Бирбүркүм
Бакиев көзүн ачтырып…
Имиш аке имине дейт дебейсиңби? Бакиев жөн жатпай Отунбаеваны оңкосунан түшүрүү амалын ойлоп, катуу киришип атыр дейт. Жанындагы куралчандарына эмес, көзү ачык бүбү-бакшылар менен дуба түшүрүп, "мендей болуп тентип кал" деп "сүф-сүф" эттирип окутуп атыптыр. Дубанын күчү менен Эшимканов Бакиевдин короосуна корголоп, Максимди жандап калды эле. Билесиңерби, Мекең көзү ачыктар "Бакиев менен чогуу болсоң, жолуң ачылат" деп айтты деп жалпы элге жайганын. Кийин оппозицияны таштап, бийликке өтө качып, мурдагы жолдошторун өлө соккон. Бу дубанын күчү жама-ан. Атамбаев али күнгө чейин "мени окутуп салды" деп какшап эле келе жатат. Ал тургай азыркыга чейин өзүнө келалбай "өйдө-ылдый" болуп атпайбы. Эми Бакиев Отунбаеваны кетире албасына көзү жетип, дуба менен "тырайтайын" деп атса керек…


Аватар 85те
23- ноябрда Индиянын түштүгүндө жайгашкан Путтапарти шаарында чоң майрам болду. Бул Жердеги тирүү аватар (кудайдын адам денесинде жаралышы) Сатья Саи Бабанын 85 жылдык юбилейине арналган майрам. Баса, Индияда автарларды Кудай дешет. Буга чейин Кришна, Будданы аташса, азыр Жердеги Кудай Саи Баба. Саи Бабаны Индиянын премьер-министри Манмохан Синх баштаган өлкөнүн бүт штат башчылары жана дүйнө жүзүндөгү атактуу адамдар келип куттукташты. Ашрамда азыр эмне болуп жатканын сөз менен жеткирүү кыйын. Баса, туулган күн ээсин куттуктаганы Путтапартиде Бельгиянын Королевасы, Грециянын Премьер-министри, Непалдын Королу жана Казакстан президентинин аялы Сарра Назарбаева да жүрөт.
Буга чейин Саи Бабада- Далай-Лама ХIV, Мстислав Ростропович, Джорж Харрисон, Стивен Сигал, В.Путин, Н.Назарбаев, Эрнст Мулдашев, Борис Гребенщиков жана дүйнөнүн атактуулары болгон.

Атамбаевдин айласы кетти
Отунбаевадан коалиция түзү сунушун алгандан кийин Атамбаев ат тизгинин Маскөөгө буруп, сабалап барып келген. Көпчүлүк күтүп аткан "Ата Мекен", "Республика" менен биригүү кадамдары ийгиликсиз болчудай көрүнөт. Текебаев тескери кеткен имиш. Аргасы кеткен Атамбаев "Ар Намыска" куда түшүп, Куловдун колун сурап, жуучу жөнөтүптүр. Кыязы коалиция түзө албай калчудай болуп, акыркы аракетин кылып, жандалбас уруп аткандагысы го. Текебаевдин тескери кеткени Медведев акенин кийлигишүүсүнөн болсо керек. Атамбаев чечкиндүү кадамдарга бара албай, орус бийлигине чапкылап жүрсө Текебаев теңине алгысы келбеген чыгар. Кулов хоп дебей койсо, анда Алмаз мырза "Ата Журтка" келээри бышык. Бул жактан да жолу болбосо, Текебаевдин ташы өйдө кулап, курама журтту өзү курайт го.


Суталинов менен
Отунбаева табакташ…
Оозун араандай ачып, "бакиевчилер" деп поктосо оозунан шилекей чачыраган азыркы бийлик мүчөлөрүнүн дарегине сын айтылып, күн санап бети ачылып, тактап берем деген кишилер табыла баштады. 87 баланын каны төгүлүп, Бакиев кан төгүп качса, бу кан кечип келген бийлик тушунда көптөгөн башаламандык, кан төгүүлөр болуп кетти. Анын баарын Бакиевдерге шылтап, өздөрү сүттөй акпыз дешти. "Издеп атабыз" дегенинен же майнап чыккан жок. Жакындагы сот жүрүшүндө дагы бир Гүлчөтайдын бети ачылгансыды. Чолпон Жакупова деген убагында Бакиевди этектен тартып, желкеден басып сындаган оппозициянын курамындагы айым бар эле. Бүгүн ал Отунбаеваны оодармакка шымаланып аткан окшойт, 7-апрелдеги иш боюнча сот отурумунда Роза айымды капталдан качырды. Ошол коогалаңдан кийин азыркы издөөгө алынган Мурат Суталиновду өзү коштоп, Кеңешбек Дүйшөбаевдин машинеси менен Кыргызстандын чек арасынан чыгарып койгондугун айтып, буга 40тан ашык күбөм да бар деди. Бекназаровдун Жанышты соодалап чыгарганы да айтылып келет. Анан бул Өкмөт кызарбай аларды издемиш болуп, жең ичинен акча сунушуп, тил табышып алып, ортодо караламандын канын төккөнүнө не дейсиң? Анан ортодо күнөөсү жок, балтыр эти толо элек жаш балдарды "канкор" аташып, канчадан бери СИЗОдо камап жатышат. Эми минтип күнөөсүн тактай алышпай, элдин ортосуна салып, каргатып аткандарына жол болсун. Дагы Бакиевдерди, Суталиновду көргөндөргө 100 миң доллар беребиз деп жар салып, элди чогултуп шоу кылганына кантесиң. Эл көзүнө өздөрүн таза кылып, аларды душман санаганы менен, элдин көзү мындай болгондо чогуу чартаңбай тээп, бир жерде даам сызып отурабы дейт экенсиң. Канткен менен Чолпон айым бир балээнин башын кылтыйтканы калды. Эми Буга Отунбаева менен Дүйшөбаев эмне деп жооп кайтарат экен? Же былыгы чыгып атса деле бышы кулак болуп калган бийлик үн катпай кутулабы…


Орустар Акаевге
бийлик береби?
Экс-президент Аскар Акаевге Россия Квантовой экономиканы башкарууну сунуштап жатышат. Россиянын белгилүү экономисти Александр Айвазов "Завтра" гезитине Россияда Квантовой Институт негиздеш керек экенин, Аскар Акаевич бул багытта жаңы илимий иштерди иштеп чыкканын жазып чыкты. Жакында "Сценарий и перспектива развития России" аттуу китеп Академиктер В.А. Садовнич, А.А. Акаева, профессорлор А.В. Коротаев, Г.Г. Малинецкийдин редакторлугу алдында жарык көрдү. МГУнун ректору Садовнич менен бирдикте Акаев "Комплексный системный анализ и моделирования мировой динамики" аттуу проектисинде дүйнөлүк өсүштүн математикалык моделинин үстүндө иштеп жатыр. Ошондой эле атактуу дипломат, атайын ыйгарымдуу элчи, Россиянын Дипломатия академиясынын президенти Ю.Е. Фокин"Слово о президенте" аттуу китебин жарыкка чыгарды. Бул китеп Кыргызстандын биринчи президенти жөнүндө жазылган. Анда Кыргызстан сувереннитет алган мезгилде кыргыздын ишенимдүү уулу Аскар Акаевдей президенттүү болгонун, анын мамлекеттик ишмердиги, дипломатиялык, окумуштуулук ролу зор экенин жана качандыр бир убакта Акаевдин Кыргызстан үчүн кылган кызматы обьективдүү текшерилип, өз баасын алаарын айткан. Орустар минтип жан тартып, иштетип күчүн алып атса, кыргыздар Акаевдин атын укканда ичиркенип, жээрип атыр.

"Асман пресс"