13.01.2011 20.01.2011
Кой
Көздөгөн максатына жетмейин көгөргөн кой жылдыздары үчүн апта жагымдуу болот. Андыктан алдыга койгон максаттарыңызды ишке ашыруу үчүн жигердүү кадамдарды жасай берсеңиз болот. Жуманын башында келбетиңизге көңүл бурууну унутпаңыз. Ошондой эле айлана-чөйрөдөгүлөрүңүздүн айткан сындарын туура кабыл алсаңыз оң жакка өзгөрүлөсүз дейт жылдыздар.
Букачар
Букачар жылдызы астында төрөлгөндөр жума ичинде өздөрүнө керектүү кызыктарды таба алышат. Өзгөчө студенттер үчүн жемиштүү болот. Зачет, экзамен деген сыноолордон кыйналбай өтөсүз. Дүйнөгө болгон көз карашыңыз өзгөрүлөт. Мүмкүн сиздин көз карашыңызды башка жакка бурган мугалим да табылат. Эс алуу күндөрү үйүңүздү же тегерек четиңизди тазалоо менен өзүңүзгө ырахат тартуулаңыз.
Эгиздер
Эскичиликтен тажап, имиджиңизди, жашоо образыңызды өзгөртүү тууралуу ойлор келет. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү сиздин өзгөрүүңүзгө түрткү боло турган окуялар болот. Жеке турмушуңузда өнөктөшүңүздү алмаштырышыңыз ыктымал. Бирок, бул күндөрү жашооңузду көрктөнтүп боеп турган романтикадан алыстайсыз. Жуманын аягында бардыгы өз ордуна келип, сизге таарынган адамдар менен кайрадан тил табышасыз.
Бөйөн
Кыз-жигиттер үчүн жума жагымдуу окуяларга бай болоору талашсыз. Бөйөн жылдызы астында жарык дүйнөгө келген бийкечтер ар бир нерсеге обьективдүү карап, өзүңүздүн терс сапаттарыңызды оңдогонго аракеттениңиз. Эгерде мындай кадамдарды жасаган болсоңуз анда ийгилик ачкычы сиздин колдо. Шаршемби, бейшемби күндөрү той, кечелерге барасыз.
Арстан
Арстандар ден соолугуңузга көңүл бөлбөсөңүз катуу илдетти илээштирип алышыңыз толук мүмкүн. Андыктан биринчи байлык болгон ден соолугуңузга кам көрүүңүз дурус болоорун айтышат жылдыздар. Чакырган жерден калба, өзүң басып барба деген сизге тийиштүү. Себеби, барган жериңизден сизди романтикалуу кече күтөт.
Бийкеч
Бирдиктүү иш алып баруунун натыйжасы өз түшүмүн бербей койбойт. Жетекчиңиз жаңы жумуш сунушташы мүмкүн. Аны жети өлчөп, бир кесип кадам таштаңыз. Колуңуздан келбей турган иш болсо, ордуңузда тура турган эп. Ал эми сүйүшүп жүргөндөргө түгөйүңүз суроону кабыргасынан коюп, мамилеңер бир тепкичке алдыга жылат же таптакыр үзүлөт. Сүйүктүүңүздү жоготуп албайын десеңиз аяр мамиле кылыңыз.
Тараза
Акча маселесин чечүүчү күн келди. Терең ойлонуп пайдалуу жакка жумшаңыз. Таразаңыздын ташын так коюп, жакындарыңыз жардамыңызга муктаж экенин да унутпаңыз. Жакшы буюм алардан мурун эртеңки күнүңүздү ойлоңуз. Карызга батып кетүү алдындасыз.
Чаян
Жылдызыңыз жанып, пайдалуу иш бүтүрүүгө ыңгайлуу учур келди. Жеке аброюңуз аркылуу жумушта жакшы өнөктөш табууга жетишесиз. Сот менен байланышкан иштерде ийгилик сиз тарапта. Убактыңызды атаандаштар менен болгон чатакка кетирбей, жеке ийгиликтер үчүн сарптаңыз.
Жаачы
Өткөн-кеткенди эстеп бир туруп сүйүнсөңүз, бир туруп капаланасыз. Башыңыздан өткөн окуялар капысынан эмес, окуялардын мыйзамченемдүү өнүгүшүнөн улам болгонун түшүнөсүз. Бул ой жүгүртүүдөн кийин өзүңүзгө ишеним пайда болуп, ийгиликтерге жетүү үчүн болгон аракетиңизди жумшайсыз. Аракетке берекет экенин, кыбыраган кыр ашаарын унутпаңыз.
Текечер
Чыгармачыл адамдарды ийгилик коштойт. Жалгыз бойлорду жаңы таанышуу, мамилелер күтөт. Болуп көрбөгөндөй жаңы сезимдерге балкыйсыз. Бизнесте да ташыңыз өйдө кулайт. Насыя алууну пландап жаткан болсоңуз ыңгайлуу учур экенин жылдыздар белгилешет.
Суупери
Суупери жылдызы астында төрөлгөндөрдүн иш планы өзгөрүп кетиши мүмкүн. Сиздин мындай кадамга барышыңызга жакын санаалаштарыңыз түрткү болот. Эмоцияга алдырбай өзүңүздү колго ала билсеңиз чыр чатактан алыс болосуз. Жуманын аягында сизге пайда алып келчү адамга кезигесиз.
Балыктар
Балыктар үчүн жума кирешеге мол болот. Жуманын экинчи жарымында ээлеген кызматыңыздан жогорулайсыз. Кандай чечим кабыл алсаңыз да жети өлчөп бир кесиңиз. Ошондой эле жылдыздар сизди алыскы сапарга чыгуудан баш тартууңузду эскертет.




Кусалык
Көптөн бери жүрөгүмдү өйүп келген бир нерсени окурмандар менен бөлүшкүм келди. Анда сөз башынан болсун. Атым Айзирек. Жогорку окуу жайын жаңыдан бүтүп, кесибим боюнча иштеп жүрдүм. Бир жылдай иштегенден кийин Бакыт аттуу жигит менен таанышып калдым. Бакыт абдан ак көңүл, боорукер жигит. Менин жүрөгүмдү аз убакыттын ичинде эле багынтууга жетишти. Экөөбүз сүйлөшкөндөн бир айдан соң 3 баласы бар экенин айтты. Ошол учурда жер көчүп, дүйнөм түгөнүп бараткандай сезилди. Чындыгында мен Бакытты абдан сүйүп калганымды, аруу махабатымды жалгыз ага арнаганымды ошондо гана сездим. Түнкүсүн жаздыгымды кучактап алып, эч кимге билдирбей шолоктоп ыйлаганымчы?! Көзүмдү жумсам эле анын сүйкүм элеси, жалооруган көзү мени карап тургансып жаман болуп жүрдүм. Ишке да чыкпай, көңүлүм эч нерсеге чаппай калды. "Аялы бар киши менен сүйлөшпө! Тозокко биринчи сен киресиң", - деп курбуларымдын урушканына карабай, смс жазышып, жолугушканымды токтоткон жокмун. Аны менен мамилемди канчалык үзөйүн десем да, үнүн укканда баарын унутуп калам. 3 балалуу кишини сүйүп калам деп 3 уктасам түшүмө кирчү эмес. Ошентип, барына кайыл болуп сүйлөшүп жүрдүк. Менин кубанычтуу мүнөттөрүмдү тең бөлүшүп, кайгырсам көңүлүмдү жубатып жанымда жүрдү. Бакытты жактырган жалгыз мен эмес элем, ага арбалган селкилер ондоп саналчу. Ошонун айынан экөөбүздүн ортобузда бат-баттан келишпестиктер болоор эле. Канчалык сүйүп турсам да, ага болгон тунук сезимди билдиргим келбейт. Ат айланып казыгын табат демекчи, ал деле акыры барып аялы, балдары менен бирге болот. Кээде отуруп, 3 бала төрөп берген аялынан да кызганып кетем. Акыркы жолу жаңы жылга жакын таарынышып кеттик. Ошондон бери мен ага, ал мага телефон чалган жок. Ичимен ириң куюлуп жатса да, сүйөөрүмдү биринчи билдиргим келбейт! Тек гана сиздердин гезит аркылуу, ага болгон сезимимдин бир шиңгилин жазгым келди. Бакыт, сенин бул дүйнөдө барыңа рахмат! Кандай гана күн болбосун, сени сүйүп, сени күтө берем.
Сенин бултушкаң