Төбөлтөр
Азикеге азил кеп…
Аксы окуясынан кийин кадыры өсүп, оппозицияда опол тоодой көрүнгөн Азимбек Бекназаровдун ким экени эми билине баштады. Бир мезгилде башпрокурор боло калып, Аксы окуясынын бетин ач десе, пендечиликке алдырып алкымдан кетти эле. Айыбын жабыш үчүн "Бакиев кызматтан негизсиз алды" деп бет тырмалык кылып оппозицияга өтө калган куу саясатчы. "Кырт" эткен жерди баспаган, бирок караңгыдан жол тапкан көрөгөчтүгү бар, жеткен интриган. Ооз көптүрүп сүйлөсө чын эле ишенип кетесиң. Бирок көбүнчө жомокту айтмай адаты бар. Куру сөздү кыйын жобурайт. Колунан келбесе да, оозу менен кыйратып муруңку бийликти "бугун алабыз, 2 күн убакыт беребиз" деп психологиялык чабуул коюп келди. Карапайым кан төгүп, ырайымсыз бийликти кулатып берди. Эл ишеним кылып УӨнүн оозун карап, эми кой үстүнө торгой жумурткалайт дегиче, убактылуулар ишенимге чычып салышты. Аз өтпөй акча кымырышып, кылыгы билинип, эки жаат болуп пресс-конференция беришип элге уят болушкан. Анын алдында алды ант берип, касам ичип эл жүгүн көтөрөбүз дешкен. Эл жүгүн көтөрмөк түгүл элдин ырыскысын жыра тартуу аракетин көрүштү. Азикебиз буркан-шаркан түшүп "снайперлер кармалды, жакында эл алдына ачык айтабыз, жалданган көзгө атарлар экен" деп коюп, снайпер турмак көлөкөсү жок. Каза болгондордун кырк ашы берилерде айласы кетип, апрелден кийин УӨ мүчөлөрүн карап, кайтарып жүргөн "СГОнун" балдарын баса калып, камап салышты. Анысы азыркы убакка чейин чечилбей, ары-бери сүйрөлүп келатат. Жоругу жолдо калгыр Жанышты кармайм дегени барынан кызык эй. Жумурай журтка чыгып алып "кармап койдум, эртең өзү арттан келет" деген жаңы ачылыш жасаган. Кылмышкер кантип өзү келсин?! Анан кайра кетип калыптыр деп Жанышты күнөөлөп наалып алган. Максимди атасынын ишине аралашты деп жүрүп, уулу Руслан Максимдей болуп жакынкы шайлоодо "БЭКтин" билерманы болуп чыга келди. Эл арасында Максимдин машинесин минип жүрөт деген кептер бар. Кыскасы Азимбек мырзанын кылыгы, кыңыры да көп…


Билинбеген Сооронбай Жээнбеков
Эки жээктин эбин таап, келген бийликтин этегин кармай билген Сооронбай Жээнбеков деген бар. Кезинде Акаев бийлигинин камчысын чаап, оозунан чыккан сөздү жерге таштабай, шилтеген жагын шилиген жигиттеринин бири эле. 2005-жылы болгон ЖоКеге ат салышууда Акаевдин кадры катары таанылып, шайлоонун акыйкатсыз жыйынтыгында атаандашы Д. Чотоновдун тарапташтары демитип келгенде айбат кылып, ошол бийликти коргоп калууга жан далбас урганын билебиз. Анан Бакиевдин хандыгы орноп, бат эле Салиевичтин колтугуна кирип, ЖоКеден жорголоп бат эле министр боло калды. Кызматынан шыпырылары менен, жарма таарынычы барлар келчү оппозицияга кошулду. Багы бар окшойт, 3 бийлик менен тең кызматташып, ары-бери өтө калып, азыр да олчойуп Ошту башкарып калды. Бирок, губернатор болгону кабинетинен чыкпай эле жатабы, бары-жогу билинбейт. Сокебизден дайын жок. Оштуктардын нааразычылыгы күч экен. Себеби Оштогу тополоңдо элдин алдында болбой, бекинип алып, тегерегин корготуп жатып алганы жердештеринин кыжырын кайнатыптыр. Өзүнүн кичи мекенине бара албай, ачык чогулуш өткөрө албай калды дешет. Коомчулукта да Жээнбековдун бир ачылыш жасап жибергенин эшиткен жокпуз. Мурдагы губернатор Мамасадык Бакиров колунан жетелеп чыгып салып, Сокебизди бозорткон жагы да бар. Иниси Асылбек Жээнбеков болбогондо куру жалак калып, кызматын тарттырып жиберет беле, кудай билет. Күбүр-шыбырга караганда каракулжалыктар катуу киришип, шайлоо жыйынтыгы чыгып, ЖоКебиз бекисе, Сокени өзүбүз колунан жетелеп чыгабыз деп атыптыр…


Көмүр королу кайда жүрөт?
Мотуев деген ысымды укканда бир жылмайып "Каракеченин" көмүрүн эстейсиң. Анткени кылычын кармап кыш жакындап Нурлан мырзанын жогун жоктотуп атат. Саясий шоу кылып, Бакиев кезинде бакылдап Текебавдин "видеосун" соткасына көчүрүп, кыдырып кино койчуле, көптөн бери дайны чыкпай кетти. Бирде чыгып "саяктардын" лидеримин деп, бирде "момун" мусулман кейпин кийип, зикир чалып "эми мусулмандардын лидери болдум, иншаллах!" деп, Турсунбай Бакир экөө дабатка чыгып калган жагдайлары бар эле. Кырс мүнөздүү кызык киши. Аркы-беркисин жазыштан да коркосуң, келип компьютерибизди талкалап салабы деп. Кайда жүрөт деп, кулак түрсөк азыркы өкмөттүн ишине ичи чыкпай, "оппозициямын" деп тиш кайрап жер чапчып аткан имиш. Төрөсү качкандан кийин, бирөөлөрчүлөп ашатып, артынан акаарат айткан жок. Көмүр "королунан" көтөрүлүп, президенттикке дымак байлап, шайлоо жүрүшүндө Бакиевдин арыгын кош колдоп чапкан. Эми Отунбаевага өтө качабы десек, азамат экен эй, позициясынан жазбай, кайраттанып сын айтып атыр.


Мелис чеченден коркобу?
Терек бизнестен, терең саясат жолго түшкөн Мелис Мырзакматов мэрликке чейин жетти. Күпүлдөп киришип Ошту оңдоду эле гүлгө оронгон шаар, күлгө айланды. Нариман Түлеев менен тең жарыша фонтандарды куруп, шаар ичиндеги ыпыр-сыпыр кылып жол жээгине тизме катар коюлган нан кана, самса каналарды түрттүрүп ала чапандардын балиттигин тазалай баштаган. Көрө албастар "саясатчы эмес, сабатсыз" деп чыгышкан. Таңдайынан кара чаң чыккан, саясаттын сазына баткан куру сөз ораторлордон, сөзгө мокок болсо да ишинен жыйынтык чыкканы дурус болчу. Бакиевдин куйругу катары баалап, элине кызмат кылганын эске алган жокпуз. Калыс баа берүүнүн ордуна, шылтоого шыноо болуп Оштогу окуяда улутчул деп атадык. Улутун сүйгөндүн неси жаман?! Асылып атып, саясаттан тажадыбы, акыркы убакта дайыны чыкпай, мурдагыдан активдүүлүгү жоголуп, коомчулукта оозго алынбай калды. Азыркы өкмөттүн тамагына тыгылган кылкан, Бакиевдин куйругу, Ош шаарындагылардын сүймөнчүгү, улуттук баатыр катары бааланган Мелисти чечендер коркуткан имиш. Ошого тилин, тишине катып жүрү дейт. Ал кайсы чечек чечен болду экен эй? Чеченди ким тукурушу мүмкүн. Отунбаеваны теңине албай, өзүн жарым пааша санаган Мелистин жүрөгү түшүп калыптыр десе кызыктай угулат экен…


Дайырбек ОРУНБЕКОВ