Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Куту кутунун ичинде …
Кайсыл жак болбосун кур барбайлы деген адатыбыз бар. Барган жерибизге сөзсүз бир нерсе алабыз. Бирок, белек берүүдө анын маанисине, артында эмне сыр бардыгына анчейин көңүл бура бербейбиз. Айрыкча кыз-жигиттин ортосунда белек беришүүдө өтө этият болуу керек экен. Эмесе берилген белек эмнени түшүндүрөөрүн бирге окуйлу.

Көз айнек - жашоого сиздин көз менен карап калат
Сандыкча - ичиндеги купуя сырды сизге айтат деп күтпөй эле коюңуз
Килем - ийгиликтин башаты. Белек кылган адам менен жакшы мамиледе болосуз.
Кашык, вилка, бычак - бул буюмдарды берүүдөн алыс болуңуз. Эгерде белек деп алууга кыйнаса анда сатып алган кишидей акча берип коюшуңуз кажет.
Спирт ичимдиктери - эгерде ошол эле күнү бирге ичем десеңиз берүүгө болот.
Кол кап - берүүдөн этият болуңуз. Анткени, белек бергенден кийин ажырашып кетишиңер ыктымал.
Капчык (кошелек) - мындай белек берүүнү чечкен болсоңуз, анда ичине акча кошуп бериңиз.
Моюн орогуч, сүлгү - берерден мурун жакшылап ойлонуңуз, себеби аягы ажырашуу менен бүтөт.
Жүз аарчы - көз жаш, бөлүнүүгө алып келет.
Кимдир бирөө менен байланышты такыр үзгүңүз келсе күйгүзгүч же саат белек кылыңыз.
Атыр - ар бир адам ар кандай жыт сүйөт, андыктан адашып калышыңыз мүмкүн. Эң жакшысы мындай белекти бербей эле койгонуңуз дурус.
Ич кийим - белек кылуу үчүн ал адам эң жакын болуш керек. Бирок, кандай реакция кылаарын алдын ала билгениңиз эп.
Жандыктарды - белек кылуу менен сүйүнтөм десеңиз жаңылышасыз. Белегиңиз менен бирге көйгөй алып келериңизди эстен чыгарбаңыз.
Акча - берүү салтка айланып бараткандай болгону менен аны да бере билүүңүз эп. Эгер акча белек кылам десеңиз конвертке салып, жакын деген адамыңызга гана берсеңиз болот.
Баа - баалуу белек алганды ким сүйбөсүн. Бирок, белектеги бааны кесип койгонуңуз дурус. Себеби, алган адам сизге милдеттүү сезип калышы мүмкүн.




Атакайың
Периске "Лексус" белек кылды
Перис Хилтон 30 жашын белгилеп, 300дөн ашуун конок чакырды. Коноктор менен бирге тартип сакчыларын да чакырууга туура келген. Туулган күнүн куттуктап жакын туугандары, санаалаштары келишкен. Кеченин негизги коногу Перистин жигити Сай Уэйтс болду. Ал голивуддун эрке кызына Лексус үлгүсүндөгү сары машинени белек кылды. Ал эми махабат күнүндө бриллианты менен шакек берген. Туулган күнүндөгү белекти көргөндө Перис кубанычы койнуна батпай жигитинин моюнуна оролгон.
Чарли Чаплин цыганбы?
Дүйнөгө белгилүү англис актеру Чарли Чаплин цыган болгон экен. Бул маалымат кино жылдыздын балдары таап алган кат басылып чыккандан кийин белгилүү болгон. Буга чейин Чарли Чаплин 1889-жылы Лондондун түштүк-чыгышындагы Саутуорк районунда жарык дүйнөгө келген делип жүргөн. Чаплиндин уулу Майклдын айтымында бул маалымат жазылган катты атасы эч кимге көргөзбөй катып жүргөн. Бул катты катып жүргөндүгүнө караганда кандайдыр бир деңгээлде чындык болгон деп айтат Майкл Чаплин.
Alyosha ажырашат
"Евровидения-2010" катышуучусу Alyosha жарандык никеде жашаган жолдошу менен ажырашууну чечти. Күйөөсү бир учурда продюсери болгон Вадим Лисицей менен бир канча жыл чогуу жашаган. Түгөйлөр бир кезде жолугушуп жүргөндөрүн да жашырып келишсе, эми ажырашып жаткандыктарын ачык айтып чыгышты. "Өз алдынча жашайм. Графикти өзүм түзөм, өз жашоомду өзүм түзөм. Бош убакыт көбөйдү" деп сыр бөлүштү. Бирок, эки жаш тандем менен иштеп жатышат. Ал эми Alyosha бирөөнү таап алган. Бирок, жүрөгүнүн ээси ким экенин ырчы айта элек.





Дүйнөсөз
Жаңы Зеландия. 22-февралда аталган өлкөдө 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Крайстсерч шаарында орун алып, табият кырсыгынын негизинде 75 адам набыт болду. Учурда бул шаарда куткаруучулар иш алып барышууда. Маалыматтарга караганда имараттардын сексен пайызы жарактан чыккан. Шаршемби күнү дагы 120 киши куткарылып алынган, бирок капыстан нөшөрлөп жаай баштаган жамгыр куткаруу ишине тоскоолдук жаратууда. Өлкөнүн премьер-министри Джон Кинин айтымында 300 адам дайынсыз жоголууда жана урандылардын астында тирүү адамдар болушу мүмкүн. Учурда эвакуация иштери уланып жатат.
Ливия. Египет жана Тунисте болгон революция нефтиге бай келген Ливия өлкөсүнө да жеткен. Аталган мамлекет нефть запасы боюнча дүйнөдө 8-орунда турат. Бүгүнкү күндө башаламандыктар токтобой нефть скважиналарга да кол салуу башталды. Мунун натыйжасында Триполинин түштүк жагында жайгашкан скважинада өрт чыгып, жарылуу болду. Өлкө президенти Каадафинин уулу эгер башаламандык токтобосо нефть ишмердиги катуу жабыркап калышы мүмкүн экендигин айтты. Ливиядагы башаламандыктар токтобой жаткандыгынан улам акыркы учурда нефтинин кымбатташы байкалууда.




Шумдугуңкур
Резина адам
АКШнын тургуну Даниель Смит денесин резинадай чоюп, мунун эч кандай артыкчылыгы жок деп жүрчү. Бирок, кийин өз талантын баалап, 18 жашында цирктеги труппа менен үйүнөн качып кеткен. Ошол күндөн бери "резина адам" көптөгөн шоу программаларга катышып келет. Гиннестин беш жолку рекордсмени, өз денесин эч бир кыйынчылыксыз ар тарапка бурай алат. Врачтардын айтымында Даниелге ийилчээктик төрөлгөндө эле берилген. Ал бул мүмкүнчүлүктү колунан чыгарбай пайдаланып кеткен.
Чанактан чыккан көз
Клаудио Пинто дүйнөгө көзүн чанагынан чыгара алгандыгы менен таанымал. Ал көзүн 4 сантиметрге сыртка чыгарууга жөндөмдүү. Пинто бир катар медициналык текшерүүдөн өткөн, ак халатчандар мындай көздү биринчи көргөндүктөрүн айтып айран таң болушкан. Ал эми Клаудио "акча табуунун эң оңой булагы. Менин көзүмдү 4 сантиметр сыртка чыгара алгандыгым бул кудайдын берген белеги" дейт.
"Месье Съешь это все"
Дал ушундай ат менен Гиннестин китебине кирген Майкл Лолито 9 жашында телевизорду жеп, ата-энесинин жүрөгүн түшүргөн. 16 жашында айнек, темир, резина жеп элге оюн уюштуруп, көңүлүн ачып жүргөн. Гиннестин китебине "Сессна-150" самолетун жеген үчүн кирген. Бул учакты Лолито 2 жыл аралыгында күнүнө бир килограммдан жеп отуруп түгөткөн. Ушунча металды жеп тирүү жүргөнүнүн себеби, ашказаны кадимки ашказандан эки эсе калыңдыгында.







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??