кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/11/0303_1.htm on line 77

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/11/0303_1.htm on line 77

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/11/0303_1.htm on line 77
п»ї

Кымбаттуу айымдар!!!
Сиздерди жадыраган жаз майрамыңыздар менен куттуктайм!
Кыргыз коомунда аялдар өзгөчө орунду ээлеп келген. Алардын көрөгөчтүгү, кеменгердиги, акылмандыгы кыргыз элинин оозеки чыгармаларында таасын чагылдырылганы да кокустук эмес.
Мамлекетибиз башынан саясий системадагы олуттуу өзгөрүүлөр менен коштолгон оор кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан ушул тапта да, аялдар оор жүктү аркалоодо.
Кыргыз мамлекетинин мындан аркы өнүгүп-өсүшү бир жагынан биздин айымдардын кайраттуулугуна, намыстуулугуна, алардын күч-аракеттерине байланыштуу болору айкын.
Кадырлуу энелер, апалар жана эже -сиңдилер сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Үй-бүлөңүздөрдө, турмушуңуздарда дайыма жакшылыктар болсун жана аларды кубаныч коштоп жүрсүн!

КР ЖК депутаты Урмат Аманбаева




Жаз, аял жана сүйүү
Аялзаты, амансыңбы жалпыңар,
Аманат бар өзүңөргө айтылар.
Кубандырып келе жаткан алдыда,
Куттуу болсун сегизинчи мартыңар!!!

Жараткандын буйругу ушул жиберген,
Жаздын өзү башталыптып силерден.
Жылуусуңар ошондуктан, анан да,
Жыттуусуңар жоогазындан, сиренден!

Жамалыңар жаз күнүндөй нур чалып,
Жарашыкты ким берди экен мынчалык?!
Аялзаты эгизби деп жаз менен,
Айырманы таппай турам кылчалык…

Жаз жыттанган, наз жыттанган перилер,
Жазды силер, силер алып келдиңер.
Жаз мүнөзү - тиричилик башаты,
Жаздын өзү - бул силердин белгиңер!
Рыспай Исаков






Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/11/0303_1.htm on line 133

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/11/0303_1.htm on line 133

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/11/0303_1.htm on line 133


а ­е¦Є.НҐй«