Рухдүйнө

"Ордо" жөнүндө орчундуу ойлор
Абдумалик (Максат Бузурманкул) тел: 0 312 46 47 72 Шадыбекова Жамиля 0543 900 992
Абдраманов Максатбек Бишкек ул Каховская №3
0543 162 157, 0312 216 496
Тилекказиева Гулкайыр Бишкек м-н Достук үй №3 кв 8 Коркут Атанын Ордосу 0555 24-77-33

(Башы өткөн санда)
Өзгөртүлгөн абал
Ал эми парапсихология илими боюнча ала турган болсок, 21 саны адамдын жер менен байланышып турган 3 чакрасы жана 7 энергетикалык денеси менен байланыштуу болот. Келгендер аластангандан кийин "ак куу" деп аталган шакирт кыз ордодо олтургандардын аттарын сурап, тизмелеп дептерге жазып чыкты. Аластануу процесси аяктары менен ак куу, шумкарлар тизмедеги пенделердин атын атап, жогорку күчтөр аркылуу транс жолу менен байланышка чыгып бата чыгарышты. Транс - бул измененное состояние.(өзгөртүлгөн абал) Мындайча айтканда, акыл эсти, логиканы аралаштырбай, көзгө көрүнбөгөн жогорку күчтөр менен байланышка чыгуу жана алардан маалымат алуу. Ошентип дептерге жазылган тизмени колуна алып ортого Абдумалик (Максат Бузурманкул, "Кара Буура атанын ордосу" деп ушул ордону ачкан жетекчи) чыгып, транска чыга баштады. 5-6 секунддан кийин кайсы Атанын руху байланышка чыкса, ошол Атанын Батасын келген пенделерге Манас түрүндө айтып, информация берип жатты. Тизме менен аты аталган адам ордунан туруп, алакан жайып өзүнө берилген батаны диктафонго жаздырып алып жатышты. Себеби Батада айтылган ар бир сөздүн мааниси чоң. Батада ошол адам жөнүндө толук маалымат берилип, кайсы органы, канча жылдан бери ооруганын, турмушка чыгалбай жүргөн кыз-келиндердин багы эмне себептен байланганын, ичкилик, баңгизат колдонгон адамдардын каралыкка (кара энергияга) малынып жүргөндөрүн же адамдын өзүндөгү касиетти туура пайдалана албай (энергияны туура башкара албай) ар кандай сыноолорго туш болуп кыйналгандары жөнүндө байланышка чыккан Атанын берген батасынан айтылып жатты. Өзгөчө айтылган аманаттарды аткарбаса, анда алдыда боло турган жакшылыктары, тилектери орундалбайт. Кыскасы ар бир адамдын өзүнүн энергиясына, ниет пейлине жараша бата чыгат. Аталар кээ бирөөлөрдү жасаган жаман иштерин айтып "урушуп" жатса, кээ бирлерин касиет кысып кыйналгандарын, оорукчандардын илдеттерин айтып, кээ бир пенделердин ниет пейилдерине ыраазычылыгын билдирип жатты. Бардык келгендерге Бата берилип бүткөндөн кийин, эмчилер эмдеп, сарбаздар камчы менен келген пенделерди камчылап чыгышты. Эмчи сарбаздар Ордодон башка жерде бирөөнү эмдеп, камчылаганга болбойт, себеби Ордодо эмчи, сарбаздардын колу менен жогорку күчтөр эмдейт. Пенделер тазаланып бүткөндөн кийин шакирттер бири-бирин камчылап эмдешти. Баары эм алып бүткөндөн кийин 7 чырак менен ордону аласташты.
От, суу жана аба
Чындыгында Кудай менен, башкача айтканда космостун эң жогорку сапаттагы энергиялык зор күчү менен адамдардын ортосун байланыштырып турган, көзгө көрүнбөгөн дүйнөнүн жогорку энергияга ээ болгон энергожандыктары болот. Андай энергожандыктарга ар кандай мазар ээлери, жер, суу, от, аба стихияларынын колдоочу периштелери, Алланын ак периштелери менен катар улуу инсандардын рухтары да кирет. Ал улуу инсандар жерде жашап өткөн мезгилинде, атак даңкка, бийиктикке, ар кандай жетишкендиктерге жөн жеринен эле жетишип калган эмес. Ошол жан дүйнө энергиясынын сапатын күчтүү, таза кармагандыктан көп жетишкендиктерге жетишишкен. Андай адамдар өлгөндөн кийин да, денеси көмүлгөн жерден нур чачыратып, оң энергия бөлүп чыгарып тургандыктан ал жер касиеттүү деп аталган. Мындай оң энергиялуу жерден тилеген тилектер тез аткарылып, ден-соолуктары жакшыра баштаганын байкаган адамдар биринен бири угуп зыяратка келе баштаган. Адамга жогорку космостук энергия менен катар 4 стихия жардамга келет. Алар от, суу, аба жана жер стихиясы. Бизди курчап турган көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да бардык заттар жана Аалам ушул беш стихиядан турат деп парапсихология илиминде айтылат. Бул жерде от менен аластангандын бир себеби от кара энергиядан тазалайт. Жагылган шам бул материялдык дүйнөнүн оту. Шам жагуу менен от стихиясын чакыруу же көзгө көрүнбөгөн дүйнөнүн от стихиясынын колдоочу энергожандыктары менен байланышка чыгып, ал күчтөрдүн жардамы менен кара энергиядан тазалануу. Аластануу процесси аяктаар менен ак куу, же шумкар жогорку күчтөр аркылуу транс жолу менен байланышып Бата чыгарышты. Аталардын Батасын чыгарып берген аял затын "ак куу" эркектерди "шумкар" деп аташат экен.





Дартка даба "XanGo"

Бул ширеден өз өмүрүн узарткан, оорусунан айыккан адамдардын баяндарына кезек берели.


Сиз ден-соолугуңузду чыңдап, ар кандай илдеттерден арылгыңыз келсе, жакшы жашоону кааласаңыз анда назарыңызды көп ооруларга даба болгон "XanGo" ширесине буруңуз.


Жыл өткөн сайын адам баласынын талаптары жогорулап, бизди курчап турган айлана-чөйрө булганып, терс энергиялар көбөйүп бара жатат. Терс энергиянын көбөйүшү ар кандай оорулардын пайда болушу менен сүрөттөлөт. Жаның көзүңө көрүнгөндө эмнени гана кылбайсың. Астыбыз бейтапканага чуркасак, артыбыз табыптарга барабыз. Дартты берген жараткан дабаасын бербей койбойт. Мына ошондой дартка дабаалардын бири "XanGo" ширеси. Аталган шире мангустин жемишинен алынат. Кылымдар бою бул жемиштен ар кандай инфекциялык ооруларга дары жасап келишкен.
Эгерде Алоэ Вера өсүмдүгүндө 1 ксантон болсо Мангустиндин курамында 39 ксантон бар. Күчтүү антиоксиданттык сапатка ээ болгондуктан адамдын органындагы бардык шлактардан тазалап, ден-соолукту калыбына келтирген касиетке ээ. Бул ширенин курамында А, С, Е, D, В1, В2, В6, В12, витаминдери жана көптөгөн ден-соолукка керектүү заттарга бай.
Ар бирибизде кантип эле бир жемиш бардыгына дары болсун деген суроо туулбай койбойт. Акыркы отуз жылда атайын лабараториялык изилдөөлөр мангустиндин организмге кандай жардам берээрин далилдеп чыгышты. Жыйынтыгында:
Организмден токсиндерди чыгарат, Клеткалардын тез картайышына бөгөт коет, Иммундук системаны жакшыртат, Жүрөктүн согушун нормалдаштырат, Сөөк, муун ооруларын алдын алат, Стресс, уйкунун бузулушун жөнгө салат
Мындан тышкары:
Аллергия, Ангина, Рак, Диабет, Депрессия, Эндометриоз, Эмфизема, Киста, Гепатит С, Гипертония, Склероз, Грыжа, Шишик (Опухль), Бөйрөк, Чачтын түшүшүнүн токтоосуна жардам берет.


Ира Хан, Бишкек.
50 жашта
- Бул илдет менен 2000-жылдан бери алпурушуп келгем. Сахарым 15-16 болуп, давлением 130-180ге көтөрүлгөн. Бутумдун, колумдун салааларына жара чыгып, дарыгерлер дарынын тизмегин каттай эле жазып беришкен. Сааты менен уучтап- уучтап дары ичип калгам, бирок алар да жардам бербей оору күч ала берген. Оору жаныма батканда ксанго ширеси тууралуу угуп калып 10-июндан тарта иче баштадым. Биринчи айда күнүгө үч маал 30 граммдан ичип жүрдүм. Кийинки айда эки маал, азыр күнүнө бир маал гана ичем. Рахмат ксанго ширесинин жаратуучуларына. Жыйынтыгында бардык илдеттен кудай буйруса айыктым
Инна Ли,Бишкек.
42 жашта
- Алты жылдан бери аллергия оорусу менен алышып келе жатам. Аллергия алды кетирип, чаң болсо деле, башка болсо деле мурдум кызарып, суу куюлуп жылдан жылга күч алып бараткан. Бейтапканага кайрылганымда эч кандай айыктырууга мүмкүн эмес экендигин айтышып, жолго салышкан. Үмүттүн шооласы үзүлбөйт экен да улам эмне жакшы десе ошону алып отуруп, акыры мангустиндин мөмөсүнөн жасалган шире тууралуу угуп ичип көрдүм. Үч ай эртең менен кечинде ичип, ширеге теңме-тең суу кошуп көзүмө, мурдума тамызып жүрдүм. Азыр ахыбалым кудайга шүгүр жакшы, жогорку илдеттерден арылдым.