Өлбө жаным, өлбө…

Ош коогалаңынын саясий боёгу
Түштүктөгү коогалаңды изилдөө улуттук комиссиясы окуянын чоо-жайын иликтеп чыкты. Коогалаңдын чыгуу себебин ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн шалакылыгы, өзбек лидерлери жана качкан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси бар экенин белгиледи. Комиссия төрагасы Абдыганы Эркебаев өз сөзүндө УӨ мүчөлөрүн "акылдуу бийлик ошого жеткизбеш керек болчу. Күч түзүмдөрүнүн жана коопсуздук органдарынын түздөн-түз милдети болгон мамлекеттеги тынчтыкты камсыз кыла алышкан жок. Алдын-ала маалыматтар болгондугуна карабастан эч кандай чара көрүшпөдү. Коопсуздук кызматынын, ички иштер министрлигинин жана көзөмөл кыла турган башкы прокуратуранын жетекчилери өз милдеттерин так аткара алышкан эмес. Ошондуктан алар саясий жоопкерчилик тартышы керек" деди.
Чындыгында алдын ала өзбек лидери Кадыржан Батыров түштүк аймакка удаасы менен митинг өткөрүп, ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү менен коюн-колтук алышып жүргөн. Айтымдарга таянсак, Кадыржан Батыровго мурдагы бийликти алып түшкөнгө көмөк кылсаң, жакшы бир кызмат орун беребиз деген сөздөр айтылып жүрөт. Кийин ал Бакиевдин үйүн өрттөп, ага кошуп Кыргызстандын желегин өрттөп жибергендиги кыргыздардын кыжырын келтирген. Ал ортодо май айларында Жалал-Абадда кыргыз-өзбек ортосунда кагылышуу чыгып 2 адам каза болгон. Эл арасында тирешүү күндөн-күнгө күчөп, жек көрүү сезимдерин пайда кылды. Өзбек улутундагылар ачык эле кыргыздарга кол салуу уюштуруп, Оштогу тургундарга агрессиялык маанайдагы мамилеге өтүшкөн. Бир канча жолу кулак кагыш болсо дагы УӨ түштүк аймагына көңүл бурбай, тескерисинче кызмат, байлык бөлүшүү менен чектелишти. Түштүк аймакка көңүл бурбаганынын себеби, УӨнүн түштүк аймагында кадыры жок болчу. Андан сырткары жаңы Башмыйзамга кошуп Роза Отунбаеваны президент кылуу, Референдумду өткөрүү үчүн Ош коогалаңы убактылуу бийликтин айрым мүчөлөрү тарабынан уюштурулган деген версиялар бар. Коогалаң чыкканда алгылыктуу аракет көрүлбөй, бийлик өкүлдөрү Бишкекте бугуп жатып, качан гана жаңжал аяктап калганда (13-июнда) Текебаев түштүккө багыт алып, анда дагы жалаң өзбек улутундагылар менен жолугуп, кайра ат тизгинин бура тарткан. Ошондо кыргыздар нааразы болуп, Текебаевден жүзүн тескери бурушту. Айрым эксперттер Өмүрбек мырзанын мындай кадамын түштүктөгү кыргыздардан колдоо ала албай, шайлоодо өзбектерди колго алуу амалы деп белгилешти. УӨ анабашчылары Атамбаев,Сариев баш, Отунбаева төш болгон бийлик башындагылар анчейин деле түштүккө кейип-кепчиген түрү байкалбады. Роза айым ак куудай аппак кийинип бир канча күндөн кийин түштүктү түрө кыдырмай болду. Жолугушууда жолу болбой, ал дагы өзбек улутундагылар менен жолугуп, теледен "эл менен жолуктум" деп баса берди. Кыргыздардан кагуу жеп, акаарат укту. Ушундан кийин элде чын эле ушул бийлик коогалаңды уюштурган тура деп калды. Кадыржан Батыровдун сары изине эч ким чөп салып издеген жок. Имишке ишенсек аны дагы ошол кездеги УӨнүн бир өкүлү сак-сактап тышка өзү чыгарыптыр. Коогалаңда канча кыргын болуп, кимдер өлдү, эмне үчүн өлдү деген саясий баасы берилбеди. Бириси улуттар аралык араздашуу десе, экинчиси Бакиевдин кылганы да деп кол шилтейт. Эч ким сеператтык аракеттер экенин ачык айтып чыккан жок. Коркуп, өз баасын бергенден чочулашты. Күнөөлүүлөрдү издеп таппай эле койдук. Кадыржан "мени күнөөлүү деп сары изиме түшсөңөр өз айыбыңарды айрандай төгөм" деп кол кезеген экен, ошондон улам "убактылуулар" тим болушуптур деген сөз дагы айтылган. Анын дагы ак карасы убагында айтылар.
Улуттук комиссия изилдеп ким күнөөлүү экенин айтып чыкты. Бирок, бул дагы үстүртөн эле, "сен таарынба, тиги көңүлүнө албасын" дегендей эле болуп калыптыр. Эч кимге далилдүү айып тагылып, көзгө сайып көрсөтө албаптыр. Сыйпалап көрсөткөн күнөөлүүлөрдүн катарын толуктаган убактылуу бийликте тургандарды "өз ишин анча алып кете албаптыр, саясий жоопкерчилик берилсин" деп өтүнүптүр. Аларга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Кеңешбек Дүшөбаевдин , Ош менен Жалал-Абад облустарынын губернаторлорунун жана Ош шаарынын мэринин кызмат орундарына шайкештигин караштыруу жагын мамлекет башчысына сунуштады. Ошондой эле убактылуу өкмөттөгү күч түзүмдөрүнүн мурдагы куратору Азимбек Бекназаровдун , мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жана мурдагы ички иштер министри Болот Шердин аракеттерине саясий баа берүү маселеси көтөрүлдү. Абдыганы Эркебаев аталган жетекчилердин жоопкерчилигин, алардын этникалык кагылышууну алдын-алуу боюнча чара көрө албагандыгы менен байланыштырды.
Дайырбек Орунбеков




  Бийлик түштүктөн түңүлдүбү?

Ош коогалаңына саясий баа берилген жок
Акыркы күндөрү бийликтин оозунан 7-апрель түшпөй калганын угуп, муштум түйө кекенип аласың. Эмне үчүн бийлик алып бергендерге "баатыр" наамды ыйгарат да, кыргызды бөтөн элден сактап калгандарды оозуна да алгысы келбейт? Качан эле кыргыз кыргызды кырып баатыр болду эле? Кайда барба мына ушу 7- апрелдин кайгайы, канча күндөн бери сот жүрөт, бирок кылмыш кылгандар соттолбойт. Тообо, бул элди алдаганыбы же күнөөлүүлөрдүн акчасын жеп жөн гана жыландын башын кылайтып жатабы. Ал эми Ош коогалаңында өлүп кеткендердин жакындары, үйү өрттөнгөн кыргыздар бийликке кайрыла берип таманы талкан болгондору толтура …
Ошол 11-июнь ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө кара так болуп калды окшойт. Канчалаган баатырлар жанын берип, кыргызды жан кечтилерден сактап калды. Бийлик тамаша кылып 3 күн карап турду, качан кыргыздар женилбесин билгенде калп эле күйүмүш болуп койду. Бийлик дегенибиз Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев. Булар эчак эле өзбектердин жан кечтилери менен кеңешип алып Ошту аларга бермей болушканын түштүктөгү ар бир кыргыздан уга аласың. Сөздүн чынын айтуу кыйын. Бирок, Оштуктар чын эле көңүлдөрүнө көк таштай тийгенби, айтор аларга жардамдын жүзүн көрсөтө элек. Ошол согуш күндөрү эл кан жутуп турганда президент айым келип өзүнүн жашоосун ойлоп референдумду сүйлөп кетсе, эки-үч күн өтпөй анын куйруктары келип биз үй салып, жыргатабыз деп уялбай курулай сөздөрдү убада кылды да кетти. Өзбектер кыларын кылып алып акыры кыргызга туруштук бералбай чек арадан качып чыкты эле, кайра баягы эле Роза Отунбаева өзбек туугандарын өз дедиби айтор, кайтарып алды. Алар жүрөгүндө кек сактап жүргөнүн түк ойлободу окшойт…
Карапайым эл эми билек түрө ишке киришкен өңдөнөт, эгер июнь окуясы туура бааланбаса, эл-жер коргоп курман болгондорго көңүл бурбаса анда Роза Отунбаеваны Ташкентке жеткирип келебиз деп даяр турушканын айтышат. Сөзүм кур болбош үчүн, Ошто курман болгондорго да наам берилиш керекпи деген максатта айрым адамдарга да кайрылып көрдүм.


- Сюита Соурбаева, ОшТВ директору:
- Мен президент келгенде да ушул нерсени айтканмын, эмне үчүн 7-апрелде каза болгондорго наам берилет да, Ош коогалаңында жанын үрөп, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калган эр жүрөктөрдүн эмгеги эске алынбайт деп. Анан бизге азыркы учурда иликтенип жатат деген жоопту беришкен. Мен ойлойм, Ош окуясында Кыргызстанды сактап калган ар бир жаранга наам берилиш керек. Мамлекет карап чыгып албетте алардын эмгеги бааланат деген тилектемин.


Гүлшайыр Садыбакасова,
КР эл артисти:
- Мен ошол коогалаңдан бери сайрап келем, Ош окуясында элди-жерди коргойм деп жан берген эр азаматтарга кандайдыр бир сыймыктануу көрсөтүш керек деп. Кара мүртөз адамдардын ойлору башка болгон, ошту басып алып шаарды башка бир максатка пайдалангысы келишкен. Ошол жерде он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаштарыбыз элди сактайм деп курман болуп кетишпедиби. Анан ошол уул-кыздарыбыздын бүгүнкү күнгө чейин эмгеги бааланбаганы мени капа кылат.


Расул Рахманалиев,
студент:
- Мен ойлойм бийлик түштүктү өзбектин баш кесерлерине сатабыз деп убада беришкен го. Анан алардын ойлору такыр эле тетири чыкты окшойт. Болбосо, эл-жерди коргогон азаматтарга көңүл буруш керек эле. Негизи чыныгы баатыр деп Ош окуясындагы эр жүрөктөрдү айтса болот.Себеби, алар колунда куралы жок мекен үчүн жанын берген инсандар болгон. Мен 7-апрелде да, Ош окуясына да күбө болгом. 7- апрелде каршылашкыла деп курал- жарак таратышкан. Тескерисинче, Ош окуясында эч кимдин оюнда жок жерден уруш чыгарышпадыбы. Азыркы бийликтин Ош коогалаңын баалабаганы бул акыйкатсыздык.


Мээрим Исраилова