Айылбашат

Дастан Жумабеков, ЖКнын депутаты:
"Дыйкан чарбаны өнүктүрүү керек"
- Депутаттыкка чейин кайсы тармакта иштедиңиз?
- Таласта дыйканчылык менен алектенип, элдин арасында болгом. Дыйкандардын көйгөйлүү маселелерин сезип, алар менен бирге жер иштетүү, суу чарбасы сыяктуу маселелерди чечип жүрдүм. Анан ӨКМде 9 ай иштедим.
- Эл арасында жүрдүм дедиңиз, ал жактагы кайсы көйгөйлүү маселени көтөрүп, кандай шарт түзө турган программа иштеп чыгасыз?
- Эми элди башкарууну, мамлекеттин жүгүн парламент алганы турат. Депутат болуп келгенден кийин элибизге кызмат кылуу мойнубуздагы жүк, эл алдында жоопкерчиликтүүбүз. Шайлоого аттанганга, үгүт ишине чейин эле карапайым элдин турмушун жакшы билчүбүз. Азыр айыл жерине, элеттиктерге көңүл бурбасак көп ийгиликтерден артта калабыз. Анткени бул заманда шаарды да багып, камсыздап аткан айылдын эли болуп атпайбы.
- Бул азыр талашсыз маселе, айылды көтөрөбүз деп баары айтышат, ошо айылга кандай шарт түзүп беребиз дегенге келгенде жоопсуз калып атпайбы…
- Айылды көтөрүүдө жолдорду оңдоо маселесин да алдыңкы пландарга киргизишибиз керек. Азыр ал жакка көңүл бурулбай, эски асфальт тамтыгы чыгып тешилген. Ушул боюнча программам бар. Анда Таласка асфальт заводун ачуу тууралуу каралган. Аны мамлекеттик деңгээлде колдоого алыш керек. Көйгөйлүү дагы бир маселе айылдыктар дыйканчылык менен жан багышат. Айдалып себилген фасоль, картошка, дан азыктарынын түшүмү акыркы учурларда кескин азайып кеткен. Буга себеп жердин кыртышынын бузулуп, арыктап кетишинин натыйжасында ушундай абалга дуушар болуп атабыз. Жерге керектүү жер семирткичтер берилбейт.
- Кандай жардам бере аласыз?
- Анализдөө лабораториясын курушубуз керек.
- Дыйкандардын түшүмүн сатып алууда мамлекет менен келишим түзүлөт. Жыйынтыгында дыйкандардын продукциясын мамлекет сатып албай, ортомчулар пайдасын көрүп, дыйкандар банкрот болушат…
- Андан мурда түшүм аз болуп атпайбы. Мисалы төө бурчактан 1 гектарынан 1-2 миң тонна эле түшүм алышат. Бул түшүм өтө төмөн. Турцияда гектарынан 4-5 тоннага чейин түшүм алышат. Бизде бул көрсөткүчтү ала албаганыбыздын себеби жер кыртышынын арыктап кетиши. Мамлекет да бул нерсеге көңүл бурбай келген. Эгер биздин дыйкандар 4-5 миң тоннадан түшүм жыйнаса, анда баанын арзандыгына карабай пайдага маарымак. Сугат жагы да жакшы деңгээлде уюшулган эмес. Реформа деп мыйзамды алмаштырдык, эмнеге арыктарды реформалабайбыз. Каналдар толуп, тосмолору эскирип совет доорунан бери кароосуз калган. Дыйканга болгону шарт түзүп беришибиз керек.
Дайырбек ОРУНБЕКОВ






  Улутчулдук улуттук иммунитет!

Улутчулдук улут коопсуздугунун кепилдиги
Бүгүнкү информациялык мейкиндикте көптөгөн түшүнүктөрдүн мааниси кетип, таптакыр башка нерселерди туюндуруп калып жатат. Медия чөйрөдөгү идеологиялык согуштар азыркы адамдын ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, аң сезимине үстөмдүк кылуу менен маалыматтык агымга көз каранды кылып салды. Бүгүн бизде маалыматтык хаос пайда болду. Мына ушундай шартта адамдардын өздүк таанып билүү фактору экинчи орунга чыгып, улуттун өздүк иденттүүлүк күчү жоголуп бара жатат. Бул нерсе өз кезегинде улуттук аң сезимдин алсызданышына алып келип, натыйжада улуттук сезими сууп жана баалуулуктары алмашып калган космополиттерди пайда кылып жатат. Ушундан улам кыргыз коомчулугунда элге пайдасы жок тирүүнүн өлүгү көбөйдү...


Бул көрүнүштү биологиялык организмге салыштырып көрсөк да болот. Маселен организм бирдиктүү система экендиги белгилүү. Бул системада ар бир орган өз кызматын айныбай так аткарып, башкалар менен системалык тыгыз байланышта болот. Бир эле органдын иштен чыгышы бүтүндөй системага залал келтирип, биологиялык организмдин талкаланышына да алып келиши мүмкүн. Илимде белгилүү болгондой эгер организмдеги ар бир клетка өзүнүн иштеп чыккан энергиясынын 80% жалпы организмге жумшабаса, чоңойуп отуруп системалык тартиптен чыгат да, жегич рак клеткасына айланат. Мындай клетка организмди жеп баштайт. Табигый биологиянын мыйзамы боюнча клеткалык бирдик өздүк энергиясынын 20% гана жеке муктаждыкка сарптайт, болбосо ал клетка эмне болору жогоруда айтылды. Ошонтип ар бир клетка жалпы организмдин жашашы үчүн кызмат кылары аныкталган. "Раковый опухоль" демек коомдук түзүлүштө да байкалат, буга бардыгыбыз эле күбө болуп келебиз. Жеке кызыкчылык жана бейтабияттык абал дал ушундай жыйынтыкка алып келет. Бул мисалдан улам турмуштук реалдуулукту алып карасак, Кыргызстандын организм катары бирдиктүү борбордук нерв системасынын функционалдык аракеттери толук кандуу иштебейт. Демек, өлкөдө болуп жаткан процесстердин бардыгы көзөмөлдөнбөйт, организм катары ички жашоо циркуляциясы бузулган, демек кан айлануу системасы начарлап, кандын составы таза эмес деген жана башка толуп жаткан оорулардын аналогиясын биздин коомдук турмуштан даана байкаса болот.
Кандын бузулушу эң кооптуу маселе мындай учурда организм жашоо мүмкүнчүлүгүн жоготот. Кан генетикалык кодд, этникалык организмдин иденттүүлүк программасы жана рассалык өзгөчөлүк. Улуттук организм катары кан алмаштыруу мүмкүн эмес! Карышкыр тукуму менен чөө тукуму аралашпаган сыяктуу көрүнүш. Тектеш элдер менен жуурулушуу узак эволюциялык процессти камтыйт. А биз улут катары бүгүн эртең жашашыбыз керек, күтүү убактысы бизде жок. Генофонд №1 маселе, демек бул биздин жашоо тагдырыбызды аныктоочу маселе!
Бүгүнкү саясат ачыгын айтканда элдин келечек үчүн өсүп өнүгүү багытындагы кызыкчылыгына эмес, утурумдук жашоо жыргалчылык үчүн болгон күрөштөгү жеке керт баштын кызыкчылыгынын кызматында гана келе жатат. Бүгүнкү саясат бул ар бирибиздин мамилебиз жана түшүнүгүбүз, анткени бардыгыбыз бир кемедебиз. Өлкөнүн тагдыры ар бирибиздин тагдырыбыз экенин түшүнгөндө гана бүгүнкү саясат түбөлүк саясатка алмашат. Маселе башка бирөөдө эмес, маселе ар бирибиздин ичибизде, жеке эркибизде! Бардыгыбызда тандоо эркиндиги бар, демек жооп бизден күтүлөт! Жалпы элдин эркинин чечкиндүүлүгү бардык маселени чечет, бүгүн десе бүгүн, эртең десе эртең. Биз, кыргыздар эл катары тагдырыбызды кылыч мизинде кайрап келгенбиз. Биздин чечкиндүүлүгүбүз өлүм менен жашоонун ортосунда гана болгон. Ата-бабаларыбыз ар дайым кыргыз элинин жашоосун гана тандап келген!… Эмки тандоо бизден!…
Ошол тагдырыбыздан биз олуттуулукту, жөнөкөйлүктү, адамгерчиликтүүлүктү, бийик маданияттуулукту алдык. Бүгүнкү саясат анын баарын колдон алды, мээбизди туман басты, бардыгына өзүбүз себеп болдук! Кеп шайлоодо дагы мамлекеттик башкаруу формасында дагы эмес, кеп ар бирибиздин оюубузда, ар бир кыргыздын аң сезиминде! Ооба, биз алсырадык, кээ кезде тизеледик, бирок мөгдүрөбөдүк жана эч качан чөкпөдүк! Кыргыз, кыргыз үчүн маанилүү, анткени биз бир дененин агып турган каныбыз!