Мигранттан мини кат

Дагы канча тентийбиз,
кыргыз?
Өз камын ойлогон бийлик тарабынан унутулуп, тагдырдын кол шилтөөсүнө туш болгонуна карабай акча таап, элин багуу айласында дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчуна барып, кыйналдым дебей, ар кандай жумушка көнүп, чыдап иштеп жүргөн кыргыз элимди көрүп таазим кылгым келет. Мындай нерсе ар элдин эле колунан келе бербесе керек. Дүйнөнүн 3-өлкөлөрүндө жыл сайын миңдеген адамдар ачкалыктан өлүмгө дуушар болушат. Тилекке каршы элибиз ишенип шайлап, колдоп келген атка минерлер элдин ишеничин актабады. Ал тургай улам сызга отургузуп, бир пикирге келе алышпай, кошуна элдерге шылдың болуп атабыз. Алар үчүн добуш берип шайлаган, майданга чыгып кан төккөн үмүт акталган жок. Мамлекет үчүн иштөөнүн ордуна, биринин этин бири жеп, бийлик, орун талашып, мамлекетти жарып, талап-тоноп, элди кыйнап келишет. Бир жолу болсо да босогоңузду аттап "кантип нан таап жашап жатасың элим" дедиби? Жок. Төмөнкүдөй суроо туулат, дагы канча жыл талаада, чет жерде тентип жүрөбүз? Биз ушул күндөрдү көрүп, кыйналсак да чыдадык, балдарыбыздын тагдыры кандай болот? Алар да башка элге малай болобу? Жүрөк сыздаса да, турмуштун кыстоосунан улам жаш балдарын алыска, чет жерге жөнөткөн ата-энеге боорум ооруйт. Элет жеринде чал-кемпир, жаш балдардан башка балтыр эти толгон, жумушка жарамдуу жан көрүнбөйт. Бир кездеги көчөгө батпаган калың топ адамдар, билегинде күчү бар мырзалар сейректеп кеткенин угабыз. Алар кайда, албетте орус, казак жеринде тырмалап оокат айынан жүрөт. Бул жактагылардын көзүндө мекенге болгон кусалык, жүрөктөгү сагынуу, сыгылуу айласыздан байланып жүргөнүн байкайсың. Айла канча, мекенге барып элиме кызмат кылайын дейсиң, өзүлөрүнүн кыларга жумушу жок. Эгерде мигранттардын баары барса, жумуш эмес, үй салаарга жер бере албашы бышык. Жерлердин баарын жеке бир байларга баалап сатып, чиновниктер энчисине алган. Караламан журт бир кетмен жер үчүн күрөк кезешип, алка жакадан алышат. Айтор бүтпөгөн көйгөй толтура. Ошол убакта дагы өнүгүүгө бет албай, күнүгө митинг, пикет менен убактыларын коротушат. Анан айласыздан айтасың "ошолордун барынын энергиясын, күчүн жок дегенде көмүр казганга жумшаса" деп. Чындыгында жыйынтыктуу иш болмок да. Анан артынан бир ууч адамды ээрчитип алып, элдин тынчтыгын бузуп, ачуу кыйкырык менен жүрө берсек маселе чечилмек түгүл, татаалдашары бышык. Кыргыз эркиндикти сүйгөн эл деп койсо, делөөрүп бири-бирибизди кууп атып, экономикалык алсыздыкка, экономикалык көз карандылыкка келдик. Эмне себептен мамлекетибиз ушул абалга дуушар болду? 19 жыл мурун баардык КМШ өлкөлөрү менен бирдей эле убакта СССРдин курамынан чыгып эгемендүүлүк жолунда кадам таштадык. Азыркы кезде КМШ өлкөлөрү арасында эң артта калып, карызга белчебизден батып отурабыз.
"Балык - башынан сасыйт" дегендей, баладан кемпир-чалга чейин эле баары саясатчы болуп кетти. Мунун зыяны эле болбосо, эч пайдасы жок. Эртеден кечке бардык массалык маалымат каражаттарынан саясат тууралуу, шайлоо тууралуу, партиялар тууралуу маалымат берүү менен чектелип калышты. Саясат десе эки жаат болуп урушуп, бири-бирин жамандаган технологияга өтүп алышты. Анан кызарбай саясат "сасык" болот деп шылтай койгондоруна кантесиң. Экономика тармагы тууралуу кеп козгогон пенде жок. Эгерде өндүрүш тууралуу сунуш, дымактуу ойлорду айтса, көптөгөн кичи ишканалар ачылып, элибиз да иш менен камсыз боло баштамак. Өлкөдө өндүрүшкө мамлекеттик деңгээлде жол көргөзүп, колдоо болбогондуктан баарыбыз чет жерлерде тентип, алардын кызматын кылып жүрөбүз. Эмне себептен дүйнө жүзүнө тентип кетти, кыргыздын жумушка жарамдуу кыз-жигити? Талаада жүрүп тажрыйба топтодук, сыртта жүрүп элибизди бактык. Эми керектүү мезгилде биздин дараметти, биздин акылды элибиздин пайдасына, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жумшаса деген тилек.
Медербек Адылбек уулу, "Бириккен Кыргыз Атуулдары" коомдук бирикмесинин чет өлкөлөрдөгү координатору.





  Сыноптика

Улутчул, принципиалдуу саясатчы
Сыноптиканын сынына элдин патриот, улутчул уулу аталып, кайрадан Бакиевдин куйругу, баягы эле жеп жутаар делип, айтылуу ак үйдүн астына "Ташизмге жол жок" деп митинг уюштурушса, УКМК кол салды болуп Ташиев табышмактуу болуп жаткан учур. Кандай болгон күндө да "калк айтса калп айтпайт" деген сөздү эске алып, кеп кезегин Камчыбек мырзаны алыс жакындан тааныгандарга берели.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
- Ташиевди толук тааныбайм, бир убакта Башмыйзам кабыл алынып атат деп жалгыз добуш бербей койгонун билем. Бул жигитте принципиалдуулук бар. Сөзүнө бекем турат. МЧСте иштеп жүргөн кезинде "Данияр Үсөнов менен иштеше албайм" деп кетип калганынан кабарым бар. Демек бул кишинин өзөгү бар. Түштүктө жаңжал чыкканда эки тараптын ортосунда туруп, ынтымакка, жаңжалдын күчөп кетпешине салым кошту. Эл бул кишини улутчул деп айтат. Ал эми мен улутка үндөп, кыргыздын тарыхын, наркын, салтын, кол өнөрчүлөрдү, комузчуларды колдогонун укпаптырмын.

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:
- Камчыбек Ташиевди мындай-тигиндей деп айтуудан алысмын. Себеби, жаман-жакшы айтышкан эмесмин. Менимче аны ошончо эл колдоп, лидер болуп ат салышкандан кийин, аны жакшы билгендер колдоп жатышса керек. Эл өзү шайлады. Жарандарга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн, өз каалоосу менен тандоосуна, шайлоо бүткөн соң мындай талаш-тартыштын болуп жатканы туура эмес. Апрелдеги окуядан соң, ата-эненин жүрөгү канап турган чак. Ошол окуяга Камчыбек Ташиевдин кандай тиешеси бар экенине менде так аргумент жок. Апрель окуясына байланыштырып, "Ата-Журт" келбесин дегендин өзү дагы анын артындагы добушун берген элге "обидно".

Орозбек Молдалиев, саясат таануучу:
- Камчыбек Ташиев депутат болуп жүрдү. Кийин өзгөчө кырдаалдар министрлигин башкарды. Жакшынакай иштерди жасап жүрүп эле, кийинчерээк Данияр Үсөнов "Ташиев акча жеп алды" деп мамлекеттик кызматтан алып койду. Үстүнөн иш козголуп, революция болуп кетип ал иштеринин дайыны чыкпай калды. Азыр элдин бары эле улутчулмун деп калышты. Бирок, эмне иш жасагандары билинбейт. Ташиев да ушинтип жүрөт. Албетте, патриоттук сезим кыргызстандыктардын барында эле бар. Мамлекетибиз кыйын абалда турганда баары эле улутчул. Мен аны улутчул эмес деп айта албайм. "Ташизмге жол жок" деп чыккандары эми ал уйкаштырып коюшкан. Антип айтыш үчүн ал өзүнчө бир окуу негиздеп, идеологиясы болуш керек. Бакиевге өзүнүн берилгендигин көрсөтүп эле жүрөт. Жалал-Абад облусунун губернаторлугун бергенде баш тарткан. Бул эми түз пикирин айткан.

Исхак Масалиев, экс-депутат:
- Ташиевдин тегерегинде ар кандай имиштер болуп жатат. Кандай болгон күндө да ал өз сөзүнө турган, берилген тапшырмасын так аткарган саясий ишмер. Ал эми анын үстүнөн козголгон кылмыш иштери таптакыр туура эмес. Статьядан статьяга которулган. Кечээ жакында болгон окуя бул атайын кызматчылардын акмакчылыгы. Ак үйдүн астына Такшиевге каршы чыккандар туура эмес, биз каалайбызбы каалабайбызбы шайлоонун жыйынтыгын кабыл алышыбыз керек. Ал жерде эл Ташиев үчүн добуш берген жок. Эл партияга добуш берген. Бул жерде шайлоо бүткөн соң бирөө утат, экинчиси утулат, жеңиле да билиш керек.