"Түнкү Белес" радиосу экинчи үйүбүз
Түнү менен уйку бербей, позитивдүү музыканын ыргагында үкүлөр сүйлөп жатса таң калбай эле коюңуз. Ал "Түнкү Белес" радиосу. Дал ошол жаштардын кыргыз тилиндеги, шаардык, түнкү радиосу "Түнкү Белес" жакында эле бир жашка толуп, тушоолору кесилди. Назгүл Айдаралиева жетектеген бул коллектив уйку эмне экенин билишпейт, жадакалса көп уктаган адамдарды көрө да алышпайт. "Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет, көп уктаган ден соолугуңузга зыян" же "Биз уктабайбыз" деген ураанды үналгыдан угаар замат 23:00 дөн таңкы 06:00 гө чейин уйкуну унутуп 106.9 жыштыгын тыңдашыңыз мүмкүн. Анткенимдин себеби, "Түнкү Белестеги" кызыктуу программалардын көптүгү. Өзгөчө "Үкүлөр" шоу программасы. Эки саат бою кызыктуу оюндар, маектер, жагымдуу музыкалык чыгармалар. Ачылганына бир эле жыл болсо да, угармандардын сүйүктүү радиосуна айланган "Түнкү Белес" радиосунун ди-джейлери менен маек курдук.
Сымбат Мадемилова, "Түнкү Белес" радиосунун ди-джейи
"Сүйүүмдү радиодон табам..."
- Туулган күнүңүздөр менен! "Түнкү Белестин" өздүк майрамын кандай өткөрдүңүздөр?
- Рахмат, ойдогудай өткөрдүк. Бир жашка кадам таштап, тушообуз кесилди. Мындан аркы кадамыбыз арыштуу болуп эч кимге жеткирбей чуркайбыз. (Күлүп) Кесиптештер болуп кафеге барып болушунча сайрандадык. Кафеден чыгып, адатыбызча эфирге келдик. Ал эми майрамдык эфир күндөгүдөн өзгөчөлөнүп, куттуктап угармандар, ырчылар келишти.
- Сымбат, "Түнкү Белестин" негизги максаты эмне? Түнү менен иштөөнүн канчалык зарылчылыгы бар?
- Бул суроону бир эле сиз эмес, көптөрү берет. Албетте, иштөөнүн зарылчылыгы бар. Болгондо да аябай чоң зарылчылыгы. Биз билгендей Кыргызстанда кыргыз тилдүү радиолор абдан эле аз. Ал эми түнкү кыргыз тилинде радио бул жалгыз гана "Түнкү Белес". Түн ичинде иштеген замандаштарыбыз жана жаштардын талабы. Биздин толкунда жаңырып жаткан дүйнөлүк, орус жана кыргыз хит ырлары уккан адамды кайдыгер калтырбайт.
- Өзүңүз радиого кандай келип калгансыз? Радио сиз үчүн эмне?
- Радиого кастинг болуп жаткан экен. Келип катышып калдым. Көп өтпөй чакырышты. Ошентип, азыркы убакка чейин "Түнкү Белес" радиосунда иштеп келем. Радио мен үчүн экинчи үй-бүлөм. Мисалы курсташтарыма караганда радиодогу кесиптештерим жакын. Келгениме аз болсо да радиодон жакшы адамдар менен таанышып, айрымдары менен дос болууга жетиштим. Дүйнө таанымым өзгөрдү.
- Радиодон сүйүүңүздү жолуктуруп калган жоксузбу?
- (Күлүп) Балким жолуктурсам жолуктуруп калгандырмын. Бирок, азырынча сүйүү тууралуу ойлоно элекмин. Жүрөгүмдүн ээсин издеп жүрөм. Балким, радиодон жолуктуруп калаттырмын.
Самара Сагынбаева "Түнкү Белес" радиосунун ди-джейи
"Абдан күлкүчүмүн..."
- Самара, туулган күндүк эфирде байланышка келген угармандардын баары "Кызыктуу мүнөт" оюнунда сиздин эфир алып барганыңызды туурашты. Кандай кабыл алдыңыз?
- "Сууну сиңген жерге төк" дешет беле? Анын сыңары угармандар да туурай турган адамын туурашат болушу керек. Албетте, жаман жагымды эмес бардыгы жакшы нерселеримди туурашты. Мен буга капаланбайм тескерисинче кубанам. Кандайдыр бир нерсем таасирдүү ошон үчүн менин эфир алып барганымды туурашты. Акырында орто жашап калган байкенин эфирге чыгып "Мен да Самара карындашымды туурайм" дегенине кубандым.
- Мен ойлоп жаткам ошол учурда күлгөнүңдү туураса жакшы болмок деп. Күлгөнүңүз мага жагат. Бирок, көп күлөсүң деп жини келгендер барбы? Эфирде кайсы сөздү көп колдоносуз?
- (Күлүп) Ооба. Көп күлгөнүмдү жашырбайм. Жашоодо да шайырмын, күлүп жүргөнгө эмне жетсин. Азыр дагы азайтып бара жатам, алгач "Түнкү Белеске" келгенимде күлө эле берчүмүн. Биз шоу программа алып барганыбызга байланыштуу күлүп эле эфир кылган жакшы го. Бирок, чегинен чыгып кетпей. Кээде азыраак күлүп калсам "Самара эженин маанайы жок окшойт. Күлүп коюңузчу" деп суранган да угармандар бар.
- "Түнкү Белеске" келгениңизге канча болду, эмнелерге жетише алдыңыз?
- "Түнкү Белеске" келгениме тогуз айдын жүзү болуп калды. Жаңы достор, жаңы тааныштарды таптым. Ошону менен катар Назгүл Айдаралиева эжекем менен таанышып, анын жетекчилиги алдында иштеп жатканыма кубанам. Анткени, радиого келгенче эже менен таанышсам дей берчүмүн. Азыр менин экинчи апам болуп калды, башкача айтканда бардык жактан колдоп турат. Кээде эжекемдин урушун сагынып калам.


Булар чындап эле уктабайбы? деп текшерип көргөн угармандары арбын. Түнкү саат төрттөр чамасында телефон номерлерин терип чалышса. "Алоо "Түнкү Белес" саламатсызбы" деп ди-джейдин жагымдуу үнүн угуп, "Ой , уктай элек экен" деп трубканы тарс коюп салган угармандары да бар экен.


Мээрим Айталиева




  Өмүр кайыгы

"Майып болсом да, үй-бүлөм бар"
Кат жазгыла, кайгы мууңга батканда
Кат жазгыла, айың, күнүң атканда.

Жашоодо кандай гана күндөр баштан өтпөйт. Кайгы-муң, ый-күлкү, достук, сүйүү дегендей. Айтор, өмүр кайыгына түшүп баштан өткөн жан кейиткен же кубандырган күндөрүңүз көкүрөгүңүздү бөгөп, айтарга жан таппай, аябай кыйналып бук болуп же кубанычыңыз коюнга батпай турса анда "Асман пресстин" "Өмүр кайыгы" рубрикасына кат жазыңыз. Сиздин катыңызды окурмандар менен тең бөлүшүп (анонимдүүлүк сакталат) атактуу адамдардан кеңеш сурайбыз.
Жан сырыңызды кат түрүндө же Jamal555@mail.ru дарегине жөнөтүңүз. Анда кезек сизде урматтуу окурман!

- "Өмүр кайыгы" рубрикабызга Саламат аттуу мырзанын оор тагдырын кантип жеңгендиги туурасында маектешүүнү дем алыш күнгө сүйлөшүп, белгиленген сааттан кечикпейин деп эрте үйдөн чыктым. Тимур-Фрунзе көчөсүндөгү аялдамага барып, Жибек-Жолун көздөй жол тосуп турдум. Аялдамада он чактыдан ашык киши турат. Эки жагымды карасам, биринин жүзү күлкүгө толсо, экинчиси кайгыга баткан, үчүнчүсү эч нерсе ойлонбостон аракка жык тоюп, чылымды буркурата чеккен… Оң жагымда аялы менен күйөсү акчанын айынан урушуп жатышат. "Заманабыз эмне болуп баратат" деп таң кала маршруткага түштүм. Маршрутканын ичинде бири-бирин түрткүлөшкөн, ооз ача электе айкырып беттен алган боордошторубуз мени бир топ ойго салды. Ошентип, сүйлөшкөн убакыттан бир аз кечигип бардым. Жүзү жылмаюга толгон Саламат мырза "протезим бир аз өйкөп жибергенинен чечип койдум эле" деп, коляска менен мени көздөй бет алды. Аңгыча аркасынан "ата" деп, кичинекей Кубаныч аттуу уулу эркелеп келип атасынын алдына жөлөндү. Кубануу менен баласынын бетинен өпкөн атасы "майыпмын деп капаланбайм, анткени менин келинчегим, уулум бар" деп өз тагдырын баштан айтып баштады.
Турдубеков Саламат, 33 жашта:
Ысык-Көлдөгү Торайгыр айылынан болом. 12 бир туугандын он биринчисимин. Атам 18 жашымда, апам 24 жашымда каза болушкан. Туугандарымдын жарымы шаарда, жарымы айылда турушат. 1992-жылы 9-классты аяктап, Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы училищагы тапшыргам. Аякты бүткөн соң элдин малын багып, ошол айылда иштеп калгам. "Кырсык каш-кабактын ортосунда" делет эмеспи, 2000-жылы досум Жеңишбек экөөбүз мал менен ашууну ашып келатып буттарыбызды үшүккө алдырып алганбыз. Ашуунун кычыраган суугунда төрт сутка жол жүрдүк. Негизи ашуунун суугунан аман калган кишилер аябай аз. Бизди Кудай чоң сактады десем болот. Экөөбүз көрбөгөн кордукту көрүп, араң дегенде Кырчын жайлоосуна жеттик. Ал жерде мал менен турган байкелер бар экен. Ошол адамдар чоң жардам көргөзүшкөн. Экөөбүз Ананьевонун ооруканасында 15 күн жаттык. Алар дарылайбыз деп алып жата беришкен, көрсө күчү жетпейт экен. Бизди алып жата бербей, Бишкекке баргыла дешсе болмок. Бишкекке келгенде айтышты "дароо келсеңер болмок, бир бутуңарды алып калбасак да, экинчисин алып калат элек" деп. Жаңы ооруканага түшкөндө балдак менен бир аздан басып жүрдүм. Анан операция кылышып эки бутумду кесишти. Бир канча саат наркоздо жаттым. Наркоздон ойгонгондогу абалымды айтыш өтө оор. Эки бутум жок болсо, кантип басам? Мындан аркы оокатты кантип кылам? деп бул жарыктыкта жашагым келген эмес. Жанымды кыйып койсомбу деген ойлор да мени кучагына алган. "Турмушуң эшек араба, туулдун калдын балээге" дегендей, ажал келмейин жаныңды кыя албайт экенсиң. Мына эми убакыт акырындык менен баарын өз ордуна коюп, акырындык менен дарылайт экен. Учурда жакшынакай үй-бүлөм бар. Келинчегимдин аты Айгүл, Ысык-Көлдүн Чоң-Саройунун кызы, 2-топтогу майып. Экөөбүз ооруканада жатып таанышканбыз. Бир жарым жыл кыз-жигит болуп жүрүп баш коштук. Ооруну ооруган адам билет. Кудайга шүгүр Кубаныч деген уулубуз өсүп келатат. Келинчегим тикмечи болуп иштейт. Кайнене, кайнатам абдан түшүнүктүү кишилер. Менин бир туугандарым да көзүмдү карап турушат. Атымды көтөрө турган уулум чоңоюп келатат. Бул мен үчүн эң чоң байлык. Бүгүнкү күнү алты саны аман болуп туруп, жумуш жок деп уурулук, киши өлтүрүү, талап-тоноо жолдоруна барган жердештериме таңкалам. Мына мага окшогон буту-колунан айрылган канчалаган майыптар үй-бүлө куруп, оокат кылып жүрүшөт. Мен майып болсом да, үй-бүлөм бар. Аракет кылса берекет. Кудай деген киши куру калбайт дейт элем.
Жамал КАНЫБЕКОВА