Рухдүйнө

Ордо жандүйнөнү аруулайт
Шадыбекова Жамиля 0543 900 992
Абдраманов Максатбек Бишкек ул Каховская №3
0543 162 157, 0312 216 496
Тилекказиева Гулкайыр Бишкек м-н Достук үй №3 кв 8 Коркут Атанын Ордосу 0555 24-77-33

"Акыр заман келээрде арбактар сүйлөп, көзү ачыктар көбөйөт" деген сөз бар. Бул сөздүн да чындыгы бар. Себеби, жер планетасы, аны менен кошо адамзат бир деңгээлден экинчи деңгээлге өтө турган өткөөл мезгилде жашап жатабыз деп бүт дүйнө олуялары, окумуштуулары айтып жатышат.Ал өткөөл мезгил 2010- 2012 жылдарга туш келет. Ошого чейин бир нече жыл мурда Жер планетасында кара күчтөр көбөйүп активдүү боло башташат.Жер планетасы жандуу зат. Жер өзүндөгү кара энергиядан тазаланып, жогорку деңгээлге көтөрүлүш үчүн,жерде жашап жаткан, терс энергия бөлүп чыгарган бардык заттардан тазаланат. Ошол себептен акыр заман болоордо ар кандай табийгый кырсыктар көбөйөт. Ал эми адамзатты ошол акыр замандан сактап калыш үчүн жогорку күчтөр касиеттүү адамдар аркылуу байланышка чыгып, маалымат бере башташат. Убакыт аз калган сайын Жогорку күчтөр ар кандай жол менен адамзатты акыр замандан сактап калыш үчүн жардамга келип жатышат. Мисалы медиумдар аркылуу, дин аркылуу, ар кандай касиеттүү адамдар аркылуу. Ар бир адамдын өсүш деңгээлине жараша жандүйнөнү тазалоонун ар кандай жолдору көбөйүп жаткандыгы ошондон. Акыркы беш жылдан бери "Ата- Жолу" деп аталган ордолордун саны күн санап өсүп, Кыргызстандын эле эмес Казакстандын, Россиянын, Башкириянын, Татарстандын да аймактарына тарап, адамдарды ак жолго түшүп аруулануусуна жардам берип келатышат. Ордого кызмат кылып жаткан касиеттүү адамдар аркылуу элибиздин жандүйнөсү тазаланып, ар кандай илдеттерден айыгып. , ак жолго түшүп , ар кандай бангизат, ичкиликтерден арылып жаткандары кубандырбай койбойт. Бишкектеги ошондой ордолордун биринин шакирттери Абдраманов Тилекказы, Жамиля, Максатбек менен маектештик.
Ордого "оптом" барганбыз
"Жаманды көрмөйүнчө жакшыны баалабайт" деген элибизде жакшы сөз бар эмеспи, биз да "Ата Жолуна ар кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, андан чыгуунун амалын издеп барбаган көзү ачыгыбыз калган жок. Кимден эмне уксак эле айла болуп калабы деген үзүлбөгөн үмүттүн шооласы менен ар кимге бара берип, акыры ишимдин оңолооруна ишенбей да бараткам. Ошондой күндөрдүн биринде Ош базарда иштеген Талант аттуу таанышымдан "Ата Жолу" деп аталган Ордо жөнүндө угуп калдым. Балким ушул жерден жардам болуп калаар деген үмүт менен аялым Жамиля, уулум Максатбек болуп жөнөп калдык. Бир жаш эле жигит Манас айткан сыяктуу бата чыгарды. Ал жигит Абдумалик (Максат Бусурманкул) , "Кара-Буура Атанын Ордосунун" жетекчиси экен. Биринчи эле күнү үчөөбүзгө тең "касиетиңер бар, касиетти кастарлабагандыктан, ишиңерден, ден соолуктан кысып" белги берип жатат деп бата чыкты. Мени 12 күн, Жамиляны 8 күн, Максатбекти 13 күн келесиңер деп бата чыгып, бардык проблемаларыбызды көрүп тургандай туура айтканда дароо Ордого ишенич пайда болду. Эртеси кичүү уулум Асхатты да алпардык. 3 -4 күн өтпөй Ордого кетип жатсак кызым Гүлкайыр "кайда эле кетип жатасыңар, мен да барам" дегенинен Ордо жөнүндө айтып аны да алпардык. Батадан барыбызга "Манас - Атага" андан кийин Түркистанга деп чыкканда үй-бүлөм менен зыяратка "оптом" барып келдик.
Кудай, берем деген кулуна, даяр кылат жолуна
Мен элден алган товарларды өкмөттүк ишке киргизип жиберип, өкмөт акча которбой, эл менден карыздарын доолап, аябай кыйналып жүргөн чагым болчу. Мага да көп адамдар карыз алгандарын бербей качып жүрүшкөн. Батадан Түркистанга барасыңар деп чыкканда, зыяратка барганга кайдан акча табаарды билбей кыйналып, Гүлжан деген таанышыбыздан "бербейт деле болуш керек" деген ой менен көңүл кош эле "сурап көрөйүнчү" деп акча сурасам дароо эле макул десе сүйүнгөнүбүздү айтпа. Жамиля менен Максатбекти Түркистанга жиберээрим менен мага өкмөттөн акча которулуп калса болобу. Гүлжандан да, башка карыздарымдан да кутулуп, Ордого "Аталарга" ишеничим ого бетер арта түштү. Андан кийин Түркистанга зыяратка кызым, кичүү уулум, өзүм да барып келдим. Батадан "кеткен чыгымдарыңды кайтардым" деп чыкканда элес алган эмесмин. Зыяраттан келгенден кийин мага карыз бир адам алдымдан чыгып калды. Акчаны качан берээрин сурасам эле кечинде 50000 сом апкелип берди. Чынын айтсам ал карыздан эчак түңүлүп калгам. "Кудай деген кур калбайт", "берем деген кулуна даяр кылат жолуна" деген сөздүн калети жок экенине дагы бир жолу ынандым.
"Аталардын" колдоосу
Түркистандан, Максатбек, Асхат Гүлкайырга шумкар, аккуу, мага сарбаз, эмчи, Жамиляга эмчи деген касиет берилген. Максат менен Гүлкайыр жүрөктөрүнө мөөр бастырганга жетишип калышты. Асхатты азыр жашсың деп жатып, мөөр койгон устатыбыз каза болуп калып шумкар болбой калды. Батадан Максатбекке өзүңчө Ордо ачасың деп чыккан. Мен, Жамиля, Асхат Максатбектин Ордосунда кызмат кылабыз. Кызым Гүлкаир өзүнчө Ордо ачкан. "Ата Жолу аркылуу ишибиз оңолуп, ден соолугубуз жакшырып, көп жакшылыктарга жетип жатабыз. Балдарымдын баарына үй, машина алпердим. Кудайга шүгүр. Мунун баары "Аталардын колдоосунун натыйжасы. Биздин Ордого ар түрдүү кесиптин ээлери келишет. Бир жолу жалаң аскер кызматчылары, гаишниктер, тергөөчүлөр келишти. ГАИде иштеген бир киши Ордодон кийин 3 жыл "Взятка" албай таза иштептир. Бир күнү лотерейный билет сатып алса 45000$ "Джип" машина утуп алыптыр. Батадан"Аталар" ак иштериң үчүн сый көрсөтөбүз деген экен.



"Аталар" оюңду окуп коет
Түркистанга барганда төрт маршрутта төрт керемет бар. Жамиля Максатбек экөө Укаш Атанын маршрутуна туш болушат. Ал маршрутта касиеттүү кудук бар. Адамдын ниет пейлине, чын дилинен ишенип тиленгенине жараша чаканы кудукка салганда суу берет. Бул кереметтүү кудук,кээ бирөөнө жалаң топурак, ташты чакасына толтуруп берсе, кээ бирөөнүн чакасын майрыйтып салат. Жамилянын чакасы ташка толуп, Максатбектин чакасы сууга толуп чыгат. Кечинде "Аталардын" батасынан Жамиляга "өзүңө тиленбей балаңа сурандың" деп бата чыгат. Көрсө, Жамиля балама суу берегөр деп суранып, өзүнө суранбаптыр. Мен да ошол маршрутка туш болуп, касиеттүү кудукка келгенде "түз жүргөн Жамиляга суу бербеген мага бермек беле" деп ойлоп койгом. Чын эле мага суу берген жок. Көрсө "Аталар" эмне ойлосоң оюңду билип турат экен.
Ооруп келип, оңолуп кетишет
Кызым Гүлкайыр менен уулум Максатбектин ордосуна ар кандай пенделер ооруп келип оңолуп кетип жатышат. Бир жолу жалаң врачтар келе башташты. Эки күн сынагансып, ишенбегенсип олтурушту. Батадан кимдин кайсы жери ооруйт, иштери, тагдырлары жөнүндө айтылып жатты. Бир күнү бир врач "Аталардын" батасына ишенгендигин билдирип, келген элге өзү эмне себептен ишенгенин айтып берди. Көрсө, батадан бооруңда илдет бар деп чыккан экен. Боору ооруганын сезбеген врач УЗИге түшүп көрсө боору 2 сантиметр чоңоюп кеткенин көрсөтүптүр. Бажамдын Нурлан аттуу баласын ооруканадан айыкпайсың деп чыгарып коюшуптур. Көп жылдан бери иш табылбай бош да жүргөн. Максатбектин Ордосуна келип жүрүп оорусунан айыгып, биринин артынан бир иш табылып, азыр жумуштан колу бошобойт. Муну уккан бажам ишенбей "сен эле жумуш таап берип жатасың го, болбосо канча жылдан бери жумуш табалбай койгон" деп атпайбы. Мен эмес бул "Аталар" колдоп, жолун ачып жатат, ден соолугу да жакшы дедим. Мындай мисалдар толтура. Ордого ооруп келип, сакайып кетишкенин көргөн сайын биз да ого бетер кубанып, Кудайга,"Аталарга" болгон ишеничибиз ого бетер артат. Ордонун касиетин келген адамдар бир жумада эле сезишет. Мындай мисалдарды келтирсек гезит бети жетпейт. Негизи кудайга ишенип, пейилди түз койсо "Аталар" (Жогорку күчтөр) ар тараптуу жардам беришет. Мага Түркистанга барганда бели ооругандарга, грыжаны айыктырганга эмчи деген касиет Берген. Кудайга шүгүр келгендерге биздин Ордобуз ачык. "Асман пресс" гезитинин жалпы жамаатына "Ата Жолун" элге жеткирип, элибиздин арууланышына жардам берип жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ишиңер ийгиликтүү болуп, Алла силерге ыраазы болсун. Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун.