Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Сахнатөр

Неля, ырчы
"Жолдошум
"Мамалак" дейт"
- Неля, "жакшы сөз көңүл азыгы, жашоо насили" делет. Алгач ата-энең, бир туугандарың, өзүңдүн үй-бүлөңөн кеп баштасаң?
- Тилекке каршы атамдын көзү өтүп кеткен. Апам Кыргыз улуттук университетинде англис тилинен мугалим. Үй-бүлөдө мен үч бир туугандын ортончусумун. Эжем турмушка чыгып, эки баланын энеси. Сиңдимдин аты Алтынай, 8-класста окуйт. Ал эми өзүмдүн үй-бүлөмдө баары жакшы. Бактылуу жармын, мээримдүү энемин дегендей. Жолдошум Урмат дайым бардык жагыман колдоо көргөзүп турат.
- "Болсо да үйүң алачык, үйүңдөн таалим алачык" деген сөз бар элибизде. Айтсаң ата-апаң кандай асыл сөздөрү менен тарбиялады эле?
- Атам менен апама миң мертебе ыраазымын. Алардын мага берген тарбиясынан улам мен бүгүнкү ийгиликтериме жетише алдым. Жакшы үй-бүлө, жакшы дос күтө алдым. Атам дайыма "кызым, калыс, жөнөкөй адам бол" дээр эле. Апам болсо "өзүңдү кара" деп көп айтат.
- "Сүйүү өткөнгө да, келечекке да баш ийбеген кумар" делет. Уулду болгондон кийин Урмат экөөңөрдүн сүйүүңөр басаңдап калбадыбы?
- (Күлүп) Жок. Биздин жүрөгүбүз кенен. Апам дайым айтар эле, "балам балалуу болгондо билесиң" деп. Азыр уулумду көтөрүп алып, мурда сен жок кантип жашагам дейм. Туура, балага болгон сүйүү күчтүү экен. Бирок, Урмат экөөбүз мурдагыдай эле бири-бирибизди сүйөбүз, урматтайбыз, сыйлайбыз.
- Өз атың Неля эмес экенин билебиз. Өзгөрткөнүңө эмне түрткү болгон. Деги эле жакындарың жаңы ысымың менен аташабы?
- Туура, чыныгы атым Неля эмес, Элмира. Элмира деп тайатам койгон экен. "Элибизде тынчтык болсун" деп. Өз атымды чанган эмесмин. Бир гана сахнага келгенде оригиналдуу болушу үчүн Неля деп өзгөртүп алгам. Анткени Элмира деген менден башка да ырчылар бар эмеспи. Туугандарым, досторум Эля дешет. Ал эми сахнадагы кесиптештерим Неля деп көнүп калышкан. Жолдошум "Мамалак" дейт.
- Биринчи болгон нерсенин баары эсте түбөлүк калат эмеспи, биринчи жолу сахнага чыгып ырдаган ырың кайсы болду эле?
- Алгачкы жолу 3-класста окуп жүргөн кезимде мэрия тарабынан уюштурулган "Наристе аземи" деген конкурста "Телефон" деген ырды ырдагам. Азыр Асылбек Өзүбеков ырдап жүргөн "Мен күйүп барам, өрттөнүп барам" деген ыр ошол ырдын негизинде жазылган. Кичинекей кезимде бир күнү Көлдөн Асылбек Өзүбековго жолугуп калгам. Ал кезде Асылбек байке менен мамам чогуу иштешчү. Ошондо Асылбек байке "ырдап берчи" деп суранганда ушул ырды ырдап бергем. Ыр жагып калганбы, Асылбек байкенин ошол ырды кайра-кайра ырдатканы эсимде. Кийин обонун да, сөздөрүн да башкачараак кылып, бирок кайырмасын ошол бойдон калтырып Асылбек байке жанагы ырын жазган.
- Ал эми чоң сахнага чыгып, ырчы болгонуңа ким жардам кылган?
- Үчүнчү классымдан баштап ырдай баштагам. Чыгармачылык жолго алгач Асел Турдалиева эже алып келгенин буга чейин да айткам. Асел эже менен үч жылга жакын иштегенден кийин бөлүнүп кеткем. Ошондо деле өспүрүмдөр арасында өтүүчү ар кандай конкурс, фестивалдарга катышып жүрдүм.
- Беш жылдык музыкалык мектепте комуз бөлүмүн аяктадың эле, азыр комуз черткенди унутпадыңбы?
- Жакын арада комузумду колго алып бир аз черттим. Унутпаптырмын деле. Бир, эки жума мугалимим менен иштешсем кайра өздөштүрүп кетем. Урмат экөөбүз жандуу концерт берели деп атабыз. Ошого комузду кайра үйрөнөйүн деп атам. Убагында комузга аябай кызыккан элем. Кичине кезимде дааратканага кирип алып комуз ойногонумду эстесем азыр күлкүм келет. Даараткананын ичинде ойногондо комуздун үнү жаңырып чыкса, ошол мага кызык сезилсе керек. Анан да майрам күндөрү короодогу орус улутундагы кемпир-чалдарды топтоп, комуз ойноп берчү элем.
- Ар бир атактуунун өзүнүн күйөрманы болот. Аларга кандай мамиле кыласың?
- Мен ар бир күйөрманыма жылуу мамиле кылганга аракет кылам. Мага келген ар бир катты, оюнчукту бапестеп сактаймын.
- Изги мүнөз достукту, жаман мүнөз кастыкты пайда кылат. Мүнөзүң кандай?
- Мүнөзүм оор басырыктуу, жөнөкөй, ошол эле учурда шайыр, тамашакөймүн.
- "Кемчиликсиз адам болбойт, үмүтсүз жан болбойт" делет, кандай кемчилигиң бар?
- Туура, кемчиликсиз адам болбойт. Менин кемчилигим бат-баттан таарына бергендигим деп ойлойм.
- Жүз пайыз кыргызча сүйлөй аласыңбы?
- Мен негизи бала бакчада орусча тарбиялангам. Үйгө келгенде да орус кыздар менен ойночумун. Кыргыз мектепти бүттүм. Кийин университетте кайра орусча окудум. Ошондуктан, жүз пайыз билем деп айта албайм. Моюнга алышым керек нукура кыргыз сөздөрдү билбейт элем. Азыр Урмат үйрөтүп, бир аз билип калдым.
- Учурда сахнага кийген кийимдериңди кимге тиктиресиң?
- Мадина Тапаева деген стилист менен иштешем. Негизи көйнөктөрдү өзүм тандаганга аракеттенем.
- Деги сахнага кийген канча кийимиң бар?
- Өтө эле көп. Анын баарын Көк-Жарда, апамдын үйүндө сактайм.
- Күнүмдүк кийиле турган кийимиңди кайдан сатып аласың?
- Көбүнчө "Караван" менен "Дордой плаза" дүкөндөрүнөн сатып алам. Кээде чет өлкөгө барганда ал жерден сатып келем.

Жамал Каныбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика