Акүйдөгүлөргө аманат

Акыр заман келээрде арбактар сүйлөйт
Бизди курчап турган ааламдын сыры аликүнчө толук ачылып бүтө элек. Көзгө көрүнбөгөн дүйнө дейбизби же параллель дүйнө дейбизби кандайдыр бир сырдуу дүйнөнүн бар экенине ишенбеген адамдар азыркы күндө аз десек жаңылышпайбыз. Эл алдына ачыкка чыгып, "мен көзгө көрүнбөгөн дүйнө бар экенине ишенем" деп айтпагандары менен ички туюмдарында ишенип, керек болсо көзү ачыктардын кызматынан жок дегенде бир жолу пайдаланбагандар жок чыгар. Техниканын, илимдин өнүккөн азыркы заманда атайын илимдер аркылуу да параллель дүйнөнүн бар экени тастыкталып жатат. Дүйнөлүк атактуулардын тарыхын карап көрсөк Чынгызхан, Напалеондун ж.б. атайын алдын ала айтып берүүчүлөрү болгон экен. Биздин учурда деле бул кызматтан пайдаланбаган чоңдорубуз жок эмес, бирок жашыруун. Россияда, Казакстанда жана башка чет өлкөлөрдө атайын астрология, эниялогия, космоэнергетика, эзотерика илим изилдөө борборлору бар. Россияда эниология илим изилдөө борборунун академик, профессорлорунун кызматын Кремлдин атактууларынын баары пайдаланышат. Албетте, бул иш ал жакта жогорку деңгээлде коюлган. Шарлатандар менен чыныгы адистерди айырмалай турган, тескей турган атайын мекемелер да бар. В. Путин, Н. Назарбаев Индияга Саи Бабага барып бата алгандары тууралуу жергиликтүү калктан угуп келдим. Ал эми коңшу Казакстанда элдик медицина ден соолук министрлигине карайт экен. Акыркы 15 жылдан бери "Ата Жолу" деп аталган Ордолор да биринчи Казакстанда пайда болуп, анын өнүгүшүнө Нурсултан Назарбаевдин салымы чоң дешет. Кудай деген кур калбайт демекчи, балким Казакстандын өнүгүп жатышы да бекеринен эместир. Түркистанга зыярат кылуу 4 маршрутка бөлүнүп, ар бир маршрут 41 мазардан турган кооз комплекстер гүлгө оронуп, көргөндүн көз жоосун алат. Тээ 3- кылымдан берки атактуу ата-бабалардын, энелердин сөөгү коюлган жерлерди ыйык мазарга айландырып, сыйынып, ал жердин энергетикасын жогорку деңгээлге жеткирип койгондуктан, кандай көйгөй болбосун баргандар өзүнүн ниет-пейилине жараша шыпаа таап кайтат. "Ата Жолу" деп аталган бул ордолордо Аталар (Жогорку күчтөр) медиумдар (ак куу, шумкарлар же бата чыгаргандар) аркылуу бата менен маалымат берет. Керек болсо өткөн-кеткенди, боло турганды айтып, оорулууларга диагноз да коюп берет. Ал эми биздин Кыргызстанда экинин бири көзү ачык болуп, бул иш чар жайыт. Кара күч менен байланышкан дубакөйлөрдөн баштап, акча табуунун амалын кылган алдамчы шарлатандар толтура. Сакалдарын сапсайтып, узун кийимдерге чалынган динчилдерибиз андан көп, мектептен мечитибиз көп болсо да кудайга ишеничибиз, жүрөктө ыйманыбыз көрүнбөйт. Кудайга шүгүр, акыркы беш жылдан бери "Ата Жолу" биздин элге да жетип, канчалаган адамдар каралыктан (арак, бангизат, дуба, оору) арылып кудай жолуна түшүп жатышат. Өзгөчө жаштар ичип жүргөн ата-энесин ыйман жолуна салгандарын көргөндө кубанбай койбойсуң. Канча тойлор ичкиликсиз эле шаңдуу өткөнүнө күбө болуп, ыраазы болосуң. Бирок, бул жолдо элибиздин аз гана бөлүгү болбосо, көпчүлүк дагы эле өз жолдорун таппай жүрөт. Аталардын батасынан "эл башчылардын экөө "Ата Жолуна" келгенде кыргыз эли оңоло баштайт" деп бата чыкты эле. Ошол эл башчылары тезирээк кудай жолуна түшүп, элибизди ак жолго баштаса экен деп кудайдан тиленебиз.Эмнегедир биздин эл башчыларыбыз кудайга ачык ишенгенден уялышат. Жакында Роза Отунбаева эжебиз Талас өрөөнүндөгү иш сапарын Манас Атабызга зыярат кылгандан баштаганы барыбызды сүйүндүрдү. Мисалы, Россиянын жол башчылары Путин, Медведев ачык эле чиркөөлөрдө сыйынып жүрүшпөйбү. Бир эмес эки жолу жергебизде болгон революция, нааразычылык, келишпестик, ичи тардык, көралбастыктан жаралган кара энергия кара тумандай каптап, кайра -кайра жамандыкты жаратып жатат. "Подобное притягивает подобное" деген космостун мыйзамынын негизинде жамандык жамандыкты жаратат. Мындай кара энергиядан тазаланыш үчүн кыргыздын Бабалардан калган ырым-жырымдары бар. Бир мисал, Россиянын бир телеберүүсүндө кандуу жолду көрсөткөн. Түптүз жолдо түшүнүксүз жагдай жаралып, авария көп болуп, кан көп төгүлгөн кандуу жол экен. Бир бизнесмендин үй-бүлөсү да ошол жолдон каза болуптур. Бир экстрасенс ал бизнесменге жакындары кандуу жолго кабылып курман болгонун айтып, ал жердин энергиясын оңдосо болоорун айткан экен. Экстрасенстин энергиясы менен заряддалган бир тонна шекерди бир километр аралыкта ошол кандуу жолго чачкандан бери ал жерде авария болбой калган дешет. Бизде деле жыланга ак чачып, арбактарга актык жаап жатпайбызбы.
"Ата Жолу" деп аталган жер-жерлердеги Ордонун иши тууралуу эки жылдан бери Аталардын мага берилген аманатын аткарып, гезитке жазып келатам. Ар бир нерсенин өз убакты сааты бар эмеспи. "Ата Жолу" кокустуктан, кандайдыр бир топтун фантазиясынан жаралган уюм эмес. Кара күчтөр басымдуулук кылган өткөөл доордон адамзат массалык жоготууга учурабай, жаңы Алтын доорго жеңилирээк өтүш үчүн Жогорку күчтөр (Аталар), касиеттүү адамдар (жогорку күчтөрдүн энергиясын кабыл алууга жөндөмдүүлөр) аркылуу байланышып элге маалымат берип жатышат. Бул тууралуу ыйык куранда "Акыр заман келээрде арбактар сүйлөйт" деп жазылган. Аталар же арбактар деп аталган Жогорку күчтөр адамзатты сактап калыш үчүн жардамга келип жатканын туура кабыл албасак ар кандай жаратылыш же башка кырсыктар болушу мүмкүн. Бул жалгыз эле кыргыздарга тиешелүү эмес. 2012- жылдагы өткөөл доор жөнүндө М. Настрадамус, Ванга жана башка улуу олуялар айтып кетишкен. Майялардын календары да муну тастыктайт. Жердеги тирүү аватар Саи Бабанын жердеги миссиясы да адамзатты өткөөл доордон аман алып өтүү экен. Гезитибиздин өткөн санында ушундай касиеттүү адамдардын бири Бийзаева Шолпан Өмүркуловна менен маектешкен элек. Чолпон айым "Курманжан Эненин аманатын элге жеткирбесем болбойт, тийиштүү адамдарга гезит аркылуу айтып коюңуздар" дегенинен кайрадан маек курдук.
Кыргыздар тобосуна келбесе дагы жамандык күтөт
- Чолпон айым, Курманжан эненин аманатын айтканы атайын Оштон келипсиз, ал кандай аманат?
- Ооба, атайын келгеним чын, Курманжан эненин арбагы эки айдан бери тынчтык бербей, "Акүйдөгү адамдарга жолугуп айтып кой" деген аманатын айтканы келгем. Аталар жолумду ачык кылып, жолукчу адамдарга жолугуп, айтчу сөздөрдү айтып, Аталардын алдында аманатымды аткарып жеңилдеп калдым. Ал эми ал айтылган сөздү ал адамдар аткарабы, жокпу эми алардын иши. Мен Аталардын алдында да, адамдардын алдында да өз миссиямды аткардым. Аманатты аткарбасам мага жүк болуп, мен кыйналмакмын.
- Сиз казактын кызы экенсиз, кыргыздарды Ата Жолуна салып, аларды агартыш сизге канчалык кажети бар?
- Ооба, каным казак болгону менен сөөгүм кыргыз. Аталар сен кыргыз, сен казак деп бөлбөйт. Аталар эмне айтса алардын аманатын аткаруу өзүм үчүн керек. Себеби, аманатты аткарбасам Аталардын сынагына калып, өзүм кыйналам.
Менин Ордом, Курманжан эненин ордосу деп аталат. Бул атты өзүмдүн кыялымдан чыгарып коюп алган эмесмин. Түктүбай Ата "биякта (Казакстанда) эмне жүрөсүң, Курманжан эне күтүп жатат, Ошко ордо ачып, кыргыз элин агарт" деп жиберген. Болбосо өзүм каалаган жерде жүрө берсем ким кой дейт эле.
Курманжан эне кыргыз элиме айт деген аманатын силердин гезит аркылуу жалпы элге жеткирейин. Эненин сөөгү Сармазар деген өзбектердин айлынын так ортосунда турат. Мазары урап калганы аз келгенсип, быйылкы согуштан кийин энебиздин мазарынын жанында басканга орун жок калган. Себеби, алдына чейин сөөктөр коюлган. Бул тууралуу редактор Керим Айдаров экөөңөр өз көзүңөр менен көрүп, гезитиңерге жазгансыңар. Эненин сөөгү ал жерде жатканы да бекер эмес экен. Курманжан эненин батасынан "Менин сөөгүм бул жерде турганда эки элди бириктирип турат" деп айткан. Согуш болуп жатканда Эненин жүрөгү кадимкидей ыйлап, эли үчүн кудайдан 41 күн чөгөлөп суранып ыйлап турду. Мага "бутуң жеткен айылдарга барып шам жагып, кудайы өткөзүп, жети май токоч жасап тараткыла" деди. Мен ал аманаттарды аткарып, айтканын жасадым. Андан тышкары касиеттүү ыйык мазарлар: Ыдырыс пайгамбар, Сафит Булан, Шамшыкал Ата, Айып пирим, Дөөт пирим, Султан Бий Ата, Кылыч Буркан, Апшыр Ата, Ак-Мазар Ата аттуу жерлерге барып, шакирттерим менен эл үчүн кудайдан тиленип, шам жагып, курмандык чалдык. Ушунун барын Курманжан эненин айтуусу боюнча жасадык.
- Энебиз дагы кандай аманаттарды элге жеткир деди?
- Кудай сактасын, мен эч кимди коркуткум келбейт, бирок айт дегенин айтпасам болбойт. Кыргыз эли тобосуна келбесе, дагы бир жамандык күтүп турат, ошондуктан канга жуулган акүйдүн алдына биринчи кара бээ, экинчи боз бээ союп кан чыгаргыла, 7 күн ясин сүрөөсү окулуп, актык жабылып, шам жагылсын, жаз алды менен акүйдүн тегерегине жана аянтка жаш көчөттөрдү 13 жашка чейинки балдар отургузуш керек" деди. Андан тышкары Кыргыздын бийликтеги адамдары Манас Атабыздан баштап, байыркы Түркистанда жаткан Аталарыбыздын башына барып, зиярат кылып келсин" деп жатат. Шаардын ичине быйыл көбүрөөк ак гүлдөрдү тигиш керек дейт. Энебиз кыргыздын кыз-келиндери кара түстөгү кийимдерди аз кийишип, баштан аяк кара кийип, азага даярданбасын, кыргыздын оймо-чиймеси салынган кийимдерди кийишсин деп айтканда мен таң калып койдум эле. Жакында акүйдө бир күн кечке олтуруп, чын эле аялдардын көбү кара түстөгү кийимчен жүргөндөрүн көрүп, жакамды кармадым. Дагы бир айтканы туунун түсүн, гимндин сөзүн, Бишкектин атын өзгөрткүлө деди. Аталардын арбагы майдын, ысырыктын жытына жана куран окулганда, шам жагылганда келет экен. Ушул тууралуу элге жеткирип койсоңуздар. "Асман пресс" гезити карапайым элге да, акүйдөгү атка минерлерге да маалымат жеткирип жатканыңыздарга чексиз ыраазычылык билдиребиз. Ак жолуңар ачык болсун, ишиңер ийгиликтүү, гезитиңер окумдуу болуп, Кудай, Аталар колдосун. Аминь.
Лариса Асанбекова