Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Миң түрлөнгөн адам
Ма-ма-Мадумаров
Тээ илгери Адахан Мадумаров дун үлпүнчөгү ачылалек кезде кайрандын кара тилди кайраганынан улам эл сүйөр эр эле. Чечендигинен алдына ат салдырбай, таңдайынан чаң чыгар эле. Анда дулдул, булбул Адахан эле. Акаевге асылып, курч, мурч сөздөрү менен сайгылап, этектен алып эрмешип жүргөн. Бат эле Акаев аңтарылды. Бакиев такка келгенде, "урдум Бакиев бийлигин" деп ЖК эшигин тарс жаап чыгып кетип, эртеси кубулуп вице-премьерлик такка отурган. Ошондон Мадумаровго күн тийип, "күкүккө" айланып калды. Мурдагыдан элес жок, кайраган кара тилден кабар жок Адахандын бар экени, же жок экенин билбей калдык. Үмүт кылып жүргөн эл "таңгөрү-ү сүйлөсө асманды айтканы менен бийликке келсе көзүн май басып калат тура" деп нааразы болду. "Ак жолдон" жолу ачылып, ЖоКедеги, "балыктарды" башкарып турганда каалаганын жасап, тактым жаңгактан болсун деп алтын балыктагы кемпирдин кейпин кийген. Ат көрбөгөн минип өлтүрөт болуп, эч кимди теңине албай да калган. Жаңгак чырдан улам жалаң төш калып, коопсуздук кеңешке барып, ал жактан шыпырылып "Бетага" деректир боло калгансыган. Анан калганы алтын балык жомогундай аяктады. Эми колунан кызмат качып, мурдагы-ы-ы Мадумаровго айланды. Азыр шайлоодон утулуп, оппозиция миссиясын аткара баштады. Эми башканы сындаганы курусун. Сөзү да өтүмсүз,өзү да өтүмсүз. "Бийликте жүрүп эмнени кыйраттың эле?" деген киши жок. Болгону балык депутаттардын башында туруп Каркыраны сатканы бар. Башка оозго аларлык кыйратып кылган кызматы жок… Эми канча кыйкырып, тилин кайраган менен майнап чыкпас. Анткени чыныгы жүзү ачылып калган.


Топ жарган Топчуке
Топчубек Тургуналиев коомдук ишмер, саясатта сынчы катары атырылып сүйлөп, опурулуп оюн айткан киши. "Түбөлүктүү оппозиционер" деген ылакап аты бар. Азыр ал атынан баш тартып, ханыша тактынын жанында керилип отурган кези. Анткени Отунбаевага оюн кошуп, кеңеш айтып жандаган акылкөйү. Топчукеге үңүлүп карасаң келген ажолорго калпак кийгизип, жандап жүрүп, бир күнү сатып кетмейи бар. Акаевге калпак кийгизип, кийин элдешкис душманы болду. Кийин ошол калпакты Бакиевдин башына кийгизди. 2007-жылы оппозиция опол тоодой эл курап, Бакиевди аттан оодармак болгондо "анти митинг" кылып, Акүйдү айланып Топчукебиз жан талашып жүргөн. Анан кайсы кара теке сүздү, бир күнү оппозиция боло калыптыр. Бу киши кыйы-ы-ын. Кайда болушту да билет. Далысы менен сезип, бакийчилер куларын сезип, берки өйүзгө өтө качканын карасаң. Бийлик десе "бетин" алмаштырган саясатчылардын катарын Топчуке да толуктайт. Эми Топчуке Отунбаеванын башына "жоолук" салып жандап атыр. Качан чалкасынан кетээр экен? Топчуке бийликтен оолактаганда Отунбаеванын куюшканы кыйшайды дей бергиле…


Ишенген эжең Ишенгүл!
Кызмат кызык эле кылат. Мансап үчүн Майрам Акаеванын "туфлисин тазалап", көзүнүн агы менен чимирилген Ишенгүл Болжурова чоң кызматтарда иштеди. Майрамга "подружка" боло коюп, Топчукени тоголото чаап, БГУну бийлеп жүрдү. Кийин кызарбай подружкасын поктоп, Акаевге асылганын уктук. Март революциясында оппозициянын алдыңкы сабында сабалап кетип атканын көрүп таң калганбыз. Мансап турганда достугуң, жакындыгың, адамдык сапатың да экинчи планда калат турбайбы дейсиң. Бакиевдин доорунда Кукеңди "курдан" кармаган белем айтор, аябай ысык болуп, Танянын "такасын" аарчып калган дейт. Ананле министрлик, ректорлук кызматтарды ээлеп ажону өлө мактап жүрдү. Апрель окуясынан соң, Белоруссиядагы элчиликте жатып алып (ошол элчиликти Бакиев берген эле), Белоруссияга качкан Бакиевди поктоп, "элчиликке кайсы бети менен келсин" деп маек берип, бүгүнкү бийликке айай көрүнүп алган. Ошондо биз кайсы бети менен тигини жектеп, муну жактап атыр деп таң калганбыз. Эми дагы бир амалын издеп, бир күнү кийинки бийликти ашатып алдыбызга келип калса таң калбай эле коелу. Көрсө, саясатчылардын беттери бетон болуп калат тура.




  Көчөмаек

Намаз окуганда сүннөт кийимин кийүү зарылбы?
Азат Шерматов, ишкер:
Ар бир нерсе чеги менен болуш керек. Динге берилүү "юбка" кийип, сакалын белине түшүрө коюп, элдин алдында сулуу болуп сүйлөө эмес. Өзүнүн ички дүйнөсү таза болсо, жасаган иши менен айткан кеби дал келип турса, сакал менен жанагындай далдырап кийинип алганы деле мааниге ээ болбойт го.


Бактыгүл Манасбекова, студент.
Кудайга ишенсең дилиң, жүрөгүң менен ишен. Менимче эл көзүнө сүннөт кийими деп, Пакистандын улуттук кийимин кийип алып, дабат деп чуркап жүрүшөт. Эмнеге кыргыздын эле улуттук кийимин кийип жүрүшпөйт. Дин деп эле башка улуттун кийимин кийип алып, өзүбүздүн баалуулуктарыбызды унутуп калышыбыз керекпи?


Азамат Кыргызбаев, "БКА" мүчөсү:
Мусулмандарга тиешелүү бардык жөрөлгөнү аткарам. Бирок калпагымды тебелеп топу кийбейм. Улутумдун уңгусун сатпайм. Азыркы дабат айткандардын кээ биринин кылган ишин карасаң теңирден тескери кадамдарга барышат. Анан акыйкат демиш болгон молдокелер Муфтийликти талашып, ортого кылмыш дүйнөсүн аралаштырбады беле. Анан кызмат үчүн кырылышып, кызыл чеке болуп атышса таң каласың. Молдонун айтканын ук, кылганын жасаба деген кептин уңгусу ушул жакта турбайбы көрсө...


Мирана Мамырбаева, ишкер:
Молдомун деп эле күпчүйүп кийинип алыш керекпи?! Башкысы ыйман болсо, жөн эле кийинсең болот да. Алгач өзүңдүн улуттук кийимиңди барктап алсак болот эле. Кеп, сакал менен жанагы "юбкаларда" эмес. Коомдо терс көз карашты жаратып, кээ бир кадамдары кыжырды келтирет. Манасты айтсаң "ал шайтан" деп чалкасынан кеткен динчил, фанат, ушундай кыргыздын урпактары бар…

Азамат Жетишбаев




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика