Экстрасенс

Ванга менен
акыркы жолугушуу

Ванга Гуштерова аттуу (1911-1996) Болгариянын эң атактуу олуясын кимдер гана билбейт. Петричте жашаган айтылуу Вангага дүйнө жүзүнүн бардык атактуулары келип турушчу. Ал тургай "кудай жок" деп окуткан СССРдин жол башчысы Л.И. Брежнев баш болуп айтылуу олуяга барышчу экен.
Ванганы 12 жаш курагында куюн учуруп кетип, көзүнө кум, топурак толуп эки көзү көрбөй сокур болуп калат. Жараткан эки көзүн алып койгону менен ага алдын ала айтуучулук же башкача айтканда "көрүп келди" касиетин берет. Ванганын ушул касиети азыркы күнгө чейин, "Ванга таланттуу маниупулятор же чыныгы олуя болгон" деген талаш-тартышты жаратып келет. Анын атагы 1944- жылдары катуу чыгып узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына жетет. Согуштан жакындарым келеби деп сураганы келген адамдардын барына так айтып бергени менен аты алыска кетет. Ванганын жанында өзүнөн бир топ жаш кичүү сиңдиси жардамчы болуп олтурчу. Ал кадимки эле аялдардай эле.
Ванганын чыныгы олуялыгы жөнүндө ошол кезде Болгариянын котормочулар кеңешинин жетекчиси Мария Петкова мындай дейт. "Ванга чындыгында эле таланттуу олуя болчу. Бир күнү эжем түшүнүксүз оору менен ооруп калды. Анын температурасы 40тан төмөн түшпөй, врачтар үч ай бою эч нерсе кыла албай коюшту. Мен ар кандай атактуу жазуучуларды, миллионерлерди Вангага алпарып, котормочу болуп берчүмүн. Кезектеги визитте, Вангадан эжем тууралуу сурап калдым. Ал ар дайым чакмак кантты жаздыктын алдына коюп уктагандан кийин алып келгиле дечү. Эжем ооруканада болгондуктан кант апкелгенге жетишкен жокмун. Анын ордуна анын бала кездеги жумшак оюнчугун ала келдим. Ал оюнчукту колго алаары менен Николай каза болуптур, ал жакшы адам болчу, жаткан жери жайлуу болсун -деп сөзүн баштады. Николай менин атам. Ал бир жыл мурун дүйнөдөн өткөн. Оюнчукту сылап жатып, Георгий деген ким? -деди.
Ал атамдын согуштан өлгөн биртууганы деп айтып түшүндүргүчө, Георгий Христо кайда- деп сурап жатат деди. Христо да атамдын биртууганы болчу. Ал дагы элүүнчү жылдары каза болуп калган. Эжем жөнүндө келгендигимди, анын мээсине операция жасаганы жаткандарын, мен коркуп жаткандыгым тууралуу эсине салып айтып өттүм. Операциядан баш тарткыла. Эжеңдин оорусу чанда кезигүүчү оору экен, айыктырса болот, жакшы врач керек. Билген врачтардын атын ата, мен кимиси жардам берээрин айтып берем деди. Болгон врачтардын атын атап өттүм. Француз врачка алып баргыла, ошол айыктырат деди көздөрү жумулуу олтурган Ванга. Чындап эле француз сейрек ооруларды айыктыруучу чебер врач болуп чыкты. Анын айтымында эжемдикиндей пайда болгон оорулуу адамдар дүйнө жүзү боюнча 300гө жетпейт экен. Ошентип Ванганын көрсөтмөсү менен эжемди француз врачы айыктырды. Ванга мени менен коштошуп жатып дагы көрүшөбүз деп койду. 1996 -жылы ноябрда таанышым өкмөттүк ооруканага жатып калгандыктан аны көрүп келүүгө баратып, Ванганын сиңдисин ооруканадан жолуктуруп калдым. Бул жердеги врачтар мени жакшы тааныгандыктан мага Вангага кирип чыгууга уруксат беришти. Ванга ооруканада комада жатыптыр. Алсыз колдору кроваттан ылдый салаңдап, эссиз жаткан экен. Алсыз колдорунан өөп коштоштум. Бул менин Ванга менен акыркы жолугушуум болду. Ал көп өтпөй бул дүйнөдөн кетти"-дейт Мария Петкова.
Лариса Асанбекова




  Парапсихологдун бурчу

"Менин сеникинен
башка колум жок"
Жаңы жылдын астында окурман мага телефон чалып, менин макалаларымды үзбөй окуурун, гезит жалпысынан жагаарын айтып келип, көзү ачыктын быйылкы жылга карата берген прогнозу жакпай калганын айтып өттү. "Ансыз деле заманыбыз тынч болбой жатканда аябай коркуткан нерселерди айтыптыр, ошону чыгарбай эле койсоңуз болмок экен" деди. Ооба, чыгарбай койсок деле болмок, бирок ооруну жашырса өлүм ашкере кылат деген сөз бар эмеспи. Окурмандын суроосу боюнча мен түшүндүрмө берип өтөйүн.
Ушундай уламыш бар. Кудай жаныбарларга жар салып, биринчи келгендерге белек берээрин айтат. Кудайдын алдына жетиш үчүн ортодо чоң дарыяны кечип өтүш керек болот. Муну укканда Бука(уй) дароо сууга секирип түшүп, кудайдын алдына жеткенде сулуу болуп көрүнүш үчүн денесиндеги сууну силкингенде Чычкан Кудайдын алдына түшөт. Көрсө ал Уйдун жонуна чыгып алып, суудан өткөн экен. Кудай Чычкандын тапкычтыгына ыраазы болуп биринчи жылды ыйгарат. Үчүнчү болуп дарыяга Жолборс секирип түшүп Кудайдын алдына жетет. Төртүнчү түшүнүксүз жаныбар келет. Ал Коенго да Мышыкка да окшош болот. Ошентип, ар бир жылга ээ болгон жаныбарлардын мүнөзүнө жараша, жыл да ошол мүнөздө болот экен. Мисалы, эски жыл Жолборстой жырткыч, кан көксөгөн жыл болгону баарыбызга белгилүү. Мындай ар кыл окуялар бизде эле эмес дүйнө жүзүндө да болду. Ар кандай кырсыктар, жардыруулар кандуу окуялар болуп, канча өмүрлөр кыйылды. Ал эми үстүбүздөгү жыл эки мүнөздүү жыл. Коен жумшак, төлдүү, адамга пайда алып келген акылдуу үй жаныбары. Бирок, коркок, башкаларга жем болуп калышы мүмкүн. Мышык да үй жаныбары. Ал адамга эч кандай пайда апкелбесе деле адамдар аны жакшы көрүшүп, бапестеп багышат. Мышык эч кимге көз карандысыз эркин жаныбар. Кааласа келет, каалабаса каалаган жагына басып кете берет. Мышык өтө сезимтал келип, жакшы көргөн ээсин кайдан да болсо жол таап, издеп таап алат. Эгерде мышыкка жамандык жасаган болсоңуз, ал сөзсүз түрдө өч алат. Мышыктын каргышы катуу. Өзгөчө Сиам мышыктары. Мышык пайгамбардын келини болгон, намаз окуп жатканда алдынан өтүп кеткени үчүн Мышыкка айландырып койгон дешет.
Эми биз көзү ачыктын прогнозуна кайрылалы. Биринчиден, Жолборс жылы бүтелек. Кыргыздын жыл санагы боюнча Жолборс жылы 21- мартта бүтөт. Жолборс кеткиче дагы жамандыктарды жасашы мүмкүн. Жыл башталаары менен үч милиция кызматкерлери окко учуп, дагы башка окуялар болуп кетти. Ошондуктан алдын алып айтуу менен алдыдагы боло турган жамандыктарды болтурбоо үчүн ар бир инсан салым кошуш керек. Дагы бир айта турган сөз, биздин келечегибиз бүгүнкү күндөн жаралат, ал эми бүгүнкү күнүбүздүн кандай болушу кечээги күнүбүзгө байланыштуу. Эмнени эксең ошону аласың деген сөз бар. Кечээги кан төгүүнүн кедергиси бүгүнкү күнүбүзгө тиет. Болуп өткөн кан төгүү, кайгы- капа, көз жаш, нааразычылык, көралбастык, агрессия, ичи тардык ушунун баары терс энергияны жаратып, толкуну алыска тарап, кайра артка эки эсе күч менен кайтат. Бул ар кандай табийгый кырсыктардын болушу менен мүнөздөлүшү мүмкүн. Ошондуктан эртеңки келечегибиз жакшы болсун десек бүгүнтөн баштап, ар бир адам жакшы нерсе жасоо менен салымын кошуш керек. Адам өзүнүн тагдырына өзү гана жооптуу. Ошондой эле Кыргызстандын келечеги кандай болоору кыргызстандыктардын колунда. Албетте, мамлекет башчылары көбүрөөк жооптуу. Алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат эмеспи. Биринчиден ар бир адамдын жүрөгүнө ыйман орноп, кудайдын он мыйзамын бузбай жашаганда гана заманыбыз оңолот. Адамзат эмес Жер планетасы өткөөл мезгилди башынан өткөрүп, жогорку деңгээлге өтүп жатканын айтып эле келатабыз. Эми ошол өткөөл мезгилден, Кудайдын сынагынан сынбай ар бир адамзаты өтүшүн каалайм. Кудай деген кур калбайт деген жакшы сөздү бабаларыбыз бекер айтпагандыр. Жараткан барыбызга Коен жылында ишибизди төлдүү кылып берекесин берсин, Мышыктай эркин жана сүймөнчүктүү бололу. Негизи бул жыл келечекке фундамент кура турган жыл. Фундамент бекем болсо дубалыбыз бекем болоорун билебиз. Ошондуктан келечегибиз жакшы болсун десек бүгүнкү күндөн аракет кылалы. Кудай айткан экен. "Менин сеникинен башка колум жок" деп. Демек, келечекти өз колубуз менен кураарыбызды унутпайлы. Буудай эксек жүгөрү чыкпаган сыяктуу, жасалган жамандыктын түшүмү да жамандык. 2011-2012-жылдагы Кудайдын сынагынан сынбай өткөндөр үчүн алдыда жалаң жакшылыктар гана күтөт. Себеби, каралыкка толгон Калиюга доору бүтүп, Алтын доор башталат. Кудай адамзатты иргөөдөн өткөрүп жатканын дагы бир ирээт эсиңиздерге салайын. Эмесе ар бирибизге Кудай жар болсун, келечегибиз кең болсун. Жамандыктар эски жылга ташталсын, жылыбыз жакшылык менен башталсын. Ыймандын нуру төгүлүп, береке, ырыскы мол болсун Аминь.
(Уландысы кийинки санда)
Лариса Асанбекова



Дартка даба "XanGo"
Сиз ден соолугуңузду чыңдап, ар кандай илдеттерден арылгыңыз келсе, жакшы жашоону кааласаңыз анда назарыңызды көп ооруларга даба болгон "XanGo" ширесине буруңуз.

Жыл өткөн сайын адам баласынын талаптары жогорулап, бизди курчап турган айлана-чөйрө булганып, терс энергиялар көбөйүп бара жатат. Терс энергиянын көбөйүшү ар кандай оорулардын пайда болушу менен сүрөттөлөт. Жаның көзүңө көрүнгөндө эмнени гана кылбайсың. Астыбыз бейтапканага чуркасак, артыбыз табыптарга барабыз. Дартты берген жараткан дабасын бербей койбойт. Мына ошондой дартка дабалардын бири "XanGo" ширеси. Аталган шире мангустин жемишинен алынат. Кылымдар бою бул жемиштен ар кандай инфекциялык ооруларга дары жасап келишкен.
Эгерде Алоэ Вера өсүмдүгүндө 1 ксантон болсо Мангустиндин курамында 39 ксантон бар. Күчтүү антиоксиданттык сапатка ээ болгондуктан адамдын органындагы бардык шлактардан тазалап, ден-соолукту калыбына келтирген касиетке ээ. Бул ширенин курамында А, С, Е, D, В1, В2, В6, В12, витаминдери жана көптөгөн ден соолукка керектүү заттарга бай.
Ар бирибизде кантип эле бир жемиш бардыгына дары болсун деген суроо туулбай койбойт. Акыркы отуз жылда атайын лабараториялык изилдөөлөр мангустиндин организмге кандай жардам берээрин далилдеп чыгышты. Жыйынтыгында:
Организмден токсиндерди чыгарат, Клеткалардын тез картайышына бөгөт коет, Иммундук системаны жакшыртат, Жүрөктүн согушун нормалдаштырат, Сөөк, муун ооруларын алдын алат, Стресс, уйкунун бузулушун жөнгө салат
Мындан тышкары:
Аллергия, Ангина, Рак, Диабет, Депрессия, Эндометриоз, Эмфизема, Киста, Гепатит С, Гипертония, Склероз, Грыжа, Шишик (Опухль), Бөйрөк, Чачтын түшүшүнүн токтоосуна жардам берет.


Бул шире жөнүндө кененирээк билгиңиздер келсе 0312 89 01 98 же 0700 801 007 телефонуна чалыңыздар.