Эсиң барда этегиңди жап!

Кара энергия чакырган
эстелик
Майрам Акаева:
"Заказ эмес, тик карап сүйлөгөн эмесмин"
(Уландысы. Башы 5-бетте)
Экинчиден, көптөгөн залкарларыбыздан айрылып, жетим болуп отурабыз десем жаңылбайм. Алардын көбү, мүмкүн ошол биздин коомдун кайдыгерлигине, ушакчылардын учу-кыйырсыз ушак-айыңдарына, күнөөлөп көө жапкандарына да чыдабай кетиштиби деп ойлойм. Айтматов, Жумакматов, Молдобасанов, Жээнбаев, Мирахимов, Турсуналиев ж.б. Аскар Акаевичтин убагында жалаң эле чоңдорго эмес, илимий жана маданият кызматкерлерине жакшы көңүл бурулчу. Алар мындан да жакшы көңүл бурууга татыктуу адамдар. Аларды көздүн карегиндей сакташыбыз керек.
Биз андай ага-эжелерибизге чоң урмат менен мамиле жасачубуз. Аларга "заказ", "приказ" бермек тургай, тик сөз сүйлөгөндөн ийменчүбүз. Кыргыз элинин теңдешсиз каада-салт, нарк-насили, дегеле элдик мыйзамы мени дайыма таң калтырып келет. Улууга, эркекке кандай мамиле жасоо керек. Атанын орду, баланын, аялзаттын орду кандай болушу боюнча элибизде эзелтеден келе жаткан эрежеси бар. Ошондуктан мен, эч качан Тургунбай Садыковичке "приказ" бермек түгүл, өйдө карап сүйлөгөн эмесмин. Тургунбай агайыбыз, жут Жумагулов эмес да. Ал киши залкар скульптор. Ал абдан таланттуу, татыктуу адам. Ар дайым өзүнүн жандүйнөсүнүн каалоосу менен иштеп келген. Тескерисинче, бул ыпластын авторлору өздөрү бирөөнүн "заказы" боюнча иштеп жатышса керек.
- Кээ бирлери, Тургунбай Садыков "Майрам Акаевага жагынып, эстеликтеги аялдын келбетин Майрамга окшоштуруп жасаган" деп да айтышат. Деги эле эстеликти тургузууга салымыңыз барбы?
- "Эркиндик" эстелигин мен эл катары эле орнотулгандан кийин көрдүм. Эч кандай салымым болгон эмес. Кимге окшоштуруп жасалганы жөнүндө эч кызыккан эмесмин. Эстеликти эркиндиктин символу катары түшүнөм. Эми мага окшош деп айтылганы жөнүндө. Кыргыз аялзатынын айкели болгондон кийин, кыргыздын ар бир аял затын ошол айкелге окшош десе жараша берет. Себеби, скульптор кыргыз аялынын образын чыгармасынын өзөгү кылып алган. Чынында эле кыргыз аялзатынын баары, "мен ошол айкелге окшошмун" деп айтса да ким эмне дей алат? Бир гана мурду маңка, бою пас, көзү тосток аялзат болбосо, калган керилген кыргыздын сулуулары периштеге окшошмун деп айта беришсин. Таттыбүбү Турсунбаевага окшош деп жүрүшкөн деп бүгүн телефондон бир аспирант кызыбыз айтты. Ал эстеликтин кимге окшош экенин билбейм. Негизи ал эстеликте, күнгө канат сермеген периштенин образы берилген. Ал эми аны мага окшоштургандардын фантазиясына таң берсе болот. Кеп анда эмес, кеп Тургунбай Садыковичтин эмгегин талкалоодо. Аны ишке ашырыш үчүн, мени кошуп, фантазияларды чыгарып, элге жаман көрсөтүп, ошонун арты менен өздөрүнүн ачылып турган абийирлерин жабыш керек да. Антпесе, кантип ал эмгекти жок кыла алышат? Бүгүн ошол скульптурага асылышат. Эртең ары жакта турган Курманжан датка энебиздин эстелигин дагы бирөөгө түспөлдөштүрүп аянттан курутушат. Андан кийин четинен улуу инсандарыбыздын айкелдерин Бакиевге, дагы башка бирөөгө окшоштурушуп талкалай берсек анда эмне болобуз?
- Кара энергия чакырат деп айткандары жөнүндө эмне дээр элеңиз? Ошол эстеликти алып салуу керекпи?
- "Кара энергиянын" булактары (источники) караңгылык болуп саналат экен. "Кара энергия" деген нерсе чыныгы искусстводо болбосу белгилүү. Ал эми Тургунбай Садыковичтин эч кандай күнөөсү жок. Пейили бузулган адамдар өздөрүнүн арам ойлорун көрүп атышат. Алар оюна эмне келсе дөөрүп коюшууда. "Кара энергиянын" авторлору, "атың чыкпаса жер өрттө" дегендей өздөрүн көрсөтүш үчүн жан далбастагандар болуп жүрүшпөсүн?
Андай нерселер тарыхта кенен белгилүү. Сабатсыз, караңгы еретиктер орто кылымда илимий китептерди өрттөп, ушу китептер бизге жамандык алып келип жатат дегендери белгилүү нерсе. Еретиктер Джордано Брунону өрткө салышканын ар бир окуучу жакшы билет.
- Искусство чыгармаларын алып таштаоо( талкалоо) традицияга айланып кетпес бекен?
- Бакиев жер тепкилеп жатып "Эл куту" скулпьтурасы ансамблин кыйратып салды. Ал үчүн не деген эмгек, не деген акыл, ой, не деген күжүрмөндүк, канча маңдай тер кеткенин ойлоду бекен? Мындай бүлдүрүүгө, эң кур дегенде, бир-эки сүйлөм жаза албаган, колунан эч нерсе келбеген, жүрөктөрүн кара так баскан гана мутанттар бара алат деген ойлор келет. Ошол скульптура ансамблиндеги аман жүргөндөрдү айтпай эле коеюн, ал эми көздөрү өтүп кеткен кыргыздын улуу уул-кыздарынын арбактарынан кантип коркподу экен? Ошол Бакиевке жакшылык алып келдиби? Адамдын эмгегин баалабаган, чыгармачылык эмне экенин түшүнбөгөн, маңкурттардан не күтүүгө болот?! Искусство чыгармаларын кыйраткандык эч кимге упай алып келбейт. Ошондуктан, искусство чыгармаларын жөн коюп, биринчи иретте пейилибизди оңдоого аракет кылсак жакшы болот эле. Ар ким өзүндөгү "кара энергиядан" кутулса, "Эркиндик" скульптурасы эч жамандыкты алып келбесине мен толук ишенем.





Адилет Айтикеев, "Алиби" гезитинин журналисти:
"…Кылаарга иши жок, популистердин иши"

Менимче бул жанагы кылаарга жумушу жок, лунатик бекерпоз популисттердин чыгарганы. Буга чейин мамлекеттик тууга, гимнге асылып келишкен. Бирок, ынанымдуу далилдерди келтире алышкан жок. Мисалы туудагы күндүн нурларын күн карама деп да аташты го. Бирок, байкасаңар биздикине караганда казактардын туусундагы сүрөт күн карамага окшош. Казакстан өнүгүп эле жатат го. Ошондуктан ар бир нерсени өңүнөн эмес, өзөгүнөн баалаган дурус. Учурда "Эркиндик" айкелин алып салууну көксөгөндөр чыгууда. Менимче муну жаңы парламент шайланганда караганы туура болот. Кандай болгон күндө да баары мыйзам чегинде каралышы керек. Бирок, авторунан да макулдук алган туура болот. Менимче ар бир нерсени жасаарда Кыргызстанга кандай пайда жана зыян берээрин ойлонгонубуз дурус. Ал эми бул эстеликтен мен эч кандай зыян көргөн жокмун. Анткендин ордуна мамлекеттик системаны кара ниет адамдардан, жегичтерден тазалап алсак ошондо кара энергия жоголот эле. Негизи эле ыйман алыстаган коомдо кара энергия каптап турат. Ошондуктан биринчи баарыбыз өзүбүздүн жан дүйнөбүздү тазалап алсак жакшы болмок.





Айбек Байымбетов,
"Ак шумкар КУТ" жаштар
коомдук бирикмесинин мүчөсү:
"…Этеги көтөрүлүп, көчүгү менен жер шарын басып…"

Түндүк көтөргөн аялдын эстелиги, биринчиден кыргыздын салтына жооп бербейт жана улуттук маанидеги эстелик катары орду жок. "Ак шумкар КУТ" ЖКБсы май айында ушул эстеликти аянттан алып салуу демилгеси менен чыкканбыз. Максатыбыз коомчулук арасында ушул эстеликтин мааниси тууралуу сөз жараталы жана мунун ордуна бүтүндөй кыргыз элинин тарыхый тагдырын, улуттук жүзүн чагылдырган жаңы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жүзүн этностук бейнесин бере турган улуттук маанидеги чоң скульптуралык ансамбль куруу жөнүндөгү жалпы элге жана өкмөткө жаштардын жана коомдук интеллегенциянын атынан кайрылуу катын жөнөтүү болгон. Албетте, бул көтөрүлгөн маселе боюнча түшүнбөгөндөр чыгар, бирок мунун артында кыргызга душмандык кылган саясат тураарын аңдап билбей жатышат. Биз болгону элдин улуттук мүдөөсүнө жооп бере турган элге дем күч жана кайрат бере турган айкел орнотолу деген тилек менен иштеп жатабыз. Ал эми бул эстеликти ким койгонун жана анын айланасындагы маселе бизди кызыктырбайт. Бизге жыйынтык маанилүү. Эгер ким кара ниеттик кылып кыргызга туура эмес иш кылган болсо теңирден жазасын алат. Азыр бул демилге токтогон жок. Буюрса буга альтернативалык варианттын үстүндө иштеп жатабыз. Кийинки айкелди жаш скульпторлордун кыргыздык духуна жана талантына карап туруп, конкурс жарыялоо максаты турат. Чынын айтса кайсы гана карапайым кыргыз болбосун этеги көтөрүлүп, көчүгү менен жер шарын басып, болгондо да сол колу менен түндүк көтөргөн аялдан жакшылыктын жышаанын күтүүгө болбостугун жакшы түшүнөт. Балким биздин элибиздин жолу болбой жаткандыгынын бир сыры ушул жерде болуп жүрбөсүн.

Дайырбек Орунбеков