Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Саи Бабага сапар

Өлгөндү тирилткен, кандай оору болбосун сакайткан, жоктон бар кылган, бир эле мезгилде бардык адамзаттын оюн окуган, адамдардын тилеген тилегин орундаткан жана да адамзаттын акылына сыйбаган ар кандай кереметтерди жасаган жердеги тирүү пайгамбар Саи Баба жөнүндө билгиңиз келеби? Анда "Асман пресс" гезитинен Лариса Асанбекованын "Саи Бабага сапар" аттуу макаласын сандан-санга жарыялайбыз. Сиздерди келерки саныбызда Саи Бабанын кереметтери күтөт. Биз менен болсоңуздар көптү билесиздер!


(Башы өткөн санда)
Путин, Назарбаев
Саи Бабада
70 жылдан бери күндө эки маал даршан өтүүчү жай ашрам деп аталат. Бул ашрам 1950- жылы ачылган кичинекей храм азыр миллиондогон адамдарды батырган духовный жайга айланган. Касиеттүү Меккеге жылына бир жолу миллиондогон адамдар агылып келсе, Саи Бабага жылдын төрт мезгилинде, күнүгө төгөрөктүн төрт бурчунан элдер агылганы агылган. Бир күн дем алышсыз 70 жылдан ашуун эл үчүн кызмат кылган бул адамдын алдына дүйнө жүзүнөн кандай гана атактуу адамдар келбейт дейсиз. Индиянын премьер-министринен баштап, чет элдин президенттери, атактуулары, Галивуд жылдыздары, миллионер байлары, баары Саи Бабанын бутуна жыгылууга даяр ( бирок каалагандын баары эле Бабага жакындай албайт). Ашрамда ким министр, ким жөнөкөй адам эч ким билбейт. Себеби, Саи Бабанын алдында бардыгы бирдей пенде. Саи Баба байлыгына, бийлигине, статусуна, улутуна, динине карап бөлбөйт. Кийген кийимдер да ашрамдын ичинде Индия элинин улуттук кийимдери болгондуктан кимдин кайдан экени деле билинбейт. Биз бир жолу жердешибиз Жылдызбек менен чогуу келатсак алдыбыздан аялы, кичине балдары менен казак жигит жолугуп, жылуу учурашты. Ал казактын атактуу ырчыларынын бири экен. Негизи казактар көп келээрин баамдадым. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Саи Бабада болгонун, Сара Назарбаева жыл сайын келээрин, ал эмес Путин эки, үч жолу болгонун, Людмила Путина да байма -бай барып тураарын ошол жактагылардан уктук.
Саи Бабанын кереметтери
Саи Баба күндө эки маал эл алдына чыгып, өзүнүн эбегейсиз энергиясы менен оорулууну айыктырып, ыйык бивхути жана ар кандай алтын, күмүш, бриллианттардан жасалган зер буюмдарды материлизовать этип элдерди таң калтырган кереметтерди жасайт. Жоктон барды, бардан жокту жаратат. Өлгөндөрдү тирилткени тууралуу документтер менен тастыкталган фактылар толтура.Мындай окуяны биринчи жолу доктор Волтер Коуван тастыктаган. Кийин анын аялы Уатфилде колледждин жатаканасын курганга каражат берген. Радха Кришна аттуу адам өлгөнүнө үч күн болуп калса да анын туугандары зор ишенич менен Саи Бабаны күтүшөт. Саи Баба келгенде Радха Кришнанын денеси карайып бузулуп, жыттанып калган болот. Эч кимди киргизбей "өлүк" менен жалгыз бир нече саат калган Саи Баба, Радха Кришна менен тамашалашып, күлүп-жайнап эл алдына чыга келишет. Ал адам жөн гана тирилбестен бардык илдеттеринен толук сакайып чыгат. Саи Баба жоктон барды эле жаратпастан, барды жок кылганды да билет. Бир күнү интервью убагында Саи Баба бир аялдын колундагы шакегин жок кылып салат. Жакында эле сатып алган бриллиант шакегинин жок болуп кеткенине аял эмне кылаарын билбей кайсактап калат. Саи Баба колдорун кыймылга келтирип, үч жолу айландырып абадан шакек алып чыгып, аялга сунат. "Сенин шакегиң сен ойлогондой таза брилянт эмес экен, мына эми кымбат баалуу шакек десең болот, сени алдап коюшуптур" деп аялдын колуна тагып коет. Кийин ал аял эксперттерге шакекти текшертип көргөндө, эң кымбат, сейрек кездешчү бриллиант экенин тастыкташкан. Мындай мисалдар өтө көп. Саи Бабанын материлизовать эткен кээ бир шакектердин, таштардын же металдын курамын аныктай албай койгон мисалдар бар. Саи Баба мындай кереметтерди өзүнүн атын чыгарып, реклама кылыш үчүн жасабайт. Ал рекламага муктаж эмес. Ал кудайдын күчүн, кудайдын адамзатка болгон сүйүүсүн даңазалайт. "Адамга кылган кызматың, кудайга кылган кызматың. Кудай жалгыз, бардык дин кудайга апкелчү жол. Кудайга кайсы жол менен келесиң айырмасы жок.
Барын бирдей сүйгүлө, барына кызмат кылгыла. Ар дайым жардам бергиле, эч кимге жамандык кылбагыла. Бир гана каста бар ал- адамзат,Бир гана религия бар ал- сүйүү. Бир гана тил бар ал- жүрөк . Бир гана кудай бар ал -бардык затта бар. Бир гана мыйзам бар ал- Дхарма (Праведность). Кудайга сыйынып, ибадат кылган эринден, жакшы иш жасаган кол- ыйык "дейт Баба.
(Уландысы кийинки санда)






  Асман

Спорт
Кличконун
чөнтөгүнө 70%
17-декабрда Одланиер Солис менен Рэем Остиндин кырчылдашкан муштум чабышы болуп өтөт. Анда кимисинин жеңиш ташы өйдө куласа, так ошону менен дүйнөнүн оор салмактагы чемпиону Виталий Кличко ринг бетинен кездешет. WBC жааты менен макулдашкан промоутерлер уюму, т.а Arena Box Promotions, K2 Promotions жана Дон Кинг, титулдук жеңиште казынага түшкөн акчадан мушкерлерге пайыздап бөлүп бере турган болушту. Сүйлөшүүдөн кийин Кличко 70%, Остин менен Солис калган 30% бөлүп алышат. Эгер Остин-Солис таймаш учурунда кокусунан жаракат алып, украиналык мушкер менен ринг үстүнөн учураша албай калса, анда Кличко Томаша Адамека менен беттешүүгө барат.


"Реалдын" атасы эмне дейт?
Мадриддик "Реал" футбол клубу Испания чемпионатынын 10-турунда "Атлетико" менен кез келишти. Паадышалар клубунун башкы машыктыруучусу Жозе Моуринью болуп өткөн оюн тууралуу журналисттерге бир чымчым оюн билдирди. "Биз бул оюнда активдүүлүгүбүздү көргөзө алдык. Тактика оюндун кулу болуп берди десем жаңылышпайым. Туура, "Атлетико" футбол клубу оңойлук менен жеңилип бербеген уюм. Бирок, биз ал уюмдун жеңилүүгө кеткен жолун аныктадык. Жеңиш таразасынын салмагы биз тарапка ооду. Анткени менен биздин команда экинчи бөлүмдө оюн ажарын ача алган жок. Бул мага даана байкалып турду. Биз эмнеден аксап, эмнеден такаларыбызды түшүндүк. "Реал" коргонууда алсызыраак ойноду. Эң башкы кемчилигибиз ушул болуп калды". Ошентип, "Реал"- "Атлетико" 2:0.


Өзү менен өзү суйлөшүп
"Шарлот" боскетбол клубунун чабуулчусу Стивен Жексон судьялардын жинине тийгендиги үчүн 50миң доллар айып тартты. Мунун баары оюн бүткөндөн кийин болгон. Чечинүүчү жайда Стивен өзү менен өзү сүйлөшүп, кыжырланып, бакырынган. Бул окуя судьяларга жетип, ага бизди шылдыңдады деген таризде күнөө коюшкан. Ал эми Стивен Жексондун айтымына караганда, ал оюндан жеңилип калгандыгы үчүн жини келип, бакырынган. "Мени айыпка жыгышты. Бул жерде эч кандай күнөөм жок. Болгону оюн талаасында жеңилип калган ачуумду, чечинүүчү бөлмөдөн чыгардым. Аларга эч кандай жаман сөз сүйлөгөн эмесмин" деп билдирген. Ошентип, өзү менен өзү сүйлөшкөн Стивен, өз сөзүнөн каар тапты.


...кошумча маалымат
Испаниялык Давид Феррер тенис боюнча өткөрүлгөн Valencia Open 500 финалында жердеши Марсел Гранольерсаны утуп алды (7:5, 6:3). Эскерте кетсек, бул жеңиш Ферреранын тогузунчу жеңиши. Ошентип ДФ жеңиш даамын татып жаткан кербези.


Эшек тепкен бешене
Жол учкучу "Рено" Виталий Петров Бразилия Гран-присиндеги ийгиликсиз жүрүшү тууралуу айтып берди. Ал араңдан зорго 16-орунга илешкен. "Менин ийгиликсиз жүрүшүм башынан башталган. Биринчи айлампада араңдан зорго ортозаар позицияны кармандым. Ал эми экинчи айлампада, "какаганга муштаган" болуп Альгерсуари менен жөөлөшүп кеттим. Четке качпаганымда кырсык жүз берет эле. Ошентип, көрүп турганыңыздардай оюндан чыга качпай, "жылан куйрук" болуп артта келдим. А бул болсо менин пешенем"...


Жакшылык Жумабек








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика