Мигранттан мини кат

Мекендешибиз жубайы менен
Мода деп жарым жылаңач калдык
Алакандай болгон касиеттүү кыргыз жериме көз тийдиби кара энергиялар бийлеп, Ала-Тообуз канга боёлду. Мамлекетибиз биздин жардамга муктаж болуп турган кез. Биз кыргыз патриоттору мамлекетибиздин өнүп-өсүшүнө өз салымыбызды кошуубуз керек. Келечек биздин колубузда экенин сезип, жаштар элибиздин жашоосуна кайдыгер карабообуз зарыл. Бул кылым карыткан Кыргызстаныбызда биздин ата-бабаларыбыз, биз жашап жатабыз. Биздин укум-тукумубуз жашообузду улашат. Кийинки муундардын жакшы жашоосу үчүн, аларга жакшынакай шарт түзүп берүү милдети турат. Бабаларыбыз кылымдар топтоп асырап бизге, урпактарына чогулткан бар байлыгыбызды 20 жыл ичинде бир ууч гана чиновниктер пайдасын көрүп, бөксөртүп бүтүштү. Бар кен-байлыктарыбыздын үзүрүн чет өлкөлүктөр көрүп, кыргыз жаштары Манастын урпактары чет өлкөлөрдө үй-бүлөсүн багыш үчүн иш издеп, жер кезип жүрөбүз. Эми биргелешип мамлекетибиздин казынасын толтурушубуз керек. Тактап айтканда келечек муундарыбыздын жакшы жашоосу үчүн шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Ал үчүн ар бирибизде атуулдук, патриоттук сезим жашап, туубузду бийик көтөрүүгө дымактуу намыс керек. Ошондо мен Кыргызмын деген сөздү сыймыктануу менен айтабыз. Эгер кыргыз патриоттору биргелешсе Ала-Тообуз тез арада өнүгүп кетери шексиз. Ар бир кыргыз жараны "мамлекет мага эмне кылып берди дебестен, мен мамлекетиме эмне кылдым?" деген суроону өзүбүзгө беришибиз абзел. Касиеттүү бейиш сымал Ала-Тообузга кимдин гана көңүлү бурулбайт, кимдер гана жашагысы келбейт. Ала-Тоо ортосунда Ысык-Көл айта келсең түгөнгүс керемет сырлары бар. Айта кетчү жагдай мамлекеттик тилибизди Кыргызстандагы кыргыз боордоштордун оозунан укпай калдык. Жетимсиреген тилибиз түрткүнчүк болуп, босогодон өтө албай Башмыйзамыбызда да орус тили ээлик кылып калды. Нукура кыргыздын нарктуулугун, салтын, улуттук көрөңгөсүн жан-дүйнөсүнө батырган адамдарыбызды маданиятсыз эсептеп, кыргызча сүйлөгөндөрдү тоолук караңгы, түркөй эл катары сыпаттап калдык. Ошентип канчалаган кылымды карыткан Манас атам сүйлөп, том-том болуп "Манас" эпосун жараткан улуу тилди өгөйлөп, жакыр тил деген түшүнүккө алып келдик. Башка элдин тилин үйрөнүп тим болбой, дилин, маданиятын сиңирип, калпагыбызды чанып ыргытып "мода" деп жарым жылаңач абалга түштүк. Артыбыздан канжар сайган ала чапандардын тилинде баарлашып, кимди көрсөк жан дүйнөбүздү бере салган арсыз абалда калдык. Мамчиновниктер муну ойлоп, улут тагдырын колго алуунун ордуна, кресло талашып, ит-мышык болуп тытышып калышты. Эл ишенип, таяна турган эч ким калбаган сыяктуу. Келечектин жарык шооласы жаштардын, сиздин, биздин колубузда гана калды. Кайдыгерликтин кемесинде каалгып жата бербей, улуттун, элибиздин ар-намысын колго алып, улуу жолго аттануунун мезгили келди.

Бектур Кадыров,
"Бириккен кыргыз атуулдары"
КБнин мүчөсү (Россия)




  Шайлоонун эртеси

Керим Айдаров, "Мекен Ынтымагы" партиясынын мүчөсү:
"Эл жаңылангысы келбейт экен"
- Эл шайлаган партиялар калк камын көрүп, жаңылануунун жолуна, жаркын келечекке багыттай алабы?
- Шайлоо учурунда эл кыдырып жүргөндө башкача ойдо болчубуз. Эл эскилерден тажаган маанайда болуп, таза саясатчы, жаңы күчтөрдүн келүүсүн күтүшкөн. Көпчүлүк катары менде да эски саясатчылардан арылып, жаңы жүздөрдү алып келүү максаты болгон. Жыйынтыгы такыр башкача болду. Кээде элге ырас болот дегиң келет. Анткени, эл жакшы ой айтып эле, жыйынтыгында акчага, бир бөтөлкө аракка, куру убадаларга алданып калышат тура. Элибизге жараша парламент келди. Эми булар бергенин кайра алат. Жаңыланууну мындай кой үка, эми жаакташмай, жакалашмай күч алат. Эски кийимди канчалык жуусаң да жаңы болбойт эмеспи, анынсыңары сазга баткан, акча менен баарын сатып алса болот деп жүргөн эски кадрлар Кыргызстандын келечегине жанып-күйөт дегенге күмөнүм бар.
- Баары эле акча менен добуш сатып алган жокпуз деп актанышат…
- Эгерде аларды кудай алдында колун көкүрөгүнө алдырып "тазабыз" деп айт десең, эч кимиси айта албайт. Жер-жерлердеги тааныштарыбыз, карапайым калк арасындагылар "бул партия мынча, тигиси анча акча берди" деп айтып беришти. Ошентип жарыбаган акчага көз каранды болуп, жарандык абийирин, адамдык сапатын сатып жиберишти. Элдин жаңылангысы келбешин биз даана түшүндүк. Ошон үчүн акчалуу гана партиялар утушка жетишти деп айтсак болот. Экинчи жагы кол жеткис убадалар менен элдин башын айлантып алышты. Бул да чындык. Саясий күрөш деген ушундай экен, канткен менен утуп чыгышты деп отуруп калдык.
- Талапкерлердин "апыртма" убадаларына эл ишенип, андан үмүт кылышат. Муну карап туруп биздин эл 21-кылымда эмес эле, артка карай кетип, караңгылап баратабызбы дейсиң…
- Шайлоого чейин бейиш жашоону алып беребиз дегендерди эми көрөбүз. "Төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун" дегендей, шайлоо бүткөндөн кийин өкүнгөндөр көбөйдү. Азыркы саясатта жүргөн адамдар элди кантип алдап, бийликке жетүү амалдарын мыкты билип алышкан. Бул жолкусунда да ушундай ыкмалары менен элдин көзүн будамайлашты. Менин бийликте жүргөн досторум айтып жатышпайбы, "Биздин элге ак сүйлөсөң жакпайсың, андан көрө бийликке келип, ичип-жеп, өзүңдү өлө мактатып пиар жасап туруп анан элге барсаң сени колдойт" деп. Көрдүңбү элдин психологиясын кантип жаттап алышканын. Ушундай психология менен жүрө берсек өнүкпөйбүз. Өзгөрүшүбүз керек. 20 жылдан бери бийликтен кетип, кайра келип жүргөн Акүй акырынан жем жеп үйрөнүп алган бир ууч саясатчылар парламентке кайра келди. Булар кезинде премьер-министр, вице-премьер-министр, спикер, министр болушкан. Ошондо Өлкөнү өнүктүрө албаган, эми өнүктүрөбү? Эмне үчүн Кыргызстан жарды да булар бай? Айта берсе суроо көп. Биздин эл жогорудагыдай мүнөздөн арылып, эч болбосо 20 жылда бир жолу жаңы саясатчыларды, кадрларды тандабаптыр алдыга жылбайбыз.
- Шайлоонун жүрүшүнө кандай баа бересиз?
- Мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу админстративдик күч колдонгонго мүмкүнчүлүк болгон жок. Колдоно да албайт эле, себеби элдин шайлоого болгон көз карашы такыр башкача болчу. Экинчиден бир кишинин колунда бийлик болбой, Өкмөт 3-4кө бөлүнүп кетип, кайсы бир деңгээлде кол алдындагы күчтөрүнө тапшырма беришкени менен чоң күч жумшай алышпады. Эгер админстративдик күч колдонгондо "Ата-Журт" келбейт болчу.
- Шайлоо башындагы божомолдоолор жыйынтыгында башкача чыгып, акыркы болуп чиркешкен партия өкүлдөрү жүйөө таппай ар кандай саясий оюндун отуна май чачып, тагыраак айтканда "Атамекенчилер" "Ата-Журттан" кыйкым издеп атат…
- Биздин добушту уурдап алды деп "Ата Мекен" айтса бул уят иш. Алар өздөрү бийликте турат. Карт тарыхы бар партиялардын бири. Добушун коргоп калышын жакшы билишет. Бийликте эмес партиялар "биздин добуштар уурдалды" десе жарашмак. "Ата-Журтчуларды" бийлик, айрым эл да жээрип аткан учур. Болгону "Ата Мекен" "Ата-Журтка" тең ата үгүт иштерин жүргүзө албай калган болуш керек. Экинчиден түштүк эли "Ата Мекенге" караганда "Ата-Журтту" көбүрөөк колдоду. Текебаевдин партиясы 5-орунга жармашканына ыраазы болуш керек.
- Уткан партиялар ичара биригүүдө макулдаша албагандай көрүнөт. Ошондон улам орус бийлигине ат коюп атабы…
- Кайсы бийлик келбесин, орус бийлиги иштешүүгө даяр. Анан биздин саясатчылар а дегенде эле орус бийлигине ымала түзүп, тизе бүгүп, аларды пир тутуп келишкен. Бийликке жете электе эле чөгөлөп, бийликке жеткенден кийин көз каранды болуп жаман үйрөнгөнбүз. Бул кыргыз бийлигинин алсыздыгынан кабар берет. Каалайбы, каалабайбы уткан партиялардын үчөө биригип Өкмөт түзүүгө мажбур. Бирок, муну да өздөрү чече албай орус бийлигине башийип бергени турушат. Буларды карап туруп биз эгемен өлкө экенибизге ишенбей кетесиң. Ишенип шайлаган калкы турса, ага ишенбей алардын ишенимин актаганды эмитен эле унутуп, башка өлкөнүн төбөлдөрүнө актанып, жактанып отурганы өкүндүрөт.
- Шайлоонун шаңы менен бир нече партиялар түзүлдү эле. Эми шайлоо оюну бүттү. Кээ бирлери тараса, кээси ишмердүүлүгүн улантат. Сиздердин партиянын мындан аркы саясаты кандай болот?
- Эң оболу, таза ниетте, жакшы үмүттө добуш берген элиме ыраазычылык билдирем.
Эми биз башка партияларчылап түштөн кийин тополоң салып, каяша сүйлөп элди козутпайбыз. Мыйзам чегинде эл кабыл алган Башмыйзамдын багыты менен шайлоого бардык. Мындан ары да саясий ишмердүүлүгүбүздү арттырабыз. Андан башка жеке максаттарым бар, мындан кийинки саясий күрөштөрдө санаалаштарым менен бирге иш алып барам.
Дайырбек Орунбеков