Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Бейне

Ак ийилет бирок сынбайт
Элдик генерал
Элдик генерал Өмүрбек Суваналиев дегенде "Комиссар Каттани" деген ысымы кошо эске түшөт. Туура, бул ысымга ээ болуу да оңой иш эмес. Бир канча жылдан бери Ө.Суваналиевдин атын булгагысы келгендер четтен чыгат. Биринчи жолу Суваналиевдин ысымы бүт республикага жана андан сырткары таанылган учур советтик мезгилдин акыркы 1990-жылына таандык. Пержевальск (азыркы Кара-Кол) шаарынын аэропорту. Жүргүнчүлөр түшкөн Ан-24 самолету Бишекекке учууга даяр болуп калган. Капысынан самолетко үч жигит жулунуп кирип келет. Биринин колунда электр зымдарынын учтары чыгып жүргөн калай челек. Террористер. Кытайга учууну талап кыла башташат. Аэропортко милиционерлер эң биринчи жетип келишти. Алардын башчысы Пржевальск шаардык ИИБдин начальнигинин орун басарынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев эле. Дем алыш күн болгондуктан, спорт формачан Суваналиевди милиция кызматкери экендигин баамдашпады. Сүйлөшүүлөр башталды. Суваналиев аялдарды, балдарды коё берип, ордуна өзүн барымтага алышын өтүнөт. Террористерди алаксытып, алардын буйдала түшкөнүнөн пайдаланып, салонго учуп кирет. Ошол жерде алардын ордуна КГБ болгондо балким самолетту бошотуу кыйла "детективдүү" болмок. Бирок, "менттер" ишти ары оңой, ары жакшы бүтүрүп коюшту. Отургучтарды аралай чуркап, бомбалоочуга жетип барган Суваналиев анын колунан бомбаны жулуп алды. Бул окуя тууралуу СССРдин борбордук гезиттерине жарыяланган. Ал кезде СССРде самолёт айдай качуу аракети сейрек деле учурачу эмес.
Жалаа
1992-жыл. Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын милициясынын начальниги майор Суваналиев кармалып, Бишкекте УКМдин СИЗОсуна камалып 10 ай отурган. Анын кылмыш ишин республиканын прокротурасы өзү жүргүзгөн. Койгон күнөөсү, "иш бөлмөсүндө кыздар менен мас болуп отурган кызматкерин бет талаштыра койгон" имиш. Ушундай иш үчүн милициянын бакыйган майоруна эмнеге мынчалык чоң көңүл бурушту? Сот бир нече жолу ишин карагандан кийин кылмыш ишинин жоктугу далилденип, Суваналиев акталып чыгат. Кылмыш иши болсо атайын жасалган жалаа экен. Эмне үчүн минтишти? Жоопту көпкө деле издөөгө туура келген жок. 32 жаштагы майор Суваналиев жетектеген шаардык-райондук ИИБ бир жылдын ичинде кыйла жогорку даражалуу адамдарды өзүнө кас кылып алган. Кантип? Өтө эле жигердүүлүгү үчүн-наркотик жана уурулугу үчүн облкеңештин төрагасынын баласынан баштап, курорттук соода мафиясына чейин кылтакка илсе, анан алар тим жатмак беле? Милициялардын нааразычылык билдирип митинге чыккандары эсиңизде болсо керек? Кыргызстандын тарыхында мындай окуя бир эле жолу болгон: Суваналиев камакка алынгандан кийин анын кызматташтары Бишкекке келип, "Мафиянын коргоочулары жоголсун!" деген ураан жазылган плакаттарды көтөрүп, аянтка чыгышкан. Ар бир эле милиция начальниги үчүн анын кызматкерлери жетекчисинин таламын талашып, мындай тобокелдикке барышпайт.
Отставка
Өмүрбек Суваналиев жеке тагдырын жана өмүрүн кыргыз элинин келечегине багыттаган сейрек кездешүүчү адам деп билсек болот. Жеңишке ээ болгон Суваналиев Чолпон-Атага, өз кызматына кайтып келди. Бирок 3 айдан кийин бүткүл республиканы дагы таң калтырып, отставкага кетти. Ысык-Көл областындагы жана ИИМдин жетекчилигиндеги кандай "укмуштуу оюндар" аны мындай кадамга барууга аргасыз кылганы-бул өзүнчө кеп. Биздин өлкөдө начальниктер өз каалоосу менен жылуу ордун таштап кетет дегенди уктуңуз беле? Кеткин деп артынан түрткүлөгөндө эмес, нааразылык билдирүү иретинде өз каалоосу менен кеткен. Ал эми артынан кол алдында иштеген көп кызматкерлери өз ыктыярлары менен иштен кетип калышкан. Ушундан улам бул киши өз кызыкчылыгынан да, элдин, мамлекеттин жашоосун бийик койгонун биле алабыз.
Эмне үчүн?
Ушундай суроо туулат: "неге бу жигиттин күлү бир жерге додо болгон эмес?" деген сыяктуу. Чын эле да. Сыртынан карасаң, чырдан башы чыкпагандай таасир калтырат. Башкалардай жөн жүрсө, "честь" бергенди гана билсе, чоңдорго акаарат келтирбесе, коррупциялык аарылардын уюгуна тийбесе-балким өмүр таржымалы ойкуп-кайкыбай, түз сызыктай мелмилдеп турмак, түрмөгө түшмөк эмес, отставкага кайта-кайта айдалмак эмес, кара таандай душман күтмөк эмес, башкалардай чоң курсагын салып, орден- медалын тагынап, Мамекеттик Мафиялык Системанын бир бурчун чоюп жүрө бермек. Туурабы?
"Вор должен сидеть в тюрьме!"
Суваналиев анте албады. Себеби жөнөкөй, табиятынан ошондой жаралыптыр. Күрөшчүл. Жолборс жүрөк. Кылмыштуулукту, эки жүздүүлүктү, кошоматчылыкты бирдей жек көргөн. Орустардын "Место встречи изменить нельзя" тасмасындагы Высоцкий аткарган Жеглов сымал гана акыл калчайт: "Вор должен сидеть в тюрьме!" деп . Эстеп көрөлүчү, кайсы тыңчыкма, Акаевдин БРТ сымал мамлекеттик машинеси күркүрөп, баарын тебелеп турган чакта, ким Суваналиевдей болуп Акүйгө каршы чыгып ажонун тууганын каматып, ким бийликтин 700 тонналык контробандалык-мафиялык вагонун токтото алган? Ким самолеттогу террористин колунан бомбасын жулуп, жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактай алган? Мен ушундай иштерди өлкө үчүн кылгам деп эч ким айталбайт.
Катани
Эске салалы Бакиев менен Суваналиевдин ортосундагы өпөң-чычаңды эске түшүрөлү. 2005-жылдын 24-мартында борбордо башталган тономойчулукту токтоткон, шалпайган милицияны намысына келтирген К.Салиевич менен Ф.Шаршенбаевичти кол кармаштырган, таңдемге жетелеген ким эле? Азыр авторлору арбын болуп жүрөт, а чыныгысы-Өмүрбек-Катани эле. Ошол эле жылдын 17-июнунда Барктабасовдун азаматтары Акүйдү биротоло басып алаарда эстерине келтирип кууп чыккан, андан кийин кемпай эрежелери менен эзип баштаган Үсөн аке Сыдыковду "посылать" этип эсине келтирген, башкалар кримавторитет Рысбек Акматбаевден коркуп корголоп жатканда анын артынан сая түшкөн ким эле? Кайрадан Катани.
Адал эмгек
Ө.Суваналиевдин ким экендигин жогорудагы адал эмгеги ак дили аныктап койгон. Бийлик мунарасында туруп, ашынган адилетсиз бийликке каршы демилге турган эмес. Учурдун күрөө тамырын жүрөгү менен сезип, көз карашын бекем кармаган генерал өзү жашаган доордон 30-40 жыл алдыга озуп кеткен "артыкпаш" адам. Бийлик өзүнө каршы турган адамдардын эркин майтарууга умтулса, оппозициядагылар өздөрүнө караганда элге кадыр-баркы зор адамды катарына кошкусу келген эмес. Калкыбыз "ит күлүгүн түлкү сүйбөсүн" ушундай кырдаалга байланыштырса керек.
"Содружество"
Акыркы күндө анын алгач "Ата-Журт" андан кийин "Содружество" партиялары тарабынан депутаттыкка талапкерлигин көргөзүшүн каршылыктары калкка тескери маанайда түшүндүрүүгө аракет жасашууда. Бирок, "күндүн көзүн ылай менен чаптоого" мүмкүн болбогондой эле, элдик генерал "Каттанинин" эмгегин элибиз жогору баалайт. Ал эми кайсы партия менен кызматташаарын ар бир адам өзү тандап алуу укугуна ээ эмеспи, ошону менен катар партия-бул көздөгөн багыты бир адамдардын тобун түзгөн уюм экендигин унутпасак болмок. Сөз акырында айтаарыбыз, элдик генерал жана "Каттани" атына ээ болгон Ө. Суваналиев таза иш алып бараарына ишенебиз.
Каныкей Үсөнгазиева




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??