Түздөнгүлө, какайгыла

Жоокерге караи жол
23-февраль. Ата Мекенди коргоочулардын күнү. Алгач бардык эр азаматтарыбызды майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук каалайбыз. Ар дайым эл четинде, жоо бетинде болуңуздар. Майрамды утурлай аскер кызматында жигиттик парзын өтөп жаткан мырзалардын жашоо-турмушун билүү максатында Ички иштер министрлигинин №702 ички аскер бөлүгүнө барып кайттык.

Бара жатканыбызда жол боюнун тазалыгы адам көңүлүн бурбай койбойт экен. Барганыбызда ичтен иттин үргөнү коркунучтуу болгону менен кире бериштен жылуу маанайда тосуп алышты. Аскердик бөлүктүн ичине кирип бара жатканда эле темирдей бекем тартип бар экени дароо байкалат. Чини жогору аскер адамы өткөндө тикесинен тик туруп, "честь" берип жаткан жоокерлер. Ары карай узаганыбызда казармада оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатканын көрө алдык. Ал жерден кыя өтүп кете албастан ичине баш бактык. Заманбап стилде бардык шарттары менен оңдолуп, түзөлүп жаткан казарманы көргөндө ичибиз жылып калды. Ремонт иштери буюрса март айынын аягында аяктайт дешти.
Ички иштер министрлигинин 702 ички аскердик бөлүктүн саркери подполковник Кубанычбек Касымбековго суроо салдык.
- Кубанычбек мырза, майрамдык маанай кандай?
- Майрамдык маанай буюрса жакшы, аскер кызматкерлер үчүн майрамдык стол даярдалат. Майрамга карата солдаттардын эне-аталары келет. Уволнения болот. 22-февралда "Билайн" компаниясы тарабынан майрамга карата 30 жоокерге 3 мүнөттөн каалаган абонентине бекер баарлашууга мүмкүндүк берилди.
- 30 жоокер кандайча тандалды?
- Ар бир взводдон эң татыктуу делген жоокерлерди сунуш кылышты. Ошол жигиттер жогорудагы айтылгандай жакын туугандары менен сүйлөшүштү.
- Мамлекет тарабынан кандай көңүл бурулат?
- Ар бир акимиаттан, шаардын төрт районунан келип сыйлык беришет. Ардак грамоталар, атайын белектер, андан тышкары акчалай сыйлык каралат. Сыйлык ала тургандардын фамилиялары берилген.
Андан соң катардагы жоокерлерди сөзгө тарттык.
Катардагы жоокер Иванов:
- Аскер кызматын өтөөгө өз ыктыярым менен келгем. Армияда кызмат өтөгөн абдан жакты, курсакты жакшы тойгузушат. Бул жакта бардык шарттар каралган. Учурдан пайдаланып бардык мырзаларды майрамы менен куттуктагым келет.
Катардагы жоокер Раимбеков:
- Мекенимди коргойм деп аскер кызматын өтөөгө өз каалоом менен келгем. Аскерге келгени көп нерсени үйрөндүм. Эң биринчиден автомат атканды үйрөндүм.
- Бул жакта калууга оюң барбы?
- Буюрса калсам деген тилегим бар.
- Сүйлөшкөн кызың менен кат жазышасыңбы?
- Азыр кат жазышуу деген жок да. Телефон менен сүйлөшүп турабыз.
- Телефон менен сүйлөшкөнгө уруксатпы?
- Ишемби, жекшемби күндөрү уволнениеге чыгабыз. Анда атайын уруксат берилген кагаз менен жүрөбүз. Ошол убакта чалып турам.

Катардагы жоокер Өмүрбек Мурзакерим уулу:
- Армияга келгени биринчиден ата-эненин кадырын билдим. Жүрөктө патриоттук сезим ойгонду.
- Алгачкы ант бергендеги сезимиң менен бөлүшсөң?
- Өмүрүңдө биринчи жолу болгондон кийин, ал сезимди айтып түшүндүрүүгө мүмкүн эмес.
- Армиядан качкан балдарга эмне дейсиң?
- Качып кеткен балдардын ата-энелерине гана жаман дей алам. Армиядан корко турган эч нерсе жок. Көп нерсени түшүнүп, үйрөнөсүңөр дейт элем.
- Кимге салам жолдойсуң?
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун жашоочуларынын бардыгына салам жолдойм.
Катардагы жоокер Элдияр Кубатбеков:
- Армияга келгениме өкүнбөйм. Тогуз ай болуп калды. Жаңы келгенде башкача болуп, көнө албай, кетким келип жүргөм.
- Сүйлөшкөн кызың барбы?
- Бар, күтүп атат. Күн алыс байланышып турам.
- Ала качып кетсе эмне кыласың?
- Ала качпастыр эми. Буюрганы тургандыр алдымда.
Мээрим Айталиева




  Сандан-санга

Ричард Хевитт, илимпоз
БӨЛҮНГӨН ДИНДЕРДИ БИРИКТИРҮҮ
(Башы өткөн санда)
Уеллстин кече жакында берилген изилдөөсүндөгү евразиялык Y-хромосому кыргыздардын монголдорго, казактарга, өзбектерге же болбосо, башка коңшу урууларга караганда айрым тажиктер менен алдаканча туугандык байланышта экендигин көрсөткөн. Ишкашимдик тажиктерде да, кыргыздарда да калктын 60%дан ашыгы Rlal Y-хромосомун алып жүрөт (ушул хромосомдун дагы бир аталышы М17). Ошонүчүн көчмөн-пайгамбарлар алыскы өз туугандарынан Ребеканы алгандай, кыргыздын Жакыбы да чындап эле Рабийганы туушкандарынан алышы мүмкүн. Эпосто ал тургай, кыргыздар менен тажиктердин ортосунда тилмеч болгондугу да айтылбайт.
Эмне болду?
Бул маалыматтын негизинде теорияны кантип курууга болот? Ребеканын тарыхында болгон "туугандык" курамдар Рабиганын тарыхында көрсөтүлбөйт, бирок заманбап генетика, Рабига да тууган болушу мүмкүн деп Ыбрайымдын принцибин колдойт. Акылга салганда төрт версия туура келет: биринчиси, бул балким жөн гана окшоштук. Экинчиден, Жибек жолуна туткундалып кеткен Манассиянын урууларынын арасында кеч да болсо Ребеканын баяны сакталып калышы мүмкүн. Туушкандары менен боордоштук байланышын жоготкон Лаванга окшоп, балким шартка ылайык өз жакындарынын катнашы, башка туугандык катташуулар менен алмашылып кеткен тажиктер сыяктуу кылымдар өткөн сайын алардын легендаларында да өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Дагы бир нече кылымдар бою кыргыздар түрктөр менен аралашканда, өздөрүнүн перс тилдүү тажиктер менен болгон туугандык катнашын эсинен чыгарып, бирок акыл тереңинде жаткан Ребека, тажик кызы болуп Рабиганын тарыхынын көрүнүшүндө сакталып калышы абзел. Ошондуктан, туугандык байланыштын элементтери эпостон түшүп, бирок тажик аспектиси калган.
Үчүнчү версия: балким, кыргыздын өзүнүн окшош тарыхы болгон жана тарыхты көбүрөөк ыйык китептегидей көрсөткүсү келген кайсы бир Тооратты билген жомокчу же манасчы аны коррекциялап коюшу мүмкүн. Же тескерисинче, кыргыздын вариянты Тооратка сиңип кеткен.
Эми төртүнчү версиясында: балким, тарых чындап эле кайталанат жана эки тарых тең чындыгында кандай жазылган болсо ошондой болгон. Ушундай же башкача байланыш ачык көрүнүп турат.
Букара
Көпчүлүк окурмандар Букараны Рабиганын өз шаары экендигине көңүл бурушат, өздөрүнө белгилүү болгондой еврей коому Букарадагы эң байыркы элдердин бири болуп саналган. Алсак, букаралык еврейлер "еврей" аталганы менен алар балким, таптакыр Жөөттөрдүн тукумунан эмес. Жакып уруусунун башка бир муундары Исахар менен Нефалимдин тукумдары болушу ыктымал. Исахар менен Нефалим Израил түндүгүндө, Ассириянын чачыратуусуна учураган Манасе уруулары менен чогуу жашаган. Бирге туткундалган башка уруулардын кайсыл аймакка таркатылганын, Манасе уруусу билгендир. Эгерде Нефалим менен Исахар Букарага алынган болсо, анда Манасе тукумдары букара коомуна тил жагынан, бөтөн же өздөрүнүн башка коңшуларындай каапыр болуп эсептелинбейт эле. Жакыптын татыктуу келин табуусуна Букара эң жарашыктуу шаар болмок.
Ушул жерден кийинкисин айта кетсем: айрым уруулар, мисалы, Ооганстан жана Кашмирдеги Патандар Израил урпактары менен кээ бир жактарында байланыштары бар. Бирок, мен кыргыздардын ичиндеги кимдир бирөөдөн израилдиктер менен мүмкүн болгон байланышты олуттуу эскергенин эч качан уккан эмесмин. Жана да мен 1995-жылы бир гана Жаныбек Жанызактын Манас еврей болгон деген статьясынан башка, эч жерден окуган жокмун. Библиялык пайгамбарлар менен болгон кыргыздардын байланышуусун далилденбеген кыпчак уруусундагы айрым көрсөтмөлөрдөн башка эч кандай мурунку материалдардын же традицияда айтылгандардын арасында болгон жокмун. Кыргызда "еврей" аталган саяк уруусу бар, бул аталыш жалпы көнүмүш адатка айланган мүнөздөөгө (стереотипных характеристиках) тамырлаш, бирок ал оозеки айтымдарга, тарыхка же адабиятка негизделбеген саяктардын байкагычтыгы жана орчундуу жетишкендиктери. Оогандык жана кашмирликтерден айырмачылыгы жагынан кыргыздар израилдиктер менен тарыхый оозеки байланышта эмес деп ишенимдүү айтсак болот.

(Уландысы кийинки санда)