Айылчы Сарыбаев, экономика жана финансы институтунун мүдүрү:
"7% кредит берем дегендер кудайдан жөө качкандар…"
- КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын экономикасынын деңгээли кандай?
- Биринчиден КМШ өлкөлөрүндө эмне болуп жаткандыгынан маалыматыбыз жок. Негизинен биздин экономикалык абал эч кандай оңолгон жок. Бир калыпта, кичине-кичинеден ар ким өз оокатын кылып жатат. Улуттук дүң продукциянын ичинде структуралык өзгөрүүлөр болуп, реалдуу секторубуздун үлүшү азайып, тескерисинче кызмат көрсөтүү секторунун үлүшү көбөйдү. Экспорт, импортубуздун абалы өтө начар. Экспорт дээрлик жокко эсе. Ал эми импортубуз экспортко караганда үч-төрт эсеге көптүк кылат. Негизинен экономикабыз кошуна мамлекеттерден келген товарлардын баасына көз каранды. Ошондуктан бизде дүркүрөп өсө турган экономика бар дегенден алыспыз. Эл өз арбайын өзү согуп, эптеп оокат кылып жатат.
- Статистикалык маалыматка караганда экономикадагы өсүш 3, 5 % төмөндөгөн экен…
- Көбөйдү, азайды деп жаза беришет. Статистикалык маалыматтарга ишенүү да кыйын. Себеби, азыр илгеркидей накта статистикалык маалымат жокко эсе. Анын туура же ката экенин да айта албайбыз. Ошондуктан бул цифраларга өтө кылдаттык менен мамиле кылыш керек. Эгер туура маалымат жок болсо туура эмес чечим кабыл алынат. Ошон үчүн кийинки мезгилдерде бизде жөн гана мактануудан бөлөк эч нерсе жок.
- Кыргызстанда банктар 7 % жеңилдик менен кредит бере алышабы?
- Жок. Мындай жеңилдик менен бир да банк бере албайт. Себеби, өлкөдө кырдаал оор болгондуктан инфляциядан да кредиторлор көп. Кредиттин ставкасы инфляциядан эч качан төмөн болбош керек. Бул экономиканын вазийпасы. Ал эми мындай жеңилдик берилет деп ишендиргендер алар кудайдан жөө качкандар.
- "2010-жылга чейин Кыргызстандын экономикасы инвесторлордун эсебинен жашап келет" деген пикирлерди айтышат…
- Инвестор дегендин өзүн туура түшүнүш керек. Эгерде өлкөгө өз каражатын жумшап жүрсө анда аны инвестор деп атоого болот. А биздин мамлекетибиз карыз алса, же грант түрүндө жардам алса инвестор эмес аларды донор дейт. Донор менен инвестордун айырмасы асман менен жердей. Инвестор инвестицияны өнүктүрүп, бир нерсе куруп, экономикага өз үлүшүн кошот. Бизде инвестор деген сөздү туура түшүнбөй жүрүшөт. Ал эми Кыргызстан ошол донор өлкөлөрдүн жардамы менен анан өзүбүздүн чет өлкөдө тентип кеткен балдардын жиберген акчасынын эсебинен жашап келебиз. Азчылык бир аз айыл чарбасында өндүрүлгөн продукциянын эсебинен оокат кылат. Элдир-селдир электр энергиясы, курулуш системасы иштеп жатат. Болгон абалыбыз мына ушундай. Андыктан экономикабыз начар деген толук туура. Анын үстүнө экономиканы өнүктүрөм деген эч ким жок.
- Демек, бизде инвестор жок десек болобу?
- Инвестор жок. Анткени ал сөздү биз өзүбүз туура эмес түшүнүп жатпайбызбы. Инвестор келгиси келсе бизден сурабайт.
- Шайлоо учурунда партиялар миллиондорду чачты. Ошолордон канча бир пайызын салыкка кармайт. Эми ушул акчалар экономикабызга кичине да болсо жардамы тийеби?
- Эч кандай жардам бербейт. Бул шайлоого деп бөлүнгөн каражат. Акылбек Сариев жана анын командасы кайдан акча алып атат. Мына ошол партиялар берген акчадан алышат. Анын эч кандай экономикага тиешеси жок.
- Мамлекеттин экономикасын кантип көтөрсөк болот?
- Мамлекеттик ишти мамлекеттик деңгээлде алып барса өнүгөт. "Аны кылам, муну кылам" деп мактанышат. Ал убадасын ишке ашырам дегенге аракет жасашпайт. Коррупцияны жою керек. Мамлекетте керексиз кызматкерлерди иштен алып, ошолорго жумшалган акчаны сарпташ керек. Бул кадимки эле үй-бүлөдө бирөө жатып ичер, бирөө эмгекчил болот эмеспи. Жатып ичер эмгек кылгандын эмгегин жатып иче берет да. Ошо сымал бизде мамлекеттик кызматтагы айрым адамдар жатып ичерден да чоң зыян келтирип жатышат. Алар жеп ичкичтерге кирип кетип атпайбы. Алар өз байлыгын элдин эмгегинен топтоп атышат. Мына ушул коррупцияны жок кылыш керек. Андан ары өкмөт башына баардыгы меники, ушулардын азабы да, жыргалы да менин мойнумда деген адамдар келип иштеши керек. Эми жаңы парламент, жаңы өкмөт келет деп ушулардан үмүтүбүз чоң. Дагы эле болсо үмүт үзүлбөйт экен. Бизде бардык мүмкүнчүлүк бар оңолуп кетебиз. Бир гана ушулардын бардыгын уюштуруп алдыга сүйрөп кете тургандар керек.
- Мүмкүн өкмөт башына экономисттер келсе, экономикабыз оңолот беле?
- Мамлекет башына мамлекетчил адам келиши керек. Мамлекеттик деңгээлде иштей алган дээри бар адам келиши кажет. Мамлекетти башкаруу да өзүнчө талант. Ал адам экономистти да, юристти да, курулушчуну да табат. Мындайча айтканда ар кимди өз багыты менен иштетет. Ошондой киши гана ишти алып кете алат. Маселен физик Акаев экономисттерин, башкаларын пайдаланып мамлекетти курса болмок. Тилекке каршы андай кыла алган жок. Кийинкиси мындан да жаман кылды. Эми кийинки келгендер эл башын бириктирип, иш алып барып кетиши бул да өзүнчө маселе.






Саясий көрөгөчтүгү жетишсиз
"Сыноптика" рубрикабыздын бүгүнкү каарманы экс-министр Аликбек Жекшенкулов болмокчу. Аликбек мырзанын тегерегинда мыкты, таза саясатчы ошондуктан бийликтен запкы жеген, же өзүн ашыкча баалайт дешип жүрүшөт. Кеп учугун элге берели.


Токтогул Какчекеев, саясий серепчи:
- Аликбек Жекшенкулов менен баарлашып көргөн эмесмин. Аны окумуштуу, доктор политолог, тышкы иштер министри болуп жүргөн, комсомолдун кызматкери болгон адам катары тааныйм.

Жыпар Жекшеев,
коомдук ишмер:
- Аликбек Жекшенкулов Советтер Союзунан бери чиновник болуп келе жатат. Кийинки Бакиевдин мезгилинде соттолуп камалып да келди. Ал эми өзүнүн коомдук саясий иштерине байланыштуу болду. "Акыйкат үчүн" деген кыймылдын башында туруп, коомчулукта өзүнүн ордун көргөзө алды. Саясий жагынан аналитикалык жөндөмдүүлүгү терең эмес деп ойлойм. Себеби бир жоопко тартылып, бийликтен жаза көрүп кайра келгени өзүн ашыкча баалап алды. Саясий күрөштү, шайлоодо өзүнүн жасаган иштери бул нерселерди далилдеп турат. Саясий көрөгөчтүгү, кыраакылыгы жетишсиз деп айта алам.

Садык Шер-Нияз, маданият министри:
- Менин бардык саясатчыларга көз карашым бирдей. Бардык кыргыз элинин жарандары сыяктуу биз ишенген саясатчыларыбыз жаңы парламентти шайлап Кыргызстанды саясий экономикалык балчыктан алып чыгып кетишсе экен деген гана тилек.

Сюита Соурбаева, Ош ТВ мүдүрү:
- Жекшенкуловду мен мыкты дипломат катары, "тонкий" саясатчы катары билем.
Саясатчы болгондон кийин ар бири эл үчүн иштеп бериш керек. Ал эми Аликбек Жекшенкуловдун жаман жактарын билбейм.