25.11.2010-
02.12.2010.
Кой
Кой жылдызы астында жарык дүйнөгө келгендер аптанын башында кыйынчылыкка дуушар болосуз. Шаршемби, бейшемби күндөрү моралдык, материалдык колдоо аласыз. Капчыгыңыз кампайып, жеке жашооңузда жакшы жакка өзгөрүүлөр болот. Иш жаатында да бир тепкичке көтөрүлөсүз. Ал эми эс алуу күндөрү үй иштери менен алектенесиз.
Букачар
Жылдыздар сизди сак болууңузду эскертет. Себеби иш күнүңүздүн башында алданып калышыңыз толук мүмкүн. Бирок, ашыкча эле ойлоно бербеңиз жуманын аягында бардык кыйынчылыктар сиздин пайдаңызга чечилет. Башыңызга иш түшкөндө колдоп кете турган туугандарыңыздын бар экенине тобоо кылып, алар менен болгон алакаңызды жакшыртыңыз. Дос күйдүрүп айтат дегендей, досуңуз айткан сөзгө терикпестен, жакшы жагына жооруп, ишиңизди уланта бергениңиз дурус.
Эгиздер
Бул жума сиз үчүн окуяларга бай жума десек болот. Андыктан ар бир нерсеге дыкаттык менен мамиле кылганыңыз дурус. Эмоцияга алдырып, жакын адамдарыңызды таарынтып алуудан алыс болуңуз.Ар бир нерсенин өз убагы болот эмеспи, сиз көптөн бери пландап жүргөн ишиңиз болуп, итиңиз чөп жээрине аз убакыт калды.
Бөйөн
Көптөн күткөн максатыңызга жетесиз. Ала албай жүргөн аласаңызды аласыз. Сууну сиңе турган жерге төк дегендей, акчаңызды да билген адамга жумшасаңыз, кийин жообун эки эсе аласыз. Жуманын аягында романтикалуу кече күтөт.
Арстан
Келе жаткан жума жакшы кабарларга бай жума. Айрыкча жеке жашооңузда чоң өзгөрүү болот. Көптөн күткөн сүйүүңүздү кезиктиресиз. Бир келген бакыттын кушун коё бербей кармап калыңыз. Ар кимдин айткан сөзүнө ишенбей, өзүңүздүн жүрөгүңүз эмне десе, ошону кылсаңыз, баары сиз ойлогондой болот.
Бийкеч
Оор нерсенин бардыгы артта калды десеңиз болот. Жума ичинде сиздин көздөгөн максатыңызды ишке ашырууга эч кандай тоскоолдук болбойт. Эң негизгиси чечим чыгарууда шашылбаңыз. Анткени, чечим көп нерсенин өзгөрүп кетишине түрткү болот. Жума аягында, романтикалуу кеченин ханышасы болосуз.
Тараза
Жеке жашооңузда жана жумушуңузда өзгөрүүлөр күтүлөт. Улам жаңы бийиктикти самап жутунбаңыз. Андан көрө сизге пайда алып келе турган жагын караңыз. Таанышуу, жолугушуу кечелерди жуманын аягына жылдырыңыз. Ал эми жеке жашооңузга байланыштуу маселелерди козгобой эле койгонуңуз эп. Бойдоктор өзүнүн жарымын таап, келечекке аттанышат.
Чаян
Чаян жылдызы астында төрөлгөндөр күч-кубатын, энергиясын пайдалана турган жума. Кандай гана маселе болбосун тараза ташы сиз жакка оорун эсиңизге ала жүрүңүз.
Жаачы
Алыс жолго чыгаарыңыз күтүлүүдө. Жумушта ар кандай интригаларга берилип кетпей өзүңүздү колго алыңыз. Жекшемби күнү урушкан адамыңыз менен элдешесиз. Баарын ойлонуп чыксаңыз, келечегиңизге пайдасын тийгизе турган чечим кабыл аласыз. Адамдын көңүлү гүл дегендей эле, бирөөнүн көңүлүн калтырып алыштан алыс болуңуз.
Текечер
Өзүңүздүн амбицияңызды азайтып, өтө эле жогорулап кетпей ылдый түшүңүз. Ар нерсенин өз убагында болгону жакшы дейт жылдыздар. Акча маселесинде бир аз кыйынчылыктар күтүлүүдө. Ал эми жеке жашооңузда жаңы таанышуулар болот. Текечерлер мүйүзүнө ишенбей, аракет кылса, берекесин көрөт.
Суупери
Жума ичинде ар кандай кырдаалдар болуп, өзүңүздү колго ала албай калышыңыз мүмкүн. Андыктан ар бир нерсенин өз чегинде чечип туруңуз. Жуманын аягында тоодой көрүнгөн маселе өзүнөн өзү жоголуп кетет.
Балыктар
Жылдыздар сизди финансы жактан жардам алаарыңызды айтышат. Жеке турмушуңузда көп кыйынчылыктарга туш болосуз. Эң жакын деген адамдарыңыз алдап кетиши мүмкүн. Жумушуңузда кожоюнуңуз менен пикир келишпестиктер болуп кетпесин десеңиз ишке өз убактысында келгениңиз дурус.






Кошуна кыз

Бүгүн жалгызсырап, эч нерсеге көңүл жок үйдө жатам. Ар кандай окуялар эске түшүп, бирде кайгырсам, бирде каткырып күлөм. Кокусунан көзүмө урунган тааныш шакекти карап көңүлүмдө кандайдыр бир уйгу-туйгу ой пайда болду. Ооба, ал шакектин артында кумарлуу жашоо, жагымдуу окуя болгон. Анда жаңы шаарга келип, тайкемдин үйүндө жашайм. Күндөрдүн биринде кошуна кыз менен таанышып, мамилебиз тереңдеп кетти. Ал менден 4 жашка улуу. Бирок, келишимдүү, кирпиктери төгүлгөн, карагаттай көздөрү менен арбап алчу. Ал дагы эжесиникинде жашайт. Турмушка чыгып, күйөөсү менен келише албай баса бериптир. Айылда калгысы келбей жумуш издеп, шаарга келген экен. Ар күнү жумуш издеп убара, бир күнү жалчыгыдай жумуш таппай, үйүнө маанайы түшүп келди. Көздөрү да шишип, ыйлаганы билинип калыптыр. Узун кирпиктеринен тамчы жашы куюлуп, сулуу келбетине дагы көрк берип, ажарлуу болуп көрүндү. Жүрөгүм "зырп" этип кетти. Акыркы убактарда ага арбалып, жандүйнөм берилип кетип атканын байкабай да калдым. Бир күнү сабактан кеч чыгып, маршруткага жетишпей калдым. Таксиге кайдагы акча болмок эле. Стипендиям жетмек түгүл, кара курсакты бир кампайтканга жарабайт. Жөө жөнөдүм. Кышкы суукта шаша-буша үйгө жетип бардым. Кире беришти аттаганда:
- Данияр,- деген тааныш үн кулагыма шак дей түштү. Жалт карасам, кошуна кыз турат. Үстүндө кийими жука, колдору үшүп, чачын да кымтуулаганга алы келбей тоңуп калыптыр.
- Ай, сизге эмне болгон?
- Эжем…-деп мукактана аркы сөзүн айта албай ыйлап жиберди. Үстүмдөгү курткамды чечип ага ороп, кучагыма тартып соорото баштадым. Көрсө, эжеси экөө айтыша кетип, эшикке чыгарып салыптыр. Мен үйгө киргизейин десем жеңем ачуулуу, конок жактырбаган адам эле. Таштап кете албай, жардам бергим келди. Жакынкы жерде мейманкана бар эле, ошол жактан орун алып бермек болдум. Үйгө жүгүрүп кирип, катып койгон акчамды алып чыктым. Мейманканадан орун алып, ысык чай алып ичтик. Көпкө сүйлөштүк. Бир оокумда кетейин деп, кийине баштадым. Кошуна кыз жалооруй карап, кетиргиси келбей жатканын сездим. Коштошуп колумду сунуп, бир топко кармашып, көзүбүз чагылыша түштү. Өзүмө карай тарттым, ал дагы боюн салып, кучагыма толо түштү. Көптөн бери сагынышып күтүшкөн жандар сыяктуу ээ-жаа бербей керебетке кулап түштүк. Жытына магдырап, тойбой кайра-кайра кучагыма кысып, махабаттын магдыраткан, кумардын ысык отунда бул дүйнөнү унутуп, башка ааламга чыгып кеттик.
Машинанын дүрүлдөгөн үнүнөн чочуп ойгонуп кеттим. Көзүмдү ачсам күн кылайып чыгып калыптыр. Жанымды карасам кошуна кыз жок. Манжама шакегин калтырып кетиптир. Бир заматта жандүйнөм жалгызсырап, бир көз ирмемде болуп өткөн бактылуу, кыска ширин түндү тамшана эстеп кала бердим. Үйүнө келсем, айылга кетип калыптыр. Андан бери бир топ жыл өтсө дагы сагынып, издеп, белек кылып калтырган шакегин сактап келем… Кайдасың, келчи…
Данияр