бүлөлүк кирешенин башаты, фундаменти болуп калат эле. Муну күч менен мыйзамдаштырбай, элге туура түшүндүрүп, адамдардын аң сезимине жаңылануу алып келүү керек. Куру намыс деп кыргыз ачка калып, карызга батса дагы той берем дегенге жетип калдык.
- Жакында айымдардын майрамы келатат, кандай белек алганды жакшы көрөсүз?
- (Күлүп) Белекти биз эмес, силер ойлонушуңар керек. Мырзалар айымдарына белек берерден мурда муну эске алыш керек. Берген белеги каерден орун алат, кандай сакталат же ыргытылып кетеби? Мен горшоктогу гүлгө маани берип, бирөөгө дагы ошол белекти бергим келет. Ал гүл канча жылдап көрк берип үйүңдө сакталып, бөлмөнү тазалап турат.
Дайырбек Орунбеков