Жанэль, ырчы:

"Эч нерсеси
жок келгенбиз"
Өзүнүн өзгөчө стили, мукам үнү, жагымдуу жүзү менен мырзалардын ичин тызылдаткан ай чырайлуу ырчы Жанэль менен маек.

- Жаңы клип тартыпсыз…
- "Кайрылбайсың" аттуу ырымды жаздырып жатканда эле ушул ырга клип тарттырсам деп ойлоп койгом. Ошол бойдон "CinemArt production" студиясынан тартылды.
- Угушубузга караганда чоң суммадагы акча сарпталыптыр, каржы кандай болду?
- Эч ким каржылаган жок. Жакында шайлоого карата партиялар менен иштешип, өзүмдүн ак эмгегим менен тапкан акчага тарттырдым.
- Чыгармачылыктан сырткары иштейсизби?
- Кесибим боюнча менеджермин. Төө-Ашуудагы "Горнолыжный" базада кышкысын кассир, бухгалтер, ал эми жайкысын кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн бир пансионатында менеджер болуп иштейм.
- Жумушуңуз чыгармачылыгыңызга тоскоол болбойбу?
- Тоскоол деле болбойт. Себеби мен бир жума иштеп, бир жума бош болгондугума байланыштуу ырларымды жаздырып, клиптерди тарттырганга жана жеке жашоомдогу иштерди бүтүргөнгө жетише алам.
- Клиптин маанисине токтоло кетиңиз?
- Клипте жигитим башка жакка кетип кайра келбейт. Аны сүйүү сезими менен күтүп отура берем.
- Клипте сүйүүгө туруктуу адам экенсиз, а чыныгы жашоодочу?
- (Күлүп) Чыныгы жашоодо бойдокмун. Ушул жашка чейин сүйүүнүн ыйык сезимин тата элекмин.
- Башкы каарманга эмне үчүн Азатты тандадыңыз?
- Азат бардык жагынан келишимдүү жигит болгон үчүн тандап алдым. Азатка байланышып "клибиме тартылып бербейсиңби?" деп сурангам. Жылдыздуу адам дароо макулдугун берип мени абдан кубандырды.
- Азаттын жардамы күчтүү болгон турбайбы?
- Негизи Азат фантазиясы күчтүү адам болгондуктан клиптин сюжетин өзү ойлоп тапты. Менин актрисалыкка шыгым жоктугуна байланыштуу эч нерсесин ойлогон жокмун.
- Клип тартылып жаткан учурда кандай кыйынчылыктар болду?
- Жогоруда айтып өтпөдүмбү актрисалык чеберчилигим жок. Анын үстүндө биринчи жолу бала менен клип тарттырып жатам, бактыма Азат болуп калганы жакшы болду. Азат көптөн бери шоу бизнесине аралашып жүргөндүктөн тажрыйбасы бар. Көп нерселерге кеңеш берип жаты.
- Кандай кызыктар болду?
- Биз клипти тарттырып жатканда бут кийимдерибизди чечип койгонбуз. Клипте чуркап барып коркутуп качып кетишим керек эле. Аны коркутуп кайра качайын десем чалынып кетип, эки бутумду сыйрып алдым.
- Клиптин кандай өзгөчөлүгү бар?
- Бардык эле ырларым сүйүү жөнүндө. Клиптер да бири-бирине окшош. Бул клипке эч кандай көйнөктөрдү тиктирткен жокмун. Жеке жашообузда кийип жүргөн киймдерди гана кийип тартылдык. Кудай буюрса бир жуманын ичинде өзүңүздөр күбө боло аласыздар. Менин оюм боюнча өзгөчөлүгү эки ырчы тең тартылганы болду.
- Демек эч ким жардам берген эмес турбайбы?
- 18 жашымдан баштап өзүм иштеп эч кимге көз карандысыз болуп чоңойдум. Азыр апаман акча алгандын ордуна тескерисинче колуман келишинче жардам берем. Башка бирөөдөн акча алуу мен үчүн эң чоң уят. Дайыма эле кудай деп кудайдан жардам сурайм. Өзүм атасы жок чоңойгом ошондуктан Кудайымды менин атам деп эсептейм. Менин ар бир аткан таңым, ушул ааламда жашап жатканым, кереметтүү суусу менен бетимди жууп жатканыма дайыма шүгүрчүлүк кылам.
- Айтканыңызга караганда байлыкка кызыкпайт окшойсуз?
- Адам баласы бул дүйнөгө эч нерсеси жок келгенбиз, эч нерсеси жок кетебиз. Бул дүйнөдөгү чогулткан буюмдарыбызды жаныбызга алып кете албайбыз. Ошондуктан мен байлыкка көп кызыга бербейм. Өзүмө жеткендей акча болсо болду.
Айзада ЖЕҢИШБЕК кызы