Сандан-санга

ТЕМИР ТОР АРТЫНДА СООЛУГАН ГүЛДөР
Бактыгүл Сейитбекова

(Башы өткөн санда)
Элди да өзүндөй ойлойт. Туура жолго эч кимди багыттагысы келбейт. Өзүнө кошулуп чифир ичип турса анда жагат кыздар.Тилекке каршы баары эле чоң Таня тандаган жолду тандабайт тура. Айдеми тилегендей эле Розанын буту жеңил болду. Ал түнү Айдеми тынч уктады. Кат жазышканга Аваз жок. Тынч уктагангабы түнү менен түш көрүп чыкты.
Түшүндө Кыргызстанында жүрөт. Качантан бери жебеген майлуу палоо даярдап апасы менен Айтемирди күтүп олтурат. Палоонун үстүндө семиз эттер жилик-жилик болуп титирейт. Үй дагы баягыдай жалданма эптеп үй аты бар бөлмө эмес, зымылдаган тазалык орногон жасалгаланган бөлмө. Дасторконун жасап алып, апасы менен Айтемирдин кечиккенине кейийт. Эттен көзү өтүп жегиси келет да тигилерди күтөйүнчү дейт. Палоонун жыты кадимкидей буркурап турганын сезип жатып ойгонуп кетти Айдеми. Баарытуруп Айдеми эле калыптыр.
- Жакшынакай уктап жатыпсыз ойготконум жок деди Максуда.
- Бүгүн башкача уктаптырмын, деди элеп-желеп болуп жүрөгү ойногон Айдеми.
- Сиз кечээтен бери башкачасыз, чын эле кетип калсаңыз мен кантээр экем деди Максуда.
- Алгач чыгайынчы ушул жерден, мен эле чыксам анда сен дагы чыгасын деди Айдеми.
Экөө унчукпай жуунушуп чай ичип олтурушту. Айдеми жарытып чай иче албай жүрөгү бир башкача опкоолжуй берди. Бир кубанаарында ушинтчи эле Айдеми. Оо ал кубанган күндөр дале алыс калыптыр. Айтемир экөө базардан жакшы акча табаарында ушинтип сокчу эле жүрөгү. Сол көзү ушинтип сүйүнөөрүндө тартчуу эле.Кийин наркотик менен алагды болуп бул сезимин жоготуп алган. Эми кайрадан баягыдай болуп баардыгын сезип олтурат. Аңгыча темир шалдырттап ачылды да Айдеми деп күзөтчү занк этти. Айдеми темир каалганын ачылган темир көзөнөгүнө учуп жетти. Кийимдериң менен,төшөнчү жуурканыңды алып чыгууга даярдан деп күзөтчү кайра көзөнөктү шалдырттата жаап койду. Айдеминин жүрөгү булкуп-булкуп алды.
- Мына деди Максуда айтпадым беле сизге бул Аваздын кылган иши го.
- Мүмкүн башка камерага котороттур, али эч нерсе белгисиз, деп жооп берди Айдеми.Өзү болсо түндөгү түшүнөн кийин эле бышкан тамак түшкө кирсе жакшы түш, ырыскылуу болуп ишиң оңолот, тамак деген насип да апасынын айткандарын эсине түшүрүп олтурган. Апам, Айтемир үчөөбүздү ырыскы күтүп турат, ушинтип майлуу палоо жасап апам менен Айтемирди күтөт экенмин үчөөбүз биригет экенбиз деп ичинен жоруп койгон. Жакшы түштү жан кишиге айтпайт дегенди угуп Максудага да айткан эмес. Оюу ар жака сапырылган Айдеми тез эле буюм-тайымын алып даяр болду. Ангыча эшик ачылып күзөтчү менен дагы бир жаңы мурда көрбөгөн орус улутундагы тергөө адамы турду. Айдеми кыздар менен тез коштошуп коридорго чыкты. Максуда кабар албасаңыз өлүп калам деп ыйлап калды. Коридорго чыккан Айдеми матрацын көтөрө албай кыйналды. Сумкасы, жуурканы, матрацы кичинекей боюна оордук кылып, тоголоктоп көтөрүп алган матрацы улам колунан түшөт. Сумкасын араң сүйрөйт. Күзөтчү жардам берип бир топ басышып бир эшике келишти. Бул жерге матрац-жуурканынды өткөр, деги эле түрмөдөн эмне алгансын бүт өткөр деди тиги тергөө адамы. Бошонгом экен деп ушул жерден Айдеминин жүрөгү бир булкуп алды. Тэз эле түрмөнүн калай кружка, калай кашыгынан тартып, матрацына чейин тапшырып,тиги адам экөө экинчи этажга түрмөнүн начальнигине көтөрүлүштү.
(Уландысы кийинки санда)




  Сандан-санга

Сексен жетинчи ашуу...
Жыпара Исабаева
(Даректүү повесть)

(Уландысы.
Башы өткөн санда)
- Бир жериң ооруп турабы, балам? - деди бир күнү ошону байкай калган Сейитбек ата.
- Жок, ата. Жакшы эле... - деп кымырылып-кысылып, ыйбаа кылат андайда. Болбосо: "Көзүмө баатырлар көрүнүп атат", - деп кантип айтат?
Жаңы замандын андай "эскиликке" мамилеси каат эле. "Караңгылыктын" белгиси катары кабылданып калган андайлар. Анын үстүнө, элди жаңыча жашоого үндөп, сабатсыздыгын жоюп, кат тааныткан мугалимдин үйүндө мындай нерсенин болушу акылга сыйбагандык болмок.
Колдон келишинче баатырларынан качып калды анан. Качан кулагы дүңгүрөп, баягы тааныш туюм келатканда ордунан ыргып тура калып элге аралашып, аянды кабыл албоого аракет кыла баштачу. "Бара-бара көңүлдөрү калып, баатырлар башка бирөөлөргө ооп кетээр", - деди оюнда.
Бирок андай болгон жок, ансайын артынан сая түшүп алышты. Түшүнөн чочуп, бакырып тура калчу болду эми. Басып бараткан жеринде эле бакырып ийип, башы-көзүн калкалап отура калмайы көбөйдү.
Ошентип жүрүп, ооруп да калды. Дээринен тирикарак жаны баягыдай тикилдеп иш кыла албай, дендароо болуп эле, эси ооп отуруп калмай адат тапты.
- Эмне эле болуп атасың, Сейде? - деди бир күнү мектептен келген күйөөсү.
- Билбейм. Эмне болуп атканымды өзүм да билбейм! Каяктагы бир кыйноо, азапка кабылдым!.. - деп буркурап ыйлап жиберди. өмүрлүк жолдошуна бар сырын төкпөй-чачпай айтып берди анан.
- Ошол элеби? - деди күйөөсү анын көңүлүн көтөргүсү келгендей. - Анда "оорунун" дабасы оңой эле турбайбы. Жыт чыгарып, ата-бабаларга багыштап куран окуталы.
Ошентишти. Айткандай эле, ошондон кийин Сейданага арбактар саал жумшаргандай, жоошугандай сезилди. Уйкусу тынчып, баштагыдай кабагы ачылып, жаркылдап-жайнап, оңоло түшкөнсүдү.
А бирок, апта айланбай эле баягынын баары кайра башталды.
- Сейдана, сен бизди айтасың! Айтасың!.. - деген жаңырык аркасынан эрчип алды эми.
- Айтпайм! Айта албайм! - деди ансайын Сейдана да көгөрүп. - Кантип айтам?! Өзүм аял киши болсом, бала-чакалуу болсом... анан калса эзели айтып көрбөсөм, эки ооз жатка билбесем, кантип айтам?!
- Нитеиңди эле койсоң, калганы биздин болот, Сейдана! - деди баягы Бакай-атанын үнү.
- Кайын-журтумдун бетин кантип карайм?!
- Сен күнөө кылып аттың беле?!
- Күнөө эмей эмне, аял кишинин ырдап жүргөнүн ата-бабамда уккан да, көргөн да эмесмин! Эл шылдың кылбайбы! Андай азапка мен чыдай албайм!
- Ойлон, кызым! Антпесең, чыныгы азапка кабылышың мүмкүн!
- Андан да кыйын чыныгы азап бар бекен?
Бакай-ата: "Оозуңдан жаңылдың!" - деп нааразы болгондой, күңгүрөндү. Анын күңгүрөнүшү - кудум күндүн күркүрөгүнө окшош эле.
Семетей менен
кезигүү
Күндөгүдөй эле күйпүл-ала болуп, күнүмдүк тирлик менен алышып, анткен менен оозуна кайдан-жайдан келип аткан уйкаш саптарды биринин артынан бирин айтып, обонго салып кыңылдап ырдап отурган.
Анда-санда токтоло калып: "Капырай, жаттап алгансып, буларды каяктан алып ырдап атам?" - деп таң калгансып коёт.
Эсинде, эч нерседен кабары жок, беш көкүл кыз кезинде аны атасы: "Куйма кулак кызым", - деп койчу. Анткени укканын - уккандай жаттап калып, канча убактардан кийин болсо да кайра айтып берчү. Атүгүл, баягы Токтогул ырчынын да айрым саптарын жаттап калып, ата-энелерине ырдап берсе, ушундай бир сүйүнүп да, таң калып да, айтып түгөтө албай атышпады беле.
- Көргөнүңөрдү көрмөксөн, укканыңарды укмаксан эле болуп койсоңор. Көз тийбесин, сербейиме, - деп Сонунбү апасы кызынын мойнуна тумар тагып көздөн, сөздөн корголуп калчу андайда.
Бой жеткен кезде да кыз-кыркын, келин-кесектердин арасында жамактап төгүп жиберип, бирок анда деле муну ар бир эле адамдын колунан келе турган нерседей ойлочу.
- Капырай, анын эмнеси бар? Оозуңду ачсаң сенден деле ыр чыгат, - дечү таң калып, шыпшынган кыз-келиндерге.
Эсинде, келин болуп келгенине үч-төрт эле күн болгон. Кайненесинин жанында, очоктун боюнда отуруп, кудум азыркыдай кыңылдап, ырдап калыптыр. Жаш да, аны өзү деле байкабай, этибар албай калса керек.
Кайнене деле:
(Уландысы
кийинки санда)