Сахнатөр

Токтогул рысалиев, опера ырчысы:
"Кыргыз элинен эмне алам эмес, эмне берем дешсе"
- Токтогул байке, искусство адамы катары айтсаңыз театрдын аксап жатышынын себеби эмнеде?
- А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында эмне деген ырчылар бар. Ошону эч ким билбейт. Эл келбей жатат. Элди тартуу үчүн кызматкерлер, чоңдор театр үчүн чуркап эмгектениши керек. Бир жеңден кол, бир жеңден баш чыгарышыбыз керек эле. А бизде бирөө кол чыгарса, экинчиси баш, үчүнчүсү бут чыгарып атат. Ушул жактан көп аксап жатабыз. Өзүм Казакстанга көп барам. Казактар ачык эле айтышат "кыргыздар маданият жагынан иштебей жатасыңар" деп. Аларда болсо чет жакка барып ырдап келишет. Чет мамлекеттен келишип мастер класс өткөрүшөт. Казактарда Дарига Назарбаева маданиятка жардамды жакшы берет. Мына ошолордой болуп башыбыздан көтөрсө, кыргыз эли таланттуу элбиз, искусство жагынан абдан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирмекпиз. Бизге колдоо гана жетишпейт.
- Элди чакырып, тарта албаган күнөө балким өзүңөрдө болуп жүрбөсүн?
- Театрда реформа жок. Күнөө ошол жакта. 2-ноябрь маданият күнүндө президент Роза Отунбаева да театрда реформа болуш керек деп айткан эле. Тилекке каршы ал нерсе орундалбай жатат. Театрда канча жылдан бери эмгектенген агаларыбыз, эжелерибиз кыргызга эмгеги сиңди, убагында ырдашкан, союз убагында андан кийин деле өздөрүн көргөзүштү. Сыйлык деле алышты, өкмөт буларга үй да берди. Кудайдан коркуп, кийинки балдарга орун берип, жаштарды тарбиялап консерваторияга барып сабак беришсе болмок. Өзүнүн мастерствосун, дараметин жаштарга арнап тарбия берсе. Маселен, Улукмырза Полотов, Марлен Темирбеков кыйын ырчылар. Канчалаган окуучуларды өстүрүп чыкты. Өстүрүп атат. Булар өз убагында театр менен коштошуп, консерваторияга барып сабак берем деп кетишкен. Алар сабак берип жатканда театрдан өз учурунда кетиш керектигин айтышчу. Мерчемдүү түрдө 50 жашка чейин адам ырдашы мүмкүн андан кийин үн болбой калат. Миң булбул болсо да үн картайат, тембринен башкача чыгып калат. Мына ушуну театрдагы алтындай болгон ага-эжелерибиз билбей жатышат.
- Өздөрүнө ачык айтып чыккан жоксузбу?
- Мындан бир-эки жыл мурун кетпейсиздерби деп катуу чыкканбыз. Тизмелеп бул, бул кишилер кеткиле деп. Бирок, ошондон кийин жаштарды талкалап, жол тосуп коюшту. Биз жалгыз болуп калдык. Улукмырза Полотовдун колунда 7жыл окудум. Окууну бүтүп атканда "Балам, искусстводо сага кыйын болуп калат го" деп айтса түшүнчү эмесмин. Кийин сурасам. "Балам сенде өңүң да бар, үнүң да бар. Биздин кыргызда көп бут тосуулар болот" деген. Ошондой эле болуп калды.
- Эгерде театрга чакыруу келсе барасызбы?
- Азыр биздин театрга кел деп айтып эле атышат. Барайын, иштейин деп далалат кылам. Анан эле тиги-буларды көргөндө барганда эмне дейм. Ырдап жүрө берейин десең жаныңа туруп алып сөз кылып атышса кантип көз жумуп кое аласың. Кел тигини ырдайлы, муну мындай кылалы десең эки-экиден болуп бир нерсе болуп жүрө беришет. Эгерде театрдагы коллектив биримдиктүү болгондо, анда маданиятыбызды көтөрүп кетмек элек.
- Сиз театрга барбайт экенсиз. Мүмкүн жашы өткөн ага-эжелердин ордун басар жаштар жоктур?
- Жаштар бар. Уучубуз кур эмес. Эгерде өзүң шакирттерди тарбиялап чыксаң бул зор бакыт да, а бизде мындай жок болуп жатпайбы.
- Шакирт деп калдыңыз, өзүңүздө шакирттерди тарбиялайын деген ой жокпу?
- Адегенде мен искусствого чоң салымымды кошушум керек. Балдарды тарбиялаш бул оңой-олтоң иш эмес. Бул чоң искусство, ар бир адамдын колунан келе бербейт. Улукмырза Полотов канчаларды өстүрдү. Ага ошондой дар керек. Келген баланы кайсы жагына шыгы бар экенин туура баалап, жолуна салыш керек. Орустар айткандай "багаж надо собирать"
- Театрга келе албай калдым дедиңиз, башка жакка кетүү тууралуу ойлогон жоксузбу?
- Адам болгон соң андай ойлор келет. Кээде которулуп бөлөк жакка кетсемби деген менен жан дүйнө болбойт экен. Казакстанга барганда искусстводо жасап жаткан иштерин көрүп кубанып калам. Келе жатканда ушунча намыстанам, баягы эле кайыгыбыздан чыга албай жүргөнүбүзгө.
- Эстрадага кандай көз караштасыз?
- Эстрада жагы өзүнчө бир оору. Муну айтсам көп ырчылар капа болуп калышат. Бир-эки ыр ырдап алып эле өздөрүн жылдыз сезип алышат. Компьютерге барып үндөрүн ары-бери чоюп жасап алышып, мен кыйынмын дешет. Мактанчаак ырчылар көбөйдү. Фонограмма деген нерсени жоготушубуз керек. Фонограмма баарыбызды талкалап бүттү.
- Маегибизди башка нукка буруп, жеке жашооңузга кайрылсак. Сиздей азаматтын ата-энеси кандай адамдар деп кызыккандар көп болсо керек?
- Ата-энем 57 жашында каза болушту. Апам мен эки балалуу болгонго чейин чаап, уруп койчу. Бирок, урганына сүйүнчүмүн мүмкүн менин кемчилигим бардыр деп. Ата-энемдин көзү өткөндө 2 жыл жаман болуп жүрдүм. Энем бир нерсеге капа болсо мага келчү. Адегенде урушуп, бугун менден чыгарчу. Столдун үстүн жайнатып, жакшы көргөн тамагын жасап берип, чөнтөгүнө акча салып берип жазчу элем. Экөөбүз көпкө сырдашчубуз. Энем мага эне да, дос да болчу. Азыр ата-энемдин ордун бир туугандарым толукташат.
- Кичинеңизден искусство адамы болом дечү белеңиз?
- Армиядан келгенде атам, "балам сени мединститутка тапшыртайын, медик бол" деди. Кой мен ал жактын баарын операция кылып өлтүрөм дедим. Бир айдан кийин "милиция бол" деди. Коюңуз элдин баарын камап салып жүрбөйүн деп күлдүргөн элем. Башынан искусствону тандагам. Ырчы болом дедим эле, кудай жаштын тилегин берет деген чын экен. Ырчы болдум.
- Үйдө кандай жолдошсуз, камчыңыз катуубу?
- Балдарыма, келинчегиме жаман жактарымды көрсөтпөгөнгө аракет жасайм. Келинчегиме кол көтөрбөйм, жиним келгенде туура эмес жактарын айтып коем. Ал да менин маанайым жок болгон күндөрү жакшы көргөн тамагымды жасап, жазып турат. Кудайга ыраазымын келинчегимди табыштырып кошуп койгонуна.
- Учурда ырчылардын киреше табуу булагы тойлордо ырдоо экени жашыруун эмес. Сиздин "ставкаңыз" канча?
- Ырчылардын айлыгы 3000, ашып кетсе 4000 сом. Тойго ырчылардын баары барат, башка кайдан акча табат. Мен мынча бер деп деле талап кылбайм. Талантты баалап бергенин гана алам.
- Жаш муундарга каалооңуз.
- Жаштар иштесе дээр элем. Ички жан дүйнөсүн бузуп алышпаса. Мен кыйынмын деп мактана бербесе. Кыргыз элинен эмне алам эмес, эмне берем дешсе. Кандай кызмат кылам деп изденишсе көп жакшы нерселерди кылышат деп ойлойм.
Мээрим АЙТАЛИЕВА




  Ойгокелди

Эмне үчүн?
Камчы Сарыбаев, актер:
- Уктап турсаңыз эле аял болуп калсаңыз…
- Кайра жатып уктайт болчумун.
- Эмне үчүн?
- Эркек болуш үчүн.
Айгерим Расул кызы, ырчы:
- Эркек бол десе кимдей болот элеңиз?
- Кызыктуу суроо экен. Атамдай эле болмокмун. Эмнеге дегенде атамда жакшы сапаттардын бардыгы бар.
Гүлбайра Камали-динова, ди-джей:
- Өлбөс "Кошей" болгуңуз келеби?
- Кудай сакта. Өлбөс адам болуп жашай албайм, баары бир эле өлөм го. Кудай берген жашын жашап эле өлгөн жакшы. Көп жашай берсең кызыксыз болуп кетсе керек. Маселен, 100гө чык, 200гө чык эч айырма жок да, баягы кийип- ичип жүргөн нерселериңди жасай бересиң, ашыкча эч нерсе кыла албайсың. Андыктан 100гө чыккан эле жетиштүү го.
Тата Улан, этно-акын:
- Эгерде журналист болсоңуз Тата Уланга кандай суроо берет элеңиз?
- (Күлүп) Журналист болбогон соң билбейт экем. Эгерде журналист болсом анда, эмнеге маскачан жүрөсүң деп эле берсем керек. Анткени, ушундай суроону журналисттерди көбү узатышат. Мен деле ошолордой болмокмун да.
Эрмек Нурбаев, алып баруучу:
- Жаныбар бол десе кайсы жаныбар болот элеңиз?
- Коен болот болчумун. Себеби, быйылкы жыл коен жыл. Андыктан жылдын символу болот элем. Коендор коркок болот эмеспи, ал эми мен храбрый, дерзкий коен болмокмун. Сыртым коен, ичим арстан. Бирок, бир эле жылга.