Таластыктар Бабановду такаладыбы?
Кезинде Бабанов Максимдин колуна суу куйуп жүрүп, базарды, банкты өздүк кылып, кампасын көк кашка пулга толтурганы далай айтылды эле. Максимдин бийлиги тайыган соң андан жаа бою качкан. Бүгүн кайсы партия менен кошуларын билбей, ара жолдо турган эле, күтүүсүздөн гүл ыргытып Атамбаев менен баш кошту. Себеби, таластык туугандары муштум кезеп "Ташиевге кошулсаң өпкөңдү үзөбүз" дептир. Коркуп кеткен Өмүкебиз Атамбаевдин алдына кол куушуруп барган имиш. Эртең дагы бир топ таластыктар таяк көтөрүп келип жакалап койсо суу жүрөктүк кылып качып кетбес бекен. Деги Бабановдо принцип деген барбы?


20 млрд. сомду ким солоду?
Кыш жакындаган сайын социалдык маселелер курчуп, каржы жетишпей, экономикабыз оор онтоп турат. 7-апрелдеги бийлик алмашууда далай акчалар асманга сапырылып кетти. Мындайда кийинки келген бийлик мурункусуна төңкөй салмайы бар эмеспи, УӨ дагы 20 млрд. сомду Бакиев бөктөрө качыптыр деген. Аз өтпөй телефондон убактылуулардын акчаларды сол чөнтөккө сологон "телефонгейтти" жумурай журт угуп алган. Анан 200 млн. доллар чыгарылып кеткен дегенге айрым эксперттер айласыздан жылмайып, "АКШнын федералдык банкы көзөмөлдөп, акчалар кайда кеткенин билип коет, "красный" бухгалтериядан баары билинип, бир күнү болбосо, бир күнү ачыкка чыгат" дегени бар. Белгизиз кеткен акчалардын куйругу азыркы бийликтегилердин чөнтөгүнөн чыгат деген ойду айрым эксперттер айтып жүрөт. Чөптүн башы жөн эле кыймылдабайт. Мунун да жакында чын-бышыгы билинет.


Дүйшөбаев "быш" этти
"УКК" кызматкерлери Ташиевге тапанчаларын тарттырып, документтерин таштай качыптыр. Анан аны Кеңешбек Дүйшөбаев мырза актаныппы, тактаныппы айтор "жалган, атайын жаманатты кылуу" дебатат. Буга чейинки болгон Оштогу коогалаңдын алдын ала сезбей, же түбүнө жетпей "ушу Бакиев эле кылды" деп шылкыйып туруп алган да ушул УКК эле. Үч тамга башчысы Жаныш Бакиев менен бетме-бет кезигип анан кое бергени да далай кеп болгон. Эми кол алдындагылардын тизгинин колуна ала албай, кайра ар нерсеге жооруп, өзүн айай көргөзүп атат. Мамлекеттин, улуттун коопсуздугун ишенип тапшырган "жигиттерибиз" таяк жеп, тапанчасын тарттырып, ишенчү кишилерибиз тойдо "бы-ыш" дедирбедиби… Буларың коопсуздукту карамак түгүл, ычкырларын бек байлай албаган немелер окшойт. Деги биз кимге ишенебиз? Сакчыларыбыз өздөрү карайлап атса…


Кетсин заман…
Күрдөлүү күздөгү митингдердин сезону келди. Артыңа алты адам ээрчите алсаң кыйкыра бер. Оюңа эмне келсе айтып, колуңду сереңдете берсең улутка күйгөн, элди ойлогон неме окшойт дешет. Максатын айтпайле кой, эч кимдин иши болбойле койсун. Анткени биздин коом куру кыйкырык, адеби жок "аңылдактардын" коому. Кыргызстанда өндүрүштү ойлогон, экономика өсүп, маданият илгерилесин деген пенде калган жок. Бир тарабы басып алуу, бир тарабы сактап калуу менен алек. Эмнесин? Албетте коррупцияга малынган майлуу куйругу менен отурган креслосун. Кыргыздын эңсегени, самаганы, кыялданганы кресло менен мансап. Аянтка так талабы жок "Мекен Шейиттери" менен артынан айдактап "Ата-Мекен" чыкты. Койгон далилдүү күнөөсү жок, жалпылаган "бакиевчилерге" "Ташизмге" деген ураанды жамынышкан. Удаалаш ЖоКенин алдына "Ата-Журт" айбат кылып, БШК алдында "Бүтүн Кыргызстан" бүлүк салып топтолушту. Акыйкат демиш болуп, баарынын көздөгөнү мансап да, башка эмнени айтышмак эле… Кулактын кужурун алып, элге тынчтык бербес болушту.


"Агентти" коюп
агенттигиңди кара
Сыртынан кычырап иштемиш болуп, кызматына кериле манчыркаган министрлердин кээ бирлеринин жоругуна күйбөгөн жериң күл болот. Бир олчойгон орунду кучактаган "атамекенчи" аткаминердин кылар иши жокпу, же сыныктан башкасынын баары жугуштуубу айтор, интернеттеги "агент" кызматында кыздар менен ырсалакташып отурат. Сүйлөшүп атканын карасаң дароо эле ычкырдан ылдый кол салат экен эй. Аны атайын сактап койдук. Кечээ оппозицияда жүргөндө эл үчүн өпкө-боорду чапкылап, элге күйгөн болушкан бүгүнкү бийликтегилерге жол болсун. "Агентсекс" ойногон аткаминердин атын азырынча жашырып туралы, керек болсо эмкисинде бетин табактай кылып гезитке чыгарабыз. Так что,"Агентти" коюп, агенттигиңи карасаң боло.


"Ар-Намыстын" неси бар?
Бийликтин кумары эмнени кана кылдырбайт. Бир жүзүңдү бир нече жолу алмаштырып, ар кандай амалдарды, "ышкырмаларды" айттырат. Ийгилигин антиулутчулдук менен алган "Ар-Намыс" аргасы кетип "улутчул" "Ата Журттун" этегин кармап, чачпагын көтөрүп туру. Куловдун өз пикирин чанып карама-каршы партияга кошулганы кызык экен эй. Бийлик үчүн арды да, намысты да сатса болорун түшүндүк.


Батыштын бийин бийлегендер
Ушу эл аралык НПО менен батыштын тарбиясын алган укук коргоочулардыкы өттү. Унжуңдашып ары-бери чуркап, адам укуктарын бетине кармап алып акырын былгытмайлары бар. Укук эмес улуттун очогун бузуп, атаны балага кайраштырган түбү бузуктар. Кайсы жерде чыр чыкса басымыш этип, көмүскөдөн чырдын чогун "үфүлөп" кайрадан күйгүзгөнгө жетип барышат. "Мекен Шейиттеринин" пикетинде Анара Дауталиева деген дагы бир "НПОшница" айым оозун араандай ачып, шилекейин чачыратып "Ата-Журт" "Оштук спортсмендерди, аксакалдарды алып келиптир" деп көкүтүп, ансыз да ажырым күчөп аткан шордуу кыргыздын ынтымагына минтип таш ыргытып атыр. Балакет алган батыштын "баалуулугу" менен биздин арабызды айланкөчөк кылбай эле койгулачы. Тополоң чыгарсаңар эле курсагыңар тойуп кетпестир эй, тополоңчулар! Элге тынчтык керек.