Үч талант

Актерлук, сүрөтчүлүк өнөрдү аркалап, поэзия жаратан Уланбек Султангазиев бизде мейманда.
"Талант болсо баарын жеңгенге болот"
Туулган жылы: 1984-жыл, 8-июль.
Мүнөзү: токтоо.
Жакшы сапаты: сөгүнбөйт.
Жактырган жаныбары: жылкы.
Адамдагы баалаган сапаты: жөнөкөйлүк.
Сүйүүдө: туруктуу.
Тартылган тасмалары: "Эркектер", "Кандуу сүйүү 2", "Аят", "Талас-Бишкек", "Принцесса Назик", "Гаишники"

Күтүү
Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында төрөлүп өскөм. Төрт бир туугандын экинчиси болом. Атам мал доктур, апам мугалим болуп эмгектенишет. Өзүм чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Улуу эжем, эки карындашым жашоодо өз ордуларын таап, үй-бүлөлүү. Азырынча көксөгөн, кыялданган арзуумду күтүп жүрөм. Ал адам жанымда эле жүргөнсүйт. Буйруса бир күнү жолуктурам деген ишеним бар.
Сүрөт
Сүрөт окуу жайын бүтүргөм. Бала кезимден берки сүрөтчү болом деген кыялымды акырындык менен нугуна алып келатам. Сүрөт Кудайдын берген таланты, насиби. Жүрөк түпкүрүмдөгү сырларымды ыр менен айтып жеткире албасам, сүрөт аркылуу элес бералам. Ошон үчүн сүрөт менин жан дүйнөмдүн ачык күзгүсү. Бирок, актёрдук кесипти аркалаганы, сүрөт жагы аксап жаткансыйт.
Актёр
Актёрдук кесипти аркалайм деген оюм жок эле. 2001-жылы аттан жыгылып бир канча убакыт эсиме келбей жатканымда, кыргыздын залкар актёрлору мага түш сымал киришкен. Мисалы, Советбек Жумадылов менен роль ойноп атканым. Анан бара-бара актёрлук чеберчилик, талант пайда болду. Ошондон улам киного кызыгып аны изилдеп баштадым. Алгач кино жаатына художник постановщик, декоратор болуп киргем. Кандай кино болсо да тартыла берем дечүмүн. Кыргыз тасмасынын босогосуна, чөйрөсүнө кире албай жүргөн мезгилдер да болгон. Башында "Эркектер" кино комедиясында кичинекей эпизотто тартылгам. Болгондо да өзүмдүн туулган күнүмдө тартылыпмын. Туулган күнүмдө тартылганымды кийин билгем. Анткени мен туулган күнүмдү таптакыр белгилебейм.
Поэзия
Кубанганда, капаланганда ыр жазып жан дүйнөмдү алаксытам. Кээде ыр жана чакан чыгарма жаратуу менен, ички дүйнөмдөгү боштукту толтурам. Мен үчүн ыр жаратуу адамдын көкүрөгүндөгү, сезиминдеги, жүрөгүндөгү ой толгоолор, ички жан дүйнөнүн жаңырыгы.
Талант
Талант болсо баарын жеңгенге болот. Кино десе көпчүлүк адамдар жеңил деп ойлойбуз. Бирок, бул-өзүнчө чоң искусство жана көп эмгекти талап кылат.
Сүйүү
Бул сезим бала кезимде, башкача айтканда акыл эс кирип калганда эле келген. Сүйүү эки жаштын бири-бирине болгон ыйык аруу сезимдери. Сүйүү адам баласына гана чектелбестен таң аткандан күн батканга чейинки аралыкта, чөйрөдөгү жандуу жансыздар жана жаратылыш кооздугуна суктануу менен аларга болгон мамиле сүйүү. Кудайды даңазалап жашоодо бактылуу экенинди терең туйсаң бул-алп жана ак сүйүү.
Ишеним
Динге көз карашым түз. Мурда беш маал намаз окучумун. Азыр жума намаз окуйм. Орозону ден-соолугума байланыштуу кармаганга болбойт.
Дос
Чыныгы дос деген жок. Ал эми амал досторум көп. Достордон көңүл калган күндөр да болгон. Бирок, анын баары ичимде сакталып келет.
Жашоо
Жашоонун ырахаты өмүр аягына чейин таза жашап жана эне сүтүн актоо.
Чылым
Ичкилик, чылым бул мен үчүн эмес.


СУЛТАНГАЗИЕВ Уланбек, сүрөтчү:
Ак тандагы арзуу

Күн чыгыш тараптан теңирдин Алта-Тегин дарбазасы ачылып, кылайып аткан таң менен аскадан-аскага чагылышкан кызгылтым күн нуру көзгө урулат. Ошол учурда тогуз ай толгонуп эненин курсагынан жарыктыкка көз жарган бул эгиз наристенин көздөрү уялыңкыраак карап, ыңаалаган кубанычтуу үндөрү коштоп эне баласын алаканга салып, обого жогору созсо, периште нуру төгүлүп, жер жүзүнө шооласын чачат. Тан эрте төрөлгөн бул эгизге "Таңзарбек жана Таңсулуусу" болсун деп ысым ыйгарып, Кудайга миң мактоолорду айтып, кулак кага азан үнү жер бетин аралап жаңырган сыйкырдуу бул кубулушка барыбыз күбө болобуз.
Чыгыш жактан апакай таң сөгүлдү,
Аппак шоола ай-ааламга төгүлдү.
Аппак такда ак шоолалуу булуттан,
Ай чырайлуу нур элесиң көрүндү.


Бул кереметтүү көрүнүш мен үчүн сырдуу да, кымбат да. Анткени ар таңды зарыга күтүп, ак таңдагы аппак булуттардын арасынан сенин элесиң менен жолугуп, сени менен бетме-бет көрүшкөндөй болом. Ушул керемет таң заарында айлана ак нурга боёлуп, ак элечекчен Жер-Эне мээримдүү жылмайып, ак бубактанган кош колуна сенин жарык нур чачыраткан көздөрүңдү, жемиштей мөлтүрөп бышып турган назик келбетиңди, ак таңдын өзүнө окшогон аруулугуңду, ак булут сыңары жумшак мүнөзүңдү менин көз алдыма тартып: мына, жакшылап көрүп ал,-дегендей.
Өжөрлөнгөн толкунга төшүн тоскон көк деңиздеги кемеден бетер мен да алдыга жүткүнө берип, сенин сулуу элесиңди, баёо көздөрүңдү дааналап көрүүгө аракеттенем. Өзүм да кусага, сагынычка жык толгон каректеримди сенин каректериңе кадап: мен сени күтүп жүрөм, күткөнүмө канча убакыт болду? Кел жолугушалы деген сураныч менен асманга шукшурулуп учуп чыккан шумкар мисал, өзүңдү көздөй чабыттап учуп барып, качантан бери сенин элесиңди көз алдыма тарткан керемет көрүнүшкө өз боюмду таштагым келет.
Ак шоолага оронгон аппак булуттар акырындык менен жыйырыла түшөт да, кайрадан сенин элесиңе айланып, ажарлуу жылмаят да, аска-зоолордун арасынан-жаңырыктап чыккан үн менен: "Мен сенин келээриңди билгем. Мен дагы сени күткөм. Сен менин түбөлүк күтүүмсүң" деген назик, жалбарыңкы үн менен кулагыма шыбырай калып, анан кайра кайдадыр белгисиз ээндикке житип кеткендей. Айлана да ың-жыңсыз ушул көрүнүштү мага ыраа көрбөй, заматта кайра өзүнө сиңирип алгандай.
Ак булуттардын арасынан көрүнгөн сенин сырдуу элесиң да, сени күтөм!-деп жаңырыктап жан дүнүйөмдү селт эттирген назик үнүң да, буркан-шаркандаган көк деңиздеги өжөрлөнө сага карай, жүткүнгөн ак кеменин да, бийик асканын кылда учунан сени көздөй шаңшый шукшурулган шумкардын да карааны заматта көздөн кайым болду. А мен болсо өзүңө жетмейин, канаттарым талыганча сен тарапка уча берем. Убакыт деген кандай учкул. Өмүрүмдөгү жыйырма экинчи ак жүздүү кыш айы да тыным албай желдей жортуп, улам алдыга шашат. Убакыт менен бирге учкан менин махабатым ак кардын тынымсыз эриши менен муңдуу көз жашка айланып, эрий жерге тамчылап, сиңип кетип жаткандай.
Жарык дүйнөдө менин жүрөгүмдү кереметке бөлөгөн сенин сырдуу карааның жаш жаныма эрк менен кайрат берип, сени дагы талыкпастан күтө берээримди асман жердин ортосуна жар салгансыйт.
Он сегиз миң ааламды тегиз жараткан мээримдүү, боорукер бир Кудайдан ар бир аткан аруу таңда жалынып жалбарган сураныч менен сага жетип, сени менен гана бактылуу болсом- деген ыкласта, тилек кылам, сүйүктүүм!