Атакайың

Пугачеванын инилери мурас талашып…
Жакында эле Россия эстрадасынын примадоннасы аза күтүп, агасын жерге бергени маалым болгон. Пугачеванын агасы Евгений Борисович өзүнүн эки уулунун азабынан көз жумгандай. Жылдыз эжесин инилери Влад менен Артем өлүк коюлуп жаткан күнү катуу капа кылышты. Багып алган улуу уулу Евгений оозунан ичимдик буруксуп келсе, экинчиси көзү көгала болуп келген. Ага -ини ичип алган соң атасынан калган мурасын талашып мушташа кетишкен деген сөздөр шамалдай тарады. Ачууланган Алла инилерин атасын эскерүүгө келүүлөрүнө тыюу салды.
ВИА Града жаңылануу
Айымдардан куралган "ВИА Гра" тобунда кайрадан жаңылануу күтүлүүдө. Бул ирет топту Альбина Джанабаева таштаган жатат. Учурда сулуу бийкеч өз алдынча карьерасын түзүп, киного тартылууну пландап жатат. Альбинанын ордун Меседа Багаудинова басат. Меседа топтун Крокус Сити Холлдо өтө турган юбилейинде ырдап чыгат. Концерттин алдында топтун кыздары жаңы ыр жаздырып, клип тарттырышат. Белгилей кетсек Альбина топтон кетет деген кабар биринчи жолу чыгып жаткан жери жок. Буга чейин да мындай күбүр-шыбыр чыгып, бирок Джанабаева эч жакка кетпей тургандыгын билдирген эле. Эми кандай болот убакыт көрсөтөт.
Лолита сахнадан кетет
Орус эстрадасындагы эпатаждуу ырчы айым Лолита шоу бизнес чөйрөсүнөн кетүүнү чечти. Мындай чечимди кабыл алышынын себебин ырчы өзүнүн жашына байланыштырды. Популярдуу ырчы 50нүн кырына келип калгандыгы жашыруун эмес. Кийинки кездери гастролдордон улам ден соолугу начарлап кеткенин айтууда. "Узак убакыт сахнада жүрө албайм. Андыктан кетишим керек. Бул ой менин башымда көптөн бери жүрөт" дейт Лолита. Ал эми Лолитанын жеке турмушу ойдогудай. Өзүнөн 12 жаш кичүү жолдошу Дмитрий менен чыныгы бакытты тапты десек болот. Керек болсо сүйүктүүсүнө бала төрөп берүүнү каалап гинекологго да барган. Дмитрий да Лолитанын балдарына ата болууну самап жүргөнүн жашырбайт.




  Дүйнөсөз

Ливия. 40 миңге чукул адам Ливиядан эвакуацияны күтүп Тунистин чек арасында турушат. Баш паанек издегендердин басымдуу бөлүгү египеттиктер. БУУнун качкындар боюнча иш алып барган комиссары эл аралык уюмдарга кайрылып, финансы жана транспорт жагынан көмөк көргөзүүсүн сурап жатышат. БУУнун маалыматына караганда Ливияда массалык толкундоолор башталгандан тарта 60 миң адам Джамахирияны таштап Египетке, 40 миңи Туниске өтүп кетишкен. Ага карабастан Ливияда бир жарым миллиондон ашуун Африка, Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттар бар.

Куба. Фидель Кастро биринчи секретарлыктан кетүүнү чечти. Кубалык коммунисттердин лидери болуп Кастронун иниси Рауль Кастро келери айтылууда. Эми экинчи орунга ким келери табышмак. Анткени ага-ини Кастролордун аталган орунга келчү жакындары жок. Эскерте кетсек Фидель Кастро 2006-жылы оорусуна байланыштуу мамлекет башчылык ордун инисине калтырып кеткен. Публикага чыкпай калганда аны өлдү деп да чыгышкан. Акыркы кезде Фидель маданий иш чараларга катышып, интервью берип калды. Анын өлкө ичинде кадыр-баркы азыркы күнгө чейин жогору.




  Шумдугуңкур

Музыкалуу жыныс кап
Украиналык ойлоп табуучу Григорий Чаусовский музыкалуу жыныс капты ойлоп таап дүйнө элин таңдантты. Мунуң кадимки жыныс каптан айырмасы жок, болгону сенсордук апоикатор коюлган. Андагы музыка өнөктөштөр күч алып, күүлөнгөн сайын катуулап чыгып турат. Ошондой эле ыкмага жараша музыка алмашып турат. Чаусовский ушуну менен гана токтоп калбастан, эми видео жыныс кап чыгарууну пландап жатат.

Көлөмдүү жөргөмүш
Жөргөмүштүн көлөмү 4 сантиметрден 6 сантиметрге чейин болоору бышык. Бирок, биз сөз кыла турган жөргөмүш 25 сантиметр. Сүрөттө көрүп тургандай, жөргөмүш майда жандык эмес орто жыланга кол салуудан кайра тартпайт. Дүйнөдөгү эң зор жөргөмүш 1965-жылы Венесуеллада табылган. Андагы жөргөмүштүн көлөмү 28 сантиметр болуп, "Гиннестин" китебине кирген.

Кымбат коньяк
"Гиннестин" китебинен орун алган дүйнөдөгү эң кымбат суусундук "Henri IV Dudognon". Суусундуктун курамында 41% алкоголь бар. Кадимки шараптардан эмнеси менен айырмаланат деп таңдансаңыз, анда анын баалуулугу бөтөлкөсүндө. Коньяктын кутусу 24 карат алтын, 6500 бриллиант менен кооздолгон. Дубайда 2 миллион долларга сатылган.





  Күттүм сени

Адам баласынын өмүрүнүн жарымы уйкуда өтсө, мырзалар үчүн дагы жарымы күтүүдө өтөт. Кай жакка барба кыз киши болбоду дегенде 15 мүнөт кармалат. Жигиттерди күттүргөнгө маш кыздар үчүн дагы бир жаңылык десек болот. Себеби, сиз күттүрүү менен бирге жигитиңиздин кулк-мүнөзүн билип алсаңыз болот.

1. Чыдамы кетип ары-бери баскандар. Бул түргө кирген мырзалардын жини мурдунун учунда болот. Кандай нерсе болбосун ойлонбой жасап алып, өкүнүп жүрө беришет. Бир гана күтүүгө чыдамы жок эмес, бардык жактан чыдамсыз, эмоционалдуу болушат. Бул мырзалардан мыкты ойнош чыгат. Бирок, мээримдүү ата, камкор күйөө боло алат. Антсе да жылтырак көрсө кыя өтпөгөн жагы бар.
2. Өзүн алаксытып, бир нерселерди окуп отургандар. Жигитиңиз жогорудагыдай мүнөзгө ээ болсо сиздин бактыңыз. Анткени, алардын мүнөзү токтоо, ар бир нерсеге аяр мамиле жасап, жаман нерседен да жакшы нерсени жасай билишет. Башына мүшкүл түшсө да, ичтен таразалап, өз ордуна коет. Жактырган селкисин мойнуна көтөрүп алат. Эгерде мындай эркек колуңузду сураса ойлонбостон макулдугуңузду бериңиз, себеби, булар үй-бүлөгө абдан туруктуу болушат.
3. Кыялданып отура бергендер. Мурдатан буга "чын жүрөктөн баары бир" деп жүргөн болсоңуз, биз сизди дагы бир ирет ишендиребиз. Чындыгында кыялкеч эркектер "баары бир" деген принципте жашашат. Эгерде жазып тайып сиздин башыңызга иш түшсө эч нерсе билбегендей болуп гана кутулат. Өздөрүндө эч кандай инициатива жок, бардыгын аял затына жүктөп коюшат. Жада калса төшөктө да сизден активдүүлүктү талап кылат.
4. Убакытын текке коротпой башкалар менен сүйлөшкөндөр. Сиз даяр болуп чыкканча башка адамдар менен тил табыша калган жигиттер өзүнө ишенбеген, коркок келишет. Бир үйдүн ажосу болуп, бардык жүктү мойнуна алган учурда эмоцияга алдырып, элеңдеп калышат. Булардын жакшы жагы эч качан жашоого нааразы болбойт. Аял затын пир тутуп, кареги менен тең айланып, айткан сөзүнөн чыгышпайт.
5. Ары-бери өткөндөргө көз кырын салып тургандар . Бул мырзалар кандай кырдаал болбосун колго ала билишет. Мындай мырзалар менен кол кармашам десеңиз анда үй-бүлөдө патриархат болот деп биле бериңиз. Өмүр бою финансы жак болобу, башка жак болобу, бүт жүктү өздөрү аркалашат. Жана жубайына туруктуу болуп, колунан келишинче бактылуу кылганга аракет жасашат
6. Колундагы нерсесин кармалагандар. Эмоционалдуу, сезимтал, сүйүүдө чапчаң жигиттин гүлдөрү. Тилекке каршы ичиндеги сезимин ачык айтпайт. Кемчилиги ашыкча кызганчаактыгында. Бирөөнүн көзүн тик карай албаган селкини алса дагы бир кычык табышат. Өздөрүнчө бушайман боло бермей жактары бар. Кетпей кегимди, өлбөй өчүмдү алам деген селкилер гана өздөрүнө баш ийдирип, бул эркекти бактылуу кыла алышат.
7. Мүнөт сайын саат карагандар. Табиятынан чырга жакын адамдар. Туура эмес болсо да өзүнүкүн бербеген эгоист болушат. Мындай мырзалар жашоодо карьера кура алышпайт. Ар бир жасаган ишине башка бирөөнү күнөөлөгөнгө маш болушат. Болочок жубайына ачык, өзүнө ишенген селкилерди тандашат.

Махабат сексенбаева