50 жаш

Журналисттер гезитке ар кандай кызыктуу, керектүү макалаларды коомго жазышат. Ал эми ошо гезитти коомго жеткириш үчүн атайын гезиттин менеджери болот. 13-ноябрда Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан "Азия +" кафесинде биздин гезитибиздин менеджери Сабит Маматовдун 50 жылдыгы жана уулунун сүннөт тою болду. Тойго 300гө жакын Сабит байкенин ага-туугандары, жоро-жолдоштору, кайын журту, куда-кудагыйлары, журналисттер жана кыргыз журтчулугун гезит менен камсыз кылган атайын "Бишкек гезит базарынын" жалпы жамааты келишти. Алты саатка созулган той ыр-күлкү, ырчы-бийчилердин коштоосунда жогору деңгээлде өттү. "Карышкырдын түшүнө кой, тамаданын түшүнө той кирет" дегендей тойдун көркүн чыгарган тамада Кубан Алимовдун "вау" деген менчик сөзүн айрым коноктор жактырып "кредитке" алышты. Ошентип той да болот, тойдун эртеси да болот дегендей эртеси эртең менен Сабит байке жадырап-жайнап жумушка кирип келди.


  Шоусап

Ырыскелди Осмонкуловдон "Дос жан"
Жаз айында "Сулууга" аттуу жаңы альбом чыгарганы кам көрүп жаткан Ырыскелди мырза рэпер Тата Улан жана Эмил Кенжекулов трио болуп "Дос жан" аттуу ыр жаздырышты. Эми бул ырга клип тарттырууну пландап жатышат.


Гулнара Тойгонбаева өнүгүү үчүн
Гүлнара айым өткөн айдын 27-октябрында "Кыргызстан жылдыздары тынчтык жана өнүгүү үчүн" аттуу чоң программадагы концерт - акция өткөргөн. Муну менен түштүктөгү каргашалуу окуяга эстрада ырчыларынын мамлекеттин жарааны катары болгон позициясын көрсөтүштү. "Концерт-акция аябай бийик деңгээлде өттү. Эми компакт - диск чыгарайын деген планым бар дейт" ырчы. Чыга турган дискке акыркы 2-3 жылдын ичинде жазылган ырчы айымдын сонун ырлары камтылат.


Бек Борбиевдин жаш кезиндегидей
Шоу дүйнөсүндө 4 жыл бирге жетелешип ырдап жүргөн Баян жана Эрлан Салбарав аттуу жигиттерибиз жөнүндө угуп жүрсөңүз керек. Бири комузду колго алса, экинчиси аккордеонду желкеге илип мукамдуу үндөрү менен обон созуп жүрүшөт. Учурда сөзү, обону З. Казакбаевге таандык "Кыргызым" жана "Делбирим" аттуу ырларды жаздырып бүтүштү. Эрлан Салбаров "Бек Борбиевдин жаш кезиндегидей комуз, аккордеон менен ырдап чыгалы деп атабыз" дейт.


Айгеримден жаңы клип
Ырчы, бийчи Айгерим Расул кызы көрүнбөй кайда жүрөт деп издеп атсаңыз, учурда "Кабарыңды айтчы мага" аттуу ырына клип тарттырып бүтүп калды. Мындан тышкары сүйүү темасына арналган эки ыр жаздырды. Клип тарттыруу менен гана чектелбестен жакында эксклюзивдүү фотосессиясын тартуулайт. Жаңы тасманын сенарийи жазылып бүтөрү менен актёрдук чеберчилигин өркүндөтүп киного да тартыла баштайт.


Жамал Каныбекова