Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Күркүлкүн

Турсунбай Бакирдин турмушу
Ата
- Атам Бакир, апам Кайрынса 1932-жылы 1-сентябрда төрөлүшкөн. Экөө тең ажы эле. Тилекке каршы атам 54 жашында, апам 73 жашында кайтыш болушкан. Экөө тең жетим болгондуктан аларды Алайдан Кара-Суу районуна тайаталары жетелеп келиптир. Ошондо пахта терим боюнча бригадалар бар экен, атам ошол жерде табелчи болуп эмгектенген. Кийин соодага биринчи өткөн кыргыздардан болот. Жаш кезинен соодага киришип, 29 жашында керектөөчү коомунун (РайПО) эң жаш башчысы болуп дайындалат. Албетте көзгө илинип, чоң жумушту баштаганда ар бир адамга өзүнө жараша душмандары чыгат экен. Атамды коммунисттик партиянын жетекчилери куугунтукка алып, ошол доордо өнөкөткө айлангандай адамды жок кылуу үчүн эң мыкты иштеп аткан жеринен, кантип эле соодада кыргыздан мыкты жигит чыксын, өзгөчө түштүктө деп артта калган, карызга баткан Таширов атындагы колхозго башкарма кылып жөнөтүшөт. Ал жакта советтик системанын адатындай артын чукуп, дүкөндүн биринде мурда иштеген кемпирдин акчасы жетпей калгандыгына байланыштуу атамды да жоопко тартышкан. Атам "мен эмгек өргүүдө элем" дегенине карабастан абакка алып, жалган жалаа жаап алты жылга камап салышкан.
67 сом
- Ошентип иним экөөбүз эмгек жолубузду тактай складында жөнөкөй жыгач уста болуп иштеп баштаганбыз. Жети бир тууганбыз. Улуусу - Шарабиддин агам ал мезгилде Бишкекте студент эле. Мен сегизинчи класста окуп жүргөм, менден кийинки иним жана төрт карындашым бар. Ыраматылык апамдын төрт гана класстык билими бар болгонуна карабастан СССР мезгилинде эле намаз окуучу. Ыймандуу, маданияттуу аял болгон. Ырларды көп жазып, элдин сүймөнчүлүгү эле. Биринчи карындышым - Майрамканды төрөгөндөн кийин кырсык болуп апам машинанын астында калып, майып болгон. Атам абакта, апам оорукчан болгон соң Бакытбек иним экөөбүз иштеп, биринчи маянабызды апама алып келсек аябай ыйлаган. Мен 67 сом, иним 50 сом алган. Ал мезгилде бул аябай чоң акча эле. Апам абактагы атама кат жазган "сыймыктансаңыз болот, балдарыңыз бизди бага баштады" деп. Ошентип менин эмгек жолум эрте башталган.
Толик
- Улуу байкемден кийинки Баатырбек агам жана Малюдакан эжем тилекке каршы бул дүйнөдөн өтүп кетишкен. Мен 1958-жылы 16-мартта түнү төрөлгөм. СССР убагында дайыма 16-мартта шайлоо жүрчү экен. Атам Шайлообек деп коёюн дегенде, апам айтыптыр "бул балабызды да жоготуп албайлы, бөлөк эле ат коёлу, аксакалдар менен кеңешели" деп. Анан чарчап калбасын, туруп калсын деп Турсуналы деп коюшкан экен. Атам туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдү алып атып, адаштырып Турсунбай деп жаздырып алыптыр. Мени туугандарымдын баары Турсуналы дешет. Депутат болгондон баштап эле Турсунбай деп калышты. Досторум, бир туугандарым Толик дешет. Агам бүгүнкү күндө өзүнчө үрөнчүлүк чарбанын жетекчиси. Акаев, Бакиев учурунда куугунтукка алынып, азыр чакан чарбасын иштетип атат. Саясатка эч качан кийлигишкен эмес. Иним болсо президенттик шайлоо болобу, депутаттык шайлоо болобу менин штабымды башкарчу. Бирок, 2007-жылы парламенттик шайлоодон кийин жүрөгү токтоп калып, Астанадан операция жасатып араң аман алып калдым. Башкача айтканда саясатка ушу иним жакын эле. Бирок, азыр ден соолугу начар болуп калды. Ошого карабастан азыр бүткөн парламенттик шайлоодо "Ар-Намыс" партиясынын Кара-Суу райштабын жетектеп берди. Биринчи карындашым мектепте директордун орун басары болуп иштечү. Азыр турмуштун кыйынчылыгына баш ийип базарда. Андан кийинкиси - Максудакан үй кожойкеси. Үчүнчү карындашым - Манзуракан кесиби боюнча экономист, бирок ал да бүгүнкү күндө базарда. Кенже карындашым - Махпураткандын жеке ишканасы бар.
Шапалак
- 6-класста окуп жүргөн кезимде инимди эрчитип алып Кыргызстан менен Өзбекстанды бөлгөн Шарихансай каналына сууга түшкөнү барганбыз. Анан атам билип калып "агып кетсеңер эмне болот эле" деп үбөлүк менен урган. Ал эми апамдан да бир жолу таяк жегем. Анткени атам абакта отурганда, үй-бүлөнү багам деп музыкалык мектепти таштап койгом. Үйгө орус агайым келип "балаңар музыкалык мектепти таштап койду" деп арызданып кетиптир. А мен апамды алдап, мектепке барам деп иштегени кетчүмүн. Үйгө келсем апам килем кагып аткан экен "келчи балам жаныма" деди, барсам эле шапалакты коё берди дейсиң. Анан мен да, апам да ыйлады. Анткени биринчи жолу апамдан шапалак жегем. Апам "сен бир ооз мага айтпай музыкалык мектепти таштапсың. Эртең атаң абактан келсе мен кантип жооп берем. Мен жок балдарды карабай койдуң дейт да" деп ыйлады. 3-классымда агам үйдү шыпыр десе, тил албай коюп, "эмне үчүн агаң айтканды аткарбайсың" деп шапалак менен урган эле. Ошо үч жолу таяк жегеним мага жетиштүү болгон.
Орден
- 1999-жылы апам экөөбүз ажыга барып келдик. 2005-жылдагы президенттик шайлоодон кийин апам кайтыш болду. Бул жерде менин да күнөөм бар деп ойлойм. Себеби, ар бир шайлоодо ушак-калптар айтылганда апамдын жүрөгү чыдабай кеттиби дейм. Дайыма мага боору ачып турат эле. Өзгөчө Баткен окуясынан кийин. Анда ИДУ моджахедтерин Кыргызстандан чыгартып, генерал А.Шамкеев баш болгон милиционерлерди жана төрт жапонду бошотком. Анан Акаев орден берем дегенде баш тарткам. Себеби, бул ишти орден үчүн эмес мекенчил, мусулман катарында аткаргам. Оппоненттерим шайлоодо башкача айтып чыгышкан, "Турсунбай Бакир уулунун Баткен окуясына эч кандай тиешеси жок. 100 киши орден алды, алардын арасында Турсунбай жок" деп. Эмне үчүн ал өз каалоосу менен орденден баш тартты деп эч кимдин иши болгон жок. Ошол мезгилдеги Жогорку Кеңештеги мени менен иштеген депутаттар, алардан башкалар да сөз чыгарышкан, "Турсунбай Бакир уулу террористтер менен бир болушу мүмкүн. Эмнеге дегенде, башка бирөө барса өлтүрүп коюшмак. Бул болсо миссиясын ийгиликтүү бүтүрүп, аман-эсен кайтып келди" деп. Алардын ою боюнча мен өлүп калышым керек эле да, ошондо каарман болмок экенмин.
Небере
- Үч кыз, үч уул, үч неберем бар. Эң улуу балам Каныбек, прокуратурада иштейт, быйыл 29га чыкты. Кийинки кызым Зебинисо 25 жашта, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенет. Кызым Карина 20да, соода тармагында иштейт. Уулум Искендер 17де, студент. Кызым Тахмина 16да, быйыл окууга тапшырып, ал да студент болду. Кичүү уулум Кантемир 11 жашта. Неберелерим: Жасмина, Али-Шариф жана Зарнигора.
Наам
- Өзүңүздөргө маалым, Кыргызстанда биринчи болуп, дипломатиялык чөйрөдө эң жогорку наам Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси наамын 1998-жылы алгам. Ал мезгилде ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы жана КМШнын парламент аралык Ассамблеясынын тышкы иштер боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары элем. Кыргызстанды Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО), бажы биримдигине кирүүгө кошкон салымым жана башка иштерим үчүн эмгегим бааланды.
Улут
- Жети тилде эркин сүйлөйм. Башка тилдерде эркин сүйлөсөң сени көрө албаган оппоненттериң шайлоо учурунда ушак таратат экен. "Турсунбай кыргыз эмес, улуту башка. Ошон үчүн ага добуш бербегиле" деп. Качантан бери кыргыздын уруулары башка улуттун урууларына кошулуп калган деп айтып калам. Атам баргы уруусунан болот. Биз жетинчи атадан Алымбек даткага кошулабыз. Апам черик уруусунан болгон. Кыргыздан башка кайсы улуттарда баргы менен черик уруулары бар?!
Тил
- Президенттикке ат салышканда кыргыз тили боюнча сыноодон өтүшүбүз керек. Акаев, Бакиев мезгилдеринде кыргыз тил боюнча комиссиясы "эң мыкты жооп берген Турсунбай Бакир уулу" деп дайыма мени мактачу эле. Бирок, орус тилинде мектепти, университетти, аспирантураны аяктап, мектепти кыргыз тилинде бүтүргөндөргө караганда эне тилин сонун билет экен деп эч ким белгилеген эмес.
Дос
- Мага дайыма ыраматылык апам айтчу "балалык кезиңдеги досторуң чыныгы достор, кийинки досторуң амал достор" деп. Себеби, атам камалгандан кийин бир да аяш атам үйгө басып келген жок. Эң жакын досторуман эки-үчөө эле. Ал эми саясатта досторум жок. Анткени алар амал досторго кирип кетет. Апам туура айткандыгын эки жыл жумушсуз отурганда сездим.
Кийим
- Жаңы депутат болгонумда "Дордойдон" кийинчүмүн. Кийинки убакта абзел түрдө кийимдеримди чет өлкөгө иш сапар менен барганда алам. Чет өлкө десе эле кымбат баада деп ойлошот. Жок, кымбат баада албайм. Бир жолу Швейцариядан жанымда жүргөн кыргыз саясатчылардын алдында кыйынсынып коёюн деп, кымбат костюм-шымдарды алып алгам. Анан Украинага келсем ошол эле костюм-шымдар үч эсеге арзан экен. Нью-Йоркто болсо Чолпон Баекова эжебизге мактана коёюн деп супермаркетте жалынып атып манекенден жалгыз тигилген эксклюзив аялдардын кечки көйнөгүн аялыма сатып алгам. Бирок, ал болгону бир-эки жолу кийип эле таштап койду. Менин гардеробумда азыр негизинен кыргыз калпагы, чепкени, Украинанын костюм-шымдары, Туркиянын көйнөктөрү, Беларуссиянын бут кийимдери жана Малайзиянын ички кийимдери турат.
Шакек
- Колумдагы шакекти сүннөт дейт. Пайгамбарыбыз (С.А.В.) колуна дайым күмүш шакек тагынчу экен. Эркектерге алтын тагынганга мүмкүн эмес. Расмий кийинсем бир шакегимди, джинсачан болсом бөлөгүн тагынам. Эгерде алтын тагынган эркекти көрсөңөр жаман көрө берсеңер болот. Анткени мусулманчылыкта аял кишиге гана алтын тагынганга уруксат.
Жамал Каныбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"