"Асылзат"
"Аял деген үч тамганын ичинде, ай-ааламды титиретчү күч турат" сөз эмес бекен! Бейиш эненин таман алдында дейбиз, анын сыңарындай азылзадаларыбызга айта берсе сөз түгөнбөйт. Сөздүн гүлүн, ырдын берметин арнап, ашыктык секетпайларды жаратсак неге жарашпасын. Назик үлбүрөгөн гүл сымал айымдар, кайраты тоону бузган коомдук ишмерлер, маданиятка чыйыр жол салган айтор элибиздин жүгүн көтөрүп эл арасында кадыр-барк тапкан асылзаттарга арнай турган сөзүң болсо эч аянба. "Асылзат" айымдарыбыздын сынагы сиздердин таразаңыздарда.


Сынактын шарты. Жума ичиндеги смс добуштардын жыйынтыгы менен сүрөөн сынакта эң көп упай топтогон асылзатты финалга чыгарып, добуш ала албай калган айымдарды сынактан четтетебиз. Сынактын жалпы жыйынтыгын 8-марттагы айымдарыбыздын майрамында чыгарылып, баалуу белектер ыйгарылат. Кана эмесе чамдаңыздар! Ал үчүн чөнтөк телефонду колго алып "1032" кыска номерине "А" тамгасы менен СМС жибериңиздер. Сөздөрдүн гүлүн терип, эң мыкты деп табылган СМС ээсин да "Асман пресстин" сыйлыктары күтөт.
Эскертүү: Каралаган же сөккөн СМСтер жарыяланбайт!





Редакциябызга окурмандардан ар кандай каттар келүүдө. Ошол себептен биз "Справочный бүйрө" деген жаңы рубрика ачтык. Урматтуу окурмандар жан дүйнөңүз сүйүнүчкө толуп, же коомдогу ар кандай кырдаалдар жан дүйнөңүзгө тынчтык бербей атса биз менен сыр бөлүшүңүз. Куттуктоо, сүйүү, жакыныңызды издеп жүргөн болсоңуз бизге СМС жөнөтүңүз. Сурооңуз болсо жоопсуз калтырбайбыз


- Келечекте Улан Молдодосовдой дүйнө чемпиону болгум келет. Улан байке менен кантип кезигип, оор атлетикага катышсам болот. Темирлан.
Улан Молдо-досов дүйнө чемпиону:
- Оор атлетика боюнча Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасында спорт мектеби ачылган. Азыркы учурда ал мектепти мен жетектеп жатам. 12 жаштан 18 жашка чейинки балдар биздин мектепке келип катталып катышса болот. Ал жакта атайын машыктыруучулар бар. Машыгуу жумасына алты жолу болот. Негизинен көбүнчө балдардын шартына карайбыз. Биздин дарек Скрябин көчөсү менен Пудовкин көчөсүнүн кесилишинде № 41а


- Султан Садыралиев экинчи аял алды деген чынбы? Канышай
Султан Садыралиев, ырчы:
- "Элдин оозунда элек жок" дегендей адам баласынын артынан ушак ээрчибей койбойт экен. Экинчи аял алды деген бул ушак. Жашоомдо биринчи жолу үйлөндүм, биринчи аялым.


- Ырчы Азизанын Эмир Сарпашев менен жакын мамиледе дейт го, чынбы? Эркин
Азиза, ырчы:
- (Күлүп) Ал окурман менин турмушка чыкканымды билбей калса керек. Албетте, жакын мамиледемин. Анткени, Эмир Сарпашев менин жолдошум.


- Лариса Асанбекова эжедей парапсихолог болгум келет. Эженин өзүнөн билим алсам болобу? Эльвира
Лариса Асанбекова, академик, парапсихолог:
- Парапсихолог болуш үчүн биринчиден касиет, экинчиден окуш керек. Парапсихологияны 1 курс окуп үйрөнүүгө мүмкүн эмес. Окугандан кийин сөзсүз иш жүзүндө пайдаланыш керек. Жөн гана окуп коюу жетишсиз. Жеке жана группа менен окуу өткөрөм. Окугусу келгендер гезиттин редакциясына кайрылса болот.


Сиз үчүн жаным курман!
Ахматбек агай сизди телевизордон көргөн сайын, жүрөгүм бир "болк" этип, кыялымда сизге карай алып учам. Келдибеков деген ысым менин тумарым. Мен сизди биринчи көргөндө эле жакшы көрүп, сүйүп да калгам. Бирок, сиз менин сүйөрүмдү билбейсиз. Дайыма жатарда сизди гана ойлоном, өңүмдө да, түшүмдө да сизсиз. Сиз ушунчалык жөнөкөй адамсыз. Чыныгы ак сүйүүмдү кантип билдирем. Сүйөрүмдү өзүңүзгө барып эле айтайын дейм. Эгер айтсам балким түшүнөрсүз. Бирок, намысым күчтүүлүк кылат, эрким жетпейт. Кучагыңызда эркелегим келет, аялыңыз болбосом дагы көңүлүңүздүн чордонундагы айымыңыз болсом кана… Айтчы деги кандай азгырыгы күчтүү, арбап алган кандай адамсыз…. Чыныгы кыргыздын мырзасысыз, сиз үчүн жаным курман. Жатаарда сиздин амандыгыңызды тилейм… Нургүл


Айзада Жеңишбек кызы