Бабановдон атака
Шайлоодо элге опол тоодой убада берип шайланган "Республика" партиясынын ичи азыр алаган менен балаган. Лидери Бабанов депутаттык мандатка илинген эки айымга айгай салып, өз арызыңар менен ордуңарды бошотуп койгула, башкалар келет же 200 миң доллар бергиле, менин ар бириңе ушунча акчам корогон деп жарга такап атыр дейт. Бабановдун сомодой жигиттери бир айымдын үйүнө чейин барып, эрин эшикке чакырып, эмне кылсаң да аялыңды тизмеден чыгар деп "эбирешип", айласы куруганда университеттин ректорлугун убада кылып да жибериптир. Мурда министр болуп жүргөн айымды да кетиңиз деген экен, көз айнеги түшүп кете жаздап, бийликте жүргөндө долулукту үйрөнгөн эмеспи көз айнегин өйдө кыла коюп, "эгер мени кетирип өзүң парламентке барсаң бетиңди тытам" кыязда кыйкырып, Өмүрбекти ордуна коюптур. Мыйзамда өз арызы менен мандатын тапшырыш керек же депутат өлгөндөн кийин гана орду бошойт эмеспи. Өмүкең азыр башын кашып отурат дейт.


Акаев төрөлдү
Кезинде Кыргызстанга демократияны алып келген, учурда Россияда кадырланган илимпозу, тунгуч президентибиз Аскар Акаевди жана жубайы Майрам Акаеваны туулган күнү. Кыргызда "жыгылганды теппейт" дейт, арийне Аскар Акаевдин Кыргызстанга опол тоодой кызмат кылганын таныш болбос. Канчалык тарыхтан сызып салабыз деген менен анын кызматы кашкайып көрүнүп турат. Тарых ар дайым өткөн күндү тазалап, таразалап келет. Бакиевдин фонунда Акаевдин кылыгы кыпындай экени байкалды. Кыргыз айкөл эл, качандыр бир убакта аларды кечиреттир. Элибизде "кек сактаган кемийт" деген кеп бар. Туулган күнүңүз кут болсун!


Тесиң менен темирейип кал
Мамкызмат мактанып атат "детектир лжи, тест" деп. А бирок, талаптарын карасаңар, майлуу жерлерге беш жыл мамкызматта иштегендер гана алынат экен. Өздөрүнө окшогондорду гана фильтрлеп, чоң кызматка алып, анан бейбечараларды алардын билимине карабай тесттен өткөрүп, кагаз ташыгыч кызматтарына алат тура. Ушундай система ойлоп таап коюшуптур. "Отунбаева тезирээк кетсе жакшы болот эле" дегендер чыга баштады. Анткени анын чеги белгилүү болуп калды. Илгерки советтик аппаратчиктердин бири тура дешет. Анда "Люстрация" деген мыйзамды кеп кылбай эле койсок болот. Жаңылануудан жаа бою качып, өзүнө окшогондорду чогултуп, тышкы карызды чукул көтөрүп, Бакиев беш жыл бою талкалап кеткенден калган анча мынча оокатыбызды эски кадрлар менен эки жылда тыптыйпыл кыла турган болду окшойт. Дегеним, эски кадрлар эбин таап эки жейт эмеспи. Ал эми Отунбаева оппозиция кезинде ооз көптүрүп сүйлөчү эле, бийлике келгени али күнчө оозду ачыра турган саясат жүргүзө элек.


Бир колоттун баатыры
Апрелден кийин өзүн Шер санаган Болот Шер Таласка 40 үй тигип, 40 жылкы союп Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылып, туугандарына апрелде оомат оодарып бергенине ыраазычылык билгизип, той кылды. Оппозиция кезинде күпүлдөп сүйлөп, генералдардын саны көп деп асылып калчуле, ИИМге ат тезегин кургатпаган мезгилге министр боло калып генерал болуп чыга келди. Мындайларды "дешовка" деп койчу беле? Конгантиевди канга чылап койгонун эр санап, бүгүн таластыктарга тамаша курганы менен, эртең жол башчысы Текебаевдин мекенине кантип барар экен. Келме-кезек дечүле, жалалабаддыктар жакалабас бекен. Дегеле Болот Шердин деңгээли ушул белем, Өтмөктөн ары өтө албай койду. Чыныгы кыргыздын уулу, бир өрөөндү эмес, бүтүндөй элди ойлойт. Эрдемсип сүйлөсө эр экен деппиз.


Отунбаевага "ода"
Элге берген куруттан "Асман прессти" неге куруткан деп отурабыз. Дегеним, 7-ноябрь басма сөз күнүндө Отунбаева менен Каптагаев бүт министрлери менен гезит, телелерди резиденцияга чакырып майрамдатып, мамлекеттик маанайда белек, наам беришти. Катарда биз жокпуз. Акүй тизмесине кошулбай калыппыз. Карайлап атышып капыстан кошпой калышса керек деп жакшы жакка жоромолдоп атсак, Акүйдөн бирөө чалып, сындасаңар ушинтип бөлүп салабыз, шайлоо учурунда "Ата-Журтту" согуп бергиле деп макала берсек болбой койбодуңарбы кыязында кыйытып айтып жатпайбы. А кокуй, жарма таарынычтан жасалган иш тура деп калдык. Көрсө, бу бийлигиң деле эскисинен алыс кетпептир. Өз көмөчүнө күл тартып, өзгөнү өгөйлөгөнүңөр курусун. Баса, Роза эже, Эмил мырза майрамга жасаган мамилеңерге аябай ыраазы болдук. Мындан кийин да ушинтип эстеп жүргүлө.


Данчиктин "жанчиги" Акүйдө
"Ата-Журттан" Кымбатчылыктын жана кыйратуучунун символу болгон Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева тизмеге илинди эле, эл нааразы болгон. Ошондо Келдибеков кедиреңдеп сүйлөп, Исаеваны тизмеден ыргытып "иди…" дедик деди эле, көрсө Келдибековдун сөзүнүн өзү "иди…" болуптур. Кечээ Исаева ЖКдан жылт этти. Аны ыргыта албай калган себебин билермандар, кулак төшөп угуп отургансып мынтип жоромолдоп жүрүшөт. Данчик көтөрө качкан "жашылдардан" ыргытып, шайлоодо Динара айым партиянын ат көтөргүс жүгүн көтөргөн экен. Анан короткон акчаларды дипломатка салып бере алышпай Исаева депутат бойдон калыптыр. Чөптүн башы бекеринен кыймылдачу эмес эле…


Ок тийгендер омуроолошту
Акүйдө депутаттар мандатын алып 1-класска жаңы келген балдардай чогулушту. Кабинеттерин таппай карайлап, ары-бери чуркап жүргөндөрү да бар. Акүй сыртында аскерлер каз-катар тизилип сак-сактап турушат. Парламентке каршы нааразы тарап кошок айттырып, апрелдеги ок жегендер пикет кылып, "Ата-Журт" партиясынын келишине каршы ойлорун билдиришти. Көптөн бери көнүм адат кылып алган пикетине көз салган киши болбогондуктан, жол тосууга өтүштү. Ажылдаган аялдар ары-бери өткөн машинеге жармашып, кээ бири күнөөсүз айдоочуларга асылып, унаасын таш бараңга алып жиберишти. Аларды карап булар сообу дейсиң. Жол тосуп башкаларга тоскоол болбой "Ата-Журтка" же күнөөлүүлөрдү кармай албаган мобул борпоң бийликке айтышпайбы. Күн сайын шоу кылып, аянтка кошок айттыра бергенде майнап чыкмак беле?! Өздөрүнүн түзүктөп айткан сөзү да жок экен. Демек, артында шыкактаган күч бар деген ойго кетесиң. Арбактардын атын жамынгандан этият болгула, өзүңөрдү уруп кетпесин.


Кой аксагы менен 100 болду
Кечээ ЖоКенин алгачкы отуруму болду. Көптөн бери зарыктырган Акылбек Сариев мандаттарын тапшырып, депутаттар кудуңдап алышты. Ант берүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгын сатпай, эл ишенимин актай турганын эжелеп эптеп окушту. Кыргызча окуй албаган киргиз депутаттар эмнени кыйратат болду экен. Жада калса окуп аткан антын түшүнбөй, тамгалап атса кыргызга күйүп-жарытмак беле. Аларың ЖоКенин чоң залында бизнесин ойлоп отургандан башканы билбегендер да. Кой аксагы менен дегендей 120 депутаттуу болдук. Мыйзам боюнча чакырылышты аксакал депутат ачат. Мындай бакыт атамекенчи депутат Ташболот Балтабаевге туш болду. Андан соң Отунбаева куттуктап өттү. Аяк салышында эле ич ара Акүй жасалгасы чала бүткөнүнө ичи чыкпаган депутаттар ичиркенип алышты. Жылуу кабинет, жумшак кресло элестетип келгендерди Акүй "комфорт" маанай менен тоспогону томсортту окшойт. ЖоКеде жоруктар эми башталат. Жакында Өкмөт курамын түзмөй бар. Президент "Ата-Журтка" ыктап атыр. КСДПдан кысым көргөн го. Неси болсо да бийлик соодалашмай, базар баалашмайлар башталды.


Өз өгөйлөнөбү?

7- ноябрда Оштогу Кызыл-Кыштак айылында 200дөй адам чогулуп, жер басып алуу аракеттерин көрүштү. Бийлик башындагылар июнь окуясында жабыркагандарга үй беребиз деп убада бергени менен эч кандай жардам берилбегени себеп болгон. "Өзбектерге курулуш материалдарын, кирпич түшүрүп, үйлөрдү куруп, баардык жагынан жардам берип жатат" дейт нааразы тарап. Айтымдарында кыргыздарга бир кирпич да берилбей, болгону Кара-Суу районунда 50гө жакын үй-бүлөнү жайгаштырып коюп "баарын тегиз карап жатабыз" дегени курулай сөздөр дешет. Калыбына келтирүүдө калыстык болбой, кирпич, кум, таш сурасаң эле өзбек улутундагылардыкы болуп чыгат. Же алар соодагер жандар эле, соодалашып сатып алып, бийликтегилерди кулактап алып атабы дейсиң. Нааразы болгон адамдардын саны 8-октябрь күнү 400-500гө жеткен. Эки күндүн ичинде бир дагы бийлик өкүлдөрү элдин талабын сурабай, кайра опурулуп милицияларга салып берген. Чындыкты айтып чыкса баса калып камаган Бакиев заманынан айырмасы жок болуп калдык. Калысы жок карышкыр заман ай. Аялдар экенине карабай камчы үйрүп, боз ала чаңга кошуп сабаганын эшиттик. Кан жутуп, үйсүз калган байкуштар андан башка эмне чара кылмак эле? Минтип суук сай-сөөктөн өтүп, кыш кирип келатат. Өздү өгөйлөгөн Өкмөткө жол болсун.
Айым Өмүрзакова, жабырлануучу:
- Кыргызстанда жашап туруп бизге мыкаачылык менен кол салып балдарыбыздан, жашаган турак жайыбыздан айрыган өзбек калкына жардам берип, бийлик бизге эч нерсе бербегенден улам келдим. Бийлик өкүлдөрүнө кайрыла берип чарчадык, "ана беребиз, мына беребиз" деп кыш болгону калды. Деги бизди, кыргызды ойлогон жан барбы?
Сайракан Жусупова, жабырлануучу:
- Өлгөндөргө "50 миңден жардам көрсөтүп, үй бердик" деп ооз көптүргөн чоңдордун бардык сөзү калп. Өзбектерге үй, 50 миң акча дагы берип, кыргыздарга мыскылдагандай 20 миңден акча таратты да үйдөн кабар жок. Согушта жакындарымдан айрылдым, кан жуттум бизди колдогон адам керек да. Бийликтен жардам болбогондон кийин жер басып алуудан башка аргабыз калган жок.
Мээрим Исраилова Ош.