Асман кабар
"Азия Универсал Банк" карыза батты
"Азия Универсал Банк" кардарларына 6 млрд. 696 млн. 600 миң сом карыз. "Активдери банкрот болгон маалда 4 млрд. 929 млн. сомду түзгөн. Учурда АУБдун кардарларга бере турган милдеттери үчүн 1,767 млрд. сом жетишпейт", деп айтылат маалыматта. Активдердин 369,8 млн. сомун акча каражаттары түзгөн, 650,9 млн. сому корреспонденттик эсептер, 1 млрд. 644 млн. сому мамлекеттик баалуу кагаздар, калган активдер 1 млрд. 787 млн. сомду түзөт. Банктын жеке тараптарга карызы 502,3 млн. сом, юридикалык тараптарга карызы 2,233 млрд. сом.

Окуу жайга бомба коюлган…
Бишкекте белгисиз адам окуу жайга бомба коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат билдирген. Укук коргоо органдары кабарлагандай 13-ноябрда саат 9:33дө белгисиз адам №9 тарбиялык окуу комплексинин бухгалтериясына чалып, аталган окуу мекемесинин аймагында жардыргыч бар экенин айтып трубканы коюп таштаган. Окуя болгон жерге барган КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери мина издечү ит менен мекемени карап чыгышкан. Издөө учурунда жардыргыч зат табылган жок.


Ош базарында айыл чарба продукцияларына болгон баа кескин көтөрүлдү
Борборубуздагы Ош базарында айыл чарба продуктыларына карата болгон баа кескин өсүп кетти. "Койдун жана уйдун эти өткөн айда орточо 7%га башкача айтканда килограммы 205 сомго чейин кымбаттаган. Сарымсактын килограммы 215 сомдон 235 сомго чейин көтөрүлгөн. Жүзүмдүн килограммы 75 сомдон 115 сомго чейин жогорулаган. Ошол эле учурда картошка, сабиз жана жергиликтүү алманын баасы арзандаган. Кыргыз- өзбек чек арасынын белгисиз мөөнөткө чейин жабылышынан улам 2009-жылга салыштырганда жаңы бышкан айыл чарба продуктыларынын баасы кымбаттаган.


"МИҢ КЫЯЛ ФМ"
СТУДЕНТТИК ШПАРГАЛКАны жылдыруунун себеби
Студенттердин Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата "Миң кыял ФМ" радиосу уюштурган 16-17-ноябрь күндөрдөгү "Студенттик шпаргалка" шоу-кечеси башка күнгө жылдырылды. Мындай чечимдин кабыл алынгандыгынын себеби, 17-ноябрь күнү концерт өтө турган Кожомкул атындагы Спорт сарайында 7-апрелдеги коогалаң боюнча сот процесси себеп болгон. Курманбек Бакиев баштаган 28 адамдын үстүнөн өтө турган сот процессине байланыштуу "Студенттик шпаргалка" кечеси башка мөөнөткө жылдырылды. "Миң кыял ФМ" радиосу жалпы угармандарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Спорт ордосунда кайрадан концерттик ишмердүүлүк башталганда, милдеттүү түрдө аталган шоу-программа орун алат.Эске сала кетсек, "Миң кыял ФМ" радиосу бул чечимге эч кандай тиешеси жок жана концертти жылдыруу тууралуу чечимди эң соңку учурда уккан. Урматтуу угармандар, буга чейин "Студенттик шпаргалка" шоу-кечесине билет сатып алган болсоңуз же радионун эфиринен жана кайсы бир маалымат каражаттарынан утуп алган болсоңуз, билетиңизди сактап коюңуз. Жакынкы күндөрү аталган шоу-программа кайсыл күнү орун алаары тууралуу толук маалымат беребиз жана ал концерттик программага буга чейинки билеттериңиз менен кире аласыз деп, толук түрдө кепилдик беребиз дешет.





  Таанып ал

ЖоКенин депутаттары
Чолпон Султанбекова,
"Республика" партиясынын депутаты. "Алыш" күрөшү боюнча Эл аралык федерациянын жана "Палван" корпорациясынын президенти.
Мичурин педагогикалык иститутун, Кыргыз мамлекеттик юридикалык Академиясын, КРдин ТИМинин алдындагы Дипломатиялык Академиясын бүтүргөн. 3 баланын энеси.

Бахтияр Кадыров,
"Ар Намыс" партиясынан депутат. Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүрүп, эмгек жолун орто мектепте тарых мугалими болуп баштаган. Бир топ ийгиликтерди багындырып акыркы кездерде КРнын баскетбол федерациясынын президенти болгон. 48 жаштагы депутат мырзанын 4 баласы бар.


Нурзат Осмонова,
"Ата-Журт" партиясынан ЖКнын депутаты.
Кыргыз Мамлекеттик университетинин Юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Депутаттыкка чейин ошол университетте мугалим болуп эмгек жолун баштаган. Атажуртчулардын эркеси. 24 жаштагы бийкеч депутатыбыз бойдок.

Азамат ЖЕТИШБАЕВ




Экономикалык кризисте чачылып той бергендин кажети барбы?
Урмат Шеримбаев, Ысык-Көлдүн тургуну:
- Карыздап той берүүнүн кажети жок. Бири-бирине атаандашып кем калышпайлы деп той өткөзүшөт. Бирок, киреше эмес эле чыгаша көп болуп калат. Чакырган жерден калбагын деп эл келип ичип-жеп кете беришет. Ал эми той берген адам канча чыгым болот. Биз бирөөлөр үчүн эмес өзүбүз үчүн жашаганды үйрөнүшүбүз керек.


Керим Токтобеков, Аксынын тургуну:
- Экономикалык кризис жок эле бул биздеги оору деп ойлойм. Анткени тойдо эмне деген акча жөн эле жерге чачылат. Айрымдар башкаларга атаандаштык кылып малын сатып, карыздап той берип, ал карызын кутула албай бир топ азап чегишет. Бүгүнкү күндө кафеден той өткөргөн модага айланды. Илгери ата-бабаларыбыз кыргызча эле үйдөн сонун той өткөрүп келишкен.


Кыяз Амангулов, Бишкек шаарынын тургуну, студент:
- Карыздап той берген акылга сыйбаган иш. Өзүнүн күчү жетсе каалашынча той бере беришсин. Кээ бирөөлөр той өткөргөнгө кетирген каражатын катышына жараша чакырып кошумча менен жаап кетишет. Бул заманда атаандаштык күч алууда, "Манастан, Чубак кем бекен" дегендей жалгыз малын сатып той бергендер бүгүнкү күндө көп. Айтор элдин маданияты жакшы көтөрүлө элек, кыргыздын салты менен болгонубуз эле туура деп ойлойм.


Замир Ташпулатов, Бишкек шаарынын тургуну:
- Улут эмнеси менен улут? Улут өзүнүн тили менен өзүнүн каада- салты, салт-санаасы, нарк-насили менен улут. Өткөрүп жаткан той-топур бул да болсо биздин улуттук каада-салтыбыздын сакталып калуусуна шарт түзөт. Бирок, бүгүнкү кысталыш учурда көп деле ысырапчылык кылуунун кажети жок деп ойлойм. Ар бир адам өзүнүн турмуш-шартына жараша той өткөрсө жакшы болмок. Тилекке каршы бүгүнкү адамдардын эл көрсүн үчүн жасап жаткан чоң тойлору башка адамдарга эле эмес Кудайга да жакпаган иш деп ойлойм. Андан көрө чакан эле той кылып, калган акчасына эки жашка керектүү нерселерге жумшаса жакшы болмок.