Күркүлкүн

Темирбек Асанбеков, "Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери:
"Максатыман, оюуман тайган жокмун"
Тарбия
- Ата-энемдин оюу баардык нерсеге бирдей болгону менен тарбия жагына келгенде экөөнүн жолу эки башка. Энем боору ооруп башыман сылап мамиле кылса, атам кыргыздын мыкты эркектеринен болсун деп катуу кармайт эле. Атам көп жерди көрүп, көп эл менен аралашкандыктан бизге өтө жакшы тарбия берген. Биз апам минтти, тигинтти десек "апаңар жөнүндө жаман нерсе айтсаңар бутуңарды сындырып коём" дечү. Мына эми атамдын айткандарын түшүнүп атам. Көрсө, атам башка жерге барганда жакындарыңарды жамандабагыла деген мааниде тарбия бериптир. Апам кичинесинен жетим болуп чоңойгон. Турмушу оор болгон. Жаш кезинде эле атасы кайтыш болуп, жетим өсүптүр. Атам экөө бир класста окушкан. Атам үйдүн улуусу болгондуктан эрте үйлөнгөн. Келиндин турмушу ал мезгилде оор эле да, свет, от деген жок. Айылдын эң кыйын турмушун көрүп, жаштык өмүрү өттү. Азыр апам 78де, ошо апамдын кыйын турмушун көргөндөн кийин Европада жүргөн эки кызыма айтам, чоң энеңерге рахмат айткыла, сыйынгыла, мени төрөп ушу даражага жеткирген атам экөө. Эгер алар болбосо силер Европада жашабайт элеңер деп.
Ревизор
- Атам айылда чоңоюп, 4-класска чейин окуган. Андан кийин башка айылга араба менен барып билим алган. Алгач айылда бухгалтер болуп иштеген. Өмүр бою айыл чарбасын текшерип 19 жыл ревизор болуп иштеп, орден менен сыйланган. Атам айтып калчу "орден алган ревизор тарыхта жок, ревизорлорду негизи түрмөгө камачу" деп. Биз айтчубуз ,"ата чабандар деле машина минип жүрөт. Сиз ревизор болуп туруп эмнеге машина албайсыз, жашаган үйүбүз эки бөлмөлүү" деп. Атам болсо "балам, армияга барганда түшүнөсүң. Эркиндиктин баасы жок" деп коёр эле. Элдин нанын уурдап темир тор артында отургандан көрө, таза иштеп эки бөлмөлүү үйдө эркин жүргөнүм жакшы деп, партияга да өткөн эмес. Азыр атамдын эркиндикти даңктап, сактаганын түшүнүп атам. Атамдын айткандарынан мен өзүмө көп сабак алдым.
Балалык
- Бала кезде мал багып чоңойдум. Бул күндөрүм Көлдүн Ананева айылында өттү. Малды жоготуп ийсек агам экөөбүзгө күн жок эле. Чоң атамдын кабагына кар жааганда биз жоголсок жогололу, мал жоголбосун дээр элек. Бир жолу кой жоготуп алып түнү бою издеп талаада түнөгөнбүз. Ошондогу чоң атамдын таягын айтпа. Чоң атам аябай катуу кармар эле. Ошондо ушундай жашоодон тажап, жакшы жошоону эңсегем. Бала кезимде эле телеберүүдөн көргөн жашоого умтулчумун. Ошондой жашоого жетиш үчүн күнү-түнү менен иштеп, ар кандай китептерди окуп, өзүмө билим топтодум. Ошол максатыман, оюуман тайган жокмун. Раматылык атам алдыма койгон максатымды туура эмес дебестен, "билим ал, балам" деп дайым колдоп турчу. Ушул жашоого келгени далай тырышып окудум, эмгектендим.
Лидер
- Ар бир класстын өзүнүн лидери болот эмеспи, биздин класстын лидери үчөөбүз болчубуз. Класста катарынан үч ряд болуп парталар турчу, ошо ар бир ряддын алдыңкы парталарына биз үчөөбүз отурар элек. Эсеп чыгарганда классташтарыбыз бизден көчүрүшөт. Орус тил, кыргыз тил, физика, математикадан олимпиядаларга барчубуз. Бала кезинде эле билинет ким эмнеге татыктуу экени. Спорт жарыштарды, ар кандай майрамдарды уюштурган боюнча мастер болчубуз. Азыр үчөөбүз тең жогорку билим алып, ар тараптуу кесиптердин адиси болуп иштеп жүрөбүз.
Аскер
- Мектепти бүткөндөн кийин эле аскерге чакырык келип, райондук аскер комисариатына бардым. Офицер "орус тилди ким жакшы билет" десе, кыйын болуп мен деп ийсем болобу. "Пенденин айтканы Алланын кулагында" делет эмеспи. Анын сыңары 7-8 класста окуп жүргөндө апама тамашалап, урушсаңыз кийин Афганистанга армияга кетип калам дечүмүн. Ошондой болду. Башында армияда кыйналып жүргөндө ойлончумун, бирөөгө бир нерсе айтаардан мурун "Кудай" деп сүйлөш керек экендигин. Согуштук унаалар менен кетип баратканыбызда көчөлөрдө жаш балдар, бала көтөргөн аялдар ачка сагалап турушат. Бизге токтогонго болбойт эле, анан тамак-аш ыргытсак тооктор жемге чуркагандай эле баса калышчу. Кудай биздин жакындарыбызга ушундайды көрсөтпөсө экен деп тиленчүбүз. Эми ошондой согуштун башка бир өңүтү Кыргызстанга келди. Ал мезгилде Афгандагы согуш бизге да келет деп, оюма да келчү эмес.
Көз жаш
- Мени армияга узаткан атам, мен келгичекти бу дүйнөдөн өтүп кетиптир. "Согушта жүрсө, атаң кайтыш болду десек капаланып, өзүн бир нерсе кылып ийбесин" деп, туугандарым мага кабар беришпептир. Келип атамдын ашын бердик. Атам "оруссиянын борборуна барып билим ал" деп эңсечү, ошо тилегин орундатайын деп Россияга кеттим. Армиядан келген кийимимден башка кийим жок эле да. Анан Россияга ошо армиядагы кийимим менен кеткем. Байкуш апам акча берейин десе, акчасы жок. Көз жашын мөлтүрөтүп агызып кала берген.
Студент
- Атам финансы кызматкери болгондуктан "Кыргызстан айыл чарба өлкөсү, ушу кесиптин адиси болсоң элдин батасын аласың" дечү. Москвадагы Айыл чарба академиясына киргем. Ал жерде алты жыл окудум. Бир жыл ден соолугума байланыштуу госпиталда жаттым. Анткени Афганистанда жүргөндө бутума ок жаңылып калган эле. Азыр да бул жаратым кез-кез ооруп калат. Студенттик кезди сураба. Кыйынчылыкты далай баштан өткөрдүк. Ар кайсы жерге барып иштеп жан багар элек. Ал күндөр да артта калды.
Сүйүү
- Сүйгөн жокмун десем уят го. Кат жазып, кат алышкан кыздар жок эмес, бар болчу. Атам "аял заты менен таанышканда, биринчи иретте энеңди, эже-карындаштарыңды эсте" дечү. Москвада бирге окуган орус улутунун кызы менен таанышып, сүйлөшүп, чогуу билим алып жүрүп баш коштук. Ал кыз интелигент үй-бүлөдөн эле. Окууну бүткүчө Айсулуу, Канышай деген эки кыздуу болдук. Келинчегим экөөбүз тең окууну ийгиликтүү аяктадык. Ошондо ректор сүйүнүп "эки балалуу болушса да, окууну жакшы аякташты" деп мактоо баракчасы менен сыйлаган.
Идея
- Окууну бүткөн соң Кыргызстанга көчүп келгем. Өз жериме, ата-энемдин жанына барып жашайбыз деген шартым бар болчу. 1993-жылы Кыргызстанда айыл-чарба реформасы жүрүп, айыл-чарбаны бөлүп, тытып атышыптыр. Элдин баары трактордун дөңгөлөгүн чыгарып, араба жасап техникадан ат арабага өтүп жатышты. Биринчи жылы бир айыл чарбага орношсом баягы эле реформанын талашы, анан ойлодум өкмөткө азыр адис деле кереги жок окшойт деп. Элден оокат талашпай, билимим кайсы жерге керек болсо ошо жерге барып оокат кылайын деп 1995-жылы эки кызымды алып Москвага кайра кеттим. Билимимди улантып дагы билим алдым. Жаңы окууну бүткөн жаштарда акча жок да, ал эми идеяны болсо ишканалар сатып алат экен. Дизайн, агротехнология боюнча идея саткам. Ошентип алгач 50 миң доллар тапкам. Ошол акчамды тамактан да, үйдөн да аяп, ишканага жумшагам. Менин идеям чет элдиктерге жагып, ошо идеямды улантып, курулуш жагына өткөм. Келинчегимди бухгалтердик кесипке окутуп, өзүм директор болуп эмгектендим. Иштетип жаткан ишканамдын бир бөлмөсүндө эки кызымды алмак-салмак карап, ишимди баштагам. Кийин курулуш жагына өттүм. Мурда ГЭСти башкарып келген Тажикстандык бир адисти алып курулуш жагына өткөрүп, мамлекеттик заказдарды алдык. Ошонун үзүрүн тажрыйбасын кошуп, үй салганга өттүк.
Голландия
- 1998-жылы бутума туруп, каражатым бир аз кеңейип калганда биринчи жолу үй-бүлөмдү алып Германияга, Голландияга эс алып келгем. Ал жерде эс алып жүрүп, элдин жашоо-турмушун көрүп жаңы идеялар келди. Чоң бизнеске өтөйүн деген ойго келдим. Майда ишкананын жумушу оор болот. Ал жанагы велосипед тепкен коёндой болуп, бир күн ишке чыкпай калсаң кыйналып каласың да. Ал эми чоң иштин үзүрү чоң. Ошентип чет мамлекеттерден өнөктөш таап иштештим. Кийин алар да, мен да бутка турган соң өзүмчө кетүүнү чечтим. Аларга айттым силерден бөлүнүп, өзүмдүн ишимди ачайын деп. Мени аябай колдошту. Ошентип өзүмдүн ишканамды ачтым.
Мерседес
- Өзүм эки бөлмөлүү үйдө турчумун. Үй жайды оңдодум. Апам "келиним жакшы бирок, биз мусулман калкы болгондон кийин негр болсо да мусулман алсаң" деп калчу. Жашым улам чоңойгон сайын, мен да ойлоно баштадым. Орус келинчегимде күнөө жок. Ушу жаш кезде ар ким өзүбүздүн турмушубузду оңдоп кетели деп экөөбүз ачык сүйлөштүк. Ал да айтты "кичинемен Москвада чоңойсом Кыргызстанга барып жашаганга чыдабайм го" деп. Ошентип өзүбүзчө турмуш кура баштадык. Азыр экинчи жубайым менен жашайм. Бирге түтүн булатып келатканыбызга 11 жыл болду. Улуу балам Темирлан 10 жашка чыкты. Кичүү кызым Мерседес эки жашта. Кызымдын атын жөн жерден койгон эмесмин. Испанияда жашаган бир досум бар. Тез-тез Москвага конокко келип турат. Жубайымдын боюнда барында келип, "балаңа кандай ат коёсуң" деп сурап калды. Дарыгерлер эркек дешти, Темирланым бар, эми Искендер коём дедим. Кыз төрөлсө сен коёсуң деп койгом. Дарыгерлер ката кетирип алышкан экен. Кыз төрөлөрү менен Испаниядагы дасума чалдым. Кыз төрөлдү атын кой деп. Ал "белгилүү Монте-Кристонун жакшы көргөн кызы Мерседестин атын коёюн" деп кызымдын атын Мерседес койду.
Тилек
- Ишимди Кудай колдоп, 5-6 миң киши эмгектенген чоң компания ачтым. Кээде өзүмө-өзүм баа берем, мал багып жүрүп, Москванын так ортосуна ишкана ачканыма. Балконду ачсам Кремль көрүнүп турат. Бирок, ушу нерсенин баарын атам көрсө эмне. Менин бутума турганымды көрсө, төрүмдө балпайган абышка болсо деп тилек кылчу элем. Аттиң, жашоо токтобойт тура. Зымырык куштай учуп баратат. Бүгүн апамдын гана көзүн карап отурабыз. Апам биздин өмүрдү тилейт. Ата-эне деген кандай керемет жан болот ээ. Азыр айылда апам жашайт бизди күтүп…
Жамал Каныбекова



Темирбек Асанбеков
1966-жылы 18-июнда туулган.
Эмгек жолу
1984-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп,
Ооганстанда Советтик чектелген контингенттеги жоокерлер курамында болгон.
1987-ж. Москвадагы, К. А. Тимирязев атындагы Айыл чарба академиясынын студенти
1996-ж. "AIG" Америкалык камсыздоо компаниясында улук менеджер (Москва)
1998-ж. "АТМ - АРГО" Компаниянын Генералдык директору (Москва).
2002-ж. "Арбат менеджмент" ОООнун Башкаруу Компаниясынын башдиректору (Москва)
2007- ж. "Аспол центр" ОООнун башдиректору (Тула шаары, Россия)
2008- ж. Казань шаарындагы "Кыргыз маданий борбору" ЖАК долбоор жетекчиси.
Москвадагы "Кыргызстандыктарды колдоо жана коргоо борборунун" жетекчиси.
Учурда "Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер

- Темирбек Ишенбаевич, Москвада иштеп, өз турмушуңузду оңдоп-түздөп алыпсыз. Баары жетиштүү экен. Анан Кыргызстанга келип саясатка аралашып атканыңызга түшүнө албай турам. Биздин түшүнүктө бийликке жеш, уурдаш үчүн умтулушат. Сиз кандай максатта келдиңиз?
- Эңшерилген экономика айынан жарандарыбыз Россияга, чет жактарга чилдей тарашты. Москвага келген мекендештерибиз көп кыйынчылыктарга дуушар болушат. Аларга болушунча жардам берип келдик. Чет өлкөгө агылгандардын агымы токтобой, күндөн-күнгө күчөп баратат. Акыркы убакта Москвага келгендери эле 150 миңден ашып кетти. Россияда жалпысынан миллион кыргызстандык мигранттар бар. Анан, мурда аспирантурада чогуу окуган, колунда бар жигиттер сүйлөшүп, "Элибиз тентип кетти. 20 жылдан бери чогулткан акыл, тажрыйбабызды элдин качканын токтотууга жумшайлы. Кыргызстандын жашоо-турмушун оңдойлу" деген ойго келдик. Кеңешип, "бирөөбүз суурулуп чыгалы, Темир, сени колдойлу, башыбызга туруп бер" деп бата беришти. Ошентип кыргыздар бириге турган уюм ачтык. Ушунун баарын уюштуруп жатканыбызда Кыргызстанда көтөрүлүш, жаңжал чыгып Убактылуу Өкмөт келди. Оппозиция маанайдагы партиялар бийликке келип, аяк башын таппай, баягы эле көрүнүштө бийлик талашты. Өкмөткө келгендерибиз үрккөн аттай чуркап, элди жарга такап, жаңжал чыгарып кан төгүлдү. Элибиздин тагдыры кылыч мизинде турган чакта жатып албай, элди оңдоп Кыргызстанды сактап калалы деп келдик.
- Абалды көрдүңүз. Ушундай кыйчалыш кезде Кыргызстанды оңдоп кете алабызбы?
- Эл кимге ишенээрин билбей, баш аламан болуп турат. Шайлоодон кийин партияларга да ишениш кыйын. Азыр баары эле эптеп утуп, элдин добушун алууну гана көздөп атышат. Бирок эртеңки жоопкерчилик, элдин турмушун ойлогондор чанда гана кездешет.
Эл биздин сөздү, чындыкты угат. Мыкты азамат жигиттерибиз бар. Абалдан чыгара турган программабыз даяр. Алгач жакшы жөрөлгө баштап, ынтымакка биригели деп, "Мекен Ынтымагы" партиясына таза адамдарды бириктирдик. Элибизге негизгиси ынтымак керек. Мурдагы саясатчылардын кокту-колотко бөлүү саясатынан улам ынтымактан аксап турабыз…
- Баш адашкан партиялардын катарын толуктабай эле, бир партияга кирип, тилегиңизди орундатсаңыз болмок…
- Көбү Бакиевдин үй-бүлөсүнө кызмат кылып, мансап үчүн абийирин саткандар. Алардын катачылыгын кайталабай, таза адамдарды чогултуп, өзүмчө партия түзүп ойлогон оюмду орундатайын дедим.
- Партиянын каржы маселеси кандай. Дегеним, кээ бирлери сырткы күчтөрдөн колдоо алышса, айрымдарында орундар сатылууда?
- Акча сураган партия, коммерциялык ишканага айланып кетет. Акчасын салган депутат эртең "менин үлүшүм бар, ошол үлүшүмдү алышым керек" деп чыгат. Биз каражатты эмес, Кыргызстандын даңкын көтөрө турган идеясы бар адамдарды чогулттук. Өзүм 20 жылдан бери тапканымды "эл үчүн кетсин деп" бирөөнөн да каражат алган жокмун. Биз идеянын тегерегинде чогулдук.
- Эл шайлабаса да "элдик бийликбиз" деген Убактылуу Өкмөт бир заматта Ошту канга боёп отуруп калды?
- Өкүнүчтүү. "Папке" бөлүштүрүп бүтө албай, өлкөнүн ички коопсуздугун унутуп калышты. Түштөн кийин "ал күнөөлүү, тиги күнөөлүү" деп, өздөрүнүн күнөөсүн моюндабай атышат. "Жаман үйдү коногу бийлейт" болуп, көрүнгөнү бизге кожоюн болгулары келип атат. Чекараларыбыз дурустап каралбай, ар кандай күчтөрдүн өтүп кетишине шарт түзүлүп атат. Ошондуктан бизге бекем тартип керек.
- Владимир Путин менен жакын мамиледе дешет. Москвада чоң ишкананы жетектегенден кийин, Путин жардам кылып атса керек?
- Бирөөдөн жардам сураардан мурун, ошо нерсеге өзүң татыктуу болушуң керек. Эмне үчүн чоң ишканаларга өттүм. В.В Путин президент болгон убакта, кызматтагы жаш жигит элем. Анын саясатына ылайык ишканаларым иштеп ийгиликке жеттим. "Аравияда жаңы төрөлгөндөргө 20 миң доллар берет экен" десе бизге жомок болчу. Азыр, Путиндин доорунда Россияда төрөлгөндөргө 10 миң доллар берип калды. Орус элин даңктап, мыйзамын коргоп жүрөт. Ошон үчүн Путиндин идеясы жагат. Мен Путиндин кишисимин. Анын идеясы менен Кыргызстан өнүксө дейм. Ошондуктан айтам "Путин жиберди, Путиндин кишисимин". Путиндин идеялогиясын алып келем деп. Дегеним, мен да Кыргызстанды бутуна тургузуп, өнүктүргүм келет.