Бетим ий!

"Бойдон алдыруунун
саны 1233 адамга өстү"
Майрам Керималиева:
"Бойдон алдырууга каршымын..."
Аалам кыйырында болуп жаткан окуялар адамдын жүрөгүн селт эттирет. Айрыкча акыркы убактарда ичкиликке берилгендер менен боюнан алдыргандардын саны жылдан-жылга көбөйүп бараткансыйт. Расмий маалыматтар боюнча 14-19 жаштагы кыз-келиндердин бойдон алдыруусу 8,8 пайызга жеткендигин билдиришкен. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык 2008-жылга салыштырмалуу 2009-жылы бойдон алдыруулардын катталган саны 1233 адамга көбөйгөн. Бойдон алдыруулардын негизги саны 20-24 жаш курагына туура келет. Ошондой эле расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө 14-49 жаш курактагы аялдардын 31,2 пайызы атайын дарыларды пайдалана тургандыгын белгилеген. Адистердин баамында бойдон алдыргандан кийин экинчи бойго бүтпөй калуу коркунучу турат. Ошондой эле бойдон алдыруу энелердин өлүмүнө жана тукумсуздукка алып келет. Россия боюнан алдырууну мыйзамдаштырган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп саналат. Сталин кош бойлуу аялдарды боюнан алдыруусуна тыюу салып койгондо аны жашыруун жасап келишкен. Сталин өлгөндөн кийин 1953-жылы ал тыюу жоюлган. Ал эми исламда бойдон алдыруу арам деп эсептелинет. Бул маселе боюнча 2-шаардык төрөт үйүнө барып, гинекология бөлүмүнүн башчысы Майрам Керималиеванын пикирине күбө болдук.


- Мен айымдардын бойдон алдыруусуна каршымын. Анткени " бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала" дегендей канчалаган аялдар балалуу боло алышпай дарыланып жүрүшөт. Айрымдары чет өлкөгө чейин барып дарыланып келишет. Ал эми кээси Кудай берип боюнда бүтсө да боюнан алдырып жатышат. Боюунан алдыруу оңой иш деп ойлогон айымдар терең жаңылышат. Анткени боюнан алдыргандан кийин балалуу боло албай калуусу ыктымал. Бизде 19 жаштан жогору өздүк документи бар гана кыз-келиндерди кабыл алабыз. Ал эми мектеп курактагы же башкача айтканда 18 жашка чыга элек кыздарды кабыл албайбыз. Орто эсеп менен бир күндө бешке жакын кыз-келин боюнан алдырат.
Билүү максатында ооруканада үч сааттан ашуун убакыт болдук. Ошол убакыттын ичинде ар кайсы курактагы айымдар "боюман алдырат элем" деп адистерге кайрылап жатышты. Журналист экенибизди билген айымдардын көбү маек берүүдөн дароо баш тартышты. Алардын арасынан "атымды өзгөртүп жазсаңар макулмун" деген 24 жаштагы кыз макулдугун берди. Биз аны Айнура деп атап, маекти баштадык.
- Айнура, айтсаң бул жерге биринчи жолу келип атасыңбы?
- Бул жерге мурда бир да жолу келип көргөн эмесмин. Башкача айтканда эки жыл кыз-жигит болуп жүргөн жигитимен биринчи жолу боюмда болуп калды.
- Демек, сен турмуш кура элек экенсиң да?
- Ооба.
- Жигитиңе сенден боюмда бар, баш кошолуң дебедиңби?
- Албетте, айттым. Бирок, ал боюңан алдыр анан баш кошобуз деп атат.
- Биринчи баласын боюнан алдырса, кийин балалуу болбой калуу коркунучу бар дешет. Сен балалу боло албай калуудан коркпойсуңбу?
- Мага дарыгерлер да "жети өлчөп бир кес" дешти. Кийинкиңди ойлон деп атышат. Албетте, мен балалуу боло албасам кимге керекмин.
- Анан кандай чечимге келдиң?
- Бүгүн жигитиме түшүндүрүп айтам. Кийин мага да бала керек.
Мына окурман биз бир гана кыргыз кызынын алданган тагдырына күбө болдук. Ал эми биз билбегендер канча ата-энесинен, жакындарынан уялган кыздар боюнан алдырууга аргасыз болушат.
Жамал Каныбекова




  Бири кетти Кангайга…

Тимур Баймаматов, Иркутск шаарындагы мигрант.
"Кыргызстанды
мигранттар багып атат…"

Ар бир үй-бүлөнүн эки-үчтөн мүчөсү чет өлкөдө көр оокаттын айынан көп жылдап келбей жүрүшөт. Ал жердеги оорчулук, милициялардын куугунтугунан улам ошол жердин жарандыгын алып алышкандары миңдеп саналат. Айыл жергелеринде каруусу күчкө толгон эр азаматтар азыноолак гана калган… Орус жеринен Кыргызстанга кайтып келаткан Тимур аттуу мырзаны кепке тарттык


- Ата-журттан качан аттандың эле?
- 3 жыл болду.
- Кайсы шаардан тиричилик издеп…
- Иркутск шаарында оокат кылып жүрөбүз.
- Алгач барганда кандай иш кылдың?
- Бул жактан мени алып кеткен адамдан "колумдан эч нерсе келбейт" десем, "барып курулуп аткан квартираларды тазалайсың" деди. Биринчи куруучуларга жардамчы болдум.
- Баштан кыйынчылык көп өтсө керек?
- Башында албетте кыйынчылыктар болду. Милициялар кармап алса камап, алардын орой мамилелери, 2-3 суткалап камалып жатасың. Анан жалдырап акча берип кутулуп чыгасың. Анан айласыздан ишиңе тоскоолдуктар болгондо ал жактын жарандыгын аласың.
- Россиянын жарандыгын алууда үй-бүлөң каршы болгон жокпу?
- Бул жактагылар түшүнүшпөйт. Атамды паспортумду "учеттон" чыгарып берип жибериңиз десем көпкө макул болбой жүрдү. Кийин эптеп ынандырдым.
- Россиянын жарандыгын алган кыргыздар көппү?
- Баргандардын баары эле жарандыгын алганга умтулушат. Ансыз жумушуң дагы илгерилебейт. Кеңири баса албай, иштеген жерде аз акы төлөшөт. Ошондон улам Кыргызстандын паспортун алмаштырганга аргасыз болобуз. Кыргызстанда эле калып иштейин десең, бул жактагыларына деле жумуш жетишпейт. Төлөнүүчү айлык акылар жетпейт.
- Ал жакта эмне жумуш аткарасың?
- Куруучулук менен алектенем.
- Алган айлыгың канааттандырабы?
- Албетте, өзүмдү бул жактагы туугандарымды, ата-энемди кошуп багып атам. Айына 20 миң рубль алам. Анын 5 миңи бир айлык чыгымыма жетет. Калган 15 миңин айылга салам. Ал 20 миң сомду түзөт.
- Ал жактагы кыргыздардын социалдык абалы кандай?
- Ал жакта бутуна туруп, керек болсо орустарды жумшап бай жашагандары бар. Анан ичкиликтен башын көтөрө албай, кара курсактын камын араң көргөндөр да жок эмес.
- Кыргыздар бири-бириңерге каралашып турасыңарбы?
- Жардамдашып турабыз. Андан сырткары Кыргызстандагы коогалаңдуу окуяларда да жардам жөнөттүк.
- Ал жакта кыргыздар ынтымактуу болсоңор керек…
- 200дөй кыргыз бир жерде чогуу иштейбиз. Бирок, ал жакта дагы айыл-айыл, түндүк-түштүк болуп бөлүнүшөт…
- Россиядагы элчиликтерден көмөк алчу белеңер?
- Элчиликтен жардам, кеп-кеңеш деле албайбыз. Дегеле биз элчиликтин, Кыргызстандын жардамына муктаж деле эмеспиз. Кайра жардам берүүгө ар дайым даярбыз.
- Кайтып келесиңерби?
- Келүү тууралуу азырынча айта албайм.
- Кыргызстанды чанып кеттиңер…
- Оруссиянын жарандыгын алган менен кайран жүрөк "кыргыз" деп согот. Тапкан пайдабыз, жумшаган эмгегибиз элибизге, жерибизге жумшалып атпайбы. Чындыгында элибиз чет жакада жүргөндөрдүн эсебинен жашап атышат. Бул турмуш чындыгы.
- Чет элде жүрүп бул жактан эмнени көп ойлойсуң?
- Элибиз, туугандарыбыз аман болсо экен. Анан акыркы жылдары коогалаң, митингдер эле болуп атат, ушулардан арылып тынчысак экен деген тилек.

Дайырбек Орунбеков