Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Дилазык

Саи Бабага сапар
Өлгөндү тирилткен, кандай оору болбосун сакайткан, жоктон бар кылган, бир эле мезгилде бардык адамзаттын оюн окуган, адамдардын тилеген тилегин орундаткан жана да адамзаттын акылына сыйбаган ар кандай кереметтерди жасаган жердеги тирүү пайгамбар Саи Баба жөнүндө билгиңиз келеби? Анда "Асман пресс" гезитинен Лариса Асанбекованын "Саи Бабага сапар" аттуу макаласын сандан-санга жарыялайбыз. Сиздерди келерки саныбызда Саи Бабанын кереметтери күтөт. Биз менен болсоңуздар көптү билесиздер!


(Уландысы өткөн санда)
Саи Баба Музей
8-нордун кире беришинде кулактандыруу жазылган тактайча бар. Ал жерде ар кандай маанидеги кулактандыруулар жазылат. Орус тилиндеги кулактандырууларды окуп атып, жумасына эки жолу эртең мененки саат 10до каалоочуларды Саи Бабанын музейине саякатка орус тилдүүлөрдү чакырган кулактандырууну көрүп сүйүнүп кеттик. Кулактандырууда белгиленген жерге үчөөбүз келсек, бир топ орус тилдүү адамдар турушуптур. Музейдин териториясы башталганда эле бут кийимди чечип, жаныбыздагы ашыкча буюмдарды, фотоаппаратты, камераны сактоочу жайга өткөрдүк. Тепкичтер менен өйдө көтөрүлүп баратып кичинекей фонтандын үстүндө айланып турган чоң шар формасындагы ташка көзүм түштү. Дал ушундай суу үстүндө айланып турган шарды өзүбүздүн Ысык Көлдөгү Ташкул Керексизов салган "Рух Ордодон" көргөм. Кандай окшоштук, не деген керемет! Музейдин ичине киргенде, орто жашап калган бир орус адам баарыбызды чогултуп, музей жөнүндө түшүндүрүп, экскурсовод болоорун айтты. Музей кызматчылары күлүп тосуп сылык мамиле жасап, бир бөлмөгө киришибизди суранды.Бөлмөнүн жарыгы өчүрүлүп, ааламдын, жердин түзүлүшү тууралуу кыскача фильм көрсөтүлдү.Андан кийин башка бөлмөлөргө өттүк. Музейде Саи Бабанын жана буга чейинки Индия философиясынын каармандары Кришна, Будда, Шива жана башкалардын сүрөт, скульптура аркылуу берилген образдары бар экен. Баардык бөлмөлөрдө көп сандагы телевизорлор коюлуптур. Кайсы жакты карабагын ар бир телевизордо Саи Баба жөнүндө көрсөтүүлөр. Жаш кезинен баштап бүгүнкү күнгө чейинки жасаган иштери, кереметтери кеңири көрсөтүлгөн. Биздин экскурсовод ар бир нерсенин жанына келип орусча түшүндүрүп жатты. Албетте, ал түшүндүрүп, которуп бербеген нерселерге тил билбегендиктен көбүн түшүнбөй калдык. Группадан артта калбас үчүн котормочу көрсөткөн гана нерселерди көрүүгө туура келди.
Саи Баба жана
Ташкул ага
Бир бөлмөдө Саи Бабанын чоң сүрөтү турат. Бул сүрөт сен кайсы жакты карап баспагын, сен жакты карай берет. Бул чеберчиликке, бул кереметке суктанбай кое албайсың. Ушундай эле сүрөт жаңылышпасам "Рух "Ордодо" да бар болуш керек. Ал жерде Саи Бабанын сүрөтү эмес, дарактардын сүрөтү болсо керек. Адашып жаткан болсом кечирим сурайм. Баамымда Саи Бабанын музейи менен "Рух Ордонун" көп окшоштугу бар. Ушуларды көрүп Ташкул Керексизов агабызга чоң ыраазы болдум. Ташкул агай жөнүндө көп угуп жүрөм, бирок жолуга элекмин. Ал адамдын касиеттүү экенин билчүмүн, бирок Саи Бабанын деңгээлин түшүнгөн бийик инсан экенин сезип эки эсе кубандым. Азыр салып жаткан "Аалам Ордосу" да кереметтерге бай, өзгөчө экенин уккам. Убакыт таап баралбай жүрөм. Кудай буйруса жан дүйнөсү элден башкача, элибиздин бактысына жаралган агай менен жолугушуу алдыда деп ойлойм. Музейди аралап жүрүп, ар кандай ойго баттым. Саи Баба айткандай "ар бир адам кудай, ар бир адам өзү жаратман" экенине ынанбай койбойсуң. Көрсө адамды алсыз кылган сапаттар, өзүнө ишенбестик, эрктин жоктугу, коркуу сезими, ач көздүк, кызганчаактык, көралбастык, ичи тардык жана башка жаман адаттар турбайбы. Саи Бабадай бүткүл ааламдын жаманын да жакшысын да бирдей сүйгөн кезде гана адамзаты көп нерсеге жеткен жаратман болот окшобойбу. Биздин Ташкул агабыз ошондой касиетке ээ жаратман десек жаңылышпайбыз.
Кереметке толгон музей
Музейдин ичин аралап жүрүп башка дүйнөгө кабылгандай болдум. Экскурсовод бир сүрөттүн жанына келип токтоп, "бул 1,7 айында өлүп калып, Саи Баба тирилткен баланын сүрөтү" деди. Колундагы жансыз баласын миңдеген километр аралыктан көтөрүп келип, Саи Бабанын бутуна жыгылып, "тирилтип бериңиз" деп ыйлаганда Саи Баба баланы тирилтип берген экен. Тагдырдын буйругу менен ошол өлүп тирилген балага (азыр 35 -37 жашта) жолуктум, тааныштым, сүйлөштүм. Жагдиш жөнүндөгү кызыктуу кереметтерди эмки саныбыздан окуңуздар.
Ушул текстерди жазып басмага даярдап койгондун эртеси Ташкул аке телефон чалып калды. Ошол эле күнү үйүндө конок болуп, үй-бүлөсү менен жакындан тааныштым. Убакыттын кандай өткөнү билинбей кызыктуу маек курдук. Бул да болсо Саи Бабанын сансыз кереметтеринин бири. Буйруса Ташкул акенин керемет дүйнөсүнө сапарыбыз алдыда.

(Уландысы кийинки санда)





Куттуктоо

Адамалиева Эдмиля
Куттуктайбыз сенин туулган күнүңдү,
Жаратканым кутка бөлөп үйүңдү.
Жардамын эч аябастан өзүңдөн,
Жеңилдетсин жашоодогу жүгүңдү.

Уул-кыздын урматына бөлөнүп,
Канат бутак жая бергин көгөрүп.
Жарың менен жашооң өтсүн бактылуу
Бир-бириңе эриш-аркак жөлөнүп.

Сени сүйгөн
жакындарың






Жамал Каныбекова
Кутту болсун туулган күн майрамың,
Бактылуу бол, гүлдөй өсүп жайнагын.
Кадырыңа жетип сени сыйлаган,
Акыл эстүү жигит болсун алганың.

Аткарылып ойлогон ой тилегиң,
Ден соолукта узун болсун өмүрүң.
Сүйүү коштоп, байлык бакыт бүт болуп,
Жайкы күндөй ачык болсун өмүрүң.

Чын жүрөктөн куттуктоо арнаган "Асман пресс" гезитинин жамааты








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??