кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"

  Бакыр-баа-а

Бабырбек Жээнбеков, монополияны жөнгө салуу агенттигинин мүдүрү:
"Бааны жөнгө салууга саясий эрк керек"
- Бабырбек мырза, мурдагы бийликте сынчы, оппозициячы катары белгилүү болуп калдыңыз эле. Азыр бийликке келгени сын менен иштин айырмасын баамдай алдыңызбы?
- Сындаш албетте жеңил. Иш менен сындын айырмасы асман менен жердей. Убагында сындап жүргөн адам ишке келгенде башкаларды кандай сындаса, ошондой кабыл алыш керек. Бүгүн биздин дарегибизге ачуу сындар көп айтылып жатат. Өткөндө радиого барып интервью берсем, "убагында сындап жүрдүңөр эле. Эми өзүңөр келип иштей албай жатасыңар дешти". "Колуңардан келбесе орунду бошотуп кетпейсиңерби дейт". Бул бир эсептен туура, бирок сын жөндүү, негиздүү болуш керек. Бирөөнүн ал-акыбалын түшүнбөй туруп эле сын экен деп айта берген болбойт. Ошондуктан монополияны жөнгө салуу агенттигин, менин ишмердүүлүгүмдү сындаган адамдарга менин териме кирип туруп, аткарып жаткан ишибизди көрүп баамдап анан сындаса дейт элем.
- Азыр Бакиевди бекер эле сындапмын деген ойдо болбойсузбу?
- Жок, мен анын жүргүзүп жаткан саясатын сындагам. Баа саясатын бүгүнкү күндө өзүм карап көрүп отуруп, Бакиевдин баа саясаты жүйөөсүз, негизсиз көтөрүлгөндүгүнө ынандым. Баа саясатын жүргүзүү башаламандыкты уюштуруу үчүн жасалган.
- Бакиев учурунда бир кап ундун баасы 1500 сомго жеткен, өкмөт кийлигишип атып түшүрдү эле. Бүгүн да ундун баасы ошол учурдагыдай кымбаттады.
- Бул жерде бир нерсени эске алыш керек. Ошол убакта баалар кандай эле, бүгүнкү күндө кандай болуп атат. Бакиев учурунда эмне жолтоо болгон, бүгүнкү бийликке эмне жолтоо болууда. Жообу өзү эле чыгат. Биринчиден, дүйнөлүк баа өсүүдө. Россияда ысык болуп, өрт болуп атып түшүм болбой калды. Дүйнө боюнча азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп атат. Биз кудайга шүгүр дешибиз керек. Анткени, коңшу Казакстанда 15 миллион тонна буудай өндүрөт. Ошол Казакстандагы буудайдын баасы биздикиндегидей эле. Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандагы баалар биздикинен ашса ашат, бирок кем эмес.
- Бизде жер толтура, бирок жарытылуу айдаган нерсебиз жок. Эмнеге?
- Бул кайра эле айланып келип, азык-түлүк саясатына такалат. Туура эмес жүрүп жатат.
- Азык-түлүк саясатын айыл-чарба министрлиги жүргүзүш керекпи?
- Бизде айыл-чарба министрлиги бар. Анализ жүргүзүп, 1-2 жыл алдын ала божомол жүргүзө турган экономиканы тескөө министрлиги бар. Мен мамлекеттик пландоо дегенди кайра-кайра өкмөткө сунуштап атам. Өткөндүн бардыгы жаман эмес, анын ичинде ала турган, үйрөнө турган абдан жакшы нерселер бар. Маселен, Талас өрөөнү канча жылдан бери фасоль эгип атып, жердин бардыгы арыктап бүттү. Мурун бир гектардан 2,5-3 тоннага чейин алышса, бүгүн жарым тоннадан алган жерлер бар. Жер арыктап атат, которуштуруу жок. Ушундай эле нерсе картошка өндүргөн Көл, Чүй өрөөндөрүндө болуп атат. Мунун бардыгын системага салып, пландаш керек эле. Экинчи жагынан, Кыргызстанга 1млн. 300миң тонна буудай керек, мынча тонна картошка керек деп пландашыбыз керек да.
- Муну сиз айыл-чарба министрлигине сын катары айтып жатасызбы?
- Бул сын катары эмес, өз пикирим, сунушум десем болот. Бирөөнү сындагандан качып отурам азыр. Алдын ала пландап алсак өзүбүзгө жакшы болмок. Айыл жеринде нан кенен болот эле.
- Кыргызстандын жеринде айыл-чарба продуктусун канча пайыз өндүрүп, элге бере алабыз?
- Эгерде агротехникалык ыкмаларды пайдалансак 1млн. 300 миң тонна эгинди өндүрсө болот. Ал үчүн дыйкандарды үрөн, жер семирткичтер менен камсыз кылып чыгышыбыз керек. Буудайдын килосу 5-6 сом болуп атса гектарлап айдаган буудайы кетирген чыгымын актабаса дыйкан байкуш айдабайт да. Бүгүнкү күнү буудайдын баасы 18 сомго чыгып атат. Эгерде ушул баа турса анда дыйкандар айдайт эле. Эттин баасы 300 сомго чыкты. Бул баасы кала турган болсо, анда фермерлер мал бакканга өтөт.
- Бирок, карапайым эл кыйналып жатпайбы?
- Анткени, бүгүнкү күндө өкмөт бюджетинин чөнтөгү тешик. Эмне үчүн башка мамлекеттер кыйналбайт. Анткени алардын айлыгы, жашоо-шарты жакшы. Каалаган баада сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бизде кичине кымбаттаса эле сатып ала албай калабыз.
- Мугалимдерге айлык бере албай жаткан учурда кызыл кулактардын көтөргөн баасын түшүрүп, көзөмөлгө алуу сиздердин милдет го.
(Уландысы 5-бетте)












Яндекс.Метрика