Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0923_7.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0923_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0923_7.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0923_7.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0923_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0923_7.htm on line 2
Ата мекен
ДЕМОКРАТИЯСЫ өнүккөн өлкөлөрдө кандай экендигин билбейм, бизде партиянын программасы жок же конструктивдүү эмес деп көп айтышып, көп жазылат. А карапайым калктын аны менен иши да жок. Алар партия лидерлеринин абийир, ар-намыс, тазалык, тайманбастык, адилетчилдик, чынчылдык, принципиалдуулук өңдүү адамдык, инсандык сапаттарына карап баалайт, колдойт. Менимче, "Ата Мекен" партиясынын эл арасындагы кадыр-баркы ошондой лидерлердин бардыгына байланыштуу.

ЖОЛБОРС ЖООДОН КОРКПОЙТ
"Жолборс жоодон коркпойт" деген кеп бар. Кайсы элдики экенин билбейм. Кечээ жакында партиялаштарынын Болот ШЕР (Шерниязов) жөнүндө айтканын угуп, ушул учкул сөз эсиме түштү. Чанда бир адамдарга кезигүүчү жолборстукундай касиет, күч Болотто бар десем, аша чаппайм. Атына заты жарашат деп айтылып да, жазылып да жүрөт. Кийинки жылдары оору менен алпурушуп, кайнаган саясатка көп аралашпай калгансыган. "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин бири катары алыстан акыл айтып, кеңеш берип дегендей. Анан кантмек? Канынын басымы канчалык, канты канчалык экенин уксаң, төбө чачың тик турат. Эсиңиздеби, президент Бакиев "Ак Жолду" айдактап, ата-бабабыз ардактап жердеп, Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыраны Казакстанга кармата берди. "Акжолчулар" ратификациялаган б.а., Казакстанга Каркыранын кайрылгыс болуп өтүшүн мыйзамдаштырган. Ошондо кайран ата-бабабыздын алтын башы, каны, жаны, кубаныч, кайгысы калган жерибизди коргоп алалы, ал экинчи колго тийбейт элге түшүндүрөлү, каршылык жасасын, канткен менен Каркыраны оболу көлдүктөр жайлайт эмеспи, Көлдөн баштайлы деп, Ө.Текебаев, Болот Шерниязов, А.Бекназаров баш болгон оппозициячылар тобу жыйын куралы десе, бийлик алагүү кылып агыткан аяктын "обончу" катындары ташка алып, жумуртка менен уруп киргенде, эл эки тарап болуп кагыша кетпесин деп беркилер качып, Болот көгөрүп туруп бергенин гезиттер жазып, "Азаттык" айтып чыкты. Ажаан аялдар аны алка-жакадан алып, жакшы эле "бомбалашса" керек. Кийин Өмүрбек Чиркешович эскергени бар: Болот алатополоңдун ортосунда кыйлага отуруп, машинесине араң жетти. Көрсө, кан басымы көтөрүлүп, жарылып кете жаздаптыр, доктурга араң дегенде жеткирдик деп. Андан кийин эки ирет инсульт болуп, инфаркт алды. Доктурлар таптакыр тыюу салганына карабай саясый ишмердигин токтотподу. Кечээ жакында кайра эле Өмүрбек Чиркешович күлкүгө чалып айтып берди: өткөн жылдын аягында Швециянын жумушчу партиясы биздин партиянын эки лидерин съездине чакырган экен. "Болот экөөбүз барып келдик. Болот инсульттан кийин тили жакшы бурулбай, сүйлөй албайт, мен белим ооруп, кайкалап түз басалбайм.
Ошентип, "бири дудук, бири бүкүр - эки бакыр" дегендей эле таасир калтырдык өңдөнөт.
Булар эмнеден улам эске түшүп жатат? Президент Бакиев 2007-жылдын апрель айындагы Ф.Кулов баштаган миңдеген адамдардын бийлик саясатына каршы радикалдуу демонстрациясын күч менен уруп-сабап, атып, камап, тараткандан кийин көзүн май, көкүрөгүн дат басып, эл менен эсептешпей калды. Коомчулукту итсиңби, кушсуңбу деген жок.
Көпчүлүктүн бийликтен да, оппозициядан да көңүлү кала түштү. Массалык нааразылык билдирип, каршылык көрсөтүү эч натыйжа бербейт экен деп калды. Оппозиция да ичтен ирип кирди. Мен да түңүлгөм. Президент Бакиев өз бийлигин сактоо үчүн элине ок атып, кан төгүүдөн, Түндүк менен Түштүктү тирештирүүдөн кайра тартпай калды деп жазган. Айткандай болду, бир айырмасы, өзбек менен кыргызды кырылыштырды. Бир ирет Болот экөөбүз өлкө кырдаалын талкуулай кетип, мен Бакиев бийлигин оңдоого да, козгоого да болбой калды дегем. "Эй, Алыке, тарых өтө тайгалак экендигин жакшы билесиз. Оодарылса, төгүлбөйт деген нерселер төгүлмөк түгүл, соолуп калышы ыктымал. Мисалы, СССРди кулайт деп ким ойлоду эле, Бакиевдин бийлиги бүтөөрүнө деле аз калды" деген. Анда ооруп жүрдү эле, ден соолугун сураганы баргам. Анын чындыгына күбө болдук. К.Бакиевдин куйрук түйүп, башка өлкөгө кире качышына ким дүрмөт болду, ким от алдырды?
Таластыктар, 2005-жылы көтөрүлүш отуна алоолонуп май куйган түштүк эли, айрыкча жалалабаттыктар болсо, бусаам таластыктар. Туура, жалпы элдин Бакиев бийлигине кыжыры кайнап, ашып-ташып бараткан. Айрыкча Бакиев баласына Кыргызстандын бүт байлыгын ээлетип, электр тармактарын бөлүп-жарып өздөрүнө текейден арзан сатып, андан түшкөн пайдага көзү тойбой, аны 2 эсеге, жылуулукту 10 эсеге кымбаттатып, өкмөттүн Данияр Үсөнов деген дардаңкүү башчысынын колу менен карапайым калктын ансыз да жука жонунан кайыш тилдире баштаганда…
Аны байкаган оппозиция республика булуң-бурчунан 5-6 миң адам чогултуп, ачык асман алдында курултай өткөрдү. Курултайда эмоционалдуу айтылса да, президент Бакиевге коюлган талап эң эле жөнөкөй болчу: республиканын стратегиялык ишканаларын талап-тоноону, текейден арзан сатып-соодалоону токтот; карапайым калктын жонунан тирүүлөй кайыш тилбе; мамлекетти башкарууну өз үй-бүлөңө бербе ж.б. Он күндүн ичинде чечимиңди билдир, болбосо жалпы элди мыйзам негизинде каршылык көрсөтүүгө чакырабыз. Бакиев жана анын батальону аны чымын конгондой көргөн жок. Кыязы алар баш көтөрсө, 2007-жылдын апрелиндегидей эле күч менен айдап отко салабыз деген ойдо болду сыяктанат. Тескерисинче, К.Бакиев да курултай деген ат менен мамлекеттин миллиондогон сом каражатын чачып, туш-туштан 750 киши чогултуп, филармонияга канчалаган аскер менен курчатып камап, ушул көздөгөн максатыңдан, алган багытыңдан жазба деп бата алып жиберди. Оппозиция да айтканын аткарууга аракет жасоого өттү. "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин айтымында, Болот Таласка барып, элдик курултай өткөрөм деп чыгыптыр. Ал да жөндүү, Манас тоонун этегиндеги Таластын кулуну. Таластыктар аны парламенттин бир эмес, эки чакырылышына депутат шайлаган. Акаев бийлиги ага атаандаш кылып республиканын менменсинген алдуу байларын жумшап, арам, адал деп ылгабай бут тосконуна карабай. Атүгүл, кол салдырууга чейин барып, кылмыш изин издеп, кыйла убара болгон. Анын Таласта кадыры канчалык экендигин өз көзүм менен көрүп, күбө болгон жайым бар - ал башка сөз. Ал дагы Талас элине көп иш жасады. Бирин эле алалы. Бир кезде "төөбурчак" деген маселе кыргыз кыйырын дүңгүрөтпөдүбү. Кыргыз бийлиги менен тамырлашып, туташып, өзүнчө эле мафияга айланган түрк-иран "Робин" фирмасы ал жакка башка кардар-ишканаларды киргизбей, таластыктар айдаган буурчагын текейден арзан сатууга аргасыз кылган. Алар менен Болот канча жыл кыл чайнашып кармашты? Акыры жеңип берди. Төөбурчак эккен калк каалаган кардарына жакшы баада өткөрүп турмушун тыңдап алууга жетишти. Кумтөр, Үзөңгү- Куушту мындай кой, Талас алтын кендерин жаттарга арзан саттырбоого, табиятын таза сактоого канча күч, канча нерв коротту. Болот мырза Талас эле эмес, жалпы кыргыз үчүн орток мүдөө көздөгөн, улуттук аң-сезим ташыган ишмер экендигин эч ким танбас. Ошентип, "атамекенчилер" аябай асылып: "Боке, айланайын, Таласка сен барбай эле кой, бийлик сөзсүз провокация уюштурат, кол салып, камоодон кайра тартпайт, кан басымың мынча болсо, кант деңгээли тигинче болсо, инсульт, инфаркттан кече эле чыксаң, өлүп каласың" десек, көгөрүп болбой койду дейт, "өлсөң, ансыз деле өлөсүң" дегендей кылып… Андан наркысы белгилүү.
Болот Шерниязовдун элдин чакан тобу менен кошо бийлик ээлери прокуратура, милийсасы, кыскасы, куралданган күч органдары болуп тосуп алып, башы-көзүн таңып, колуна кишен салып, кайра Бишкекке алып жөнөйт. Айткандай, кан басымы катуу көтөрүлүп, кант оорусу күчөп, баягы оорусу козголуп кеткенби, көргөндөр айтат, туруп туруп эле жыгылып кетти деп. Ошондой оорусуна карабай бийлик жөөкөрлөрү машинеге тыгып келип, ооруканага эмес, атактуу "үч тамганын" карцерине тыгып жатпайбы. Кийин сурасам айтты, ченеп көрдүм, туурасы меники менен алты карыш экен дейт. Көргөндөрдүн айтымында, Болот Шерниязовду суракка алып баратканда абал курчуй баштаган, анын камалганы, уламадан уланып, сурамадан суралып дегендей, бүт Таласка тарап, эл кыжырданып, козголуп кирген. Обладминистрация алдына миңдей киши чогулуп, митинг өткөрүп, губернатордун чыгышын талап кылган. Ал адатынча бакылдап тыям дегенде, митингчилер барымтага алуу аракетин баштаган. Спецназ аны коргойм деп, элди аябай уруп-согуп, ага милийсалар аралашып аткылап таратам деп, таш менен урмай, мекемелерди талкаламай өңдүү жапайы бунтка бийлик өзү аргасыз кылды. Кырдаалды борбордон туруп алып, өкмөт башы, Башпрокурор ого бетер кайрап, бүлөп, курчутуп жатты. Айрыкча Д.Үсөнов телевизордон саат сайын чыгып, "бийликти күч менен басып алабыз" деген Болот Шерниязов баш болгон экстремисттер кармалды. Таласта абал турукташты. Күнөөлүүлөр мыйзам боюнча катуу жазаланат" деп күпүлдөп турду. Жалган маалымат каны кайнап турган калктын жаалын ого бетер арттырды.
Эртеси министр Молдомуса Конгантиев кошумча аскер күчүн түшүрүп, кандуу "кылыч" көтөрүп барышы элди чектен чыгарып жиберди. Кыскасы, Болот Шерниязовдун камалышы элдин каарынын коңгуроосу эле, аны коомчулук укту, бийлик уккан жок. Анысы аз келгенсип, оппозиция лидерлерин Бишкекте бирден кармап камашты. Бакиев бийлигинин мындай чала сабат, зордукчул саясаты минтип 7-апрелдеги "кандуу жекшембиге" айланып, анын жыты алигиче кетелек. Байкап атасызбы, Ата Мекен, Акыйкаттык, Чындык, Теңдик деп Болот мырза өмүрүн сайып кое жаздады. Бул биринчи жолу эмес. Акыркысы да эмес деп ишенем. П.Чаадаевдин бир кыраа байкоосу бар: "Ата Мекенди сүйүү - баатырларды, чындыкты cүйүү - акылмандарды, адамзат камкорчусун жаратат" деген. Муну Болот Шерге (Шерниязовго) багыштасак да куп жарашат.
Алым ТОКТОМУШЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"