Жылдызы Корей жангансып
жыргатып алар салгансып
Башка өлкөдөн бакыт издеп
- Аймира, кайсы мамлекетке, эмне максатта барып оор тагдырга кабылып жатасыз?
- Мен мындан алты жыл мурун атайын никелешүү агенттиги аркылуу түштүк кореяга турмушка чыгуу максатында кеткем. Курбум экөөбүз Бишкектен карагайга илинген "кореяга күйөөгө" деген жарнакты көрүп, кызыгып аларга телефон аркылуу байланыштык. Алар атайын тааныштыруу кызматтар экенин айтып, бизди кеңсесине чакырды. Барган соң телефонубузду, электрондук дарегибизди, сүрөттөрүбүздү алып калды. Үч ай бою менин электрондук почтама кореялык жигиттерден каттар келип турду. Аларга менин жакканымды, турмушка чыгуу жөнүндө сунуштарын, өздөрүнүн талаптарын кошо жазган каттар эле. Анан төртүнчү ай дегенде көңүлүмдөгү жигитти да таптым.
- Канча убакыттан кийин Кыргызстандан кеттиңиз?
- Таанышкандан кийин 3айдан соң.
- Кайсы тилде кат жазышчу элеңер?
- Орус тилинде. Бирок, чала-була корей тилин билчүмүн ошого да эрдемсип кеттим окшойт. Үйдөгү ата-энемдин каршылыгын такыр укпаптырмын.
- Кореяга баргандан кийинки тагдырыңыз эмне болду?
- Бул жактан өзүмдөн 10 жаш улуу Кин Чу аттуу жигитке турмушка чыгам деп кеткем. Енхин шаарынан Кин Чу тосуп алып, 2ай убакыт кадимки жубайлардай чогуу жашадык. Бир күнү Чу таң атпай жумушуна кеткен, ошол боюнча келген жок. Эки күн күттүм. Документтерим менен акчамды ала кетиптир. Ошондо өзүмдүн алданганымды сездим. Үчүнчү күн дегенде эшик тыкылдаганынан ачсам эки корей жигит турат. Алар мени башка жакка алып кетүүгө келгендигин айтып каршылыгыма карабай, уруп-согуп алып кетишти. Мени алып барган жер сойкулардын жашаган жери экенин билсем да өзүмө эч жардам бере алган жокмун. Ошентип эркектерди төшөктө тейлеп 8 ай өлбөстүн күнүн көрдүм.
- Жардам сурап эч жерге кайрылган жоксузбу?
- Андай мүмкүнчүлүк болгон жок, себеби жер төлөдө камалып жатабыз. Кардарлар келгенде бизди чыгарышчу.
- Кантип ал жерден бошонуп чыктыңыз?
- Өз жериме келсем дегенде эки көзүм төрт болуп атты. Бирок, эч кандай телефон, интернет дегендин жанына жолоткон жок. Кыскасы капаста жаткан чымчык сыяктуу эле жашоо болду. Эки-үч жолу кардарларымдын мастыгынан пайдаланып, телефондору менен Кыргызстанга байланышка чыксам натыйжа чыккан жок. Бир күнү конок үйдөн качтым. Албетте абдан кыйын болду. Андан мурун качкан кыздарды алып кирип, биздин көзүбүзчө сабашкан болчу. Бул бизге да эскертүү эле.
Түнкүсүн качып, бир аялдын үйүндө үй кызматчы катары жашырынып жашап жүрдүм. Менин документим жок болгонуна байланыштуу жумушка да кирүү кыйынга турду. Ал аял мени ресторанга идиш, пол жууганга жумушка кийрип койду. Ал жерде 3 ай бекер иштеп, андан кийин акча таап бул жакка эптеп келдим. Ошондо эки жылдык өмүрүм кыйынчылык күндөр менен өттү.
- Кыргызстанга келгенден соң сизди жөнөткөн агентствону сотко бердиңизби. Дегеле укуктук жагы кандай болду?
- Баягы агентствону издеп барсам ордунда эч нерсе жок. Кыскасы кимди эмне деп сотко берээримди билбей ден дароо болуп олтуруп калдым. Менин айтайын дегеним азыр кореяга же башка мамлекеттерге күйөө, жумуш дегендер толуп кетти. Мына ошондойлордон кыздар сак болсо дейт элем. Анткени, бир компаниянын атын сатып, иш алып барган алдамчылардан көптөгөн адамдар жапа чегүшүүдө. Мен кореядан келгенден кийин рак оорусуна кабылганымды билдим. Албетте, бул мага чоң сокку болду. Өзүм аман калыш үчүн жатынды алдырууга туура келди. Убагында тил укпай жүрүп, төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырадым. Кыскасы менин тагдырымды эч ким кайталабаса дээр элем.
P.S.Кыздын өтүнүчү боюнча сүрөтү берилген жок.
Укугуңду бил
"Статут" юридикалык компаниясынын президенти, профессор Назаркул Бопоевди сөзгө тарттык.
- Кыргызстандык кыздар иш издеп чет мамлекетке кетип жатат. Ал тургай, атайын агентстволор аркылуу күйөөгө кетип жаткан кыздарыбыз да бар. Буга сиздин көз караш?
- Кыргыздын кыздары чет мамлекетке иштегени, турмуш курууга кетип жатканы менин оюмча жакшы көрүнүш эмес. Буга мамлекет, коомчулук күнөөлүү. Биз кыздарыбызга жашоого татыктуу шарт, жагдай түзүп бере албай жатабыз. Ошондуктан алардын көпчүлүгү чет мамлекеттиктерге турмушка чыгууга аргасыз болуп жатышат. Ал эми бул суроого юрист иретинде карасам, ар бир жаран чет мамлекетке кетүүгө, өзү туура деп эсептеген адамга турмушка чыгууга укуктуу. Бирок, кыздарыбыз чет мамлекетке барганда укуктары одоно бузулуп, сексуалдык кул абалына да барып калып жатпайбы. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш.
- Кыздар чет өлкөдө жагымсыз окуяларга кабылбаш үчүн кандай чараларды колдонсо болот? Укуктук жагын айта кетсеңиз.
- Кыздардын чет мамлекетте укуктары бузулбаш үчүн алар ал жакка бара электе эле камын көрүш керек. Мисалы, кандайдыр бир жеке менчик фирма менен чет мамлекетке кетүүгө сүйлөшүлсө адегенде, ал фирманын мамлекеттик каттоодо турганын, адамдарды чет мамлекетке ишке тартуу, үй-бүлө курууга жардам берүүгө укугу бардыгын тактоо зарыл. Эгерде сөз чет мамлекеттерде ишке орношуу жөнүндө болсо, бул фирма менен ал жөнүндө эки же үч жактуу эмгек келишимин түзүш керек. Кол коюлуп жатканда фирманын атынан кол коюп жаткан адамдын фамилиясын жана башка өздүк белгилерин паспортуна салыштырып, такташ керек. Эгерде башка мамлекетке фирманын жардамы менен турмушка чыгып жатса, жогорудагы көрсөтүлгөн жагдайларды алдын ала кылдат текшериш керек. Мүмкүн болсо, чет мамлекетке кеткенче турмушка чыгуу(брачный контракт) келишимин түзүү зарыл. Бул келишимге бардык укукка байланышкан керектүү, орчундуу шарттарды киргизиш керек. Эгерде турмушка чыгуу келишими чет мамлекеттерде түзүлсө, котормочу аркылуу бардык шарттарды тактап, анан гана кол коюлушу керек. Эмгек келишими деле ушундай шарттарды, укуктарды өтө кылдат тактоо менен түзүлөт. Бул келишимдердин копияларын жакын туугандарына таштап кетишсе абдан туура болот. Ошондой эле, чет мамлекетке кетип жаткан кыздар ишеничтүү адамдарына кандайдыр бир жагдай болуп калса, алардын укугун коргоп, керектүү жерлерге кайрылуу үчүн нотариус аркылуу ишеним кат таштап кетишсе абдан жакшы болот.
P.S. Сиз укуктук жактан коргооого муктаж болсоңуз төмөнкү дарекке кайрылсаңыз болот. Турусбекова 86. Байланыш телефону 0543 94-05-90 номерине чалсаңыз, адистер жардамын аябайт.
Агентстволор
айтпайбыз деп
Никелешүү агентствосуна чалып, маалымат керек эле сиздерге жолуксам болобу деп сурадым. Келе бериңиз биз толук айтып беребиз деди. Баргандан кийин гезиттен келдим десем, маалымат берүүдөн баш тартышты, шектүү шектенет болуп. Өзүн директормун деп тааныштырган 20га жашы толо элек кыргыз кыз, маалымат бере албайбыз. Себеби, биздин үстүбүздөн ИИМге арыз түшкөн. Ал тургай кээ бир ЖМК жарнама да кабыл албайт. Анткени, биздин жүргүзгөн иштерибизди жамынып алып, иш алып барган атаандаштар да бар. Биздин ачылганыбызга үч жыл болду. Биз негизи уруксат алып, анан иш алып барып жатабыз. Айта кетсем эч кандай документтери жок, ал тургай олтурган кеңсеси да жок агентстволор бар. Алар кыздарды көчөдөн эле каттоодон өткөрүп, анан эптеп виза ачтырып жөнөтүшөт. Кыскасы "кара" иштерди жүргүзгөн агентстволор дейт ал.
Чет өлкөгө күйөөгө кетем, шарты кандай?
Биз агентствого кайрылып толук маалымат ала албаган соң күйөөгө кете турган кыз болуп аларга телефон аркылуу байланышка чыктык.
- Алло, саламатсыздарбы бул никелешүү агентствосу бекен?
- Ооба.
- Кореяга күйөөгө кантип кетсе болот, шартын билели дедик эле?
- Силер биринчи бул жакка келип сүрөтүңөрдү бергиле.
- Шарттарын айта кетсеңиз?
- Негизинен интернет аркылуу биздин сайтка кирип анкета толтурасыңар.
Анда сиздин жашыңыз, үй-бүлөңүз, туулган жериңиз, телефонуңуз туура, так жазылыш керек. Убактыңар болсо бул жакка келсеңер, биз силерге кореяга кеткен кыздардын сүрөттөрүн, видиосунан бери көргөзөүп беребиз.
- Канча жаштагы кыздар кабыл алынат?
- 20 жаштан 36 жашка чейин.
- Улутучу?
- Улуту эч кандай роль ойнобойт. Башкысы ал кыздын ден соолугу таза, акыл-эси туура болсо болду.
- Ошондо интернет аркылуу эле баары бүтө береби?
- Ооба, ошондой деп да койсок болот.
- Балдары бар келиндер деле болобу. Бул жакта менин курбум да көңүлдөнүп олтурат?
- Ой, албетте болот, тигил жакта деле карыган кишилер толтура.
- Жигиттерди тандоо укугу бизде болобу?
- Силердин жигиттерди тандаганга укугуңар бар. Анан силерге жакпай турса кантип турмушка чыгат элеңер.
- Бул агентство коркунучтуу эмеспи?
- Биз 100% кепилдик бере алабыз. Коркунучтуу эч нерсе жок.
- Мен жактырган жигит Кыргызстанга келе алабы же мен өзүм барамбы?
- Көбүнчө жаштары келе албайт. Алардын жактырган кыздарын биз жөнөтөбүз. Ал эми жашы өтүп калган кишилер келе беришет.
- Эмнеге жаштары келе албайт?
- Анткени, Кореяда мыйзам күчтүү. Алардын жыйырмага толо элек жаштарын жөн эле сыртка чыгара бербейт.
P.S. Ушундай окурман. Агентстволор ар дайым жылуу жумшак сүйлөп өзүнө тартат, булардын жүргүзгөн иш аракети мыйзам жүзүндөбү, жокпу өзүңүздөр таразалап аларсыздар. Болгону ким кандай чечим кабыл алса да туура жолду тандаса дейбиз. Алдамчылардын колу менен товар катары сатылып кетип аткан кыздарга, башка улутка турмушка чыкканды мода катары көргөн кыздарга зээниң кейийт. Мыкты улут өз канын таза сактап калат экен. Биз неге антпейбиз? Биз неге өз улутубузду сүйбөйбүз? Эмнеге…?
Назгүл ЭСЕНГУЛОВА